АСЕК уулу Эрнис: ДИЛАЗЫК: КӨЗДӨН АЙРЫЛГАНДА

Бир жолу бир киши бир учурда эки катын алат. Анан бирөөсүнүн жанына басып барса эле, экинчиси каарданып, чалкасынан кетет. Эмне кыларын билбей калат. Анан эки аялынын ортосуна жатып, шыпты карайт. Анан эле нөшөр төгүп кирет. Үйүнүн чатыры тешилген экен (буддизмде бул акылы кем адамдарга багышталган салыштыруу). Суу ылай аралаш төмөн таамп, кемакылдын так көзүнө тамчылай баштайт. Ал эки катынына бирдей карайм деген ойго келип алып, ордунан турбай, кыймылдап да койбой жата берет. Ошентип анын көзү көрбөй калган экен.

Кемакылдардын кылары ушул: алар ишеничсиз дос күтүп, Мыйзамга каршы иштерге барышат. Өздөрүнө өздөрү мыйзам токуп алып, үч жамандыктын жолуна түшүшөт. Алар түбөлүккө өмүр менен өлүмдүн айлампасында калышып, акылман көзүнөн ажырашат. Жанагыл эки катындын айынан эки көзүнөн айрылган келесоодой болушат.

Эки уулун жерге бергенде

Бир кемпайдын жети уулу болгон экен. Бир күнү жетөөнүн бирөөсү өлүп калат. Баласынын сөөгүн көргөндө, тигил сөөктү үй ичине калтырып, үйдөн өзү кетмей болот. Муну уккан коңшулары:

— Тирүүлөр менен өлүктөрдүн жолу эки башка: андан көрө салтты бузбай, балаңды мүрзөгө алып барып кой. Кантип сөөгүн үйгө калтырып, өзү кетип калсын? – дешет.

Муну уккан кемакыл: “Эгерде сөөгүн үйгө калтырганга болбосо, сөзсүз көмүш керек болсо, анда дагы бир уулумду өлтүрөйүн, экөөнүн илгичке илип алып, ийинимде тең салмактуулукту кармап, мүрзөгө барганым жакшы эмеспи” деп ойлонот.

Ошол ой менен дароо экинчи бир уулун өлтүрүп, экөөнүн сөөгүн көмгөнү алып жөнөйт. Алардын сөөгүн алыстагы чөлгө алып барып, жерге берет. Мындайды көрбөгөн эл жакасын кармайт.

Бул баягы бхикшу (кечил монах) сыяктуу: ал бир антты жашыруун бузуп, бул кылыгынан уялып, жараткандан кечирим сурагандын ордуна унчукпай коет да, өзүнүн тазалыгын гана айтып жүрө берет. Ошондо бир акылман ага:

— Дүйнөдөн кете турган киши антты бузбайт, антты көздүн карегиндей сактап, так аткарат. А сен антты бузуп алып, күнөөңдү мойнуңа алганга жарабай олтурасың! – дейт ачууланып. Анда Бхикшу:

— Мойнума алыш керек болсо, анда биротоло дагы бир антты бузайын, анан экөөнү чогуу мойнума алам да, — деген экен.

Ошентип ал дагы толтура анттарды бузуп, аны чогуу бардыгын мойнуна алат. Тигил келесоодой, бир баласы өлсө, экинчисин да өлтүрүп жатпайбы.

Бир кочуш буурчак

Бир жолу маймыл бир кочуш буурчак уучтап жүрүп, бир буурчакты түшүрүп алат. Буурчак жерге түшөт. Аны көргөн маймыл ал буурчакты табыш үчүн колундагы калган буурчактарды ыргытат. Түшүп калган бир буурчакты таап, колуна алганча, калган буурчактарды куштар келип чокуп, тазалап кетишет.

Пенделер да ушундай: алгач бир антты бузушат, бирок мойнуна алышпайт. Ошентип туура эмес жолго түшүп, кийин бардык антты бузушат. Бул жанагыл бир буурчак түшүргөн маймыл сыяктуу.

Жол көрсөткөн кишини курмандыкка чалганда

Бир жолу соодагерлер алыскы чет өлкөлөргө барууну чечишет. Мыйзамга ылайык алгач деңизге чыгуудан мурда жол көрсөткөн бирөөнү табуу керек эле, ошондо гана саякатка уруксат берилген. Соодагерлер андай кишини чогуу-чаран издешип, акыры табышат. Ал дароо жол баштайт.

Ошентип алар эшилген кум, эрме чөлгө келишет. Ал жерде сыйынуучу жай бар экен, ал жерде ары-бери өткөндөр асманга арнап түлөө өткөрүшчү экен. Сөзсүз бир кишини курмандыкка чалыш керек эле, ошондо гана алар жолун уланта алышмак. Соодагерлер өз ара кеңеше башташат:

— Биз, бардыгыбыз, бири-бирибизге тууган-туушкан болуп кетебиз. Анан кантип бирөөбүздү курмандыкка чалабыз?!

Жалгыз жол көрсөткөн киши калат. “Асманга ушул адамды тартуулайлы” деп аны курмандыкка чалышат. Ырым-жырымын кылышкан соң жолго чыгышып, адашып кетишет да, кайсыл жакка барарын билбей калышат. Чарчап-чаалыгып, ал-күчтөн тайып, ачкалыктын айынан бардыгы курман болушат.

Бу жалган дүйнөнүн пенделери да ушундай: алар Мыйзамдын (Будда Окуусунун) деңизине чыккылары келет, андагы билим байлыгын тапкылары келет. Ал үчүн жакшылыктын мыйзамын аткарууга көнүү зарыл. Алар болсо устатка гана ишенип, өздөрү жакшылыктын жолун талкалап, өмүр менен өлүмдүн түгөнбөгөн жолунда калышат. Алар жамандыктын үч жолу менен жүрүшөт (үч нерсеге айланышат: тозокко, арбакка, айбанатка), ошентип түбөлүк азап чегишет. Жол баштаганды өлтүргөн соодагерлер сыяктуу кордук көрүшүп, жан беришет.

Жуунуп алгансып

Илгери бир мамлекеттин өкүмдары: “Менин мамлекетимде жашап жаткан бардык брахмандар таза жүрүп, жуунуп турушу зарыл, антпесе ар кандай оор жумуштарга айдайм” деген мыйзамга кол коет. Бир брахман калп эле түр көрсөтүп, жанында дайыма кумган ала жүрчү экен. Бирөөлөр суу куюп берсе, дароо төгүп салып:

— Эгер мен тиешелүү деңгээлде жуунган болбосом, анда өкүмдар мени өзү жуунтсун. Ошондо мен өкүмдардын эркине баш ийип берейин, — деп калат.

Чындыгында ал жуунгандай түр көрсөткөнү менен, такыр эле жуунчу эмес экен.

Жалган дүйнөнүн кечилдери да ушундай: сакал-мурутун алып, башын тасырайта кырып, кийимдерин боешот. Сыртын жалтыратканы менен, ичинен көптөгөн тыюуларды бузушат. Алар калп эле анттарын карманып келаткандай түр көрсөтүп, пайда табууга үмүт артышып, кудайдын каарынан кутулуп кетем деп ойлошот. Алар сыртынан гана шрамандарга окшош келип, ичи көңдөй, жалганга каныккан. Жанагыл бош кумган көтөрүп жүргөн брахмандай.

Беш жүз тоголок дары

Бир аял болот. Эми бузулганын айтпайлы. Ашыктыгы артып турганда, ал күйөөсүн жек көрүп, аны өлтүрүүнүн ыкмаларын ойлоно берет. Жаман ою көп болгону менен ишке ашыралбай келет. Бир жолу күйөөсү кызматы боюнча коңшу мамлекетке жөнөп калат. Ошондо аялы жашыруун иш жасамай болот. Күйөөсү келгенче ууланган дарыларды жасайт. Күйөөсүн узатып жатып, чекесинен өөп:

— Алтыным, кызматыңдан эмне эле жалгыз сени алыска жөнөтө беришет? Жолдон кыйналбасын деп сага беш жүз тоголок дары дайындап койдум. Мамлекетибиздин сыртына чыкканда кыйналарсың, жол алыс, курсагың да ачат, ушундан жеп алсаң, калыбыңа келе түшөсүң, — дейт.

Күйөөсү аялынын айткандарына ыраазы болот. Чоочун жерге түн оокумда жетип, бир караңгы токойго токтойт. Жырткычтардан коркуп, бактын чокусуна чыгып алат. Ал эми аялы берген дарылардын бактын түбүнө унутуп коет. Дал ошол түнү беш жүз каракчы мамлекет падышасынын беш жүз жылкысын айдап кетип, ар кандай баалуу буюмдарын уурдап алышып, баягыл бактын түбүнө келип жайгашып калышат. Каракчылар качып келгендиктен, курсактары ачып, суусап турушкан эле. Анан эле бактын түбүнөн баштыктагы тоголок дарыларды таап алышат. Аны көргөн каракчылар дарыга жабалактап, дароо ар бири бирден дарыны жутуп алышат. Уу таасир берип, беш жүзү тең ошол жерде жан беришет.

Эртеси бакта олтурган күйөөтана жерде каракчылардын өлүп жатканын көрөт. Ошондо ал атайын ар биринин денесин кылыч менен чаап, жааларды сайып, жылкыларды айдап, жолун улайт.

Ошол учурда мамлекеттин өкүмдары менен желдеттери каракчыларды изи менен келаткан болушат. Алар жылкыларын айдап келаткан кишиге жолугушат. Өкүмдар:

— Сен кимсиң? Жылкыларды кайдан алдың? – дейт.

Анда тигил:

— Мен баланча мамлекеттенмин. Жолдон жоон топ каракчыларга туш болдум. Бардыгын кылычым менен кыя чаап, жаа менен атып салдым, ал беш жүз каракчы азыр тээтигил жакта бак түбүндө жатышат. Жылкылар менен баалуу буюмдарды өкүмдарга алып баратам. Эгерде сен өкүмдар болсоң, киши жиберип көр, каракчыларды жайлаганымды көрүп келишсин, — деп жооп берет.

Өкүмдар дароо киши жиберет. Бардыгы чын чыгат. Өкүмдар аябай курсант болот. Анан кыйкырып жиберет:

— Эй, эл-журт, ушундай шумдукту көрдүңөр беле?

Хансарайга кайтышып, эрдик кылган кишини сыйлап, наам берип, белек-бечкегин берип, жер тартуулап, кызмат боюнча келген ишин орундатып салат. Буга өкүмдардын кол алдында иштегендердин ичи күйөт. Анан алар өкүмдарга:

— Бу киши алыстан келген мейман экен. Дароо ишеним артуу жарабас. Анчалык муну эмнесин сыйладың? Ушунча жыл сага кызмат кылгандарга мындай наам берген эмессиң, жер тартуулаганыңды айтпай эле коелу, — дешет. Алыстан келген мейман бул сөздөрдү угуп:

— Анда кимиңер мени менен жекеме-жекеге чыгасыңар? Келгиле, күч сынашып көрөлү! – дейт. Өкүмдардын кишилери чочуп кетишип, бул эргулга каршы чыгууга даабай коюшат.

Бир аз убакыт өтөт. Мамлекеттин ээн талаасында каардуу арстан пайда болот, аркы-терки өткөн жолоочуларды өлтүрө берет. Баягыл өкүмдардын вазирлери кеңешип кесип, кайрадан өкүмдарга кайрылышат:

— Бу алыстан келген мейманыбыз эр жүрөк экен, эми пайда болгон арстандан куткарып берсе, бүткүл карапайым калк ыраазы болот эле, — дешет.

Өкүмдар алардын сөзүн тыңдап, меймандын колуна кылыч, чокморбаш карматып, ээн талаага жөнөтөт. Алыстан келген мейман оор үшкүрүп, бирок буйрукту аткарып, аргасы жок, бардык күчүн топтоп, болгон эркин бир муштумга түйүп, арстан менен беттешкени жөнөп калат.

Кишини көргөн арстан албууттанып, ырылдап, аны көздөй жүткүнөт. Киши коркуп кетет да, дароо ээн талаада өскөн жалгыз даракка чыгып кетет. Артынан келаткан арстанга колундагы кылычы түшүп кетип, ачылган оозуна кирип, кекиртегине барып сайылат да, ошентип арстан жан берет. Меймандын кубанычы койнуна батпай, сүйнүчүн айтканы өкүмдарга ашыгат. Өкүмдар аны эки эсе сыйлайт. Ал мамлекеттин эли да мейманга сый көрсөтүп, колунда эмне болсо, ошону беришет.

Аялы даярдаган тоголок дарылар – бул таза эмес тартуу (жеке кызыкчылык менен пайда көздөп садага бергендей). Өкүмдардын кишини башка өлкөгө элчи кылып жибергени – бул Устаттын акылмандыгы (Будда Мыйзамын туура түшүндүргөнү). Кишинин башка мамлкетке баратканы – бул асманга учуп баратканы. Каракчыларды өлтүргөнү – сротапаннага (көөдөнүн ачкан ыйыктыктын төрт баскычынын биринчи баскычына) жеткени жана беш каалоо менен азгырыктардан кутулганы. Башка мамлекеттин өкүмдарын жолуктурганы – төгөрөгү төп келген, телегейи тегиз Даанышманга жолукканы. Вазирлердин ич күйдүлүгү – бардык динбузарлар. Алар кишинин беш каалоо менен азгырыктарды жеңгенин көрүп алышып, аны жамандап, артынан суук кеп агыткандары. Ал эми тигил кишинин аларды жекеме-жекеге чакырганы – динбуузарлар акыйкатка каршы туруштук бералбастыгы. Арстанды өлтүргөнү – Мара шайтанды (Азгырык шайтаны) жок кылганы, ошону менен бардык азгырыктардан кутулганы, ошондой эле дегеле бардык жамандыктын шайтандарын жеңгени, Ыйык Жолдун жемишин көргөнү, жер үстүндөгү азгырыктарга байланбай, Нирванага келип калганы. Ал эми улам коркунуч болгону, кишинин коркуп турганы – атүгүл алсыздык да чоң күчкө айланып кетиши мүмкүн экенинен каңкуулайт. Чындыгында башында ал кишиде таза ойлору болбосо да, тагдырдын татаал жолунда Аксанатайлыктын досуна туш келип, кылган ишинин акыбетин көрүп олтурат. Ошондуктан сөзсүз соопчулук иштерди кыла жүрүш керек.

Которгон Эрнис АСЕК уулу