АСЕК уулу Эрнис: ДИЛАЗЫК: ТӨӨНҮН ТЕРИСИ

«Жүз уламыш жүрүмү» китебинен

Көпөстөр соода кылганы жөнөп калышат. Жолдон бир төөсү өлүп калат. Төөгө баалуу буюмдар, баалуу килемдер артылган эле. Өлгөн төөнүн терисин сыйрышат.

Көпөстөрдүн башчысы, эки жардамчысын калтырып, кетип баратып мындай дейт: “Төөнүн терисин жакшылап карагыла, суу болбосун, чирип кетпесин”.  Ал кеткенден соң бир нече күндөн кийин жамгыр жаайт. Эки жардамчы терини килемдер менен жаап коюшат. Натыйжада килемдер чирип кетет.

Эми тери менен баалуу килемдерди салыштырып болобу? Адамдар да ушундай. Килемди – “өлтүрбө” деген насаат дейли, төө териси – байлык болсун. “Өлтүрбө” деген насаатсыз киши акыйкат жолунда алдыга жылбайт. Байлыкты храмдарды курууга, соопчулукка пайдаланышат. Төбөсүнө жармашып, тамырын билбей калышат, түпнегизди түшүнүүгө аракет жок. Кайра төрөлүүнүн беш айлампасы болот. Ошол айлампанын толкунунда жүрө беришет. Ошондуктан акыйкатка жетем деген жүрөгүн тазалап, “өлтүрбө” деген насаатты бекем тутунушу керек.

Даамдуу суу
Бир кыштакта даамдуу суу болгон экен. Кыштак падыша жашаган калаадан беш чакырым алыс жайгашыптыр. Ал суунун кабарын уккан падыша: “Күнүгө мага ошол суудан алып келип турасыңар” деп буйрук кылат. Бул кыштактын элин кыйнайт. Күндө суу жеткирип туруу кыйынчылык туудурат. Айласы кеткен айылдыктар журттаган жеринен көчүп кетүүнү чечишет. Ошондо айыл башчысы айылдаштарына мындай деген экен:

— Айылды таштабагыла. Мен падышага барып сүйлөшөйүн, беш чакырым алыстыкты үч чакырым кылып берсин. Кичине жакыныраак болуп, чарчабай да каласыңар.

Ошентип айыл башчы падышага барып айтат. Падыша тилин алып, беш чакырымды үч чакырым кылат.

Муну уккан эл сүйүнөт. Бирок арасынан бирөө:

— Ой, кандай беш чакырым болсо, ошол бойдон эле калды. Эч нерсе өзгөргөн жок, — дейт. Эл болбой эле падышага ишенип, көчпөй калышат.

Жер үстүндөгү элдер дагы ушундай. Өз жүрүм-турумун чыныгы Мыйзамга ылайыкташтырып, өркүндөтүп олтуруп, алар Нирвана шаарына баратканда беш жолду (төмөнкү жана жогорку жандыктарга айлануу) басып өтүшөт. Жолдон чарчап-чаалыгышат, бардыгын таштап, басып кеткилери келет. Өмүр менен өлүмдүн арабасында баратып, алдыга андан ары жылалбай калышат. Бирок мыйзамдын башкарган Жулайдын (Будда) эң сонун ыкмасы бар: “Бир арабанын Мыйзамын үчкө бөлүп коет (буддизимдеги үч багыт – Үч Араба).  Кичине Арабанын (буддизмдеги эң башкы багыттардын бири) жактоочулары муну угуп, сүйүнүп кетишет. Алар эми жеңил болот деп ойлошот: жакшылыкта жүрүп, жыргалчылыкка багыт алып, өмүр менен өлүмдүн айлампасын токтотууга умтулушат. Анан бирөөдөн Үч Араба жок экенин, бир эле жол бар экенин угушат. Бирок Будданын сөзүнө ишенип, тандаган жолдон кайтпас болуп калышат. Кудум эле азыркы айылдын жашоочуларындай.

Таттуу момпосуйлар
Бир жолу аял бала көтөрүп бараткан болот. Жолдон жатып, эс алганы олтура калып уктап кетет. Бул учурда бир киши келип, балага момпосуй берет. Момпосуйдун таттуу экенин билген бала, тимеле момпосуйга чапкенедей жабышып, ошону менен алек болуп калат. Оюна башка эч нерсе келбейт. Аңгыча тиги киши баланын мойнундагы кооз чынжырчаны, баалуу билеригин, киймин чечип алып кетет.

Монахтар да ушундай. Азгырыкка бат эле алданып калышат. Аңгыча, азгырык-каракчылар анын жетишкендиктерин, берген касамын унуттуруп коет.

Ысык алтындын уурдалышы

Бир жолу эки соодагер соода кылганы жөнөп калышат. Бири таза алтын, экинчиси пахтадан жасалган кездеме сатчу экен.

Бир киши алтын сатып алам деп, улам бир алтынды отко кактап текшере баштайт. Муну көргөн экинчи соодагер ысытылган алтындын бирин жымыра коюп, пахта кездемесине орой салат. Алтын абдан ысык болгондуктан, кездемесин күйгүзүп, жерге топ этип түшүп кетип, уурулугу билинип калат. Ошентип ал алтындан да жок, кездемесинен да жок олтуруп калат.

Бул дагы жалган динчилдей, Будданын Мыйзамын алып, өз окуусундай көрсөткүсү келгени. Ал ошентип “өз окуусун” да талкалап, Будда окуусун да бузуп жатат.

Которгон Эрнис АСЕК уулу