АСЕК уулу Эрнис: ДИНДЕГИ ЭКИ ЖҮЗДҮҮЛҮК: КҮРҮЧТҮН УУРДАЛЫШЫ

Бир кишинин аялы төркүнүнө кеткен болот. Бир нече күндөн кийин күйөөсү да кайын журтуна барып, короосуна кирет. Күрүч жанчып жатышып, бардыгы үйгө чай ичкени кирип кетишкенин байкайт. Жакын барат да, күрүчтөн уучтап, шашкалактап оозуна салат. Ушул маалда аялы чыгып калып, сөз баштаса, оозуна күрүч толтурган эри сүйлөй албай жатат дейт. Аялынан уялып кетет: күрүчтү түкүрүп да салалбайт, же сүйлөй албай туруп калат. Аялы сүйлөбөгөнүнө таңгалып, жаагын сыйпалап көрүп, шишик баскан экен деп ойлойт. Анан атасына:

— Күйөө балаңыз келиптир, оозун шишик басып, сүйлөй албай калыптыр.

Кайын атасы дароо күйөө баласына эмчи-домчу чакыртат. Келген дарыгер карап көрүп:

— Өтүшүп кеткен турбайбы. Шишикти бычак менен кесип алмайынча болбойт, — дейт.

Айтпай-дебей эле, көз ачып жумганча, колундагы макиси менен жаагын тилип жиберет, оозуна күрүч чубуруп, бардыгы ачыкка чыгат.

Пенделер да ушундай. Алар келесоодой иш жасап, тазалыкты сактаган антын бузушат, эч ким билбесин деп, ушинтип өз күнөөлөрүн жашырышат. Алар күнөөгө батып, жандары жер алдындагы капаска түшөт, кайра жер үстүнө бир айбан жана ач арбак болуп жаралышат.

Аюу менен кездешүү

Илгери атасы менен баласы болуптур. Бир жолу жоон топ болуп сейилдегени жөнөшөт. Баласы токойго кирип кетип, ал жактан аны аюу тытмалап салат. Денесинин эч жерин калтырбай, аюнун тырмактары матып кеткен экен.

Алдан тайып, араңдан зорго токойдон чыгып, чогуу жүргөн жолоочуларына араң жетет. Бүт денесин тытмаланган баласын көрүп, атасы таңгалып сурайт:

— Ай, сага эмне болду, кайсыл жакка барып тытмаланып жүрөсүң?

Баласы:

— Эмне жандык экенин билбейм – үстүнүн баары апсыйган жүн экен, жүндүн арасынан тикчийип кулагы эле чыгып турат экен – токойдон чыга калып эле мени тытмалап салды, — дейт.

Атасы жаа-жебесин алып, токойго жөнөп калат. Ал апсыйган думананы көрөт, атып салганы мына жебесин тартканда, жанындагылар:

— Ой, бул бечараны өлтүрүп эмне кыласың? Ал сага эмне жаманчылык кылды? Кой, бир ачууңду бизге бер, — деп калышат.

Дүйнөдө көрпенделер да ушундай. Мыйзамдын кийимин кийип, бирок чыныгы Жол менен барбагандын сөзүнө ишенгендиктен, эч тиешеси жок, изги адамдарга зыян келтиришет.

Пайдасы тийген бир тууган

Акыл десе акылы бар, сымбаттуу мырза жашайт. Бир аз колунда бар. Бардыгы аны менен суктанып жүрүшөт. Ошол кезде жашаган бир жинди чалыш муну угуп, мындай деп калат:

— Ой, ал менин бир тууганым болот. Демек, керек учурда анын байлыгы мага да пайдасы тиет. Ошол үчүн бир тууганым деп жатам да.

Бир күнү жинди чалыш тиги киши карыздарын берип жүргөнүн көрүп калат да:

— Ой, ал эч кандай менин бир тууганым эмес, — дейт. Анда жанындагылар:

— Эй, айлампаш, акча керек болгондо, бир тууганым деп жаттың эле, анан эми анын карыздары бар экенин көрүп, бир тууганым эмес деп жатасың.

Анда жинди чалыш минтип жооп берип коет дейт:

— Эми байлыгынын пайдасы тиеби деп бир тууганым деп койдум. Чындыгында ал менин тууганым да эмес. Карызы да көп неме экен, ошол үчүн чындыгын айтып, бир тууганым эмес деп жатам да.

Жанындагылар шылдыңдап күлүп тим болушат.

Жалган динчил да ушундай: Будданын жакшылык жөнүндө сөзүн угуп, аны өзүмдүкү деп энчилеп алат, анан жанындагылар андан аркы сөзүн, жолун сураса, айткысы келбей: “Мен Будданын Жолу жөнүндө сөзүн өз пайдам үчүн эле энчилеп алгам, аны жолоюна түшөйүн деген деле оюм жок болчу, пайдасы тийип калабы дедим да” дегендей эле кеп. 

Бир короо уйдун мүрт болушу

Бир кишинин эки жүз элүү ую болгон экен. Дайыма аларды көк шиберлүү талаага айдап чыгып, откоруп турчу экен. Бир күнү бир уюн карышкыр жеп кетет, ал: “Бир уюм жок болгондон кийин, демек уйларым түгөл эмес, анда калгандарынын мага эмне кереги бар?” деп ойлонот. Анан уйларын чуулдатып айдап келип, бардыгын тик жардан кулатып салат. Ошентип бир ую да калбайт.

Кемакылдар да ушундай. Будданын тыюу салгандарын сактайм дешет да, анан бирөөсүн бузуп алган соң, аны мойнуна алып, күнөөсүн жуугандын ордуна: “Бир эрежени буздум, эми калган эрежелерди сактагандан эмне пайда?” деп ойлонуп, ишенимин сатып басып кеткендей кеп.

Которгон Эрнис АСЕК уулу