АСЕК уулу Эрнис: ДИЛАЗЫК: БАШКЫ КААЛОО

Илгери бир өкүмдар жашаган экен, анын сүйүктүү жигити болот. Бир жолку согуш майданында ал өкүмдарды өлүмдөн алып калган эле. Сүйүнгөнүнөн өкүмдар каалаганыңды аткарайын деп жиберген эле:

— Каалаганыңды айт, дароо аткарам, — дейт. Анда жигит:

— Сакалыңызды аларда мага айтып койсоңуз, мен кырып берейин, — дейт.

— Каалаганың ушулбу? — таңгалат өкүмдар, — Болсун, болсун, айтып коем.

Мындай келесоону теңтуштары шылдыңдашат. Чын да, кааласа мамлекеттин жарымын алып коймок, чочоюп чоң болмок. А сураганы бул.

Көрпенделер да ушундай. Бардык буддалар көрбөгөн азапты көрүп Будданын абалына жетишет. А Буддага жолугуп, мураска калган Мыйзамын (Окуусун) табуу – адам баласына кыйын эле. Бирок акыр аягы ага жолукса да, каалаганы болбогон нерсе болуп чыгат. Алар ага берген анттын кичинесин аткарып, ошого ыраазы болуп жүрө берет. Алар Окуунун туу чокусу болгон ыйык Нирвана мыйзамына жетүүгө умтулушпайт. Майда-барат эрежелер менен жашап өтүп кетишет.

Кемчонтой менен туз

Бир кемчонтой бирөөнүн үйүнө кирип калат. Кожоюн тамак-аш менен сыйлап кирет. Бирок жегени даамсыз, тузу жок экен. Муну түшүнгөн кожоюн туздан кошуп берет. Туз татый түшкөндө кемчонтой оюнда: “Аа, кептин баары тузда болот турбайбы. Бир чымчымга эле ушундай даамы чыга түштү, көбүрөк салса мындан да сонун болот болуш керек!” дейт.

Эми кемчонтойго айла жок да, ал тузду колуна ала коюп, туздун өзүн чайнай баштайт. Эми туздун даамы аны иренжитип жиберет.

Бул жалган динчилдин кылганындай: “тамакты, суусундукту тартып ичиш керек, ошондо акыйкатка жакындайсың” дегенди угуп калып, тамак ичпей койгондой. Он-он беш күндү ачка өткөргөндөн кийин эч кандай акыйкатка жакындабаганын түшүнгөндөй кеп.

Маймылдын каары

Бир жолу чоң эле киши бир маймылды сабап салат. Тиги маймыл бардык адам баласына кадимкидей кек сактап калат. Киши көрсө эле тиштеп салганга аракет кыла берет.

Көрпенделер да ушундай. Бир кезде бирөөлөрдү жаман көрүп калышат, алар дүйнөдөн өтүп кетет, алардын ордуна башкалар келет. Кемакылдар ошол жаман көргөн кишилерди эстеп алып эле, эч себепсиз башкаларды да жаман көрө бергендей кеп.

Эки көгүчкөн

Эки көгүчкөн чогуу уя салып киришет. Күзүндө жер-жемиш бышкан маалда, түшүм менен уясын толтурушат. Мезгил өтүп, жер-жемиштери кургап, кичирейип, азайгансып кетет. Көгүчкөндүн эркеги ургаачысына жинденип жатат дейт:

— Түшүмдөрдү жыйнап, кандай эмгек кылдык эле. Жалгыз сен жеп олтуруп, карачы, жыйнаганыбыздын жарымы эле калыптыр.

— Мен жеген жокмун, — дейт ургаачысы, — жемиштер өздөрү эле кичирейип, азайып баратат.

Буга ишенбеген эркеги кыйкырат:

— Сен жебесең, мен жебесем, анан кубарыңдын куу чокусу жеп жатыптырбы? Эмнеге азайып атат анда?!

Ошентип ургаачы көгүчкөндү чокуп салат.

Бир нече күн өтөт, катуу нөшөр төгүп, уяга чейин кирип, жемиштер сууга көөп, мурункудай уянын ичи толо түшөт. Муну көргөн көгүчкөн жаман болуп кетет:

— Байкушум чындап эле эч нерсе жеген эмес турбайбы, а мен аны чокуп өлтүрүп салдым, — деп кейип, — Кара жаным, кайдасың? — деп арманын төгүп кирет.

Адамдар дагы ушундай.  Алар оюнда бардыгын тескери жасап, башын ылдый каратып, бутун өйдө чыгарып салышат. Дене кумарына эпсиз батып, дайыма эле ушундай боло берет деп ойлошот.  Эң катуу эрежелерди, мыйзамдарды бузушат, а күнөөсүн мойнуна кеч алышат. Өткөндү кайра кайтара албайсың. Анан оор үшкүргөндөн башка арга калбайт.

Көзү ачыктык

Бир киши тоого кетип, чыныгы Жолго түшүп, Окуусун үйрөнө баштайт. Акыры ыйыктыкка жетип, көзү ачыктыктын беш өнөрүнө жетет. Ал катуу нерселердин ары жагында, ичинде эмне бар экенин көрүп калат. Мисалы, жерде катылган алтынды, кен байлыктарды, жашырылган баалуу буюмдарды оңой көрүп, дароо таап алат.

Мамлекеттин өкүмдары бул шумдукту угуп, аябай сүйүнүп, вазирлерине:

— Бул кишини мага таап келгиле, ал дайыма менин хансарайымда жашагандай болсун, ошондо ал мени бүт дүйнөнүн байлыгына бөлөйт, бирок ал бирөөнүн үйүндө жашабайт экен, кантип көндүрөбүз? — дейт.

Бир келесоо вазири ал акылманга барып, эки көзүн оюп таштап, өкүмдардын алдына алып келет да:

— Мен мунун эки көзүн оюп салдым, эми эч жакка кеталбай калат, дайыма сиздин хансарайда жашайт, — дейт.

— Мен бул акылманды жылуу сөз менен өзүмдө кармайын дегем, — дейт өкүмдар, — Бул жер алдында катылган байлыктарды көзү менен көрчү да. Эми көзсүз калып, кантип мага кызмат кылат?

Кемакылдар ушундай. Алар кимдир-бирөө тазалык жолунда азап чеккенин көрүшөт: тоодо, токойдо, ээн жерлерде, мазарларда, бак түбүндө төрт нерсени кылышат: адам ичиндеги жамандыктан арылууга аракеттенет, ал кара өзгөйлүк кайра пайда болбошуна тырышат, жарала элек ак санатайлыкка умтулат жана ал жакшылыктын жайылышына бүт турпатын арнайт; ошондой эле ыпылас нерселерди көрө билүүгө үйрөнүшөт. Ошондо ал келечекти да көрүп калат, адамдар ага тооп кылып, андай ыйык адамга белек-бечкегин көтөрүп бара башташат. Ошентип алар ал чогулткан, ал тапкан жакшылык жолунан тайытат, бараткан жолунан адаштырышат. Чыныгы Жолду көргөн “үчүнчү көзү” жабылат. Ошентип анын пайдасы тийбей калат, ыйыктыгы жоголот, сен андан эч нерсе алалбай каласың.

Которгон Эрнис АСЕК уулу