АСЕК уулу Эрнис: ДИЛАЗЫК: МУРАС БӨЛҮШТҮРГӨНДӨ

Качандыр бир кезде Индия мамлекетинде кшатрия (аскер кастасына тиешелүү адам) жашаган экен. Ал катуу ооруп, өлөрүн билип калат. Эки баласын чакырып, керээзин айтат:

— Мен өлгөн соң, менден мураска калчу байлыкты адилет, калыс бөлүштүргүлө.

Атасы өлгөндөн кийин балдары байлыкты экиге бөлүшөт. Бирок улуусу кичүүсүнө үлүш тең бөлүнбөй калганын айтат.

Ошондо бир дейди чал:

— Келгиле, мен силерге тең бөлгөндү үйрөтүп коеюн: кандай буюм болбосун, аларды тең экиге бөлгүлө, ошондо ичиңер ачышпайт, — деген экен.

— Кандайча тең экиге бөлүп? — дейт беркилер.

— Ушундай эле, кийимди кайчы менен тең экиге бөлгүлө, кумараны кескиле, тыйындарды тең экиге кескиле, бардыгын ошентип чыгасыңар, — дейт дейди чал.

Чалдын айткандарына элдин баары күлүшөт.

Ушул сыяктуу чала динчилдер ар кайсыл ыйык сөздү ар кандай түшүндүрө беришет. Эч өзгөрбөй турган түшүндүрмөлөр бар. Мисалы, “Адамдын баары өлөт” деген өзгөрбөс түшүнүк. Ал эми “Өлгөн киши сөзсүз кайра төрөлөт” дегендин түшүндүрмөсү башкача. Өмүргө болгон ашыктыгы бүткөн киши кайра төрөлбөйт, ашыктыгы ашып турган кайра төрөлөт. Ошондуктан ар бир сөздүн өз мааниси болот, маанисинин мааниси да болот. “Адам баарынан бийик жандыкпы?” деп сурашса, анын суроосуна кайра суроо менен жооп беришет: “Сен буларды жамандыктын үч жолуна карата айтып жатасыңбы же асманда жашагандарга карата айтып жатасыңбы?” дешет. Бул суроого суроо берип түшүндүрүү болуп саналат. Эгерде он төрт татаал суроонун арасынан беришсе (Будда жооп бербеген): дүйнөлөрдүн чеги барбы жана анда жашаган бардык жандыктардынчы, аларды башы кайда, аягы кайда? – бул жоопсуз ой-жүгүртүүлөр. Жалган динчилдер өздөрүн акылдуу көрсөткөнгө аракеттене беришет. Алар ой-жүгүртүү, талкуулоо, суроо-жооптордун төрт түрлүү системасын бузушат, алар ошол төрттүн үчөөнү бузуп, кошумча түшүндүрмөгө муктаж түрүн калтырып коюшат. Бул жанагыл чалдай тең экиге бөл дегендей кеп.

Эки кемчилик

Илгери өткөн заманда бир үйдүн короосунда чогулуп олтурган кишилерге бирөө толкунданып бир бейтааныштын адептүү жүрүм-турумун айтып жаткан болот. Көрсө, анын эки эле кемчилиги бар экен: биринчиси, ачуусу тез келип, жини чукул экен, экинчиси, шашмалыгы бар экен. Дал ушул сөздөр айтылып жатканда, баягы бейтааныш үйдүн жанынан өтүп бараткан болот, тигилердин сөзүн угуп калат. Ал жини келип, каарданып, короого жулунуп кирет да, айтып берип жаткан кишини жакадан алып, бет талаштыра коюп калат. Олтурган кишилер тигиге:

— Аны эмне уруп жатасың? – деп сурап калышат.

— Мен бир кезде жиним тез келип, шашма болчумун. А бул азыр мен ошондой экенимди айтып жатат. Азыр андай эмесмин, ал кемчиликтеримден арылгам, а бул калп айтып жатат. Калпы үчүн уруп жибердим да, — деп жооп берет.

— Мына сен ушул кылыгың менен мунун айтканын далилдеп, ачууң чукул, анан шашма экениңди көрсөтүп койдуң, — дешет олтургандар, — Эми өзүң эле далилдеп койбодуңбу!

Мындай окуя бул жалган дүйнөдө жашап, ичкилик ичип кеткен киши менен болот. Ал ичкендин ченемин унутуп коюп, ичкиликке берилип кетип, кылган кылыгын билбей калат. Адамдар акыл айтса жаман көрүп, айткандын оозу жаман болуп, жини аша чаап кете берет. Ал кеңештерди кабыл алып, өзүн карманып, акыл калчаса, бардыгын түшүнмөк.

Эки эргул

Бир эски үй турган болот. Эл ал үйдө жин-шайтандар жашарын айтып, кадимкидей коркушуп, ал үйдү айланып өтүшчү экен. Ал кезде өзүн эр санаган бирөө болуптур, ошол эргул:

— Мен ал үйгө барып жатам, бир түндү өткөрөм, — деп мактанат.

Эрдиги бар, эси жок неме ал үйгө барып, чындап эле түнөп калат. Аны уккан дагы бир эргул “мен андан кем бекемби?” деп артынан барат. Барып эле каалганы түртүп, босогону аттайын дегенде, биринчи барган эргул бул жин-шайтандар кирип келаткан экен деп, эшикти шап жаап, түртүп туруп алат. Экинчи келген эргул жин-шайтандар киргизбей жаткан экен деп, ал сыртынан эшикти түртүп кирет. Ошентип экөө түртүшүп тура берип, таң да атат. Ошондо экөө түнү бою бири-бири менен “түртүшүп” чыкканын түшүнүшөт.

Бүт эле адамдар ушундай. Алар ар дайым тагдырга баш ие беришпейт, анткени алардын арасында баарын түшүндүрүп, жайгаштырып турган киши жок. Анан ар кимиси “Мен киммин?” деп өзүн түшүнүүгө аракеттенишет. Ал эми жөнсалды жашагандар эмне туура, эмне калп экенин түшүнгөндөй түр көрсөтүшөт. Анан адамдар ортосунда араздашуулар болот. Жанагы эки эргулдан айырмалары жок калат.

Уурдалганды бөлүшкөндө

Бир жолу каракчылардын тобу эл тоногону жолго чыгышат. Көптөгөн буюм-тайым уурдап да, тоноп да, анан ич ара бөлүштүргөнгө олтурушат. Бардыгын тең бөлүштүрүшүп, бир гана ичке жиптен токулган аялдын көйнөгү калат, — аны топтун эң алсызынын колуна карматышат. Болбогон жалгыз көйнөк тийип калганына арданган берки ызы-чуу салып, “алдап кеттиңер” деп ызы-чуу салат.

Айла жок, эртеси көйнөктү сатканы шаарга келет, анан эле атактуу байлар көйнөк үчүн ченебеген акча сунуш кыла башташат. Ошентип бардык каракчылар тапкан пайдадан мунуку эки эсе көп чыгат. Эми сүйүнгөнүн айтпай эле коелу.

Бул адамдар кайрымдуулуктун кайрымы болорун ойлонбостон, бирөөгө майда тыйын-тыпыр берип койгондой кеп. Анан жаны асманга учуп кеткенде, кайрымдуулугу үчүн бакытка бөлөнөт, бирок “эмнеге болгон байлыгымды ар кимге бөлүп берип салбадым?” деп өкүнүп калат.

Керемет мөмө берген дарак

Бир мамлекеттин өкүмдарында мыкты чоң дарак өсчү экен, бийик, жоон, зор дарак экен ал. Түшүмдү да сонун берип, мөмөлөрү да укмуш, даамычы, тим эле бармагыңды жалайсың. Анан бир жолу өкүмдарга бир киши мейманга келип калат. Анда өкүмдар:

— Бул дарактын мөмөлөрү эчак бышты, бийиктигин деги көрүп турасың, көз жетпейт, ооз тийгенге чамаң келеби эми? – деп калат.

Анда тигил киши:

— Дарагыңыз бийик, жоон, зор экен, аракет кылып көрөйүн, айла жок, — дейт. Ошондо ал дарактын түбүнөн араалап таштап, мөмөлөрүн чогултайын десе эле, мөмө эмес, таш балээ жок дейт. Кылган кылыгына арданып, даракты кайра ордуна тургузганга аракеттенип көрөт, бирок дарак кургап, соолуп калат.

Дүйнөдөгү адамдар дагы ушундай. Будда Мыйзамынын өкүмдарынын “антты бузбагын” деген көп нерсеге тыюу салган зор дарагы болот. Анда эң сонун мөмөлөр өсөт. Бирок адамдын жаны ырахат алгысы, кумарга баткысы келет. Ошентип ал мөмөдөн жеп көргүлөрү келет. Бирок алар тыюу салынган нерлерге барбоого милдеттүү, бирок адам чыдабай, көпчүлүк эрежелерди бузуп салат. Бузганда, чыныгы мөмөдөн куржалак калганын түшүнөт.

Жарым тыйын карыз

Бир соодагер бир кишиге жарым тыйын карызга берген экен. Арадан көп убакыт өтөт, тигил карызын кайтарбайт. Соодагер карызын доолаганы барат. Жолдон абдан жазы, кенен аккан чоң дарыяга туш болот. Сууда өтүү үчүн бир кишинин кайыгына олтуруп, ага эки тыйын төлөйт. Аркы өйүзгө өтүп, карыз алган кишини таппайт. Кайра артка кетип, дагы эки тыйын төлөйт.

Ошентип жарым тыйынды кайтарыш үчүн төрт тыйынын коротот. Анын үстүнө жол дагы чарчатып жиберет. Болбогон сокур тыйын үчүн төрт эсе тыйын коротуп олтурат. Бул кылыгын башка соодагерлер угуп шылдыңдашат.

Адамдар да ушундай: болбогон атак-даңк, арзыбаган кадыр-барк үчүн улуу иштерди таштап, өз денеси, кара курсагы үчүн ыйык эрежелерди бузуп, милдетин аткарбай калат. Өзү шылдың даңкка ээ болуп, анысынан азап чегишет.

Которгон Эрнис АСЕК уулу

«Жүз уламыш жүрүмү» китебинен