АСЕК уулу Эрнис: ДИЛАЗЫК: КҮТТҮРГӨН СУУ

Бир жолу анча-мынча акылы айныган кемпай ысыктан чаңкап, суу издеп жөнөйт. Алыстан туман сыяктуу закым көрүп, суу экен деп ал жакка чуркап барат. Суунун жээгине келип, жалдырап туруп калат. Ичпейт.

— Эй, эмне ичпей турасың, суу деп жанталашып келбедиң беле? — дейт аны көргөндөр.

Анда кемпай:

— Акылман киши сууну түбүнө чейин ичиши керек, демек мен бүтүндөй дарыяны ичишим керекпи? Суу көп экен, атүгүл бардыгыбыз ичип түгөтө албайбыз муну. Ошондуктан ичпей карап турам, — дейт. Аны уккандар санын чапкылап, күлүп жатып калышат.

Чала динчил да ошондой, ал кудай мыйзамын түшүндүрүп жатып, Будданын айткандарынын баарын аткара албайбыз дегени, мындай болбошу керек, пендеге өзүнө жараша мыйзам гана берилген деп чечмелейт. Ошентип ал акыйкатка жетпей калып, өлүм менен өмүрдүн айлампасында кала берет.

Өкүмдардын кызы

Бир жолу бир дыйкан жигит шаарга барып өкүмдардын кызын көрүп калат. Ал өмүрүндө мындай айчырайлуу сулуулукту көргөн эмес эле.

Ал түн уйкудан калып, өкүмдардын сулуу кызы жөнүндө гана ойлонуп калат. Бүт денесин, акыл-эсин ээлеген өрт сезимге туруштук бералбай, кызга жолуккусу келет, бирок кашайып мүмкүнчүлүгү жок.

Өңүнөн азып, саргыч тартып, катуу ооруп калат. Жакын туугандары: “Сага эмне болду?” деп сурап калышат.

Ошондо ал:

— Мен жакында өкүмдардын кызын көрүп калдым, эми сулуулугун сөз менен айтып бералбайм, мен аны менен бир түн өткөрүп, бир төшөктө жатып, дене кумарына батышым керек. Ошол кыялыма жеталбай, саргарып ооруп жатпаймынбы?! Мен ал чүрөккө жетпесем, сөзсүз өлүп калам го? — дейт.

Анда туугандары:

— Сен үчүн эми бир нерсе ойлоп табалы, сен ага сөзсүз жетесиң, мынчалык кара жаныңды кыйнабачы, айланайын, — деп сооротушат.

Эртеси ага келишип:

— Сен ага жетесиң, биз жолун таптык, — деп сүйүнчүлөшөт, — бирок… өкүмдардын кызы сени менен жолукканды каалабай жатат.

Муну уккан жаш дыйкан жигит сүйүнүп:

— Ал сөзсүз меники болот! – деп кыйкырат.

Кемакылдардын кылары ушул. Алар жыл мезгилин: жазды, күздү, жайды, кышты ажырата билишпейт. Кыштын күнү үрөн сээп, түшүм алгылары келет. Бирок аракеттери текке кетет. Кем акылдар ушинтип кичинекей бакытка көнүп, ушул жетиштүү деп ойлошот. Анан билбегенди билдим деп, бодхи абалына жеттим деп корстон болушат. Кудум эле кызды самаган жанагыл дыйкан жигиттей.

Куурулган кунжут

Бир келесоо кунжуттун данектерин чийки жеп алып, даамсыз экенин байкайт. Анан кайра кууруп жеп көрсө, даамы сонун экенин билет. Анан  ойлонот: “Куурулган данектерин айдап көрүш керек экен, ошондо даамдуу болуп өнүп чыгат да!”

Адамдар да ушундай. Бодхисаттвадай болуш үчүн узак мезгил өзүңдү өстүрүп-өнүктүрүшүң керек. Ал эми бул ары татаал, ары түйшүктүү жол, ошондон улам: “Архат болсом эмне болот? (Архат – кыялдарынан, каалоолорунан арылган абал). Архат өмүр менен өлүмдүн айлампасын кыска мөөнөттө токтотот” деп ойлошот. Анан аз аракеттенип, көп күч сарптабай калышат. Бирок Будданын мөмөсүнө (Нирванага) жетем дегенде, бул мүмкүн эместигин түшүнүшөт. Кудум жанагыл келесоодой болушат да.

Баалуу сандыкчадагы күзгү

Бир киши жашайт, жарды болот, карыздары көп экен, а кайтарганга эч нерсеси жок. Ошондо ал качып кетет. Бир эшилген кум, эрме чөлгө келет. Анан эле кумдун арасынан ичи толтура алтын таап алып, анан арасынан күзгү таап алат. Муну көргөн кембагалдын келмеси оозунан түшөт. Өмүрүндө күзгү көрбөгөн жаны аны колуна алып, андан кишинин кебетесин көрөт. Коркуп кетип, алакандарын бири-бирине коюп, көкүрөгүнө алып келип сыйынгандай:

— Мен сандыкчада эч нерсе жок, куру экен деп ойлогом. Көрсө, анын ичинде Сиз бар турбайсызбы, таксыр! Мага ачууңузду келтирбеңиз, — деп жалбарып жиберет да, баалуу сандыкчаны ыргытып жиберет.

Адамдар да ушундай абалга кабылышат. Не бир азаптарды көрүп, чаалыгып-чарчап, өмүрдү карызга берген – өмүр менен өлүмдүн айлампасынын ээси, жиндердин өкүмдары (Мара) салган тузакка түшүп калышат. Адам өмүр менен өлүмдүн айлампасынан чыккысы келип, жакшылыктыктын мыйзамы менен жашап, изгиликти илгерилетип, Будданын Мыйзамында болгулары келет. Бирок жанагыл баалуу сандыкча таап алган кишидей адашып, өзүн күзгүдөн көрүп, жеке “мен” деген түшүнүк бар экенине ишенип, реалдуулук эмне экенин унутуп коюшат. Ошентип алар жакшылык жолунан адашып, жетишкендиктеринен кол жууп (буддисттердин 37 басыкычынан), бүт аракеттери эч нерсеге арзыбай калат. Үч Араба Жолундагы (Буддизмдин үч багыты) мөмөлөрдөн куру калат. Жеке “мендин” кулуна айлангандар да, ошентип ыйык ишенимди ыргытып жиберишет.

Которгон Эрнис АСЕК уулу