АСЕК уулу Эрнис: ДИЛАЗЫК: ЖҮЗ УЛАМЫШ ЖҮРҮМҮ

Чыгышта эмне деген керемет уламыштар бар. Окуп алып чалкаңан кетесиң. Жаш кезде окудум эле. А кезде же интернет жок. Кокусунан эле 60-70-жылдары чыккан, эски десең эски, түлөгөндөн түлөгөн, ар кайсы барактары айрылган «байыркы» китептер колума тийип калар эле. Чычканды баса калган мышыктай эле баса калып окуп калам. 90-жылы болсо керек, тааныш орустан бир китеп сурап алдым. Ал Байыркы Кытайдын уламыштары эле. Эки күндө окуп кайра бергем. Бирок ошондогу уламыштардын көбү көкүрөктө калбады. Кийин билсем, бул биздин заманга чейинки экинчи-бешинчи кылымдарда чогултулган «Бай Юй Цин» — «Жүз уламыш жүрүмү» деген адамтааным, ааламтааным уламыштары экен. Бул Будданын айткандарынан чогултулган Окуу. Будда динин билбеген соң, анын түшүндүрмөлөрүн, чоо-жайын өз деңгээлиме жараша түшүндүм. Түшүндүрмөлөрүнө деле маани берип кереги жок. Андан көрө окурман өзү акыл калчап, өзү түшүндүрмө бергени оңбу дейм. Бул уламыштарды жашоодогу көп нерселерге салыштырсаң, куп жарашат. Анда алдыңа жайып көрөйүн, бир боорум…
Эрнис АСЕК уулу

Күн тутулганда

Кайсы бир кезде жиншайтандардын паашасы колу менен күндү тоскондо, жер жүзүн караңгылык басып калат. Бир аз акылы ордунда эмес киши ага итин күнөөлөйт. Анткени ити курсагы ачып, бир үрүп, бир чүчкүрүп кыңшылай берген экен. «Күн, сен үчүн тутулуп калды!» деп чыбык менен сабаганга чейин барат.

Аңтарылган дүйнөнүн пенделери да ушундай. Дүйнөнү тааныйм, адамды тааныйм деп акыйкат жолунан тайып, ар кайсыл дейди ойлорго гана жетеленбестен, өз денелерине да кол салат: тактайдагы соройгон мыктарга жатып, денелерин күйгүзүп, оозу-мурдун тешип, эч күнөөсү жок «итти» азапка салышат!

Эшектин сүтү

Индияга чектеш кайсы бир өлкөнүн эли өмүрүндө эшек көрүшпөптүр. Бирок ушундай жаныбар бар экенин, анын сүтү аябай дартка даба экенин, даамдуу экенин угушуп, эшектин сүтүн ичкенге зар болуп жүрүшөт. Анан эле айылдан бирөө өтүп бара жаткан кербенден бир эшек сатып алат. Айылдын эли бүт чогулуп келишет. Бири башынан, бири туягынан, бири куйругунан, бири «чыбыгынан» кармап, сааганга аракет кыла башташат. Айгыр-эшектин «чыбыгын» кармаган киши желини экен деп саай берет, сүтүн ичкенге ашык болот. Бирок сүт чыгаралышпайт.

Бул жөн эле билбестин кылганы эмес. Кудайды тааныбагандар ушундай келесоолукка барышат. Акыйкатты ичем деп, эшектин «чыбыгын» саап калышат.

Көз оору

Бир аял болот. Көзү аябай ооручу экен. Тааныш аял сурап калат:

— Көзүң ооруйбу?

— Ооба, -дейт тиги.

Анда тааныш аял:

— Көз жесең, сөзсүз көзүң ооруйт. Менин көзүм ооруй элек, бирок ооруганына камданып, көзүмдү оюп салайын деп жатам. Ооруй баштаса, кантем анан?

Алардын сөзүн уккандар мындай деген экен:

— Көз жесең, кээде эле ооруйт. Бирок оюп таштасаң, өмүр бою ооруй берет. Дүйнөдө келесоолордун баары ушинтишет экен. Алар байлыгың болсо, өзүң ак сөөк болсоң, акыры азапка түшүп, жакыр болосуң, соопчулук кылбасаң, өз башыңа кара түн түшөт экен дегенди угушат. Канчалык бай болсо, ошончолук азап көрөм деп коркушат.

Анда арасынан бирөө  мындай деген экен:

— Соопчулук кылсаңар, же азап чегесиңер, же кубанасыңар. Эгерде соопчулук кылбасаңар, жакырчылыктан чыгалбай, көрбөгөн азабыңар калбайт. Муну жанагыл аял менен салыштырса болот: опсуз эле ооруну ойлой берип, көзүн оюп салып, өмүр бою азап чеккенге даярданып жатпайбы.

Устаттын оорулуу буттары

Кайсыл бир буту ооруган устаттын эки шакирти болгон экен. Ал эки шакиртин кезеги менен бирден бутун таш менен сүрттүрүп, укалатып турат. Эки шакирти атаандашып, бири-бири менен короздошуп кетишчү экен. Бир шакирти иштери менен кеткенде, экинчиси устатынын бутун шашылыш ала коюп, укалайм деп таш менен катуу уруп алат. Биринчи шакирти кайтып келип, устатынын бутун көрүп жини келет. Анан экинчи шакирт жараат алган бутту сылап олтурса, анын колунан талашып, биринчиси да устаттын экинчи бутун кокустатып алат.

Будда динин туу туткандардын арасында дагы ушундай жагдайлар жок эмес. Махая агымындагылар өзүн куткаруу менен алек. Хинаян агымындагылар элдин баарын куткаруу менен алек. Анан экөө бири-биринин окуусун четке кагып келишет. Натыйжада Улуу Акылман айткан Мыйзамдын эки багыты тең жокко чыгып жатат.

Будда жана брахмачариндер

Бир жолу Будда Индия падышасынын шаарына келип, Будда окуусуна дилгир отуз алты миң киши менен жолугат. Арасында башка оокууга дилгир беш жүз брахмачарин (касам ичкендер) болот. Алар ордуларынан туруп, Буддага мындай дешет:

— Биз Будданын окуусу кеңири жана терең экенин уктук, аны эч ким таанып биле албайт экен, ошондуктан окууңду бизге түшүндүрүп берчи.

Будда мындай дейт:

— Макул, сурагыла.

Брахмачариндер:

— Дүйнө нерсеби же эч нерсеби?

— Нерсе да, эч нерсе да.

— Нерсе деп жатсаң, кандайча эч нерсе болуп калат? А эгерде эч нерсе болсо, кандайча нерсе болуп калат?

— Тирүү кишини нерсе дейт, өлгөн кишини эч нерсе дейт. Ошондуктан нерсе жана эч нерсе деп айтып жатам.

— Кишилер эмнеден жаралган?

— Уруктан жаралган.

— Беш урук эмнеден жаралган?

— Беш урук төрт улуу кубулуштагы от менен шамалдан жаралган.

— Төрт улуу кубулуштагы от менен шамал кайдан чыкты?

— От менен шамал жоктон бар болгон.

— А жок кайдан пайда болгон?

— Жок жоктон пайда болгон.

— Жоктон жок кайдан пайда болгон?

— Ал өзүнөн өзү пайда болгон.

— А өзү кайдан пайда болгон?

— Нирванадан.

— Нирвана кайдан пайда болгон?

— Силер сурап жаткан нерселер өтө терең, өтө бийик. Нирвана – бул дхарма (маңыз, мыйзам), ал пайда болбойт, жоголуп да кетпейт.

— А сен, Будда, Нирванасыңбы, эмессиңби?

— Азырынча Нирвана эмесмин.

— Нирвана болбосоң, нирвананын түбөлүк жыргалы жөнүндө кайдан билесиң?

— Мен силерден сурайынчы: бардык жандыктар кайгыда жүрөбү же кубанычтабы?

— Бардык жандыктар болуп көрбөгөндөй азапта жашайт.

— А эмнеге аны азап деп атайсыңар?

— Ажалдын келгенин көрүп жүрөбүз, ошондуктан бардыгы өлүмдөн коркуп, азап чегишет, өлүм – бул азап.

— Силер өлүп көрбөй эле, анын азап экенин билет экенсиңер. Мен бардык буддалар жаралбайт жана өлбөйт экенин билем, ошондуктан Нирвана – бул түбөлүк кубаныч экенин билем.

Беш жүз брахмачариндин жүрөгү ачылып, аң-сезимдери чиелешкен жиптерден арылат. Алар беш тыйууга ант беришет: өлтүрбө, уурулук кылба, ойноштук кылба, калп айтпа, ичкилик ичпе. Ошентип алар сротапанна-нын (ыйыктыктын төрт баскычынын бири) жемишин татышат да, өз ордуларына олтурушат.

Которгон Эрнис АСЕК уулу