БЕКТУРОВА Роза: АНТОН ЧЕХОВ: ҮЧӨӨНҮН КИМИСИ

АҢГЕМЕ

(Эски, бирок түбѳлүктүү жаңы тарых)

Стат кеңешчиси Марья Ивановна Лангердин жасалгасы келишкен эски дачасынын далисинде  Марья Ивановнанын кызы — Надя жана белгилүү москвалык коммерсанттын  уулу Иван Гаврилович турушкан .Абдан жагымдуу кеч эле. Мен жаратылышты баяндоонун чебери болгондо булуттардын артынан кылтыйып карап турган ѳзүнүн  жакшынакай жарыгын токойго, дачага, Надянын жүзүнѳ тѳгүп турган айды да кошмокмун… Дарактардын акырын чыккан шыбыштарын да, булбулдун сайраганын да, кичинекей фонтандын анча-мынча угулуп турган шарпылдагын да баяндамакмын…

Надя  креслонун четине тизесин такап, таянгычты колу менен кармап  турган. Анын  бейкапар, баркыттай, терең кѳздѳрү караңгы жашыл токойчону тигиле  карап турган… Айдын жарыгы түшкѳн керсары жүзүндѳ карарган тактары ары-бери жылып: ал  бетинин отунун кызылын көрсөтүп турду …

Иван Гаврилович анын артында туруу менен  ѳзүнүн  суйдаң сакалын  толкунданып, калчылдаган колу менен кайра-кайра сылагылады. Сакалын сылоодон тажаганда башка колу менен ѳзүнүн узун  көйнөгүнүн жасалгасын сыйпалап, сүрткүлѳй баштады. Иван Гавриловичтин ѳңү серт эле. Ал айылдык ашпозчуну эске салган энекесине окшош болчу. Анын чекеси кичине, кууш, жалпайып калгансыган; мурду аңырайган, кырдын орду   жалпайыңкы, чачтары  типтик  туруп турат. Анын кѳздѳрү кичинекей, жаш мышыктын  дал ѳзүндѳй, бүтүк кѳздѳрү Надяга суроо салгандай карап турду.

– Сиз мени кечиресиз, — деди чулдурап, калчылдап улутунуу менен кайра-кайра кайталап.

Ɵз сезимдерим жѳнүндѳ сизге айтып  жаткандыгым үчүн мени кечирип коюңуз… Бирок мен сизди ушунчалык сүйүп калгандыктан ѳз акылымдан адаштымбы же жокпу, билбейм… Жандүйнөмдө  сизге карата ушундай сезимдер болгондуктан аны жеткире билдире албай жатам! Мен,Надежда Петровна, сизди кѳрѳрүм менен  ошол замат оңбой калдым, башкача айтканда, сүйүп калдым. Сиз албетте, мени кечирип коюңуз, бирок… анткени… (Тыным)

— Азыр табият да  жагымдуу!

– Ошондойбу… Аба ырайы эң сонун…

–Дал ушундай жаратылышта билесизби, мындай жанды сүйүп калуу канчалык жагымдуу, сиз кандай дейсиз… Бирок менин бактым жок! – Иван Гаврилыч күрсүнүү менен сакалын  кайра  сылады. – Ɵтѳ бактысызмын! Мен сизди сүйѳм, жандүйнөм жабыркады, А сизчи?.. Сиздин мага болгон сезимиңиз болушу мүмкүнбү? Сиздин билимиңиз бар, окумуштуусуз… Баары жайма жай… Ал эми менчи? Менин наамым соодагерлик… башка эч нерсе жок. Эч нерсе! Акчам болсо кѳп, бирок чыныгы бакыт болбогон соң, ал акчалардын пайдасы эмне? Бул акчалардын ѳзү менен  бактысыздык балакет кана, анан… боштук. Тамак ичкениң жакшы, анан… жѳѳ баспайсың… болбогон жашоо… Надежда Петровна !

— Анан?

— Эч…Эч нерсе жок! Мен  сиздин тынчыңызды алгым келген…

– Сизге эмне? Сиз мени сүйѳ аласызбы? (Тыным)

Мен сиздин энекеңизге… башкача айтканда, энеңизге ѳз жүрѳгүмдү жана сиздин колуңузду сурагам. Жана алар баары сизге байланыштуу болот деп айтышкан… «Сиз, — дейт, — ата-энелердин эркинен тышкары эле жасай аласыз», — дейт… Сиз мага кандайча жооп бересиз ?

Надя  үндѳгѳн жок. Ал  дарактар жана сайма сыңаркы  жалбырактар  араң кѳрүнүп турган караңгы жашыл токой жакты  карады… Анын кѳңүлүн желден ѳздѳрүнүн учу анча-мынча термелип турган дарактардын кыймылдаган кара кѳлѳкѳлѳрү урду.

Анын унчукпоосу Иван Гавриловичтин демин кысты. Анын кѳздѳрүнѳн жаш чыгып кетти. Ал жабыр тартты. “Эгерде ал  баш тартса эмне  болот?” – деп ойлоп, мындай  жаман ой  анын кең далысын аяздай  муздатты…

– Жакшылык кылыңыз, Надежда Петровна, — деп жиберди ал, -менин дилимди кыйнабаңыз… Анткени мен сизге жабышканым сүйгѳндүктѳн… Анткени… (Тыным) Эгерде … (Тыным) Эгерде сиз мага жооп бербесеңиз анда  ѳлүп кетүүгѳ болот.

Надя ѳз жүзүн Иван Гавриловичке тигилип  жылмайып койду… Ал ага ѳз колун сунуу менен москвалык коммерсанттын кулагына угулган  сиренанын  ыры кулагына угулган үн менен  сүйлѳп жиберди:

— Сизге  ѳтѳ ыраазымын, Иван Гаврилович… Сиз мени сүйѳѳрүңүздү кѳптѳн бери билем жана кандай сүйѳѳрүңүздү билем… Бирок мен… мен … мен да сизди сүйѳм. Жан… Сизди  ак пейил жүрѳгүңүз үчүн, сиздин берилгендигиңиз үчүн сүйбѳй коюуга болбойт…

Иван Гаврилович оозун араандай ачып, күлүп жиберди да бактылуу болуп ѳз жүзүн алаканы менен  жүзүн сылады: бул түш эмеспи?

– Эгерде мен сизге күйѳѳгѳ чыксам, — деп улантты Надя, — анда эң бактылуу болоорумду билем… Бирок билесизби, Иван Гаврилович? Жоопту бир аз күтѳ туруңуз… Азыр сизге оң жооп бере албайм… Мен бул кадамды жакшылап ойлонушум керек… Ойлонуу керек… Бир аз чыдай туруңуз.

– Кѳпкѳ күтѳмбү?

— Жок. Бир азга… Бир күн, ашып кетсе эки…

– Анда болот…

– Сиз азыр кете бериңиз, ал эми жоопту мен кат менен берем… Азыр үйүңүзгѳ барыңыз… Ал эми мен  барып ойлоном… Кош болуңуз… Бир күндѳн кийин… — Надя колун сунду. Иван Гаврилович аны  кысуу менен ѳѳп жиберди. Надя башын ийкеп, абаны ѳѳп, эшик алдынан жылт коюу менен кѳздѳн кайым болду.

Иван Гаврилович эки-үч мүнѳт туруп ойлонду да, анан кичинекей гүл отургузулган жер жана токой аркылуу ачык жерде турган ѳзүнүн ат арабасына жѳнѳдү. Ал ѳзүн ысык ваннада күн бою кармагандын ѳзүндѳй бактыга батып, магдырады жана муун-жүнү бошоду… Ал басып баратты да, бактысы-толуп ташып күлдү.

– Трофим! –деп  ѳзүнүн арабакечин ойготту.

– Тур! Жѳнѳдүк! Беш сары акчаны чайга! Түшүндүңбү? Ха-ха!

Анын ортосунда Надя  бѳлмѳлѳрдү аралап, башка далиске жылт коюп, ал далистен тѳмѳн түшүү менен дарактар, бадалдар жана бадалчалар аркылуу ѳтүп, башка дарактар кыйылган ѳткѳѳлгѳ жүгүрүп барды. Бул бош жерде аны бала кезинен берки досу, 26 жаштагы жигит, барон Владимир Штраль күтүп турган. Штраль — башындагы кашкасы кѳрүнүп калган болтойгон семиз, торсогой немис. Ал быйыл университеттеги курсту бүтүрүп, ѳзүнүн харьковдук имениесине бараткан жана акыркы жолу  коштошууга келген… Ал бир аз кызып алгандыктан орундукка жантая жатып, “стрелочканы” ышкырып жаткан.

Надя ага жүгүрүп жетери менен  энтигип, жүгүрүүдѳн чарчап, анын мойнуна асылды. Катуу каткырып жана анын мойнун, чачтарын, жакасын тарткылап, ал семиз, тердеген жүзүн ѳпкүлѳп кирди

— Мен сени бир сааттан бери күтүп жатам, — деди барон аны  белинен кучактап…

– Анын эмнеси бар? Дениң сакпы?

– Деним сак…

– Эртең кетесиңби?

— Кетем…Кежирсиң…Жакында кайтып келесиңби?

– Билбейм…  – Барон Надяны  бетинен ѳөп, тизесинен орундукка отургузду.

– Эми ѳбүшүү жетишет, — деди Надя. – Кийин… Алдыда дагы кѳп убакыт бар. Эми иш жѳнүндѳ  сүйлѳшѳлү. (Тыным)

– Сен, Воля, ойлондуңбу?

— Ойлондум…

– Болуптур, кандай болот? Yйлѳнүү той качан болот?

Барон мурдун чүйрүдү.

– Сен кайрадан ошо жѳнүндѳ эле! – деди ал.

– Мен сага  кечээ эле… оң жооп бербедим беле… Yйлѳнүү той жѳнүндѳ эч кандай сѳз болушу мүмкүн эмес! Мен сага кечээ эле айткам… Мурда миң жолу айтылган нерсе жѳнүндѳ сѳз кылуунун кереги эмне? ..

– Бирок Воля, биздин мамилебиз бир нерсе менен бүтүүгѳ тийиш да! Сен муну кантип түшүнбѳйсүң? Тийиш эмеспи?

–Тийиш, бирок үйлѳнүү тою менен эмес… Сен үч жашаар кыздан бетер аңкоо экендигиңди жүзүнчү жолу кайталайм… Аңкоолук жакшынакай аялдарга жарашат,  бирок  бул учурда эмес, жаным…

– Демек, үйлѳнгүң келбейт экен да! Каалабайсыңбы? Сен түз эле айт, бети жок, түз эле айт, каалабайсыңбы?!

– Каалабайм… Эмнеликтен мен ѳзүмдүн мансабымды бузам? Мен сени сүйѳм, бирок  мен сага үйлѳнсѳм эле, мени ѳлтүрѳсүң… Сен мага байлык да, наам да алып келбейсиң… Yйлѳнүү досум, мансаптын жарымы болууга тийиш, ал эми сен… Ыйлап кереги жок… Акылга салып ойлонуу керек… Сүйүшкѳн никелер эч качан бактылуу болбойт жана демейде бут кийимдей эле бүтѳт…

— Калп айтасың… Сен калп айтасың! Дал ушундай!

– Yйлѳнүп ал, анан ачкадан ѳл… Жакырчылыкты кѳбѳйт… Акылга салып ойлонуу керек…

— Анда эмне сен ошондо акылга салып ойлонгон эмессиң… эсиңдеби? Ошондо сен мага үйлѳнѳм деп чын ниеттен сѳз бербедиң беле… Бергенсиң да?

– Бергем… Бирок эми пландарым ѳзгѳрүп кетти… Сен жакыр адамга чыкпайсың да? Сен эмне үчүн мени жакырга үйлѳнүүгѳ мажбурлап жатасың? Мен ѳзүмѳ айбандык кылуу  ниетим жок. Менин келечегим бар, ал үчүн  мен ѳз абийримдин алдында жооп берүүгѳ тийишмин.

Надя жүз аарчы менен кѳздѳрүн, бетин аарчыды да, күтүлбѳгѳн жерден, капыстан эле православиеге ѳткѳн немистин мойнуна кайрадан асылды. Ал ага жабышты да, бетинен ѳпкүлѳй баштады.

–Yйлѳн! – деп божурады ал. – Yйлѳн, жаным! Мен сени сүйѳм да! Мен сенсиз жашай албайм, жаркыным! Эгерде менден кол жуусаң, мени ѳлтүргѳнүң! Yйлѳнѳсүңбү? Ошондойбу?

Немис ойлонду да кесе айтты.

– Yйлѳнѳ албайм! Сүйүү жакшы нерсе дечи, бирок бул дүйнѳдѳ ал баарынан артык эмес…

– Ошентип үйлѳнүүнү каалабайсыңбы?

– Жок… Анте абайм…

— Каалабайсыңбы? Каалабагандыгың чынбы?

– Анте албайм!

– Сен жексур, кара ниетсиң… Алдамчысың! Немиссиң! Мен сени кѳргүм келбейт, жек кѳрѳм, жүрѳгүм айланат! Сен жек кѳрүмчүсүң! Мен сени эч качан сүйгѳн да эмесмин! Эгерде мен ошол кечте сага берилип кетсем, сени ак ниет адам деп ойлогондуктан болгон, сен мени аласың деп ойлогом… Мен сени ошондо да жек кѳрчүмүн! Сен барон жана бай болгондуктан сага чыккым келген! – Надя колдорун булгалоо менен Штралдан  бир нече кадамга чегинип, ага дагы бир нече кер какшык айтуу менен үйүн кѳздѳй жѳнѳдү… “Мен ага бекер эле барыпмын, — деп ойлоду баратып. – Анын үйлѳнгүсү келбегенин билип эле турбадым беле? Кандай бети жок! Ошол кечте мен жинди экемин! Ошондо мен ага берилип кетпесем азыр бул немистин алдында кемсинүүнүн кереги жок болмок”.

Дачанын короосуна келген Надя бѳлмѳлѳргѳ барган жок. Ал  короодон аркы-терки басуу менен бир жарыгы  үрүл-бүрүл терезенин жанына токтоду. Терезе анда жаш, жайкы абалда жаңы эле консерваторияны бүтүрүп чыккан Митя Гусев жашаган бѳлмѳнүкү болчу. Надя терезеге карай баштады. Кең далы, тармал чач, сулуу сымак  ак жүздүү Митя  үйдѳ болчу. Ал күрмѳсүн, чыптамасын кийбестен керебетте роман окуп жаткан. Надя токтоп туруп ойлонду да, терезени каккылады. Биринчи скрипка башын кѳтѳрдү.

– Ким?

– Бул мен, Дмитрий Иваныч… Бир мүнѳткѳ терезени ачып коюңузчу!.. — Митя  күрмѳсүн тез кийе койду да, терезени ачты.

– Бул жакка келиңиз… Мага түшүп келиңиз… – деди Надя.

Митя терезеден кѳрүндү да дароо Надянын жанына келе калды.

— Сизге эмне керек?

– Жүрүңүз!- деди да Надя Митяны колтуктады.

– Дмитрий Иваныч, —  деди ал, – мага жаным, сүйүү каттарын жазбаңыз! Жазбаңыз,  бай болгур! Мени сүйбѳңүз жана мага сүйѳм деп айтпаңыз!

Надя кѳздѳрүнө жаш алып, көз жашы беттеринен, колдорунан ага баштады… Жаш эң чыныгы, ысык болчу…

– Мени сүйбѳңүз, Дмитрий! Скрипканы мен үчүн ойнобоңуз! Мен ыплас, жек кѳрүмчү жакшы эмесмин… Мен жүрѳк айлантуу, жек кѳрүү, сабоо керек болгондоймун… Надя  бышактап, ѳз башын Митянын кѳкүрѳгүнѳ койду. — Мен эң ыпласмын, менин ойлорум да ыплас, жүрѳгүм да…

Митя ѳзүн жоготуп коюп, кандайдыр бир болбогон нерсени айтымыш болуп Надяны башынан ѳптү…

– Сиз боорукер, жакшысыз… Мен чынымды айтам, сизди сүйѳм… Ал эми сиз мени сүйбѳңүз! Мен дүйнѳдѳ акчаны, кооз кийимдерди, саябан арабаны баарынан жакшы кѳрѳм… Акчам жок экендигин ойлогондо ѳлүп кете жаздайм… Мен жек кѳрүмчү, ѳзүмчүлмүн…. Мени сүйбѳңүз, жаркыным, Дмитрий Иванович! Мага кат жазбаңыз! Мен  күйѳѳгѳ Гаврилычка чыгам… Кѳрдүңүзбү, мен кандаймын! Ал эми сиз дагы эле…. мени сүйѳсүз. Кош болуңуз! Мен сизди  күйѳѳгѳ чыкканда деле сүйѳ берем… Кош бол, Митя!

Надя  Гусевди шак кучактап,  аны мойнунан ѳптү да, дарбазаны кѳздѳй жүгүрүп жѳнѳдү.

Ɵз бѳлмѳсүнѳ келип, Надя столдун жанына отурду да, буркурап ыйлап, төмѳнкүдѳй кат жазды:

“Кымбаттуу Иван Гаврилыч! Мен сиздикимин. Мен сизди сүйѳм жана сиздин аялыңыз болгум келет… Сиздин Н.» Кат чапталып, дареги боюнча жѳнѳтүү үчүн үй кызматчы аялга берилди. “Эртең бир нерсе алып келет” – деп ойлоп, терең үшкүрдү Надя. Бул күрсүнүү анын ыйынын соңу болчу. Терезени жанына бирде отуруп, кайра тынчтанып Надя шашыла чечинүү менен  туптуура түн жарымында саймалаланган, вензелдер менен кооздолгон кымбат жумшак жуурканда уктап жаткан, жаш жакшынакай, бузулган  шуркуянын,  кээде  титиреп кеткен  денесин  жылытып турду.

Түн жарымында Иван Гаврилович ѳзүнүн кабинетинде аркы-терки басып сүйлѳнүп, кыялданып жатты. Кабинетте анын ата-энеси отуруп, анын кыялдарын угуп жаткан… Алар уулу үчүн кубануу менен бактылуу болуп турушту…

– Ал жакшы кыз, кең пейил, — деп сүйлѳп жатты атасы.

–Кеңешчинин кызы, анан калса супсулуу. Бир гана кемчилдиги бар – анын фамилиясы немисче! Эл сени немиске үйлөндү деп ойлошот…

Которгон Роза БЕКТУРОВА