БӨЛӨКБАЕВА Венера: ВЕНЕРА БӨЛӨКБАЕВА: КҮН-АДАМ

АҢГЕМЕ

Элейип аны эмнеге көз алдыма тартып, маңдайыма алып келип алдым?!
Ал киши экөөбүз бирге иштеп, бир бөлмөдө отурчубуз.

Аялзаты жөнүндө сүйлөнгөндөн чарчачу да, тажачу да эмес. Болгондо да уккулуксуз, жагымсыз сөздөрдү… Анын айтымында: “Бүт аялзаты жаман, акылсыз, бир гана – поездге түшүп кеткен бойдон келбей калган сулуусу гана акылдуу, жакшы…” Ошон үчүн жылып кеткен поездге байланыштуу ырын тынбай кайталап, көркөмдөп окуй берүүчү…

Ал кишинин жагымсыз сөздөрү, ойлору да эч кимге угулбай, поезддер менен кошо жылып кетсе…

Поезд, поездге түшкөндөрдүн баары кайрылып келсе.

Поезд жөнүндө ыры бар кишинин гана угумсуз, уу сымал сөздөрү кайрылып келбесе… Кеп-сөздөрүн ошол жактагы албууттанган куюн, шамалдар кумдарга чайпап туруп көмүп койсо…

* * *

Ким бирөө көөдөндү булгап турса, дагы бир адам тазалап турганын!?

Кайра маңдайымды жаркытып, мээримдүү бир адамдын элеси көз алдымда тартылат.

Ал адам – атам менен апамды издеп биздикине келген, бүт айлана-чөйрөнү сыдыра жайдары караган мырза жан эле. Мен биринчи жолу көргөн “көркөмдүү” мейманды атамдар биздикине түнөп кеткенге көндүрүшүп, кетирбей алып калышкан. Төгүлүп-чачылып меймандашкан…

Ошол күнү кечинде, эс алаар маалга жакындаганда үйдөгү жуула турган кийимдерди терип-тепчип чогултуп жууп, жайып койгом.

Аптаптуу жай мезгили болгону да жакшы болуптур. Атамдыкы экен деп меймандын көйнөгүнүн үстүнөн кийип келген жылуурак кийимин илинип турган жеринен алып жууп коюптурмун. Эртең менен жөнөөрдө эле мейманыбыз илинген жердеги сырткы кийимин таппай калат. Апама кошулуп атам да үйдү үч көтөрө издешет. Акырында жуулуп, жайылып турган кийимдердин арасынан таап беришет. Уйкудан ойгонуп сыртка чыксам, атамдар жылдыздуу мейманына ак жол каалаганын билдире башташыптыр. Мейман мени көрүп бурулуп, алдыма басып келди:

— Алдыңа кетейин, кийимимди кашкайта жууп коюптурсуң. Өмүр берсин өзүңө… – деп узакка ак тилектерин айтып чекемден сүйдү.

Кечинде кийимдерди жууп баштаганда “атамдын ушундай кийими бар беле?”- деп чочулаганым жөн эмес экен.

Уялдым… Атайын жуусам алкоосу жарашат эле. Байкабастан кылган эмгекке ыраазычылык коошпойт экен. Ошондо атам менен апам да мейманынын тилегине кошулушкансып, мени менен сыймыктанып турушканы эмдигиче көз алдымда.

Бүт турпатынан нур, жылуулук жааган, Күн нуруна оронуп алгансыгандай көрүнгөнү үчүн ал мейманды — Күн-Адамым деп атап алгам. Ичимден дайыма аны менен сыймыктанам. Ал бир күнү биздикине кайра дагы келет…

Мен дагы Күн-Адамымдын жашына жетсем. Дүйнөсү таза бөбөктөрдөн ак чачтуу карыларга чейин жана бүт айланага өз нурумду чачырата Күн-Адамымдай карап жашасам!

Экран тасмаларынан, гезит-журнал беттеринен, конференциялардан, калаалардан, айылдардан, жолдордон, машинанын рулун башкарып бараткандардан, кыскасы, баардык жерден Күн-Адамымды же ага окшошу кездешип калабы деп издей берем. Карай берем. Бирок Күн-Адамым кездеше элек.

Күн-Адамым андан кийин биздикине кайрылып келген жок. Эмне үчүн келбей калганын эмдигиче апам менен атамдан сурабайм. Бир башкача мээримдүү адам жөнүндө “жаман кабар” уккандан өтө корком…

Жакшы адам – баарыныкы деген ишеничтемин. Күн-Адам дагы жакшы адам. Ал – меники дагы. Сиздики дагы…
6-июнь, 2002-жыл.