БӨЛӨКБАЕВА Венера: ВЕНЕРА БӨЛӨКБАЕВА: ЭКӨӨ

АҢГЕМЕ

Аял…
Эркек…
Экөөнү эмнегедир көп эстейм. Бирин эстегенде, экинчисин. Экинчисин эстегенде, биринчисин.
Экөө — бир асмандын алдында, бир айылда, бир арыктан суу ичип жашашкан. Бирок… Экөө — эки башка үйдө, эки башка тагдырда өмүр сүрүшкөн.
Аял — көп балалуу.
Эркек — баласыз эле.
Аял менен Эркек бири-бирине жакшылыктарда жолугушканын көргөн да, байкаган да эмесмин. Чакырышпаса керек. Качан жамандык болгондо гана экөөнө “чакыруу” келчү. Анда да, айылдын бир пендеси о дүйнөгө узаганда…
Ошентип экөө жакшылыктардан калып, жамандыктарга барып… Кара кийинген караандардын арасынан гана бири-бири менен жолугушчу болуш керек .

Эркек
Кыска бойлуу, тегерек жүздүү, мүнөзү жоош, жумшактай көрүнчү. Бейит казгандан башка дагы эмне иш аткарганын деле билчү эмесмин.
Өзүндөй чакан үйү, үйүндө аялы, короосу, короосунда боз эшеги бар эле. Ойноп жүргөнүбүздө жаныбыздан көп өтчү. Кээде байкап, кээде байкабай калчубуз. Жайдак эшегин минип алып комуз чертип кетипатканда комузу менен көргөм бир жолу. Эшеги да акылдуу окшойт, ээсин кайда алып барарын билгендей жипсиз, камчысыз эле кете берчү. Андан кийин ал көрүнүш көп жолу кайталанды. Бир аз күндөн кийин комузуна кошулуп муңканган ырлары пайда болуп калыптыр. Ким билет, андан мурун деле ал ырларын ырдап жүргөндүр?
Айылдын аксакалдары менен жарышып жаштары, аларды туурап биз — кичинекейлер деле чыйылдап Эркекти ысымынан атачубуз. Андай мамилелерге таарынчу деле эмес. Жан шерик аялына, эрмек болгон комузуна, ырдаган ырларына анан боз эшегине ыраазы болуп жашаса керек.

Аял
Жерге жакыныраак адамдар бир башкача болот окшойт. Жердей төмөн, жердей бекем…
Аялдын да дене түзүлүшү чакан эле тыпыйып. Батып бараткан Күн сымал жүзү албырып турганы менен бул жашоого нааразычылыгы бар экени көздөрүнөн билинип турчу. Үстүңкү эки тиши алдыга чыгып тургандыктан ооздору жабылчу эмес. Аялдын жөнөкөй жүзүнөн эле анын бир да адам жөнүндө жагымсыз ойлорду ойлобогонун билип койсо болот. Күйөөсү өзүнөн бир топ жаш улуу. Бирок кооздоп коюп алган сакал, мурутуна ак кире элек болчу. Ал бала төрөп бербеген биринчи жубайы менен да катташып, ал үйдө көбүрөк түнөчү. Анысына карабай… кошокчу Аял ага тогуз бала төрөп берген.
Балким, мага ушундай көрүнчүдүр. Аял жарык, жакшы күндөрдө да маанайы суз жүрчү. Башка аялдардай болуп майрам же салтанаттарга барганын же үймө-үй кыдырып айылчылаганын деле көргөн эмесмин. Жайнаган жакшына балдары менен күйөөсүнүн жүрөгүнө толук батпаганына көңүлсүз күндөрдү кечирсе керек? Аял өз дүйнөсүндөгү болгон сырын, кайгысын, капасын кошоктору менен кошо кошуп чыгарып алчу окшойт. Бир кошогунан башка анын ыйын, сырын уккан эч ким деле болбосо керек…

Эркек
Бир күнү биз, кичинекейлер айылдын четинде бүлдүркөн терип жүргөнбүз. Колунда комузу, оозунда ыры жок эле Эркек эшегин минип жаныбыздан өтүп калды.
— Ии балдарым, бүлдүркөн бышып калыптырбы? — деп эшегин токтотуп бизден сурап калды. Улуулар тоотпогондой, кичүүлөр деле аны тоотчу эмеспиз. Жакшы жооп берген жокпуз. Ал эшегинен түшүп, биз менен кошо жарыша бүлдүркөн тере баштады. Болгондо да башындагы жашыл топусун алып, топусунун ичине сала баштады бүлдүркөндөрдү. Эшеги болсо арыраак четте ээсин күтүп тура берди. Эркектин топусу да бүлдүркөнгө бат эле толуп калды.
Балаңыз жок ко, кимге алып барып бересиз? — деп чакасы бош, бүлдүркөн тергиси келбеген, жегиси эле келген тентек бирөөсү сурап калды арабыздан.
— Аялыма да! — деп күлүмсүрөй эшегине минип, бүлдүркөн толгон топусун көкүрөгүнө аярлай кысып жөнөп кетти.
Бизден балалык каткырыктар чыкты…
— Апей, аялы бүлдүркөн жейт экен!
— Уят, уят, уялбай бүлдүркөн алып барат экен…
— Чопо-чооң эле аялы бүлдүркөн жейт экен! — деп төртөө-бешөөбүз да чуулдап калдык. Арабыздагы эң улуубуз жана бою узунубуз:
— Баласы жок да, аялына кошомат кылып алып баратат…
Ушундай сөздөрдү айттык артынан. Ал укса да укмаксан болуп кете берди. Бизди тилдеп же жооп кайтарып да койгон жок.
Бүлдүркөн менен болсо да аялына кубаныч тартуулагысы келген Эркекти анда кайдан түшүнөт элек: Аялына бүлдүркөндөй таттуу, бүлдүркөндөй татына сезими бар экенин…
Биз тырмактай болуп алып муштумга айланып, чоң эле Эркектин жүрөгүн “муштагылаганыбызга” азыр таң калам. Кечиримсиз…
Эмдигиче Эркек жөнүндө жазып жаткан ушул саамда да ойлоно берем. Бүлдүркөн терип барганда аялы кандайдыр бир себептер менен күйөөсүн капа кылбады бекен?..
Жок! Андай болушу мүмкүн эмес! Эркектин баласынын жоктугу муңдуу ырына айланып, бирок бир калыпта жайдары жүргөнү жаншеригинин мыктылыгынандыр…

Аял
Менин эле эмес, бүт айылдын ар бирине “чон эне” болгон энем да жүз жашка жакындап, күздүн бир күндөрүн карайтып дүйнө салды. Өзү келдиби же чакыртыштыбы билген жокмун, кошокчу Аял келди. Секелек болсом деле ичимден ойлоп тургам, кошокчулар бар болсо деле баягыл Аял сөзсүз келип кошок айтат болуш керек деп. Анткени биздин үйдөгүлөр менен мамилеси жакын эле.
Кечке маал Аял алыстан эле үн салып кошогун созуп келатканын көрдүм. Жакындай берди боз үйгө, улам жакындай берди. Көзүнөн аккан жаштары таштан-ташка урунуп аккан тунук суунун тамчыларына окшош экен. Ал Аялдын көз жаштарын биринчи жолу эң жакындан ошондо көргөм.
Боз үйдөгү кошокчулардын кошогу өзүнөн-өзү эле акырындагансып, басаңдагансып калды. Күүгүм кирээрде келсе да, сыздап-сызылып кошок кошкон Аялдын үнү баарынан өзгөчөлөнүп жаңырып турду… Жети аялдын үнү биригип, кошокчу Аялдын үнүнө жеткен жок. Айлананы жаңыртып, кошкон кошогу кайгылуу ырдай “ырдалып” жатты! Аял көз жумган энемдин жүрөгүнүн айкөлдүгүн Ала-Тоого салыштырды. Адамкерчилигин тоолордон бийик ашырды. Энебизди табияттын сулуу көрүнүштөрүнүн баарына окшоштурду.
Бой жеткенде гана ойлоп жатпаймынбы, ал Аял кошок эле айтпай, сезген туйганын, көкүрөгүндөгү жеке көйгөйүн ак барактарга жазганда жазуучу же акын Аял болмок экен…

Эркек
Ошентип, кылымды карыткан энебиздин бейитин казмакка беш-алтыдай жигит камданып калышты. Баскан-тургандарына караганда, азага эмес эле майрамга келгендей шаракташат. Алардын колдоруна кетмен, күрөктөрдү издеп-таап карматып, баягыл Эркек жүрөт. Беркилерден айырмаланып, жүзүн капалык каптаган. Айылдаштарын чет четинен жай казып узатып жүргөн ушундай “каралуу” күндөрүнө зээни кейип тургандыр…Эшегин минип жүргөндө, комузун чертип муңдуу ырларын ырдаганда деле, биз кичинекейлер менен жарышып бүлдүркөн терип кеткенде жүзүнөн мынчалык капалыкты көргөн эмесмин.
Эркекти да бейит казардын алдында жанынан, жакындан биринчи көрүшүм. Аны жөн эле дайым бейит казып жүргөн киши катары да таанычумун. Көрсө, ар бир маркумга жакынындай жаны кейип жай казат экен да… Канча бейит казса жүрөгү ошончо тилинген турбайбы!
Даяр, бышкан тамак-аш, суусундуктарды көтөрүшүп:
— Аа, бул энебиздей жүз жашка жакындап өлсөк… Анда арманыбыз болмок эмес!.. — деп жөнөгөн жигиттерге жол баштап, колуна эки күрөк бир кетмен көтөрүп, жүрөгү кайрадан тилинип, азага батып, жаштардын арасында эң улуусу экени даана билинип турган Эркек алдыда, бейитти көздөй жол баштап баратты…

Аял…
Эркек…
Мезгилдер жылыптыр. Жер үстү жашыл болуптур, ак болуптур. Ушинтип андан бери нечен жолу алмашыптыр… Андагы кичинекейлер бой жетиппиз…
Бир күнү Аял менен Эркектин да бул дүйнөдөн өтүп кетишкенин уктум. Баарын көз алдыма тартып, көзүм эмес, жүрөгүм жаш төктү… Бирок ЭКӨӨНӨ — ЭКӨӨНДӨЙ гана болуп ким дили менен кейип бейит казып, ким дили менен сыздап кошок айтты экен?
Жүрөгүмдө — Экөө да өчпөй жашай берет…
Ноябрь. 2001.