БӨЛӨКБАЕВА Венера: ВЕНЕРА БӨЛӨКБАЕВА: СӨӨЛЖАН МЕНЕН СЫРДАШУУ

ЭССЕ

Табигат сага жашоону топурактын арасына, Жер-Эненин так маңдай-чекесине берген экен… Өмүрүмдүн жамгырлуу күндөрүндө дайыма сага жолугам. Жайчылыкта көпкө карайм, шашылышта саамга эле үстүңдөн көз салып өтүп кетем. Ийилип-иймейип жатканыңды көрөм. Керилип-чоюлуп-тартылып топуракка оронуп жатканыңды көрөм…
Көзүң кайда? Карап турсам караганың билинбейт. Кулагың, оозуң кайда? Укпагандайсың, унчукпайсың. Карабасаң, укпасаң деле мен сени жакшы көрөм. Сырымды, муңумду айтып, сага сүйлөп бергим келет…
Мени жараткан табигат сени да жараткан. Экөөбүз да тууганбыз. Сөөлжан-тууганымсың! Ошону сезип эле койсоң болду…
Топурак арасында топурак жеп жашагандардан бир эле сени тааныйт экенмин. Башка таанышым жок. Бул, бизди төбөсүнө көтөрүп турган Жер-Эненин ичиндеги арман-күүсүн кошо чертишип, кубаныч-ырын кошо ырдашкан сен эле болсоң керек. Жер-Энебиз кээ-кээде силкинип, булкунуп алат. Үшкүрүгүдүр! Табышмактуу таарынычыдыр, бизгеби же кимге билбейм. Себебин жер менен кошо силкинип, сырдуу кыймылына ортоктош болгон бир гана өзүң билсең керек! Курт, кумурскалардай сыртта да жашооң болуп, башка бир нерселерге жабышып, оролуп да чыгып кете албайсың. Ийнедей эле сөөгүң болсо да жакшы болот беле?
Азыр да адам-тууганың сага боорун төшөп, сырдашып турат. Жибектен жумшак сенин жаныңда колдору, буттары, көздөрү, тиштери, канаттары, тилдери барлардын арманы болбостур. Секирип баскан бакалар, боору менен чимириле сойлогон жыландар да сенчелик алсыз, назик болбосо керек. Назигимсиң!..
Топурак коюнундагы жа-а-ай жашооң дагы эмнелерден турат болду экен? Кайсыларына нааразы, кайсыларына ыраазысың? Бизге билинип-билинбеген, ара-а-а-ң кыймылдаган жашооңдо сени кыйнаган нерселер да барбы? Өмүрүң канча жылдарга созулат болду экен? Мен да билбейм, канча жыл өмүр сүрөөрүмдү, азыр жашап жүрөм…
Менин топурак үстүндөгү жашоом: сагынычтан, мээримден, күлкүдөн, ыйдан, күтүүдөн, үмүттөн, ойдон, сулуулуктан, кыялдан, ызадан, өкүнүчтөн, куулуктан, санаадан, ушактан анан оорудан турат. Айта берсем дагы көп! Атап өткөндөрдүн мага жакканы бар — сулуулук, жакпаганы бар — куулук. Кээ бири менде жашайт — үмүт, кээ бири менден өчкөн — күйүт. Бири кызыктуу — кыял, бирин кызыксыз — өкүнүч. Үйрөнгөнүм — ушак, үйрөнө элегим — сарамжалдуулук. Учуру келгенде булардын баарынан ажырап каларымды билем. Булар да менден ажырашат. Бул дагы экөөбүздү жараткан табигаттын өз иши…
Баса, айтпай калыптырмын, уйку деген да бар менде. Жогоруда айткандарымдын баарын унуттуруп койгон. Уйку сонун, мен уктап жатканда гана бактылуумун. Бирок аз уктайм… Кантип, качан, сен да уктайсыңбы?
Сага жолуккан сайын менден эбак алыстап кеткен бала кезимдин бир күнү эске түшө берет. Ошол күндөн ушул күнгө чейин сени да аяп келет экенмин. Кача албасыңды, баса албасыңды эле аяй берем… Чычкан капчыгайындагы Өйүш-Булак деген токойдо болчубуз. Жайкы эс алууда(пионер лагеринде) элек, мектептеги окуучулук жылдарда. Ал жерде Күн нурун бизге көргөзбөй эле тоолор менен карагайлар тосуп алып, өткөрүп жиберчү. Анын алтын түстүү нурун издеп бир күнү ал жерден төрт кыз качып чыктык. Күн алдында ойногубуз келди окшойт. Ошентип, капчыгай аралай өткөн чоң суунун жээгин бойлоп баратып кооз, майда-майда таштарга кызыгып, колдорубузга чогулта баштадык. Биз жете элек, төмөн жактагы жээктен төртөөбүзгө тең тааныш адамды көрдүк! Эч кимге айтпай өзүбүзчө чыгып кетип, күрүлдөп аккан суунун жээгинде жүргөнүбүз үчүн урушабы деп катуу корктук. Бирок ал коркунучубуз дароо унутулду. Бизге даамдуу тамактарды бышырып берчү кишиге, жалындата от жагып берген Киши! Шиш, учтуу кайрымагына сени илип алып сууга салганы жатыптыр. Жанына чуркап жетип бардык. Аптапта ал сени кайдан таап алганына эмдигиче таң калам. Күн нурунун астында эмес, булуттуу асман алдында, жамгырда гана созулуп жер үстүнө чыкчу элең го?! Биз анда Күн “издеп” токойдон качып чыксак, сен Күн менен “таанышайын” деп кургакка чыгып “колго түшүп” калдың бекен?
Экөөбүз бооруңдан теше сайылган сени (сөөлжанды) аяп, берки экөө сени “жейм” деп кайрымакка илинчү балыкты аяп бир топко чурулдап, ыйламсырап алганбыз. От жаккан, от жаккыч кишиге гана баары бир болгон… Бир аз убакыттан кийин сени жутуп-жутпай кайырмактын учуна илинип балык чыкты. Өмүрү, жашоосу жалаң сууда өткөн балык байкуш дагы сендей үн чыгарбайт эмеспи. Баарын ичине катат ал дагы, сендей болуп… Бирок мага силердей сүйлөбөгөндөр деле жагат. Өзүм минтип сүйлөөк болгонум үчүн го….
Ал күнү Сөөлжан-тууган, сени балык-тууган, балык-тууганды адам-тууганым жеди…
Ушундай, Сөөлжан. Сага салыштырмалуу алп болуп турам. Андай болгонум менен жүрөгүм кичинекей эле. Бирок ушул кичинекей жүрөгүмө баткан көп нерселер бар, “баарын көтөрүш кыйын экен, ооруйт, кысылат, кыйналам…” — деп сени да унутайын дедим. Мунумду ак таңдарга айттым. Айтылды да калды. Ак барактарга да жаздым. Жазылды, кайра айрылды. Бирок жүрөгүм гана сени кое бербей койду. Жүрөгүмдүн “босогосун” аттап киргендердин баары кайра артка, сыртка кайткан жок… Сен дагы, Сөөлжан-тууган.
2003-жыл, 3-апрель.