БӨЛӨКБАЕВА Венера: ВЕНЕРА БӨЛӨКБАЕВА: ЭНЕКЕ

АҢГЕМЕ

Анда башка жерде эмгектенчүмүн. Жетекчим алыскы бир районго он эки күнгө жөнөттү. Ортодо эс алуучу үч күндү кошуп эсептегенде он беш күн, жарым ай болуп калат. Колума эки таңылчак карматты. Ичиндеги баракчаларда бакыйган бир кишинин сүрөтү жана өмүр баяны, эң аягында депутат болсом тигинтем-минтем деген убадалары жазылган. Ал баракчаларды он эки күндүн ичинде район борборундагы ар бир үйгө кирип таратышым керек. Таратып эле койбой, келечектеги депутат болчу кишини мактап-жактап шашылбай, эрикпей баарын түшүндүрүшүм керек экен. Район жактагылар менен алдын ала сүйлөшүлүп, таратуу убактысы да белгилениптир. Эртең мененки саат тогуздан баштап, кечки саат бешке чейин кадимки жумуш күнүндөй.
* * *
Жергиликтүү шайлоо комиссиясын башкарган жигит мени тосуп алып, мейманканага жайгаштырбай эле ким бирөөнүкүнө ээрчитип жөнөдү. Жолду катар сүйлөшкөн сөзүбүз аткаруучу ишибизге байланыштуу болду. Жайык өзөн аркылуу өтүп, дөңсөөдө курулган аз сандагы үйлөрдүн бирине ээрчитип барды. Бир үйдүн дарбазасынын коңгуроосун басканда эле бизди күтүп тургансып, жашы жетимиштен ашкандай көрүнгөн, бирок турпаты койкойгон аялзаты ачты. Жакшынакай көз карашынан — жаштыгынан калган сулуулукту көрдүм.
Мени ээрчитип барган замандашым аны менен саламга келбей эле (же “Энеке!” деп кайрылганынын ичинде саламы да жатса керек):
– Энеке, айтып аткан кызыбыз келди! Бош убактысында сизге эрмек болот. Бирге басып, бир айылчылайсыздарбы, өзүңүздөр билесиздер. Мына, колуңузга тапшырдым. Сизди болсо Кудайга тапшырдым… -деп көтөрүшүп келген буюмдарымды ыңгайлуу жерге коюп, биз менен коштошуп эле кетип калды.
– Карасаң кызым, карып баратыптырмын. Нан ооз тийип кет дебей калган турбаймынбы! Бурулуп кеткенден кийин айтышым уят, – деп мен жаңы көрүшкөн Энеке аялзаты сөөмөйлөрү менен эки жаак этин чийип уяла түштү.
— Мейли эми, жүрогой мейманым, кирегой, — деп үйүнө кубана жол баштады. Алпейим жандын короосундагы ити да алпейим болот окшойт. Мага карап үргөндүн ордуна узун куйругу менен жердин чаңын чыгара чаап, шыйпаңдап коёт.
* * *
Жеткирип келген жигиттин “Энеке” деп кайрылганы жагымдуу угулганынан мен да “Энекелеп” алдым. Тиги жигит тааныштырбай кетип калды, өзүбүз тааныштык.
Дароо эле уктоочу бөлмөсүнө, өзүнүн жанына мени жайгаштырды. Кийимдеримди салганга тыпыйган сандыгын бошотуп берди. Бүктөлүп турган аппак шейшептеринен алып, кечинде жатаарыма да төшөк салып даярдап койду. Анан сыртка ээрчитип чыгып, район борбору болгон айылдын жалпы көрүнүшүн көргөздү. Үйлөр, мектеп, балдар бакчасы… Дөңсөөдөн айыл ого бетер кооз көрүнөт экен. Ичимден кымыңдап сүйүндүм: «Шайлоонун шылтоосу менен айылдын ар бир үйүнө кирип чыгат экенмин!»
Андан соң колубузду жуугандан кийин, конок күтүүчү үйүнө киргизди. Ал үйүндө мени таттуу, даамдуу ырыскылар күтүп турган экен… Абышкасы, бала-чакасы жөнүндө сурап алып ыңгайсыз абалга кептелдим. Энеке он жети жашында арзышып жүргөн Калыс аттуу жигитке турмушка чыгыптыр. Чогуу жашай башташканына бир ай толо электе Улуу Ата Мекендик согуш башталып, жолдошу Мекенди коргоого аттанып кетиптир. Апаат согушту элибиз жеңиш менен аяктаганына жарым кылымдан да ашып кетти. Бирок Энеке үчүн Калысы согушка кеткен бойдон “келе элек ” экен. Өзүн болсо ошондогу он жети жаштагы келиндей сезгени баскан-турганынан билинип турат. Жаш кездеги кылыгы кыймыл-аракетинде сакталып калган. Канчалаган жылдардан бери жолдошун “келет” деп күткөнүнөн улам ойлонуп калдым… Ишеничтен, сүйүүдөн дагы Үмүттүн “өмүрү узак” болот окшойт…
* * *
Эртең менен дайыма тапшырылган ишимди аткарууга кетем. Энеке мени самоорго кайнатылган сүт кошулган чайы, май токочтору менен узатат. Кечинде өпкө-жүрөгүн чаап, кагылып-согулуп тосуп алат.
— Ийе! Чунагым келдиңби? – деп кубана айткан жагымдуу сөзүн дайыма короосун аттап киргенде угам.
Кээде ысымыбызды атабай, эркелетип чакыргандары да мага абдан жагат. Дайыма эле ысымымдын кайталана беришин каалабайм. Бала чагымдан мындай эркелетүүлөрдү угуп жүрүп көнүп калгам. Алыбай-ата
– Кара кызым десе, чоң энем – Эрмегим деп, таятам – Коёнум дечү. Эми болсо, Энекенин – «Чунагым» дегени кошулду. “Чунагым” дегенинин маанисин анчалык түшүнбөйм. “Улагым” деп айткандай кабыл алам.
Кечинде келгенимде бир дагы үй жумушун калтырбай бүтүрүп коёт. Идиш-аяктары жалтырата жуулуу, короо-жайы шыпырылуу. Энекени “күүлүү-күчтүү” деп айтууну каалабайм! Анткени, бул сөз карылыкка баш койгондорго карата айтылат. Энеке — шаттуу-демдүү! Демек, жаш эле. Ошон үчүн мени иш жасатпайт. Жасайын десем да колуман алып, өзү эле заматта бүтүрүп салат. Өтө назик кыймылдаганы менен шамдагай.
Ар күндүн мээлүн кечи Энеке экөөбүздүкү. Күүгүм кирип, айлана тынчып баратса, биз “шаңшып” бараткан болобуз. Бакчасындагы бийик өскөн алчасынын алдында жайланышкан тапчанынын үстүндө биздин ырларыбыз жаңырат! Созолонгон кайрыктарыбыз… Ырдаган ырларыбыздын эң алыскы угармандары кимдер, эмнелер экенин айта албайм. Эң жакынкы угармандарыбыз: алча, ага “жөлөнгөн” тапчан, үйдү тегеректей суйсалып өсүп турган теректери жана эле тамак бышкан кемегеси, казаны жана шуулдап суу кайнаган самоор…
– Өмүр токтоп турат дейт. Дасторконду анан жыйнайын, – деп коюп ырдап баштайт. Үнүндө да жылаажындай болуп жаштык кези сакталып калгандай. Менин үнүмдү салыштырсам, меники канаттуу карганыкындай. Анымды сезсем да сезбегенсип, кошулуп обон созом. Энекенин ырдаган ырларынын баары — махабат ырлары… Жаштыгынын ырлары…
Энекенин үйүндөгү ар бир күнүм — майрам!
* * *
Ар дайым маңдайы жарыла жаркылдап жүргөн Энеке бир күнү кичүү абысыныкына барып, маанайы чөгүңкү келди. Сүт алып келүүчү идиши бош. Абысыны таңкы саандагы сүтүнөн берип турчу эле. Эгерде абысынынын капа кылганы жөнүндө Энеке сүйлөнсө сооротууга жарамакмын. Таарынууну, бирөөлөрдү жамандоону билбегени үчүн мага эч нерсе айткан жок. Айта да албайт эле. Бирок көңүлү ооруп калганы билинип турат. Эс-дүйнөсү эңшерилгендей. Кеч кирип, Ай чыкканча мурунку жаркылдап жүргөн абалына келген жок. Кантип көңүлүн көтөрүшүм керек? Жүзүндөгү жанып турган жылдызын жандырганга ичимден арга издей баштадым. Калп нерсени ойлоп таап айта салайын десем көкүрөк көөдөнү таза адамга сиңбейт дагы. Теребелди суз карап, самооруна суу куюп, алдына от жага баштаган. Көңүлүн көтөрүүчү сөз дилимден өзү эле чыкты. Энекенин маанайына жараша сөзүмдү салмактуу баштадым.
– Энеке, өткөн өмүрдүн баарын эле эстей албайм. Кыпындай элеси жок жылдарды деле жашап коюптурмун. Аз күнгө келсем да, эми эч качан сиз менен бирге жашаган күндөрдү унутпайм. Сизден улам го, негедир ушул айыл мага бөтөнчө жакты. Билесизби, тигил Ай сиздин үйүңүзгө жап-жакын тийет экен. Бир башкача. Же үйүңүз Айга жакынбы?
– Чунагым ий, аа-аа, Ай кандайча башкача экен? – деп бир мени, бир асманды карай мурунку калыбына келип, жүзү нурдана кыткылыктап күлүп кирди.
– Карасаңыз, Ай тигине, биз мына! Жап-жакын жанында турабыз…
Чындык! Бул Энекенин үйүнө келген күнү эле, кечинде: — Ай неге мынча жакын? – деп аңырайып асманды карап көпкө суктангам. Таң калгам. Анан жыйынтык чыгаргам: — Дөңсөөдөгү, тоодогу үйлөр Айга жакын болоттур. Анүстүнө, адамгерчилиги бийик, жакшылыктан үмүтү үзүлбөгөн, көкүрөгү таза Энекедей адамдардын жанында биз да бийиктеп, Айга жакындап кетет окшойбуз…
Менин айтканыма Энеке укмуштуудай кубанды. Бул кубанычы менин да кубанычым эле!!! Андай учурларында ууртундагы уячалары да нарыраак жаагына кирип, көздөрү ого бетер сулуу болуп чыгаарын дайыма баамдачумун.
— Сенин багыңа Ай да чачырап тийип… Сонун мезгилде келбедиңби. Эми дайыма келип тур, бир Энекем бар эле деп. Мен дагы шаарда бир кызым бар эле деп эми… Сени күтүп жашай баштайм. Алыстан мага көп деле адам каттабайт. Мени деле Эне кылып ал. Туура, келин алганда, бала төрөлгөндө “башыбызга баш кошулду” деп сүйүнөбүз. Кыргыздар байыртадан эле ар кандай кырдаал болуп калганда башка бирөөнүн баласын да бала кылып, тууган кылып, башка энени деле эне, башка атаны деле ата кылып бапестеп алышкан. Эң башкысы — жүрөктү чектебей кенен коюш керек. “Башыбыз бирикти” деген сөз бекеринен эл арасына сиңген эмес. Тагдыр, турмуш да кошот, бириктирет. Андай “бириккен баштарды” бөлүп сүйлөгөн, сындаган, сөз кылып эрмектеп өздөрүн бактылуу сезгендер да айланада өмүр сүрө беришет. Бирок эң адилет тараза бар, Кудай деген! Кудай… Бу дүйнөдө “тагдырымды өз колум менен жасадым” дегендерди аз көрдүм. Тээ үстүбүз тараптын буйругу кошулбаган эч нерсе жок. Ии-ий, кебимди узартып ийиптирмин. Ай жакын деп… Ай жөнүндө айтып жаттың беле? Ошондой, ооба. Көбү жакын бул үйгө. Калысым эле алыс. Келбейт дей беришет. Ишенбейм… Ушунча жыл күттүргөндөн кийин Кудай бизди сөзсүз жолуктурат… Ушунча жыл жашап, Айдын үйүмө жакын экенин мен сезбептирмин. Тооба, сен айткандай, Ай тигине, биз мына… Жанында турбайбызбы…
Аз гана, үч жума эле жашаган күйөөсүн өмүр бою күтүп, жетимиш жашка жакындаган Энекенин Ай жарыгындагы (жанындагы) мээримдүү, үмүттүү турпатына салыштырганга, татынакай нерсени бул дүйнөдө таппай келем. Таба албайт да болушум керек…
… Сени күтүп жашай баштайм… — деп мага айткан сөзү өзүнчө элжиретет…
* * *
“Күйөөгө тийбеген же баласыз аялзатынын баары эле мээримсиз, ташбоор, өзүмчүл болушат”, — деп айтылган сөздөргө күбө болуп келатам. Мен бул пикирге эч качан кошулбас элем. Болгону аз эле күн жүргөнүм менен, жөнөкөй эле күнүмдүк тирикчилигинде Энеке мээримдүүлүктүн не бир сонун үлгүлөрүн көргөздү! Жетекчиме эми ыраазымын, ага каяша айтып, ыргылжың болуп жатып Энеке жашаган жерге араң бардым эле. Дагы мен дал өзүндөй сүрөттөп айта албай турам. Күйөөсүн өмүр бою күтүп, баласыз, түгөйсүз калган Энекеге жанагындай жаман сөздөрдү жакындатпайм.
Бир жолу ишимди бүтүрүп келатып аңга кулап түштүм, чыканагым кичине ачышкан. Келээрим менен “сыйрылган терим” үчүн эле кыймылдатпай жаткырып, таңып, жаныма тамагын көтөрүп келип жегизип, “эртең да байкабай түшүп кетпе, иниме айтып аңды тегиздетип келейин” деп караңгыга кайыл болуп сыртка чыгып кеткен Энекени унутуп калууга акым жок!
Ага турмушу окшошпогон: күйөөлүү, сегиз балалуу аялзатынын көз алдымда калган бир жолку мээримсиз мамилесин эстей берүүгө да акым жок эле. Бирок көңүлдөгү кара так өчпөйт экен!..
Мунар, Ширин, мен болуп ээн талаада куушуп ойноп жүргөнбүз. Кокустан жалпак таштын сыныгы Мунардын бутуна кирип кетип, кан токтобой ага баштады. Ширин Мунардын бутуна топурактарды уучтап келип сыйпады. Мен чөптөрдү үзүп келип үстүнө жаптым. Шырылдаган кан биздин аракетибизди тоотпостон ага берди. Ошол маалда Шириндин апасы келип, Мунардын бутун кайдыгер гана карап коюп, жардам бермек түгүл, эмне үчүн канап атканын сурап да койбостон кызын колунан жетелеп ээрчитип кетип кетип калган. Мен ал аялды эч качан кечирбейм! Көңүлүм да, акыл-эсим да кечирбейт!
Мунар экөөбүз эле калып калдык. Мунар ыйлай баштады. Бутундагы аккан канын токтото албаганым үчүн мен да ага кошулуп, озондоп ыйлап кирдим… Андан 4-5 күн мурун балдардын “Байчечекей” журналынан Индия элинин Балдарды Коргоо министри — Ромеша Чандра жөнүндө окугам. Сүрөтү да чыгыптыр, “бизди коргойт экен” деп сулуу кишинин сүрөтүн көпкө кубана карагам. Ал инсан бизден алыс экенин, өз эл-жеринин балдарын эле коргоорун ал мезгилде түшүнбөптүрмүн. Көзүнөн жаш буурчактап аккан Мунардын жанында туруп алып алыс жакта, өз жолдору менен кетип жаткан караандардын арасынан бизди көздөй бурулуп Ромеша Чандра жетип келчүдөй жалдырап жол карагам. Мунардын бутун өз колу менен айыктыраарына ишенгем…
Тагдыр – бөбөктөрдү деле деле курдаштарынан ажыратканы өтө кейиштүү. “Көк асманда көк боёк… ” деп так секире ырдаган Мунар эле. Ошол каргашалуу күндүн эртеси эле “көк боёктор” жерге түшүп, бир бутунан “кызыл боёк” көп аккан Мунар курдашымды өздөрү жашаган тегерек-чети жок чексиздикке түбөлүккө алып кетип калышкан…
* * *
Энеке экөөбүздүн ортобузда күлкү аралаган да окуялар болгон. Он чакты үндүгү бар эле. Шаарга жөнөрүмө беш манжа менен эле санай турган күн калган.
— Үндүктөр жумуртка туубай… Жеп кетсең болбойт беле. Тооктукуна караганда берекелүү, даамду дагы… Айылдагы тааныштардын үндүктөрү бар, бүт эле ургаачы. Эркек үндүк жакын арадан бу коңшум, аксакалдыкында эле бар. Анысы да тоокторунун арасында. Эч жакка чыгарбайт. Кургурга зейним кейийт. Кээде куйруктарын жайкалтып жайып алып укмуштуудай азалуу куркулдайт дейсиң. Адам эле эмес айбан да жанында турууга чыдабайт… – деп кабагы саал-саал жыйрылды.
— Сиздин ургаачы үндүктөрүңүзгө кошуп койбойбу, – дедим.
— Дурус иш кылмак. Жаны бейиште болгур, байбичеси Пери тирүү болгондо өзү эле түшүнүп киргизип бермек.
— Аксакалдан деле сурай бербейсизби?
— Айе, бир жолу сурагам.
— Бербей койдубу, Энеке?
— Өтө тамашакөй жан да. Кайра мага сөз ыргытат…
— Кандай мааниде, Энеке? — деп таң калдым.
— Тентек десе… “Жеңе, кокустан өзүңүзгө короз керек болуп жаткан жокпу?”- дейт. Тамашасынын аягына чыкканча эле чыдабай жылып жөнөгөм. Кирерге жер таппай жаман болбодумбу. Калысымдын аталаш инилеринен. Тең курлуубуз. Элүү жылдан бери “жеңекелеп” мени менен икая айтышып, азилдешкиси келет. Азилин түшүнбөгөн аңкоо болумуш этип кутулам…
— Үндүгүн азыр мен барып сурап келип берейин? — дедим.
— Тим эле коё туралы. Биринчиден, мейманымсың. Экинчиден, кызындай, керек болсо небересиндейсиң. Жалгыз үндүгүн бербей койсо же сени да тамашага чалам деп ашыкча сөзү чыгып кетсе, назарың сынып түшпөсүн. Кичүүлөрдүн жаңылыштыгын улуулар кечирип коюшат, “курчтук кылып ийди”, “жаза басып алды”, “жаш да, жымсалдабай айтып салды” деп. Улуулардын жаңылыштыгын кичүүлөр кечириши кыйын. Кандай сөз менен алаксытып кечиришет? Сурабай эле коёлу үндүгүн, өзүң айткандай “Айга жакын үйдөн” бейгам кетип, бейгам келип жүр. Жалгыз бой турмуш — согуш башталгандагы жаштыгымдан азыркы карылыгыма чейин жандап жүрөт. Сен да Чунагым, жаштайыңдан эле жалгыз калган турбайсыңбы… Жалгыз бой жандар ар кандай абалга кептелишет. Муштумдай булуттун көлөкөсүнөн эле үшүп… Кээде суунун шылдыраганы да шылдыңдап жаткандай туюлат…
— Сиз жалаң ургаачы үндүктөрдү калтырып, эркектерин жок кылып койгонсузбу? – деп Энекени “темабызга” бурдум.
— Былтыр эле балапан кездеринде сатып алгам. Андайында билинбейт экен, чөбүрөшүп баары эле сүйкүмдүү…
— Тооктордуку билинип турат. Короз боло турган жөжөлөрүнүн муйтуйган, чымчым куйругу болот, – деп билерман болдум.
— Элес албаптырмын. Мурдараак эле айылды түрө кыдырып таап келип үндүктөрүмө кошуп койгондо, эмдигиче… Кең-кесири жумуртка жеп кетмек экенсиң.
— Эч нерсе эмес, Энеке. Мындан ары ушундай мүмкүнчүлүк болуп калса эле сизди көздөй сызып жөнөйм. Ага чейин жумурткалашат да…
— Мүмкүнчүлүктү күтүп жүрөсүңбү?! Жума күнү эле кечинде баса берсең. Ишемби күнү тигил, дарыянын жээгинде сейилдеп басабыз, үйгө келип алып ырдайбыз. Туугандарымдыкына кыдыртам. Жекшембиде чоң жолдун жээгинен эле өзүм узатып коюп турам. Кандай машина болсо да токтойт, “байкуш, кемпир тосуп турат” деп. И, баса, бүгүн тигил мектептин жанындагы кайнимдин аялы өзгөчө кубантты: “Шаардык кызыңыз кетээр күнү аялдамага саат канчада барарын мага акырын айтып коюңуз. Нукура айылдын азыктары менен узатышайын. Билдирбеңиз “сюрприз” да болот.” — дейт. Жакшы нерсени эмнеге билдирбейм? Мага көргөздү, сага деп сүзмө куюп коюптур, каймак чогултуп атыптыр, дагы бирдемкелери бар го. “Сюрприз” дегени эмнеси?
— “Билдирбеңиз” дегени ошол да, Энеке, күтүлбөстөн белек берүү же белек алууну “сюрприз” деп коюшат. Ал эже жанагыл сүзмө, каймактарын колума алып келип карматканга чейин анын узатышаары, мага эмне берээри жөнүндө укпашым, билбешим керек эле, – деп шылкылдап, күлкүмдү көпкө токтото албай күлдүм.
— Шерменде болгон турбаймынбы!? Эми барып Сакенге айтып келейин, “сюрпризиңди” билбей айтып алыптырмын деп…
— Эч нерсе болбойт Энеке, убара тартып барбай эле коюңуз. Ага таарынбаса деле керек, – дедим.
— Таарынбайт дечи. Туура эмес иш кылдым да, барып кечирим сурашым керек. Бат эле келип калам…
Энеке кайнисиникине болбой атып кетип калды. Барган, келгени менен бир топ эле алыс басат. Мен жалгыз калып калдым. Бир маалда эле биз сөз кылып алган, Энекенин “эр табылбаган” үндүктөрү чурулдашып киришти. Кымгуут-кыйсыпыр салып жатышкандай. Шашыла сыртка чыктым. Тиги ирегелеш жашаган аксакалдын жалгыз эркек үндүгү “эркиндикке” чыгып алып, Энекенин ургаачы үндүктөрүнүн арасында кып-кызыл мурунун салаңдата ылдый түшүрүп, канаттарын жая, каалашынча кербезденип жаткан кези экен. Ортодо бөлүп турган темир тосмону ашып учуп түшсө керек. Энеке зээни кейип айткандай, “кургур”. Жалаң тооктордун арасынан жадаган да.
Энеке келээри менен “сүйүнчүлөдүм”.
— Энеке, сизге сонун жаңылык айтайынбы?
— Айт, айт, өмүрүң узун болгур!
— Үндүктөрүңүз эми тынбай тууп баштайт…
— Тууп баштайт? Кантип?..
— Тууп баштайт! Аксакалдын үндүгү тосмодон ашып өтүп, сиздин үндүктөрдүн бирин калтырбай зордуктап жатат. Жүрүңүз көргөзөм!!
— Чунагым ии-ий, антип айтпайт. Көп нерсени элебеген, байкабаган мүнөзүң бар үчүн Чунагым дейм да, Чунагым дейм! – мени кармай жөлөнүп алып бүт денеси менен сүлкүлдөп көпкө күлдү. Андан мурун мен да ошентип күлгөм, сюрпризди “сюрприз кылбай койгон Энекеге.”
— Күйөөлөдү дешим керекпи, Энеке?
Жоолугунун байланган учу менен күлкүдөн аккан көзүнүн жашын аарчып бүтүп, жай сүйлөдү акырын гана:
— Кыргыздарда жаныбарларга, канаттууларга, адам баласына тиешелүү өзүнчө айтылар сөздөр бар. Арман!.. Биздин муун кандай гана нарктуу, таттуу сөздөрдү аталардын сөөгү менен кошо жерге тапшыргансып унутту. Кийинкилер андан бетер. Эми силердин муун! Бири кем дүйнө! Баалуу сөздөрүбүз басаңдап, көмүлүп эле бараткандай. Казылып чыгып, калыбына келээр… Кандан-канга, жандан-жанга өтүп жашаган тилибиздин байыртадан эле касиеттүү экенине таазим этип жүр. Бир эле маанидеги түшүнүктү: Кайрымдуу, Боорукер, Мээримдүү деген жанга жагымдуу сөздөр менен билдирет кыргыз, мисалы да…
— Энеке, ак чөп башта! Айтсаңыз анда, зордуктады дебегенде эмне дешим керек?- дедим.
Күлкүсү өчө элек жүзү менен мени “жалт” карап алып, бир нерсесин жоготконсуп кайпалактап:
— Ап-пей ботом, сени күнөөлөп коём. Таппай калбадымбы… Алжый баштагамбы? Азырынча… “Коңшу аксакалдын үндүгү Энекемдин үндүктөрүн кууду»… – деп турагойчу.

12-июнь, 2003-жыл.