БӨЛӨКБАЕВА Венера: ВЕНЕРА БӨЛӨКБАЕВА: ГҮЛ-ГҮЛ ЭЖЕЙ

АҢГЕМЕ

Кыйла жыл мурун. Тээ илгери десем деле болчудай. Чоң апалардын анан мугалим эжейлердин эң сулуусу биздин гана кыштакта жашайт деп жыйынтык чыгаргам…

Чоң апалардан — менин чоң апам, жүзүндө калдары бар. Эжейлерден 2-“г” класска сабак берген Гүл-Гүл аттуу эжеке. Ал кыштагыбыздын дал ортосундагы  муздай жалтыраган чатырчасы бар үйдө жашачу.

* * *

Күз мезгили ортолоп, суук боло баштаган. Ал күнү атам жумушуна кеткен бойдон келбей калды. Түн кирип, уктаар маалыбыз жакындаганда апам мага:

– Сен дагы жылуулап кийин, – деп коюп, инилеримди кийинте баштады.

– Кайда барабыз? – дедим.

– Бала деген сурабайт…

Апам үйдү бекиткен жок. Жөн гана эшигин  жаап койду. Чөбүрөтүп төртөөбүздү ээрчитип жөнөдү. Кууш каналга орнотулган  көпүрөдөн, фото салондон өттүк. Нуржигиттин үйүнүн жанына жеткенибизде мени алдыга салып, инилеримди жетелеп алган апам:

– Жайыраак баскыла. Чурулдабагыла, – деди.

Андан ары Гүл-Гүл эже жашаган үйгө жакындадык. Апам бизге үн чыгарбай турушубузду эскертип,  колдорубузду кармаштыра тизилтип тургузуп коюп, Гүл-Гүл эжейдин жолду карагансыган  терезелерин көздөй акырын  басып жөнөдү.  Бир терезесинде жашыл пардо тагылып, жарык күйүп турат. Апам шашпай басып барып ошол “жашыл терезенин” түбүнө кулагын тосуп бир азга турду.  Андан ары жылып өтүп, жанындагы жарыксыз “кара терезесин” тыңшап, аерде көбүрөк турду. Биз чурулдаганыбыз жок. Керек болсо таң калганыбыздан бирөөбүздүн да дем алганыбыз билинбейт. Апабызга терезелер “кызыктуу” болсо, бизге апабыздын түн ичиндеги кыймыл-аракети түшүнүксүз. Бир маалда  артка бурулуп, шырп алдырбай жаныбызга жеткенден кийин кайра бизди үйгө ээрчитип жөнөдү.

Кызматтык машинасын айдаган айдоочусу менен атам ал күндүн эртеси келди. Ыш, түтүн, кымыз жыттанышып. Жайлоодо көп жылкы баккан досунукуна барып, күз мезгилинин кымызына мас болуп, мурунку күнү үйгө келе албай калышса керек…

* * *

Кар жаагысы келип, айлана тумандап турган. Ушул күнү биз класс жетекчибиз — Мавлюда эжейибизди “уурдатып” ийдик. Кийин сездик, келин кылганы алып кетишиптир. Эне тил сабагын өтүп жатканда бойлору узун-узун сомодой төрт жигит классыбызга кирип келишкен. Бирөөсү гана ак калпак кийип жасанып алыптыр. Калгандары спорттук кийимчен. Алар кичинекей окуучулар, бизди карап да коюшкан жок. Мавлюда эжейибизди доскага жазып аткан ак бору менен кошо белинен, буту-колунан кармай көтөрүшүп, чыңырып ыйлаганына карабай сыртка алып чыгып машинага салып кетип калышты. Биз чурулдап “кароосуз” калдык. Жарымыбыз класстын ичинде куушуп, жарымыбыз коридордо ары-бери чуркап жүргөнбүз. Алыстан мектеп директорунун  классыбызга кирип, орду-ордубузга олтурууга буйруган үнү чыкты. Баарыбыз тынчтанганда кирип келип:

– Балдар! Угуп алгыла! Силер бүгүн жолдо ойнобой, эч жакка кайрылбай, түз гана үйүңөргө бара бергиле. Эртеңден баштап… Эртең менен эмес, түштөн кийинки саат экиге сабакка келип жүрөсүңөр! – деп сабактан таратып жиберди.

Берки 2-“а” — ”б” — “г” класстарынан алыстап, түштөн кийин окумак болдук. Эртең менен  2-“г” классты, түштөн кийин биздин 2-“в” классты окута баштады баягыл апакай Гүл-Гүл эжей.

* * *

Декабрь айынын ортосу эле. Сабак учурунда бир аял эшикти ачып, сөөмөйү менен эле, үнсүз гана Гүл-Гүл эжейибизди сыртка чакырып алды. Адатыбызча тентектиктин түрүн баштаганбыз. Бир маалда эжейибиз солкулдап ыйлап кирип келди.  Көзү, мурдунан бери кып-кызыл! Парталарыбызга барып, жыйырма тогуз окуучу — жыйырма тогуз бөжөккө  айланып, бакырайган көздөрүбүз менен эжейибизди эле карап олтуруп калдык.  Ал  болсо биз олтурган парталарды аралай бир бурчтан, бир бурчка тынымсыз басып ыйлай берди, ыйлай берди, ыйлай берди…

Мен да жашылданып, жашый баштадым… Көз жаштарымды эч ким көрбөсө экен деп уялдым. Алдымда ачылып турган китеп, дептерлеримди карамыш болуп башымды ылдый салдым. Көзүмдөн “тыпыйган” көз жаштар агылып “Эне тил” китебимин үстүнө токтолбостон тама баштады…

Үстүмдөгү кофтамдын жакасына кооздук үчүн тагылган жумшак, бирок топтой “томологу” менен ойномуш болуп көз жаштарымды аарчып койдум.

Аңгыча, коңгуроонун кагылган үнү чыкты. Акыркы сабагыбыз эле. Эжейибиз китеп, дептер салган сумкасынан дагы бир кичирээк сыдырмалуу сумка алып чыкты. Анын ичинен күзгүсүн, упасын алып кызарган көзүнүн, мурдунун тегерегине упа сүрттү. Дагы бирдемкесин алып чыгып, алчага окшош оозунун үстүнө сыйпады. Андан кийин өзүн гана жалдырай карап турган “бөжөктөргө” башын өйдө көтөрүп:

– Садагаларым, сабак бүтпөдүбү. Чыгууга коңгуроо кагылбадыбы? Бара бергиле силер. Жылдызча, сен калчы, чогуу кетебиз, — деп арткы партада отурган мага кызарып кеткен көздөрү менен карады.

Китептеримди салыштырып, сумкамды жонума асынып алганым менен партадан жылган жокмун. Бүт окуучулар чыккандан кийин:

– Келегой жаныма. Азыр сабак учуру эмес да, — деди.

Эжейимдин жанына басып бардым. Терең улутунуп алып, башымдан сылап лентамды оңдоду.

– Сен эмне үчүн ыйладың? – муңайым бирок мээримдүү тигилди.

Кызык! Гүл-Гүл эжейим ары бери-басып көзүн басып өзү ыйлап жатып… Менин ылдый карап үн чыгарбай ыйлап жатканымды кантип көрүп алды экен!?!

– Сизге ыйладым, – дедим, башымды жерге салып топчуларымды кармалай.

– Мага эмне үчүн ыйладың?

– Билбейм…

– Мен эмне үчүн ыйлаганымды билесиңби?

– Билбейм…

— Жумшак жүрөгүм десе! — чекемден өптү эжейим.

Мугалим да окуучусун өбөт экен да!

Сумкасынын түбүн чукулап бир алма, бир “батончик”  деген жазуусу бар конфетти алып чыгып колума карматты.

— Ге, сумкаң оор, чечип коё тур. Сен буларды жеп бүткөнчө көзүмдүн шишигени тарайт. Коркпо ээ, үйүңө жеткирип коём.

Макулдугумду билдиргенсип башымды ийкегиледим. Эжейим олтурган жеринде эле эки колу менен башын, чекесин ушалай баштады. Мен болсо столуна ары-бери сүйкөнүп атып алма менен конфетти жеп койдум.

– Сүрөт альбомума  аюунун баласын тартсам болобу, эжеке? – деп “батончик” конфетинин кагазындагы күрөң мамалакты көргөздүм.

– Болот…

– Эжеке, эмне үчүн мени эле алып калдыңыз?

– Мен ыйласам сен дагы кошулуп ыйлабадыңбы…

– Баарыбыз ыйласак, баарыбызды ушинтип алып калат белеңиз?

– Ооба… Баарыңарды алып калмакмын…

– Анда жыйырма тогуз алманы анан жыйырма тогуз батончикти кайдан табат элеңиз? – дедим, “сумкамда бар, дагы жейсиңби?” деп бере койчудай үмүт этип.

– Дүкөнгө чуркап барып алып келе коймокмун да! – тизилген тиштерин кашкайта мени карап жылмайды.

Чамамда, классыбыздын эшиги жабылбай калса керек. Ысымын деле билбейм ал кишинин. Бейбаштык кылып жаткан балдар “Мармелад келатат” деп безе качкан мектебибиздин кароолчусу босогодо туруп калыптыр. Кабагын түйүп, нааразы болгонсуп сүйлөндү:

– Жанатан бери силерди эле күтүп турам. Чыккыла, мектепти жабам. Караңгы качан эле киргенин унутуп калдыңарбы?

* * *

Сыртка чыксак, чын эле караңгы кирип калыптыр. Бирок айланадагы аппак кар баарын эле даана көргөзүп турат. Ак (кар) нерсе баары бир кара (түн) нерсени “актыгы” менен жеңип кетээрин ошондо биринчи жолу түшүнгөм…

Гүл-Гүл эжейим  сумкамды өзүнүн сумкасына кошуп көтөрүп, бир колу менен мени жетелеп алды. Машиналар өтчү кең жол менен бараттык. Эжейим баскан карлар “карт-карт” деп катуурак угулат, менин бут алдымдагылар “кырт-кырт” деп акырын. Эмне үчүн эжейим баскан карлар “картылдак”, меники болсо “кыртылдак” деп таңкала ойлонуп бараткам.

– Жылдызча… — деди эжейим, бир башкача үн менен, эркелеткендей…

— Ооу…

— Сүйлөп берчи мага…

Сүйлөй турган сөз таппай калдым. Жок экен… Унчуккан жокмун

– Мен ыйлап жатсам сен эмнеге ыйладың? Жооп берчи…

– Сиз биринчи айтсаңыз…

– Апаң, эжең ыйласа сен дагы ыйлай бересиңби?

– Апам такыр ыйлабайт. Эжем жок, үч бөбөгүм эле бар. Алар кийин жигит болушат.

– Анда башка бирөөлөр ыйласа деле… Сен ыйлай бересиңби?

— Жо-ок! Сиз ыйласаңыз эле ыйладым…

Ошол жерден эжейим сумкаларды из түшө элек жолдун жээгине таштай койду да, менин эки колтугумдан эки колун өткөрүп, бекем кучактап алып тегерете чимирилтип кайра ордума тургузуп, колун көкүрөк тушуна коюп, өйдө карады:

– О Жаратканым! Жок дегенде сербейген секелек окуучуң жанга кубат болот тура. Ыраазымын…

Эжейим карап алып сүйлөп жаткан асман жакты карадым. Кимге сүйлөп жатат?!! Эч ким көрүнбөйт… Мага атап ысым коюшкан, асмандагы, асмандан да ары тургансыган, кичинекей гана бир жылдызчаны көрдүм.

Жолубузду уладык. Жарымына араң жеттик. Гүл-Гүл эжейим колумдан жетелеп, мага суроо берип, сүйлөшүп келатканынан улам жакын боло түштүм окшойт.

– Эжеке, сизди жанагыл аял урдубу? — дедим.

– Чоңдор бири-бирин урбайт.

– Анда ыйлабай эле коюшпайбы?

— Эжейлер, апалар ыйлай беришет…

— Агайлар, аталарчы?

— Алар ыйлашса уят да…

– А–аа… Эжейлер деле ыйлашпайт Ко? Сиз эле…

– Мен жөн эле…

– Жөн эле ыйлай бересизби?

– Жөн эмес, Жылдызча! Чоңойгондо түшүнөсүң. Ушак ыйлатат.

– Ушак жаман ээ, эжеке?

– Жаман. Уусу болот.

– Жыландыкындай ээ?

– Жыландыкынан да жаман.

– Ушак дүкөндө сатылбайбы?

– Ушак сатылбайт. Көңүлдү сындыруучу гана… Калп, чын аралашкан жаман сөздөр…

– Көңүл деген эмне, эжеке?

– Чо-оң кыз болгондо түшүнөсүң.

— А-а-а-аа…

— Жылдызча, сен менин суроолорума жооп берчи. Кийин-кийин экөөбүздүн ыйлаганды унутпайсыңбы?

– Унутайынбы?

– Унутпа! Көңүл деген сөздү азыр түшүнбөйсүң, чоңойо баштаганда маанисин сезе баштайсың… Азырынча жаттап эле ал, кана, кайталачы! Көңүл, көңүл деп…

– Көңүл, көңүл, көңүл, көңүл, көңүл….

– Токтото гой, зээндүү кызсың ушундай. Эми эч эсиңден чыкпайт.

– Ушак дегенди да жаттайынбы?

– Жаттаба! Кереги жок…

Биздин үйгө жакындап калыптырбыз.

– Сиз биздикине баратасызбы?

– Жок… Барбайм, азыр сени эле үйүңө киргизип коём. Мага караан болуп жанымда жүрүп, кечигип келатасың да…

* * *

А биздин үйдө “майрам” экен. Мени унутуп коюшкандай. Залдагы жайылган столдон өздөрүнчө бөлүнүшүп, атам жана достору  башка бир бөлмөнү ээлешип, карта ойноп атышыптыр. Баарын эле көрүп жүргөм, атамдын кыштактагы достору. Апам болсо ал кишилердин аялдары менен башка бөлмөдө экен. Кирип бардым. Айтканы туура чыга тургансып, апам бейкапар гана:

– Бүгүн да Жаңы Жылга даярдандыңар окшойт. Коркпой эле келдиңби? –деди.

– Гүл-Гүл эжейим жеткирди! — сүйүнө, мактана жооп бердим.

– Ар бириңерди жеткирип жүрөбү?

Мен жооп бергенче эле төрдө, кош жаздыкка жөлөнүп жатып алган толук аял:

– Ии-ий! Ошол сени окутабы? – деп мени жактырбай карады.

– Ооба… деп акырын ызалана жооп бердим.

Мени окутканы үчүн эжекемди, эжекем окутканы үчүн мени эмне үчүн “жаман көрүп” карашы керек?!

Заматта ал аялдай чоң аял болууну эңсеп ийдим… Анда Гүл-Гүл эжейимдин сулуу, акылдуу экенин айтканга жарамакмын! Эң жаманы, алардай чоң болсом, анда Гүл-Гүл эжейим менин мугалимим болмок эмес да!

Ал аял ооналактап жаздыктан башын көтөрүп, апама кайрылды.

– Ыя эже, байкайсызбы? Гүл-Гүл деген немени…

Ал сөзүн аягына чыга электе эле жанындагы жашыраак,  кашы самолеттун канатына окшош келин улады.

– Ийи, кызыл-тазыл кийинип алып эле…

– Кайда барсам эле Гүл-Гүл, Гүл-Гүл! Гүл-Гүлсүз таң атпай тургансып. Ошону кеп кылбай эле коёлучу, — деп мурунун бырыштырды, бурч жактагы кыска чачтуу аял.

Апам мага карап, жумшак үн менен:

– Эжейиң жөнүндө кеп-сөздөрдүн сага кереги жок. Бар, кийимдериңди алмаштырып, тамагыңды ич. Бөбөктөрүң болсо эрте эле уктап калышкан…

Эмне эле аялдар менин эжейимди жаман көрүшөт? Бири келип, бизге сабак өтүп жатса эшикке чакырып алып ыйлатып кетсе… Бирөө минтип үйгө чейин жеткиргенин айтсам жактырбай турса. Дагы бири, эжейимдин ысымын такыр уккусу келбей мурунун бырыштырса…

* * *

Сумкамды көтөргөн бойдон атамдар бакылдап-шакылдап жаткан бөлмөгө кирип бардым. Атам да менин сабактан келгенимди көрүшү керек да!

Алар тегеректешип алып карта ойноп олтурушуптур. Жандарына кызыл, сары, ак “ачуу” ичимдиктерди коюп алышкан. Кичинеден ичип олтурушкан го…

Атам эзилип бышкан помидордой кып-кызыл, дуулдап-күүлдөп алган. Жанындагы достору деле кем калбаптыр, бирөөсү уктап жатат…

– Муногу кызым жалаң “5” деген бааларды алат. Кана айткылачы, кимиңердин кызыңар менин кызымдай?! Эң мыкты окуйт! Мектепке кийген кийимдерин кээде ушинтип чечпей койгону эле болбосо…

– Ата, азыр эле келдим – дедим чыйпылыктап.

– Кокуй күн десе! Караңгыдабы? – тура калып терезе пардону ачып, сырттагы караңгылыкты көрүп үрпөйүп коркуп алыптыр.

— Гүл-Гүл эжейим үйгө чейин  жеткирип келди.

— Аман болсун, мугалимиң! — деди атам.

– Айланып кетейин кызым, вилкадай болуп чыкчыйган Гүл-Гүл класс жетекчиңби? – деди, атамдын досторунун арасындагы бою узун киши. Кубанычтуу сурады! Мен да кубана жооп бердим:

– Мавлюда эжейибиз күйөөгө тийип кеткенден кийин Гүл-Гүл эжей бизге да класс жетекчи болгон.

– Басканы Анна Герман, Марлен Дитрихтей! Кечинде да ошондой басат болду бекен? – мага эмес, жанындагыларга жайдары кайрылды, чачы жок, төбөсү жалтыраган киши.

Мына! Менин эжейимди жакшы көргөндөр бар экен! Анткени кубанып, жаркылдап сурап жатышат! Таң атканча эжейим жөнүндө менден сурашса!!! Сыртка чыккым келбей калды. Тыпыйып бир бурчка олтуруп алдым. Сумкамды ачып, китептеримди ачып “окугум” келип.

– Э-эй бөлөм, сумкасына чалынып араң жүргөн кызыбыз байкамак, билмек беле? Күйдүргү элесиң да… — карта ойноп жаткан атамдын дагы бир досу чачы жок кишиге карап башын чайкады.

– Мен кызыбызга эмес… Силердин реакцияңарды байкагым келип турат. Эмне дешет болду экен деп… – ушинтип актанды.

– Дейли, дейли… Анда ким дейсиң? Марлин анан Германия деп атасыңбы? Марлиндей аппактыгы чын. Анан Германия деп немистерге окшоштуруп жатканың туура эмес. Өзүбүздүн сулууларга эле окшоштурчу эй…

— Немистерге эмес, басканы Анна Герман деген ырчыга окшош дейм, “Надежда” деген ырды ырдаган. Марлин эмес, Марлен Дитрих деген актриса болгон Америкада…

Экөө талашып, тамашалашып жатканда атамдын дагы бир досу ордунан туруп, үйүбүздүн дубалында илинип турган комузду колуна алып чертип да, ырдап да баштады. Ырдап жаткан ырынын арасына эжейимдин ысымын кошуп ырдап баштады! “Гүл-Гүл” дегенде акырын, ырдын башка сөздөрүн болсо катуу эле ырдалып жатты. Жанындагы “угуучулар” жана эле жаркылдап олтурушканын унутушуп, ойго батып, кайгырып калышты… Мага ошондой туюлду.

Ырдын мазмунуна түшүнгөнүм жок. Бирок “көгүчкөн” дегенин түшүндүм, үйүбүздүн үстүндө ак көгүчкөндөр бар. “Ак куудай” дегенин түшүндүм, көлдө сүзгөн канаттуулар. “Пахтадай” дегенин да түшүндүм, пахта жумшак анан аппак болот. Мышыгыбыз деле аппак болчу, бирок эжейибиз жөнүндө ырына ал киши мышыкты кошкон жок…

Диванда коңурук тарта костюмчан эле уктап калган, атамдын ГЭСте иштеген досу бети-башын ушалай ойгонуп кетти.

– Гүл-Гүл дейсиңерби? — деди, башын өйдө көтөрүп, досторун карады. Бурчта китеп, калемдерин кармалап олтурган мени байкаган жок.

Беркилер  каткыра күлүп  ал кишини шылдыңдоого өтүштү.

– Аппетитин!  Досубуздун аппетитин!

– Сени ойготуучу “дарыны” билип алдык. Ичиңе “жылыткыч” киргенден кийин эле уктап каласың. Эми мындан ары күрүлдөп коңурук тарта баштаганыңда эле кулагыңдын түбүнө келип “Гүл-Гүл” деп шыбырап коёбуз. Көзүң умачтай ачыла түшөт экен…

Атам алардын сөзүн токтотту.

– Кызымдын эжекесине көп суктана бербегиле, туугандар!.. Кызым азыр тамактанып алып эле тапшырмаларын аткарып, сабагын даярдап кирет.

Мага “жагымдуу” болгон бөлмөдөн чыгып коридордо туруп калдым. Инилерим эрте эле уктап калышканын билем. Өзүм жалгыз тамактангым келген жок…

Коридордон угулууда, апамдар тарап күбүр-шыбыр: Гүл-Гүл эле дешет…

Атамдар да жарыша Гүл-Гүл эжейими мактаганын токтотушпай бакылдашууда. Алардыкы даана угулат.

– О-оо, Гүл-Гүл…

– Келгиле Гүл-Гүл үчүн ичебиз!

— Кеч туулуп…

— Чын эле, чын эле…

— Акырын эй, аялдарыбыз угат…

Аңгыча аялдар бөлмөсүнөн апам чыга калды.

– Бас, өз үйүңдүн ичинен өзүң коркуп атасыңбы дагы… Жанатан бери жалдырап ушул жерде турасыңбы… Чоңойгон сайын артыңа кеттиң, — деп тамак жасачу бөлмөбүзгө мени дикилдетип жетелеп жөнөдү.

* * *

Кошо ыйлашкан боорукерлигим үчүн окшойт, эртеси эле Гүл-Гүл эжейим класстагы “кызматымды” жогорулатты. Эжейибизден кийин эле балдарга Тилек деген бала “башкаруучу” эле, мен андан кийинки болчумун. Эми биринчи мен, менден кийин гана Тилекти класска “башкаруучу”  кылып дайындады.

Калган күндөрү эжейибиздин ыйлаганын көргөнүбүз жок, балким, бизге көргөзбөй ыйлап жүрчү болуш керек…

Гүл-Гүл эжейибиз бизди 2-“в” класстан 3-“в” класска көчүрүп, каникул башталган учурда баягыл муздай жалтыраган чатыры бар үйүнөн кайсыл бир жакка биротоло кетип калды. Мени жана мен окуган класстагы балдарды, кыздарды таштабайт эле…

Гүл-Гүл эжейим башкаларды таштап кетти…

16-17-декабрь, 2000-жыл.