БӨЛӨКБАЕВА Венера: ВЕНЕРА БӨЛӨКБАЕВА: ГҮЛ

ЭССЕ

Кеч күздө, бойлору мени менен тең ак, көк, кызыл, сары болуп топтолуп өскөн гүлдөрүм бажырайып ачылып алышкан. Жыпар жытын аңкытышып жазда эле ачылышса болбойт беле? Антишпейт. Жыл сайын күз айы аяктап баратканда гана жер-ай-ааламга сулуулугун чачырата тартуулашат.
Эми минтип, эрте жааган кар алдында калышты. Таажылары үшүй баштады. Айланчыктап жандарынан чыкпайм. Акыры аларды сууктан сактап калуунун бир жолун таап алдым: этеги жер чийген узун, көйкөлгөн көк плащымды сыртка алып чыгып, топтошкон гүлдөрүмдү чогултуп туруп плащымды “кийгизип”, топчуларын төйнөп койдум. Мурда плащымдын жакасынан менин бир башым чыгып турчу. Бүгүн болсо түрдүү-түстүү гүлдөрүмдүн он беш (башы) таажысы жайнап чыгып алышты. Оң жеңи менен сол жеңине арасындагы эки ак гүлүмдү акырын ийилтип туруп киргизип, эки таажысын колдорумдун ордуна чыгарып койдум. Бел жагы ипичке болуп, этек жагы жайылган плащым аларга жарашып эле калды. Кыскасы, “эжесинин” эскисин “кийишти”.
Кар жаай электе гүлдөрүмдү жыттап, ар бирин назик сылап, эркелетээр элем. Кар жаап салгандан кийин жандарына басып баруудан чочулайм. Жакындасам эле ыйлап-сүйлөп ийишчүдөй. Аба ырайынын сууктугуна карабай “плащчан” гүлдөрүм туура 1 жума жашашты. Жуманын акыркы күнү кечинде таажылары томсоро тоңуп, узун-узун саптары жерге сулап, жатып калышыптыр. Аларды ошол бойдон таштап койгум келген жок. Плащты чечип, гүлдөрүмдү тамыры менен кошо жулуп, үйгө киргизип, чоң бир идишке суу куюп салып койдум. Бирок муздаган көңүл жылыбагандай эле, гүлдөрүм да кайра ордуна келбеди…