БӨЛӨКБАЕВА Венера: ВЕНЕРА БӨЛӨКБАЕВА: КӨЗДӨР. КӨЗДӨР! КӨЗДӨР?

ЭССЕ

(Ой-толгоолор циклинен)

Муңдуу көз

Кыш мезгили. Он алты жашта болсом керек. Апам мектепте жүргөндө апамды издеп, бир аял үйгө келди. Ысымын, эмне үчүн келгенин айтпай эле кайра кетип калды. Кечинде апам келгенде бир аял издеп келгенин айттым. Ким келгенин билиш үчүн бою-башынан, салынган жоолугунан, кийген чапанынан, чачынан бери такып сурады. Алары эсимде калбаптыр, мукактанып айтып бере алган жокмун.

— Көздөрү муңдуу аял экен… — деп аягында кыска гана жооп бердим.

Апам “көздөрү муңдуу” таанышын эч эстей албай койду…

Үйлөрдүн “көздөрү”

Үйлөрдүн да көздөрү бар, көздөрү — терезелер деп божомолдой берем. Үйлөрдүн ичинде ар кандай тагдырлар, өмүрлөр жашайт. Бирок баарынын көңүлдөрү — терезедеги айнекке окшош тунук жана назик… Бирде ачылат, бирде жабылат. Кээде булганат, кээде тазаланат. Ысыктын ысыгына, сууктун суугуна чыдайт. Таш, ок, мөндүр тийсе гана сынып калат…

Кыялкеч көз

Гүлзинанын көздөрү, студенттик күндөрдө… Биз көрбөгөндү көрүп тургандай сезилчү мага. Баскан-турганын, кийген кийимин ким карап, ким кеп кылып жатканына көңүл бурчу эмес. Күлмүңдөгөн көздөрүнүн ичиндеги ширин кыялдары менен жашачу… Ал кыялдарынын канчасы аткарылды экен, дагы канча кыялдары өнүп, өсүп, өзгөрүлдү экен?

 Аялуу көз

Көзү болгону менен эч нерсени көрбөйт. Дайыма радио угат. Үн аркылуу гана сүйлөшөт. Аяй берем, аяй берем өзүнө билгизбей…

Бул дүйнөнүн түркүн-түстүү боёгун, адамдарды, жан-жаныбарларды көрө албаса, анан түштү кантип көрөт болду экен? Түш жөнүндө ага суроо бергенден чочулайм! Бүт сырымды айтып бергеним менен дайыма түшүмө кирген кооз дарыялар, деңиздер жөнүндө айтып бере элекмин…

Жайдары көз

Чакан автобуста, ар кимибиз өз ишибиз менен, бири-бирибизди тааныбаган он киши узак жолдо баратканбыз. Менин жанымда олтуруп кишинин көздөрүн алгач көргөндө эле көңүлүм көтөрүлө түштү. Көздөрүнө ыр, шаң батырып алгансып, жылтылдап турат экен. Улам, улам эле карай бергенимди байкап калды окшойт.

— Карындаш, кечирип коюңуз ээ… Элдин баары эле сиздей болуп мурутума кызыга беришет. Одеколон менен сугарып өстүргөнсүңбү, кантип кулпуртуп алып жүрөсүң? — дешип сурай беришет… — деп сыймыктана сөз баштап, кырдач мурунун астын сылагылагандан кийин гана (!) мен анын муруттарын көрдүм…

Жылдыздар жашаган көз

Курдашым, калемдешим Айнагүлдүн көздөрү — сиз, биз жакшы көргөн түнкү жылдыздарыбыздын баары батып алгансып жымыңдап турат.

Айнагүл экөөбүздүн көздөрүбүз ээрчишип алып жалаң жакшылыктарды, жакшы адамдарды, ажайып жерлерди бирге көргөнбүз. Бир жамандыкты гана чогуу көргөнбүз. Ал — илгери илек-илектер мекендеген Лейлектин жолунда жаткан жыландын өлүгү эле…

Бейбаш көз

Кайдан кармап, кайдан алып келгенин билбейм. Бир курдашым 8-Мартка тыйын чычкандын кичинекей баласын белек катары берген. Талдан-талга секирип ойноп жүрүп чоңойо баштады. Ошентип, эшигимдин алдындагы тал, дарактардын арасында жүрүп эле бир күнү жоголуп кетти. Бир эле эмес, көп күн издедим. Табылган жок. Көздөрү ушунчалык “бейбаш” эле. Мени тоотпой, тостоңдоп карачу. Ошондон кийин тал, теректерде оюн салып жүргөн тыйын чычкандардын баарысы меникиндей туюла берет. Өзүнчө бир жаралган, сулуу, кичинекей жаныбарым болгон.

Мен алыстаган көз

Жашташпыз, боюбуз бирдей, бойлошпуз.

Ашка, тойго барганын, ага кошкон “кошумчасын”, үйүн дүнүйөгө, кол-моюнун алтындарга, сарайын малга толтурганын эле айта берет, айта берет. Мен уга берем, уга берем. Өзүнүн дене-мүчөсү дагы “эт” менен “майга” толуп бүттү.

Жашоосун бүт “барчылыкка” арнаганы жакшы, кенен, кем-карчысыз өмүр сүрөт. Анысына эле ыраазы болбой, дагы ыраазы болгум келип, кичине болсо да берешендик кылган касиетин көргөнгө кызыкдар болуп жүрдүм. Тескерисинче, бирөөдөн көп алып, аз берип тырышып жашаганына күбө болдум.

Сөздөрүнүн орой, чоркогуна да макул элем…

Көздөрүнөн кайрымдуулук, боорукерликти көрсөм деп күттүм. Уул-кыздарына же мага карата эле эмес… Жалпы — адамзатка, айлана-чөйрөгө, жер-ааламга!..

Театр, китеп, илим, билим сырларын издеп окуп, дүйнө таанымын өзгөртсө деп эңседим. Биз үчүн эмес, өзү үчүн…

Үйүнөн китеп түгүл, күнүгө жарыкка чыгып турган газеталардын бир дагы санын таппайм.

Жыйган жана жыйып жаткан байлыгы анын көздөрүндөгү түнөрүп турган “түндү” жиреп “күндү” киргизип койгонго алы жеткен жок! Үйүндө турган үйүлгөн байлыгы көздөрүндөгү “ачкалыкты” токтото албай койду! Акыры, үмүтүм үзүлдү. Байлыгы кызыксыз болгондой, өзү да мага кызыксыз болуп калды…

Мал-жандуу, түркүн-дүнүйөлүү, бала-чакалуу, куда-кудагыйлуу эски таанышымдын көздөрүнөн билинип дагы, билинбей дагы алыстадым. Мен эми ага “көрүнбөйм”…

Тегиз, терең, бийик көз

Көздөрүнө талаалардын тегиздигин, океандардын тереңдигин, аска-зоолордун бийиктигин батырып алгансыган агайыбыз – Абдували Камилович эле.

Адамкерчиликтин жарыгын чачып, студенттерин жагымдуу көздөрү менен жылуу карап, баарыбызга бирдей мамиле кылчу.

Сулуулук менен мээримдүүлүктү бирдей батырган агайыбыздын көздөрүндөй көздөрдү издей берем…

Кайберен көз

Курдашым Бактыгүлдүн көздөрү жалаң бийикте жүргөн арчалар, аскалар менен сырдашкан кайберендердин көздөрүндөй. Касиеттүү бул жаныбарлардын көздөрү да өзгөчө, жагымдуу болот эмеспи. Мен эмне жөнүндө сүйлөбөйүн, ошол көздөрүн сакчыдай кайтарып турган узун кирпиктерин ирмеп коюп  угуп олтурса, ал менин жүрөгүмдүн ичине кирип алып тыңшап олтургандай сезиле берет…

Сагынычка баттырган көз

Уландын көзү. Бул көзгө кокусунан эле жолугуп калгам. Тагынган көз айнеги анын жакшынакай көздөрүн жашырып койчу. Экөөбүздүн көздөрүбүз бат эле “ажырашты”. Уландын көздөрү бир убакта мени сулуулукка, сүйүүгө тундурганы менен, кайра сагыныч менен кусаганын ортосуна таштап коюп, түбөлүктүүлүккө кетип калган…

Таранчымдын көзү

Кадимки эле таранчынын сары ооз балапанын кармап алып Каля мага берген. Багып жүрдүм. Ага болсо “Үлпүлдөк” деп ат коюп алгам. Ал таранчымын татынакай көздөрүнөн мага гана ишенгенин, таянганын көрчүмүн. Таятам, таенем, Гүкү энем баары чогулуп мени бапестеп багышса, анда менин бапестегеним ошол балапан-таранчым эле.

Бутуна ничке, узун жип байлап алып кээде жанымдагы таштарга, кээде чырпыктарга, чөптөргө жиптин учун илип коюп ойной берчүмүн. Балапаным кичинекей көздөрү менен эки жакты эле элеңдеп карабастан мени да көпкө карап туруп калчу…

Бир күнү Каля экөөбүз сайдагы суунун жээгинде ойноп жүргөнбүз. Аскер кийимин кийген чоң эки жигит жаныбыздан өтүп бараткан. Анан эле бирөөсү кичинекей талга байланып турган балапан-таранчымды колуна алып, башын денесинен жулуп туруп, эки бөлүнгөн балапанымдын денесин эки жакка ыргытып туруп басып кетишти. Ошондогу ыйлаганымдай эч качан ыйлабасам экен!

Андан бери жылдар өтүп эле келатат, ар бир таранчыны көргөн сайын алардын алдында өзүмдү күнөөлүү сезип, мен да жашап келатам. Балапан-таранчыны  колго кармап бакпасам, аны ким кармап өлтүрөт эле?!

Азыр кичинекей, тоголок кара мончок көрсөм эле ошол балапанымдын көздөрү сымал сезилип кетет. Мончокко айланып, мени карап же ыйлаппы, же таарынып тургандай…

Жердей көтөрүмдүү көз

Анан тайатамдын көздөрү да эсимде түбөлүккө калган.

Таятамдын көздөрү азыр жер алдында болсо да, менин көз алдымда жашайт. Учурунда эл, жер башкарган, келбеттүү, сындуу адам болсо да уяң, назик, жалооруган көздөрдүн ээси болчу. Бир да жанды тикирейе, тике карачу эмес. Ким болсо да акырын бир “жалт” карап коюп анан карээгин жерге жумшак таштачу. Өзү көп сүйлөчү эмес, бирөөлөр сүйлөсө бир да жолу сөзүн бузбай тыңшап, дилин төшөп жер карап олтура берчү. Сөздү сыйлоо, угуу тарбиясы мыкты эле…

Балалыктын көзү – жамандыктын көзүн кечире албайт

Бала кез өтө сезимтал кез. Айта албаганы менен баарын сезет…

Бала байкабайт деп мага көргөзүп алса керек, К. аттуу аял. Ал тымызын бул жаман жоругун да (!) күйөсүнө, башкаларга көргөзчү эмес. Мен гана эки-үч жолу баамдап, көрүп калгам.

Эки алаканын жайып, бири-бирине бириктирип, күрөң көздөрүнүн алдына алып келип анан бирде алаканын, бирде көктү карап коюп кээ бир адамдарды шыбырап-күбүрөп каргап туруп бата кылчу. Каргыштары жаман эле, эмдигиче кулагыма жаңырып турат.

Бирок… Балалыктын көздөрү – жамандыктын көздөрүн эч качан оңдой албайт экен! Көрдүбү? — Көрдү! Анын күрөң көздөрү тилинин учунан чыккан каргыштарындай муздак бойдон эсимде калыптыр. Анын жагымсыз көздөрүнө кайрадан кездешүүнү такыр каалабайм…

 Көзү күрөң бир аялдан коркчумун,
Көктү карап көп адамды каргачу.
Ипичке манжалары бата кылып…
Каргабайын, каргабаймын бирөөнү,
Көзүм дагы, окшошпочу эч ага!.. — деп анын күрөң көздөрүнө көздөрүмдү окшоштургум келбей, ак баракты чиймелегем…

2004-2016жылдар.