БӨЛӨКБАЕВА Венера: ВЕНЕРА БӨЛӨКБАЕВА: ШООЛА ЖЕҢЕ

АҢГЕМЕ

Шоола жеңебиз! Жаңы келин болуп келгенден бүгүнкү күнгө чейин, тууган-туушкандардын кыздарына үлгү. Тамак-аштын таттуулугу, жакшынакай тигилген кийимдер, таза мамиле жөнүндө сырдашсак эле Шоола жеңенин ысымы сөзсүз аралашып кетет. Ар бирибиздин көөдөнүбүздө жеңебиз менен сыймыктанган мактаныч орногон. Мынакей, мен да өзүмчө мактануудамын. Жеңебиздин оозу-мурдун чүйрүбөй, жайдары созулуп сүйлөгөнүн Элнур туурап бой жетти. Азыр ал кайын-журтунда барктуу келин. Кышында жука жоолукту үлпүлдөтүп алдынан байлап салынганын мен үйрөнүп алгам. Эми дагы баскан-турганына байкоо салып жүрөбүз. Карылыкка баратканда кандай күлүп, кандай сүйлөп калар экен деп. Жакшына сапаттарын ар бирибиз “энчилеп” алгыбыз келет.
Шоола жеңебиз сиңдилерине мыкты-мыкты касиеттерин тегиз чачыратканы менен жекече баарлашканда демейкиден өзгөрүлөт. Анысын кийинчерээк байкадык. “Мен баарын билем, баарын түшүнөм” деп айтканын уккан жокпуз. Бирок баарын билип, баарын түшүнөт. Чебер колдуу Нуркыз (дизайндын чебери) менен сүйлөшсө да маалыматы кенен. Саясатты “сайраган” сиңдиси менен так өзүндөй “сайрашат”. Эч нерсеге жөндөмсүз – менин жандүйнөмдөн да өзүнчө орун таап, “уя” салып койгон. Жөнөкөй гана жаратылышка тартып, алар жөнүндө кызыктуу нерселерди айтып берет. Эми ошол “уяда” бүлгүн…
Бактылуу турмуштун түркүгүн кармаган Шоола жеңенин көкүрөк түпкүрүндөгү аянычына кошулдум…
Бизге сыймыктанар жеңе таап берген агабыз балдарын жанына алып курортко кеткен. Шоола жеңе себепсиз эле жасай берүүчү сыйларынын бирине чакырды. Алдыма биринчи тамагын алып келип, дагы экинчиси шашпай бышып жатканын эскерткендей кеп таштады, мени менен жай-баракат маектешүүгө чыгынгандай. Бээнин сүтүнүн дарылык касиети жөнүндө билгенибизди ортого сала баарлашып киргенбиз. Сүттөн улам эстей койду окшойт же оюнда турганбы?
— Түркмөн элинин койлорунун тагдыры жөнүндө билеттирсиң? – деди күтүүсүздөн.
— Коюңузчу! Койлордо да тагдыр болмок беле? – дедим ишенбей.
— Болот, жарык дүйнөгө келүүнүн өзү – тагдыр да. Адам баласы сыяктуу эле…
— Түркмөн койлорунун тагдыры кандай экен?
— Жаман, жаман…
— Жаман дейсизби, эмнеге?
— Козуларыныкы андан, байкуштардын! Атайын кармап баккан “каракүл” породасындагы койлор. Туур менен эле көз алдында козусун мууздап туруп терисин жайып салышат. Таалайсыз козулар дагы тармал жүндүү болуп жоодурап туулушат тура. Дароо мууздап салышса, терисиндеги тармалы жазылбай ошол бойдон калат экен. Андай терилерди сен деле көрүп жүрөсүң, көп адамдар жакаларына тагып, баштарына “папах” деп да кийип жүрүшпөйбү. Картайганда баягыл, бактысыз козулардын энелерин мууздап боорун алышса, кээсиники берч болуп, кээсиники кадимки таштай катып калат экен. Былтыр ал жакта элчиликте иштеп жүргөн туугандардыкына барганбыз. Биз барган жерде таштар аз экен. Бирок ошол аз таштары көзүмө урунган сайын абалым өзгөрүлүп атты. Бир туруп, колум, бутум, башым шылдыраган муздардан куралгансып. Бир туруп, менин денем да ташка айланып бараткансып. Ошентсе да шордуу койлордун катып калган боорлору болбосун деп, ал таштарды тебелебей, аярлап аттап өттүм. Убакыт болсо жанымдагылардан бөлүнүп калып, таштардын чоң-кичинесин калтырбай тегерете сылап чыккым келди. Кээсин бир карап алып кайра да үңүлө карадым, жанымдагыларга байкатпай. Балким, ушул таштардан ыйлаган жаштар чыгып жаткандыр деп. Жок, тескерисинче, алар мага канга чөмүлүп туруп анан катып калгансыган кызыл таштардай көрүнүштү. Ал эми жанагы шордуу койлор жылыга тууп, эмчек сүтү диркиреп ага баштаганда эле козусун көз алдында кызыл жаян кылып мууздап туруп терисин сыйрып жиберишсе! Анан, анан аягынан түшкөн ар бир козусу үчүн толгонуп, кыйналып, акырында боору ташка айланып кетет тура. Козуларынын шордуулугучу! Энесинин сүтүн, Жер-Эненин бир уурттам суусун ичкенге жетишпей…
— Ай-ий байкуштары-ым десе, сиз муну кимден уктуңуз эле? – деп ичиркене, кейиштүү бырышып-тырыштым.
— Көп жыл болду, көз алдымдан жылбайт, документалдуу фильмден көрсөм керек. Айрым адамдардын мүнөзү катуулап баратса, эч кимге ишенбей же ким бирөөнүн жанына жолобой качып калса… Мен эмнегедир, аларга нааразы болбойм… Тирүүлүктүн ысыгы, суугу да таасирин тийгизет. Аңдадыңбы? Муну эмне себептен сага айтып жатам?
— Жок, жеңе.
— Ушу кызга айтып беришим керекпи же айтпашым керекпи деп көптөн бери санааркап жүргөм. Бүгүн минтип чыгындым. Жеңе катары эмес, улуулук озуйпамды аткарып, жөн гана…
— Айтыңыз, айтыңыз…
— Айтып бүттүм… Атайын чакырып, чай берип алып эмне үчүн башымды оорутат деп ооруксунба. Сен дагы мага окшошсуң, сезимталдуулугуң боюнча. Боор эле эмес, көңүл да катат. Көңүл катканда таштан да бекем болуп катат. Сиңдим, сага айтаарым, ашыкча кетпесең да кичине-кичине эле чыйрагыраак, кайдыгерирээк анан да кебелбес болсоңчу. Боло албасаң, анда өзүңдү үйрөт, тарбияла. Өтө марттыгыңды да токтот. Мен дагы тээ студент кезимде обу жок элем. Бул ким, кимге, эмне себептен берип жатам?- дебей эле колумда эмне болсо ошону жаныма калтырбастан, алаканымда бекер жамгырдын тамчылары тургансып чачып жиберчүмүн. Ал сапатым мени түрдүү жандарга кездештирген. Аягында, өмүр теңдеп баратканда, эми араң гана жыйынтык чыгарып адамдарды эки түскө бөлүп койдум. Ак түстө: урмат-сыйды көрүп-түшүнүп өскөндөр. Кара түстө: урмат-сыйды көрбөй, билбей өскөндөр. Кара түстөгү мисалым коркунучтуу. Эл ичиндеги макалдай, ашыңды ичип, кадырыңды булгайт. Сыйыңды коркконуңан, аңкоолугуңдан жасап аткансып кабыл алгандар болот. Анысын байкап калган сен ирээнжийсиң, жийиркенесиң алардан. Көңүлүң дагы кирдейт. Анан гөр, баштагыдай туп-тунук болуп тазаланар бекенсиң? Көңүл да катат, какчыйып. Дагы айтаарым, бир тал ничке чачтын кыймылын да байкай бересиң. Ар бир мамилени, кыймыл-аракетти рентгендей кабыл алганыңдын да зыяны бар…
Азыр көндүк, Шоола жеңебиз жаңы келин болуп келгенде жаш элек. Аны алыстан карап туруп алып, өзүбүзчө шылдыңдачубуз. Анткени, башка жеңелерден өзгөчөлөнүп, иттерине сөөктү ыргытып бербестен жанына барып оозуна тиштетип коёр эле.
Ылайыктуу учурдан пайдаланып сурап ийдим. Шоола жеңем чачылып, чечилип турат. Көп-көп сүйлөп бергиси келип. Суроом маегибизге үндөшүп, тиешелүүдөй.
— Сиз иттерге нан же сөөк бергенде оозуна тиштеткениңиздин да мааниси барбы деп ойлой берээр элем…
— Купуя суроолоруңду четинен чыгара бер, жооп берем. Кандай десем, ыргытпай бергенге көнгөм. Айтканыңдай мааниси бар. Башынан баштап баяндап берейин. Эми, эми акыл калчасам, анда эс тарта баштаптырмын. Эгиз экенибизди билесиң да. Түгөйүм, Нур – уул бала. Ата-энебиз аны сүннөткө олтургузуп мусулман кылышты, 5 жашка толгонбуз. Нурга бир нерсе ала келгендер мени да кур калтырышпайт. Бетимден өөп карматышчу. Алыскы шаардан атамдын карындашы да келди. Дасторкондун четинен белек-бечкегин тарата баштады. Эжебиз Нурга тыпыйган чапан алып келиптир. Аны жанында олтурган атама карматты. Анан кызыл-ала болуп токулган свитерди: “Ме, бул сага” деп маңдай жагында олтурган мага ыргытты. Дасторкондун үстүнөн көкөлөп өткөн свитер тыпыйган тиземе талпайып жабылып түштү. Тырмактай болсом да баамчылдыгымды! “Эмне үчүн мени жанына чакырып үстүмө кийгизбейт”, “колума карматпай, ыргытып берет” деп бир кызыктай болгом. Көрсө, ызаланыптырмын.
Көрдүңбү, ошондо эр коюнунда жатканды билген аялзаты – колундагы буюмду балага да ыргытып берүү туура эмес экенин билбептир. Кыскасы, эчаак өткөн бир секунддук эле мамиле. Ошол мамиле мага чоң сабак болуптур. Бир туугандарга камкордук көргөндөн чарчабаган, эң улуу Алтын эжем мени кармап алып “төшүңө жылуу” деп кабат-кабат кийимимдин үстүнө ошол свитерди каттап коёр эле. Мага жылуулугу жок, жөн гана үстүмдөгү жүктөй сезилчү. Бир аз убакыт өткөндөн кийин эле чечип ыргытып ийчүмүн. Мени “ызалаган” нерсени киймек белем? Тажады окшойт, кийин “кий” деп кыйнаган жок. Бир күнү свитерди чубап, ширенкенин кутусуна ороду, томолоктоп. Анан алаканы менен таманымды ченеп алды. Эртеси ошол жиптен байпак токуй баштады. Түшүнүктүү да, кимге экени. Байпак токулуп бүткөндөн кийин эжем да “ме” деп ыргытып береби деген күмөнсүнүү кичинекей жүрөгүмдү тепчиди. Алтын эжем анткен жок. Мени жанына чакырып, алдына акырын олтургузуп, токуган байпагын сылап-сыйпап кийгизип анан коё берди.
Байпактын жумшактыгы менен жылуулугу бир укмуш. Жатаарда да чечким келбейт. Свитер сөгүлүп байпак болду, бир эле жиптен. Балким ал байпагым жылуу, жумшак деле эместир. Ыргытылбай бутума кийилгени үчүн баркы кымбаттагандыр. Түшүндүң да, берген, сунган буюмуң менен ал колго назик бир касиеттүү мамиле да кошо өтүшү керек. Кибиреген 5 жашымдан баштап колумдагы нерсени иттен баштап адам баласына чейин эч качан ыргытып бербейм. Итке бир кесим нан берсем оозуна тиштетем. Эки-үч кесим болсо алдындагы идишине салып коём. Адам баласына болсо ого бетер кылдат карайм. Сурооңо жеңеңден канааттандыраарлык жооп алдыңбы?
— Албай анан, жеңе!.. Кызык экен. Жообуңуздун артынан түгөнгүс кенчтей акыл-насаатарыңыз дайыма агылып чыгат. Аны пайдаланганга мүмкүнчүлүгүбүз, акылыбыз жетээр бекен?
— Жетет, учуру келет. Сага айтып берем деп камданып жүргөнүм менен катуу жаңылыпмын. Кайра өкүнүп атам. Жанагы түркмөндөрдүн койлору жөнүндө укпай-билбей эле жүрө берсең болмок экен. Кокуй ай! Сени түшүнүп, билип туруп кылганымды! Эми ичиңден азап тартып, кейип-кепчип баштайсың…
— Шоола жеңе, Сизчи, сиз! Сиз кайра мен үчүн санаа чегип баштабадыңызбы…
Венера БӨЛӨКБАЕВА