БӨЛӨКБАЕВА Венера: ВЕНЕРА БӨЛӨКБАЕВА: МЕНИН УУЛУМ

АҢГЕМЕ

(автобиографиялык чыгарма)

Үч тоголок эле картошка аарчымакмын. Чоң кастрюлга үйүп-жыйып, толтура аарчып коюптурмун. Такыр токтобогон купуя бир кыял-тилегим мени ушинтип өзгөртө баштады.

Уулум — Дээр жөнүндө кыялга батсам эле ушинтем! Бир үйгө бараткан болсом, андан ары өтүп кетем. Кошунам тамак жасаганга бир чыны май сурап келсе, мен үйдөгү майдын баарын колуна карматып коём. Буга окшош мисалдарым абдан көп. Мына эми, бир кишилик эмес, беш киши жесе да артып кала турган картошканы жайнатып аарчып алып карап олтурам…

* * *

Уулду болом! Акыркы жылдардагы жүзүмдөн ширин, балдан таттуу тилегим. Жүрөгүмө сүртүлгөн эңсөөм!

Дээр деп, уулума ысымын да тандап койгом. Дээри жакшы уул болуп чоңойсун деген тилегим да! Дээрим, менин уулум — тагдырымы такыр башкача кылып өзгөртөрүнө да ишенем. Упчуларын сатып алып койгом. Ороо-чулгасын да даярдайм…

* * *

Кара чачтарымдын ордуна бирин-серин ак чачтар чыгып, маңдайыма бырыштар түшө баштаганы менен Дээр жөнүндөгү аруу тилегим “жашарууда”. Көкүрөк-көөдөнүмдөн — республикалык Балдар фондусу чыкпайт. Бул фонд аркылуу “Балдар үйлөрүнөн” наристелүү болгусу келгендер уул, кыз асырап алышканынан кабардармын. Кыялым менен ал жердин босогосун аттап далай жолу бардым: Дээримди көтөрүп үйдү көздөй келаткан болом, бирде бели катып торолуп калган, бирде былдырап сүйлөп алган. Баякүнкү түшүмдө болсо башына тыпыйган ак калпак кийгизип, карагайлуу жайлоо боорунда көкүрөгүмө жөлөп алып көтөрүп жүрүптүрмүн. Ойгонгондон кийин да көкүрөк төшүмдөгү жылуулук тарабай турганын байкадым.

* * *

Жатып алып тилеген тилектерим — Дээр баламды коюнума салып бербептир. «Ылайым эле түшүм туш болсун!» — деп өзүмө биринчи жолу каалоо айттым. Таң азандан чала-була жасанымыш этип, нөшөрлөп төккөн жамгырга карабастан Балдар фондусу жайгашкан имаратты көздөй жөнөдүм. Адресин мурда эле кайсыл бир газетадан көчүрүп жазып, ал тургай, беш-алты жолу барып имаратты жөн гана айланчыктап келгем. Эми чындап чыгындым. Имараттын биринчи, экинчи кабаттарын аралап жүрүп “Республикалык Балдар фондусунун жетекчиси – Темиржан кызы Адинай” деген жазуу илинген бөлмөгө баш бактым. Мен курактуу, бирок жаш, тыкан көрүнгөн жылдыздуу келин ордунан туруп тосуп алды.

Балдарга камкордук көрүп эмгектенгендер тыбыттай, ак пахтадай жумшак болушат окшойт. Үнү, сүйлөгөнү, караганы, басканы, олтурганы, турганынан бери жумшак, “былпылдак”. Сөз жеткис! Адинайдай төгөрөгү төп келишкен сулуу айым болбогонума бир саамга ызаланып да алдым…

— Келгениңиз үчүн кубанычтамын. Орун алыңыз… – деп маңдай жагындагы орундукту көргөзө колун сылык сунду.

Максат-тилегим азыр эле аткарылчудай!.. Өпкөм көөп, сөзүмдү эмнеден баштаарымды билбей, толкунданганымдан тикемен тик туруп эле ой келди сөз баштап жибериптирмин.

— Мен эле… Келгем… Уулума келгем… Уулум… — деп сөзүмөн такалып, андан ары жагын айта албай калдым.

— Олтуруңуз мейманым, анан шашпай айта бериңиз, — мени карап мээримдүү жылмайды.

Жетекчи айым экөөбүз бет маңдай олтурдук. Кенен иш бөлмөсү ушунчалык жагымдуу экен! Тим эле бир башкача! Терезелеринде кулпуруп өскөн гүлдөр, бөлмөнүн бир бурчунда өспүрүм балдардын колдорунан жаралган балалыктын түркүн кооз буюмдары көзүмдү кубандырды. Ал буюмдардын өйдө жагында сүрөттөр да турат. Дубалдарында балдарды коргоого, аёого чакырган асыл ойлор кооз тамгалар менен жазылып илинген.

– Чарчап келгендей көрүнөсүз… Жай олтуруп, жай айта бериңиз. Кандай маселе менен?.. Уулум дедиңизби?.. Уулуңуз бизде беле?

– Жок, сизде эмес, менде… Ой, менде эмес, сизде уулум… Бала багып алайын дегем… — мукактанып, бир эсе кийген кийимимдин жупунулугунан уялып, келген себебимди кызарып-татарып араңдан зорго түшүндүрдүм.

– Тартынбаңыз, мен деле сиздей аялмын… Сонун! Эң гуммандуу максат менен келипсиз. Сизди бизге кайсыл жол алып келди!? Жол деле ар кандай болот… Билесизби, сиз басып келген жол – куттуу жол!

Бул суроосуна жооп бергенге же алтын сөздөрүн коштогонго жараганым жок. Ичимден гана жымыңдап кубандым. Жаным эми жай ала түшкөнсүдү…

– Сүйлөй бериңиз. А-а-аа… Бала багып алууга өмүрлүк жолдошуңуз каршы эмеспи? Экөөңүздөрдүн бир чечимге келгениңиздерге канча убакыт болду?

– Өзүм… Өзүм эле чечтим! – дедим, акырын гана башымды ылдый салып.

– Жолдошуңузчу?

– Жалгыз боймун…

– А-а анда, кечирип коюңуз, азыркы учурда сиздей жалгыз бойлор көп эле… Ы-м-м… Кыз-балагабы же уул балагабы? Кимисине “апа болууну” самап жүрөсүз? – көзүмдү карап жалооруй сурады.

– Уул балага…

– Кыз балагачы? Кызды да каалайсызбы? – деди кызыгып.

– Уул деп эле жүргөм. И-ии, жакшы экен, экөөнү тең багып алсам болобу? – сүйүнүчүмө сүйүнүч кошулуп кетти.

– Жакшы болот! Биринчи уулуңузду багып алыңыз, анан дагы кеңешип көрөбүз э-ээ? — менден жооп күткөнсүдү.

– Ооба, ооба, ошентели, рахмат… – дароо жүзүм ысып, колум менен эки жаагымды баскылай баштадым.

– Биз эле экенбиз дейин десек, жер үстүндө каралбай калган наристелер көп экен. Бу турмушта балага зар болгондор да бар, баланы кор кылгандар да кездешет. Өтө кейиштүү! Ата-энесиз калган балдар – ар бир адам баласынын жүрөгүндө турган муңу болушу керек…

Бизге тиешелүү “Балдар үйлөрү” көп. Бат-баттан кыдырып турабыз. Болгон күчүбүздү жумшап аракеттенип атабыз. Оорулуулары да кездешет. Көздөрүн жалдыратып, суусаса суу алып иче албаган колсуз, ордунан туралбаган бутсуз балдар да бар. Мурда, жаңы иштегенде андай наристелерди көргөндө салаа-салаа болуп көз жашым төгүлчү. Алардын мындай кыйынчылыгын көрбөй турган жерге кетип калгым келчү… Ойлосом, мен кетип калганда эле көздөрүн жалдыраткан балдардын тагдыры өзгөрүп кетпейт экен да! Азыр өзүмдү бекем карманууга үйрөндүм. Бизден бала багып алууга толук мүмкүнчүлүгү бар байлыктуулар улам көбөйүп баратканы ич жылытат. Бирок алардын арасынан бизге жардам бергени же бир баланы бала кылып камкордукка алганы аз, жок десем да болот. Мейли, оорулуу наристелерди мамлекетке калтырышсын, дени сактарын асырап алышса… Анда “Балдар үйлөрү” да азаймак… Бирок сиздей айкөлдөр да бар, бар… – деп Адинай мени мисал кылып чечиле сүйлөп бергенден кийин гана суроо узатты.

– Азыр канчадасыз?

– Отуз тогуздамын.

– Мени менен тең турбайсызбы. Бала багып алууга жашыңыз ылайык экен.

– Бар болуңуз! Ырахмат! – Гимн ырдай тургансып, оң колумду жүрөк тушумун үстүнө коюп ордуман тура калыпмын.

– Мага эмес, сизге ырахмат, олтура бериңиз, – күлүп жиберди.

Анан ден-соолугумдун абалын, жашаган үйүмдүн канча квадрат чарчы метр экенин, эмгек акымдын суммасын сурады. Жашырбастан баарын айтып бердим. Баарын көңүл коюп укту. Бирок Адинай айымдын жаркырап турган жүзүн ой баскансып, ыңгайсыз абалга түшө баштаганын байкадым. Менин көзүмдү карай албай, бирде терезе жакты, бирде жерди карап түшүндүрүп кирди. Бир аз мурунурак эле жетекчи айымга мен түз карай албай толкунданып, көзүмдү ала качып алдында олтурбадым беле…

Кыскасы, мага бала асырап алууга болбойт экен!..

Сыртымдан баарын түшүнгөндөй башымды жерге салып муңайым олтурганым менен ичимден ызалануу башталды. Мага табышмак, белгисиз бир күчкө ачууланып, андан ачуумду чыгаргым келди…

Балдар фондусуна же башкаларга эмес, бала багып алыш үчүн түз эле Кудайга арыз жазгым келип кетти…

* * *

Адинай айым абдан сылык, маданияттуу түрдө баарын кенен, жакшынакай кылып түшүндүрүп берген! Бирок мен… Эмне үчүн бала багып алууга укугум жок экенин ачуум менен “аркайтып” алты бөлүккө бөлүп койдум:

1. Жанымды кыйнаган “астма” оорусунан толук сакайышым керек!
2 Жаш-курагым ылайык болгону менен үйүмдөгү жашоо-шартым азырынча ылайыксыз!
3. Алган айлыгымдын өлчөмү “Балдар фондусунун” бала асырап алуу талабына туура келбейт!
4. Уулумду сүт берип өстүргөнгө уй же эчки сыяктуу мал-жан жок экен менде!
5. Үйүмдөгү компьютер, барак, калем, ручкалар менен эле Дээр уулумдун курсагы тоюп, чоңойбойт экен!
6. Кыскасы, мага окшогон кедей-кембагалдарга бала багып алууга болбойт экен (муну мен өзүм божомолдоп кошуп койдум)!

* * *

Ар пенденин, алардын катарында менин айланамда да жакшылыктар кетпей тегеренип жүргөнүн айтып сооротконсуп, мени кандай тосуп алса ошондой жылуу мамилеси менен Адинай айым сыртка чейин узатып чыкты.

Алдейлеген үмүтүмдүн жарыгы өчүп-күйүп, будуң-чаң боло түшкөнүнө чыдаш мага оңой болгон жок… Адинай айым менен коштоштумбу же коштошпой эле жанынан унчукпастан узап кеттимби? Ошол жери эсимде жок…

Мага белгисиз бир үйгөбү же бир жайгабы алпара турган башка эле жолго кадамымды таштаптырмын. Ал жол мени түз эле мылтык, ок, килейген балта, бычактар гана сатылчу дүкөнгө алып барды! Жакшы көргөн табиятымдын бир бөлүгү болгон жаныбарларды, канаттууларду кыйнап, жок кылчу буюмдарды жаман көрөм! Мындай жер мага абдан жаман көрүнөт! От коюлган жыгач сыяктуу менин да күйүп-түтөгөнүм көзгө көрүнгөндө – ого бетер каңырыгым түтөдү! Анда чиркин, бүт жер үстүн заматта эле көк түтүн каптап кетмек…

* * *

Келе жатканымда жамгыр атайын мен үчүн жөн гана жаабай, үмүтүмдү, кубанычымды коштоп бийлеп жаап жаткандай туюлган…

Эми болсо!.. Жамгыр мени атайын капалантыш үчүн, үшүтүш үчүн анан дагы мени ызалантып, ургулап жаап жаткандай туюлду. Ушун үчүн жактырбай калгам жамгырды!

* * *

Адинай айымдын жанында же Балдар фондусунун имаратында денемдин бир бөлүгү үзүлүп түшүп калгансып, бутум араң, араң эле шилтенип келаткам.

Бир убакта артка кылчайдым. Адинай айым иш бөлмөсүнө кирип кеткен экен деп ойлогом. Ал мени узаткан боюнча, турган жеринде эстеликтей болуп “кыймылсыз” туруптур. Жаап жаткан жамгырга да көңүл бурбаптыр. Менин капачылыгым Адинай айымды да каптап алганбы?

– Ооруңуздан эле толук сакайсаңыз болду! Сиздин үмүт, тилегиңиздин баары аткарылат. Жардам беребиз! Бизден бала багып аласыз! Уулуңузду күтүңүз! Күтө бериңиз, уулуңузду… – деп мага кол булгалагандай болду.

Жок, антип деле айткан жок, бир да сөзү угулбай турган жерге чейин алыстап кеткем да… Жөн гана ушинтип айтты деп “ойлоп таап” алдым! Анан өзүм “ойлоп тапканыма” өзүм ишенип алдым. Биротоло, түбөлүккө ишенип алдым…

* * *

Күн нуру кубаттантты. Жашыл жыттуу жаздын абасы дем берген. Тели-теңтуштарга айтпай, билгизбей ыр жазам. Өткөн жазда, апрелдин он жетисинде, таңга жуук ак баракка чиймелеп жазып, бекем бүктөп бекитип коюптурмун. Бекиткен жерим – батпай калган кофтамдын жеңи экен…

Барактын эң башына минтип, чубалжытып тема коюптурмун: “Менин уулум, Дээр үчүн гана жазылган ырлар…”:

Чыканактай карааныңа жалынып,
Өзүм барам эч бир жанга көрүнбөй…

Жоолугума ченеп гана тиктирген
Төшөгүңдү салып алам баштыкка…

Ак, сары, көк упчуларды толтуруп
Чөнтөгү көп көйнөгүмдү кийемин…

Өзүм эле барсам дагы жап-жалгыз
Экөө болуп, үйүбүзгө кайтабыз…

* * *

Быйылкы жаздын 3-апрелинде, түн киргенде мына минтип “эргүүдөмүн”, дагы эле узун темалуу ырымдын уландысы:

Байлыгы жок, кээ бирөөнө көркөмсүз,
Кагаз, калем, китеп толгон бул үйдө,
Бала кезиң өтсө деймин тап-таттуу,
Күндөр менен кошо күлүп күнүгө.

Бой тартканда, боюм менен тең болуп,
Тал чыбыктай келинимди жүгүнтсөң…

Дагы жазсам, уулум үчүн жазыла бермек. Азыр бирок бир жаман ой кайдан-жайдан мага учуп келди… Кызыл тилдин “кыймылынан” шекшип селейе катып, сестенүүдөмүн. Жерде сойлогон бир жаныбардыкындай болуп, муздак соймоңдогон “тилдер” – уулум жана келиним, мен – үчөөбүздү үч жакка бөлүп жиберишсечи? “Башка апа”, “баккан бала” дешип тымызын бизди сындырышсачы?

Жок! Эл арасындагы кээ бирөөлөр антип кеп-сөз кыла электе эле… Дээр уулум эс тарта баштаган учурунда биз жашаган жерден алыс – Грециягабы  же Африка тарапкабы, көчүп кетип калабыз. Дөңсөөдө курулган үйдөн, бир Энекеникиндей, Айга жакын үйдөн сатып алабыз…

Биздин тагдырыбызды коңшулар билишпейт. Эгерде алар уулумдун “атасы”, менин “күйөөм” жөнүндө кызыгып сурай беришсе, ага да ишене турган жооп берип коём…

Улуттук наныбыздыбы же тамагыбызды “ооз тийгизүү” шылтоосу менен бизге жакын жашагандардын бирин калтырбай үйүбүзгө чакырам. Меймандарыбыздын арасынан сөзсүз бирөө уулум экөөбүздүн буга чейинки басып өткөн жашоо-турмушубуз жөнүндө суроо берет. Мен Дээримди жана башка тестиер балдарды эшикке чыгып ойной берүүгө уруксат берем.

Ойдон чыгарып (калп) айтуу деле кээде жакшылык үчүн кызмат аткарып коёруна ишенем. Мен да ошентсем, алар бейкапар, менин да көңүлүм тынч болот. Келгендерге “камдап койгон жообумду минтип баян этем:

– Дээрдин атасы мыкты эле жигит болучу… Илимдердин сырын аңтарган илимпоздор, алтын таажы кийген падышалар деле жеке турмушунан жаңылыштык кетирип алаарын билесиздер. Ага чыныгы сүйүүсү биз балалуу болгондон кийин кеч келди. Ал сүйүүсү – алгач жандүйнөсүн абда-аан кыйнап туруп, анан биротоло ээледи. Бизди дароо таштай албай көпкө чарпылды… Түшүндүм да, уруксат бердим. Мени бактылуу кыла албаса да, башка, мендей бир айымды бактылуу турмушка ороду! Анын кийинки сүйүүсү талаага, ташка корогон жо-о-ок. Атасы ал айымсыз жашай албаган абалга тушукканын бармактай уулум да сезген. Жолтоо болбойлу, ою менен көңүлүн алаксытпайлы деп араңыздарга көчүп баса бердик. Ал жердеги асманыбызда жанчу жылдыздар биерде деле жанып турат. Сиздер менен деле бул жердеги жашообуз абдан көңүлдүү, кызыктуу өтүп жатат…

* * *

Айлан-көчөк болуп баягыл кыш, жаз, жай, күз мезгилдери кайталанганы менен, ээрчишип кирип келген жылдарга сүңгүп эле кирип бара жатышат. Мезгилдер деле картаюуда…

Дээр баатырдын “апасы” да жаштыгын артка калтырган…

Бир гана нерсе өзгөрбөй, эскирбей жап-жаш бойдон турат! Жылдардын катмарына сиңип кеткен жок… Артымды бурулуп карай бергенди эмне үчүн жакшы көрүп калгам?! Ошон үчүн!..

Качан болсо да, кайсыл жерде жүрбөйүн, арт жакка бурулуп караганымда, дайыма көз алдымда туруп калган Адинай айымдын мага кол булгалаган Периштедей турпаты турат:

– Ооруңуздан эле толук сакайсаңыз болду! Сиздин үмүт, тилегиңиздин баары аткарылат! Жардам беребиз! Бизден бала багып аласыз! Уулуңузду күтүңүз! Күтө бериңиз, уулуңузду…

3-апрель. 2008-жыл.