БӨЛӨКБАЕВА Венера: КАНКОРЛОРДУН КОЛУНАН ӨЛГӨН ГУМАНИСТ ЖАЗУУЧУ

Дүйнөлүк адабияттан

Сабахаттин Алинин жараткан чыгармаларын жакшы көрөм. Редакцияда иштеп жүргөн жылдарымда жазуучунун “Кирешелүү үй” деген аңгемелерден турган китебин окуп чыккам. Ошондо жазуучу жана анын аңгемелери жөнүндө кыскача материал даярдап, газетага басууга берген экенмин.

ТҮРК ЖАЗУУЧУСУ

Сабахаттин Али – түрк элинин демократ жазуучусу болгон. Ал 1948-жылы дайынсыз жоголуп кеткен. Жазуучунун жоголушу ачылбай белгисиз болуп, бир жыл өткөндөн кийин гана карасанатайлык менен киши өлтүргүчтөр тарабынана курман болгондугу белгилүү болгон. Түрк элинин прогрессивдүү патриот жазуучусунун өмүрү чыгармачылык эргүүсү гүлдөп турган учурда үзүлгөн.

Сабахаттин Алинин аңгемелерин комментариялай албайм. Бирок ошол кездеги түрк элинин турмушун даана, искусствонун ажайып тили менен бере алгандыгы үчүн да, типтүү картиналарды тандай алгандыгы менен да, жаратылышты дал жаратылыштын өзүндөй сулуу кылып сүрөттөй алуусу менен да баалуу.

“Эмне үчүн ал жазуучу жалаң гана бактысыздарды көргөн” деп кийин ким бирөө сөзсүз сурарын билип, ал “Бактылуу кандек” деген аңгемеси менен жооп берип койгондой.

“Кирешелүү үй” деген аңгемесинде болсо… Жүк көтөргөн кичинекей бала. Атасы жыгач уста. Ал баласына жүк ташып иштеп акча табуу үчүн арзан, эски себет сатып берет. Өзү болсо бир бай кожоюндун беш кабаттуу үйүн салып жаткан жумушчуларга кошулуп иштеп жаткан болот. Жыгач уста алыста-алыста келаткан чоң кишини анын жанында себетине салынган жүктүн оордугунан араң басып келаткан кичинекей бир караанды көрөт. Ага кабыргасы кайышып, боору ооруйт. Ал бала жакыныраак келгенде гана өзүнүн уулу экенин таанып, маңдай жактагы үйгө келатканын билет. Баягыл сатып берген эски себети толтура жоон жана ичке моюндуу, конус түрүндөгү ар кандай ичимдик куюлган ак, жашыл бөтөлкөлөр, консервалар. Жанындагы кошо келаткан малай аны тез-тез басууга кыйнап үстөмдүк кылып жаткандай. Болжолу, бет маңдайдагы үй конок чакырчудай.

Жүк көтөргөн бала менен малай үйдүн эшигине келип калышат. Бала колундагы себеттин оордугунан дубалга сүйөнүп, тепкичтер менен жогору крыльцого араң-араң чыгып бараткан болот. Ошол саамда атасы уулун кылчактап карап турат. Баланын буттары титиреп жатканы атасына даана көрүнөт. Балтасын акырын тырсылдатып, уулу кирген үй жакка кулак салат. Аңгыча айнектердин, бөтөлкөлөрдүн сынганы, уулунун ыйлаганы угула баштайт. Ким бирөө баланы тилдеп жатат. Атасы демин ичине катып, уулунун үйдөн чыгышын карап күтүп калат. Малай бакырып-өкүрүп, кожоюнунан баланын эмгек акысын алып бербей сыртка кууп чыгат. Баланын көз жашы көлдөп, тизесинен шырылдаган кан ак таш жолго жайыла агып жатат. Аны көргөн атасы эмне кыларын билбей же уулуна болуша албай, уулунун тарткан азабына чыдабай башы айланып, буттары алсырап ийиле баштайт да, үйдүн чатырынан кулап түшөт…

Сабахаттин Алинин бир аңгемесин окугандан кийин экинчи аңгемеси өзү эле “чакырып” турат. Экинчи аңгемесин окугандан кийин калган аңгемелеринин ар бири “чакыра” баштагандай… “Айран”, “Каздар”, “Ысык суу”, “Үн”, “Араба”, “Айлуу түн”…

Венера БӨЛӨКБАЕВА
“Кыргыз руху”, №22 (619), 4. 04. 2006-жыл.