БӨЛӨКБАЕВА Венера: ЫР-АКЕНИН «ЧЫМЧЫГЫ»

Ыр-Аке ал кезде мени “чымчыгым” деп койчу. Мен өзүмдү чын эле чымчыктай сезип алгам. Эч кимге көрүнбөгөн, кооз, тыпырайган кичине канаттарым бардай жүрчүмүн эркелеп. Каалаган күнү, каалаган жагыма учуп кетчүдөй жеңил элем. Эркин элем…

Ыр-Акенин “чымчыгы” ошентип күндөрдүн бир күнүндө, чын эле каалаган жагына “учуп” кетти. Калааны таштады. Калемин, кесибин таштады. Курдашын, сырдашын, сүйгөнүн-күйгөнүн жана Ыр-Акесин да таштап “учуп” кетти! Бир гана адамга айтты, энекесине гана. Абдан каршы болду. Бирок Эне да! Эрке кызынын бул жоругуна да чыдады…

Ыр-Акенин “чымчыгы” кайда учуп кетти?

Мурда бир да жолу көрбөгөн, барбаган, тааныбаган бир айылга. Жазда бак-барагы жайнаган, булбулу сайраган. Бак-шагынын арасында жыбылжып аккан мөл булагы бар бир үйгө…

* * *

Мен айылда жашай баштаганыма 5-6 күндөй болгон. Узун бойлуу, генералдай түп-түз баскан кары киши мага жакын жашайт экен. Жолдон жолугушуп калдык.

— Атың ким кызым? — деди сылык кайрылып.

— Венера. Сиз…

— Менин атым Бекбосун, “кличкам” Аймомент болот! Кааласаң Бекбосун ата де, кааласаң Аймомент ата дей бер.

— Жакшы экен! — ысымы менен “кличкасын” кошо айтканына күлкүм келип, кубана жооп бердим.

— Сени бирдемке жазат экен дешти окшойт. Рамис Рыскуловду тааныйсыңбы?

— Тааныйм, а кишини Ыр-Аке дейбиз! Сиз кайдан тааныйсыз?

— Ушул айылда төрөлгөн да!

— Чын элеби? — дедим ишенбей.

— Чын! Биздин агабыз да, —  деди Бекбосун ата.

— Ойдо жок нерсе! Кудайдын буйругун карасаңыз ээ, ата?! — деп ойлонуп эле калдым.

— Аа-аа, Рамис Рыскулов өзү сени тааныйбы, кызым?..

* * *

Кудайдын буйругу! Кудайдын буйругуна эч кимибиз өзгөртүү киргизе албайт экенбиз!

Көрсө, Ыр-Акенин “чымчыгы” миңдеген айылдардын ичинен так Ыр-Акесинин киндик каны тамып, суусун ичип, тузун таткан жерге “учуп” келген экен. Энекесинен башка бир да жан кийлигишкен да, билген да эмес. “Чымчык” өзү чечти, өзү жалгыз көчүп келип жашап алды. Бул жердин аба, асман, суу, тузу акындын “чымчыгына” да буйруптур…

Өзүм да таң калдым. Андан кийин “чымчыгы” кайда “конуп” алганын уккан Ыр-Аке ого бетер таң калды!!!

* * *

Бир кездерде “чымчыгыма алып келдим” деп кудуңдап, Ыр-Аке мен иштеген редакцияга кээде үйүнөн тамак-ашын көтөрүп келип калчу.

— Убара болбоңуз. Анчалык деле кыйналбайм… — десем болчу эмес.

— Газета-журналдарда руханий дүйнөсү бат-бат тоюп турган, бирок курсагы ач адамдар майышып иштешет… — дечү Ыр-Аке.

Анан “чымчыгы” чымчылап жеп кирчү…

Бир күнү жарым литирлик бөтөлкөгө куюлган, буудайдан жасалган жарма көтөрүп келиптир.

— Жарманы сизге ким куюп берди?- деп сурадым.

— Өзүм! — деди Ыр-Аке.

Кызык, оозу кичинекей желим идишке кантип куйду экен? — деп ойлонуп калдым.

Кийин уксам, көрсө, Шайыр эже таң азандан Ыр-Акеге тамагын бышырып, суусаса ичсин деп жармасын жасап коюп жумушка кетчү тура. Ыр-Аке ойгонуп алып эженин чакан ашканасын каалашынча “тейлечү” экен да. Алып кетчүсүн алып кетип, куюп кетчүсүн куюп кетип. Мен иштеген редакцияга түш маалына жакын келип калчу…

* * *

Шайыр эженин колунан далай жолу даам сыздым. Адабият, жашоо турмуш жөнүндө кенен баарлашчубуз. Бирок Ыр-Аке үйүндөгү ырыскысын кээде мага ташып жүргөнүн Шайыр эже билбейт деп ойлочумун. Өзүм да компоюп эжеге айтчу эмесмин. Айтайын дечүмүн, бирок абышкасы (Ыр-Аке) “тил угуп” калабы деген сезим жашачу…

Бир майрам эле. Ыр-Аке, Шайыр эже болуп, үчөөбүз үйүндө майрамдап олтурганбыз. Бир убакта Шайыр эже жылмайып мага кайрылган “суранычы” түбөлүккө көз алдымда жашап калгандай:

— Венера, вареньеси менен бир жакшынакай банкам бар эле. Мен жокто Ыр-Акең көтөрүп кетиптир. Билем, сага эле алып барды. Ичин эмес, сыртын — кооз банкасын эле алып келип берчи, айланайын…

Венера БӨЛӨКБАЕВА
7-Май. 2015-жыл.

(Кыргыз эл акыны, Рамис Рыскуловго белек катары жазылып, жарыкка чыккан документалдуу-көркөм — “Ыр-Аке” китебимен үзүндү)