ГАПАРОВ Мурза: МУСАКУН САТЫБАЛДИЕВ: «САКУРАНЫ ЖАКШЫ КӨРГӨН АДАМ»

ЭСКЕРҮҮ

Обочо өскөн жалгыз дарак шамалга туруштук бере албайт. Негизинде адам деле ошондой. Жашоонун, турмуштун миң түрлөнгөн кыйынчылыгына, көзгө көрүнбөгөн, колго урунбаган тоскоолдуктарына жалгыз адамдын такаат бериши кыйын. Айрыкча, тагдырдын кыйчалыш түшкөн жолуна тушуккан адам үчүн андан беш бетер оор. Мен муну өзүмдүн турмуштук тажрыйбамдан, жонтерим менен сезгенимден улам айтып жатам. Адатта бала ата-энени тандай албаган сыңары, адам да өз тагдырын тандап, жеңилине, тасмадай шыдырына качыра албайт тура. «Бешенеге жазганды көтөрбөскө чара жок» деп коебуз. Балким, мунун да бир чындыгы бардыр? Ким билет? Эмнеси болсо да, тагдыр экен, бут оорулуу болуп төрөлдүм. Ал кезде дарыгерлердин деле чамалары чак болсо керек. Кыскасы, он төрт жашка чейин баса албай, үй ичинде төрт аяктап, боорум менен жылып жүрдүм.

 

Ушундай абалда өзүмдүн курбалдаштарым менен мектепке барып, окуп билим алуу – мен үчүн түшкө кирбеген нерсе эле. 1964-жылы Фрунзеги ортопедиялык клиникалык ооруканадан бир нече жолку операциядан кийин эки балдактын жардамы менен туруп басууга жарадым. Бирок дале короодон чыгууга дарманым жок эле. Кылт этсем жыгылып кетип, бирөөнүн жардамысыз тура албай калам. Ошентип, билим алсам деген купуя кыялым ишке ашпады. Антсе да үйдө жатып алып, ошол кезде онунчу класста окуган эжем Зинагүлдүн, жетинчи класста окуган иним Исакундун жардамы менен тамга таанууга кириштим. Иним бир аз үйрөтүмүш болот, анан качып кетет. Негизги күч эжеме түшөт.

Бир нерсеге чындап дит коюп, баш-оту менен киришкен адамдын акыбети кайтпай койбойт. Билбейм, мен ошондо эмнегедир өзүмдүн ушунчалык өжөр, өз оюмдан кайтпай турган көк бет экенимди алгач сездим. Бир жумага жетип-жетпей отуз алты тамганы жаттап, алардан сөз кураштырып окуганды үйрөнүп алдым. Ошондон тартып, колумдан китеп түшкөн жок. Күнү бүгүнкүдөй эсимде, өмүрүмдө эң биринчи окуп чыккан китеп Джек Лондондун «Жашоо кумары» деген китеби болду. Аны ооруканада жаткан бир кыз берген. Мен ошол китептеги Биллдин тарткан азаптарын окуп олтуруп, жашоо деген нерсе анчалык деле оңой эмес, ал үчүн күрөшө билүү, кандай гана кыйынчылыктар болсо да чөгүп калбай, үмүт менен жашап, алга умтула берүү керектигин түшүндүм. Кыйлага чейин андан башка китеп колума тийбеди. Айла кеткенде эжем менен инимдин адабият, кыргыз тил, орус тил, астрономия, физика сабактары боюнча китептерин окуйм. Айрыкча кыргыз тил менен адабият китептеринин кыйла жерлерин жаттап алган күндөрүм болду.

Ал кезде ар бир үй-бүлө милдеттүү түрдө газет-журналдарга жазыла турган. Атам сабатсыз  киши болсо да, балам окуйт деп, «Ала-Тоо» баштаган газета-журналдарга жазылып койчу. Алардын ар бир санын, ар бир кабар, макаланы сая кетирбей окуйм. Окуп гана тим болбой, бир жолу калем кармай албаган колумду күчкө салып отуруп, кичинекей кабар жаздым. Аным райондук «Коммунизм маягы» деген гезитке чыгып калса болобу. Ошол алакан отундай болгон кабар менин тирүү жан экенимди, бул дүйнөгө ата-энемдин тырбалаңдап тапкан нанын жеш үчүн гана келбегенимди, менин да колумдан бир нерсе келерин шоораттап койгонсуду. Алдымдагы туңгуюктан жылт эткен шооланы көргөндөй болдум. Эми менин өз алдыма койгон максатым, аздектеген тилегим бар болуп калды. Райондук социалдык камсыздоо бөлүмү тарабынан берилген кол менен кыймылга келүүчү үч дөңгөлөктүү коляска менин бирден-бир унаам болуп, жазууга материал чогултуу мүмкүнчүлүгүнө ээ кылды. Тарбалаңдаган тамгаларды өйдө-төмөн тизип, кабар, макалаларды жазууга кириштим. Азыр менин ошол кол жазмаларымды кантип окуп атышты болду экен, байкуш машинисткалар деп ойлоп кетем.

Жерге тамырлап алган чырпык бутак-шактап, бийикке умтулат эмеспи. Анын сыңарындай, өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарынын ортосунан тарта ыр, аңгеме, публицистикалык ой толгоолорду жаза баштадым. Алар газеталарга жарыяланып турду. Жаңылбасам, сексен бешинчи жылдардан тартып, райондук, областтык газеталардын алдында адабий ийримдер уюштурула баштады. Биздин райондук гезиттин алдында да «Көкөмерен» деген адабий ийрим уюштурулду. Ага ошол кездеги Кыргызстан жазуучулар союзунун Ысык-Көл областындагы адабий кеңешчиси Мурза Гапаров катышты. Ошондо ал кишини алгач көрдүм. Ага чейин китептери аркылуу жакшы таанып калган кишини, белгилүү жазуучуну «тирүү» көрүү мен үчүн жомоктогудай эле сезилди. Ушунчалык жумшак мүнөз, кичи пейил адам экен. Улуу-кичүүсүнө карабай, баарыбызды «сиз» деп сүйлөгөнүнө сүрдөп, чекем нымшып отурганым эсимде. Кеп-кеңешин берип, адабият жаатында кеп козгоп, чогулгандар менен эки сааттан ашык маек куруп отурду. Адеп эле мага көңүл буруп, беркилерден өзгөчө мамиле кыла баштаганын дароо сездим. Сүйлөп атканда да мага улам карап олтурду. Кээде ордунан туруп, нары-бери басып, анан менин эки ийнимен аяр кучактай туруп калат. Бул көп жылдар бою үй-бүлө чөйрөсүндө гана өсүп, коомдук чөйрөдөн сыртта калган мендей адам үчүн эң жагымдуу нерсе эле. Ал киши мага гана сүйлөп, алтын шилекейин мага гана чачыратып жаткандай, өзүмчө өрөпкүп, толкунданып олтурдум…

Ошондон көп өтпөй эле областтык деңгээлде да адабий бирикме пайда болду. Мурза аба С.Жусуев, Б.Сарногоев, Ө.Даникеев, Ж.Садыков, Т.Касымбеков, А.Саспаев, Э.Узакбаев, М.Абылкасымова, К.Жусупов сыяктуу аттуу-баштуу жазуучу-акындарды ээрчитип келип, ошол бирикменин мүчөлөрүнө тааныштырып, атайын семинар өткөрүп жүрдү. Бул биз, акын, жазуучулардын айткан ар бир сөзүнө зар болгон жаш калемдер үчүн өзүнчө бир адабий мектеп болду окшойт.

1987-жылы жай айынын бир күнү Фрунзедеги өзүм дайыма барып жүргөн протез заводуна барып, атайын бут кийимге заказ бердим. Автобекеттен Саруу айылына чейин белет алдым да, «Кыргызфильм» кино студиясына бардым. Максатым – Мурза Гапаров абага кезигип, машинкага басылган ырларымды берүү. Мурда кезиккенде өзүмө жаккан ырларды тандап, машинкага басып, даярдап коюшумду, шарты келе калганда алып кетерин айткан. Эки иштен бир деген ойдо өзүм издеп барганым ошондон эле. Студиянын кароолканасынан бир орус аял чыгып, кимге келгенимди сурады. Мурза Гапаров деген жазуучуга келгенимди айттым. Аял анын бир жумадан бери ишине келе электигин, ооруп жатканын билдирди. Шаабайым сууй түштү. Бирок негедир баягы өжөрлүгүм кармап, алыстан келгенимди, кайра келе албастыгымды, ал кишиде зарыл жумушум бар экенин айтып, безилдеп жибердим. Аял менин сабылып турган абалымды түшүндү окшойт, күзөтканын ичине киргизди. Телефон чалып, Мурза аба менен байланышты. Анан мага карап: «Ал киши ооруп жатыптыр, келе албайт экен» деди. Мен аялдын колунан телефон түтүгүн ала коюп, алыскы Саруу айылынан келгенимди, майып экенимди, өзү сураган кол жазмамды алып келгенимди айттым.

«Мусакун, эстедим, азыр жетип барам. Ошол жерден орун таап, отуруп туруңуз» деди. Көңүлүм жайланып, аял коюп берген отургучка жайлана отурдум. Негедир тигил аял мени карап туруп, башын чайкап койду. «Ай, ооруп жаткан адамдын жанын тынч койбогон кандай неме эле» деген ойго кетти окшойт. Качан ушул ой менин да сезимиме жеткенде ыңгайсызданып, көңүлүм удургуй түштү. Көп өтпөй, жайкы аптапка карабай мойнуна калың, узун шарфты ороп, жылуу кийинген Мурза аба келип калды. Чындыгында эле өңү түктөйүп, кыйналып турганын көрүп, ого бетер ыңгайсызданып кеттим. Анысына карабай, жылуу жүз, жакшы маанай менен учураштык.

Жакшы сөз жан эритерин мен эң сонун түшүнөм. Ошондогу Мурза абанын айткандары көңүлүмө күмүш сырга болуп уюп, азыркы кезге чейин акыл-сезимиме гүлазык берип келет. Менден кыйла жаш улуу экендигине карабай, адатынча: «Сиздин ырлар башка ырлардан өзгөчөлөнүп турат. Анткени анда жасалмалуулук, ойдон чыгаруучулук жок, анда адамдын тагдыры бар. Көпчүлүк ырларыңыздан турмушка, жашоого болгон кумардануу, келечекке карата багышталган ишеним, эрк сезилип турат. Көп адамдын көзүнө уруна бербеген жөнөкөй нерсени сезип, ошону башкача кабылдап, ошондон да философиялык ой жарата билүү жөндөмү бар экен. Ооба, айрым бир ырларыңыздан билим деңгээлиңиздин кандайдыр бир өлчөмдө чектелүү экени сезиле калат. Бул табигый нерсе. Муну четтетүү өз колуңузда, көп окуңуз. Адеп жакшы адам болуу керек. Анткени жаман адам эч качан жакшы нерсе жаза албайт. Ушуну эстен чыгарбоо керек. Жакшы адамдардын жакшы сапаттарын өзүңүзгө «жуктуруп» алыңыз, сиңирип алыңыз. Бул өз жемишин бербей койбойт. Анан бирин-экин ырларыңызда кош балдагыңызды кошуп кеткен жерлер бар, албетте, тагдырдын кылганына чара жок, бирок, колдон келсе ушундай көңүл чөгөт ырлардан оолак болгон дурус. Ишенем, сиз тубаса таланттуу, анан да эрктүү адамсыз. Мектеп партасына бир күн отурбай, өз бетинче сабатсыздыгын жоюп алып, анысы аз келгенсип публицистикалык багыттагы макалаларды, момундай ырларды жазуу көрүнгөн адамдын бешенесине берилген эмес. Ошондуктан сиздин тагдырыңызга таарына турган жөнүңүз жок. Жазыңыз, сизде бир артыкчылык бар. Ал – убакыт. Башка иштер менен алаксыбайсыз. Мына биз тиричилик, кызмат, иш деп итеңдеп жүрүп өзүбүздүн жазуучу экенибизди, демек, жазышыбыз керек, жазууга тийиш экенибизди унутуп калабыз. Сизде убакыт кенен, жазыңыз, издениңиз. Буюрса, китебиңиз да чыгат».

Кудай акы, ушул сөзүнө ичимден селт эте чочуп алдым. Мен да китеп чыгарам деген ой эзели башыма келбегендиктен, ачык күндө чагылган чарт эткенсиди. Жаңылыш айтып алды го деген да ойго чарпыла түштүм. Бирок кайталап суроого батынбадым.

Ошентип, сүйлөшүп отурганыбызга билинбей эки саат өтүп кетиптир. Бир маалда Мурза аба: «Бүгүн кетем дедиңиз беле?» деп капысынан сурап калды. Мен ошондо гана күндүзгү саат бирде кетүүчү автобуска белет алып койгонумду эстедим. Саатын караган Мурза ордунан ыргып турду: «Оой, бирге беш мүнөт калган турбайбы». Ал тышты карай чуркап чыкты. Короого эми кирип келаткан «Чайка» машинасынын алдын торой чыкты. Айдоочу менен сүйлөшө калып, анын алдыңкы эшигин ачып, мени отургузду. Даңкайган машина короону айлана бурулуп, чыга жөнөдү. Мурза абанын тушуна келгенде колумду жаңсап, жакшы калыңыз деген ишааратты билгиздим, негедир көзүмдөн жаш ыргып кетти. Аба да колун жаңсап кала берди. Эмелеки анын назик чыккан коңур, мээримдүү, жумшак үнү кулагымда жаңырып, улам кайталанып жатты…

Ынтызар жаным, жөн отурбай, бул машинанын кайдан келгенин айдоочудан сурадым. Ал жигит бул машинанын мурунку ээси республиканын биринчи секретары Т.Усубалиев экенин, анан ал кишиге башка машина берилип, муну «Кыргызфильм» студиясына ыйгарышканын айтып берди. Ошентип, сыркоолоп үйүндө жатканына карабай, мен үчүн атайын студияга келип, эки саат бою маектешип, өзүнүн кеп-кеңешин, агалык акыл-насаатын айткан ушул адамкерчилиги артык инсанга ыраазы болуп бараттым. Анан ойго эмес, түшкө кирбеген жерден Турдакун аксакал отуруп жүргөн машинага түшүп калганыма дердеңдеп кубандым. Мен кете турган автобус автобекеттен чыгып, имерилишке жетип калган экен. Артынан кубалай жетип, алдын торой токтотту. «Чайка» менен келген кандай неме бу дегенсип, жүргүнчүлөрдүн бардыгы мени карап, жарданып калышты…

Мына ушундан көп өтпөй, 1988-жылдын жаз айында Мурза Гапаровдун түздөн-түз көмөгү менен менин «Өрүк гүлү» деген кичинекей китепчем «Мектеп» басмасынан жарык көрдү. Бул менин асманында жылдызы сейрек турмушумдагы бурулуш окуя болду. Ушул жука жайылган жупкадай китепче менин кийинки чыгармачылык тагдырыма кенен жол ачып койду десем жаңылбайм. Анткени Мурза абага кезикпей калганымда китеп чыгаруу деген ой капарыма келбей, анда-мында гезиттерге чыккан бирин-серин чыгармаларыма ыраазы болуп жүрө берет белем, андай учурда чыгармачылыкка мынчалык белсенип, киришпей калат белем деп ойлойм. Ооба, муну мен кооздук үчүн, же ашыра айтып жатканым жок. Ошол учурда чынында эле мага моралдык жөлөк, чыгармачылык түрткү керек болучу. Менин ал-ахыбалыма түшүнгөн, көкүрөк дартыма даба боло турган адамга абдан муктаж элем. Тагдыр мага бир жолу ыба карап, дал ошондой адамга тушуктурду. Аталган китепчем чыга электен мурда бир кыйла ырларымды «Ала-Тоо» журналына эки сапар, «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил жаш», «Мугалимдер газетасы», «Кыргызстан пионери» газеталарына бастырып, мен жөнүндө чакан болсо да эки-үч кабар, макаласын жазды. Ал – сакураны жанынан артык көрүп, дарыялардын шоокумунан жан-дүйнө азыгын алып, өзүнүн күнөстүү аралында таза, пакиза жашаган агедил жан, кыргыз жазуучусу Мурза Гапаров болучу.

«Сулуулуктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны» (түзгөн Абдыкерим Муратов) деген китептен