ГАПАРОВ Мурза: МУРЗА ГАПАРОВ: АЯЛДАРДЫН ДЕҢИЗИ

АҢГЕМЕ

Жолон Мамытовдун арбагына арнаймын.

Она пришла залитъ водой мой огонъ,
Когда мой прах развеялся по ветру.
(Ахмад Мирза Нийази )

Саратандын айлуу түнүндө аягы суюк аялдардын аралынан алты аял качып чыгышты. Алтоо бир кайыкка тыгылып отурушуп, шашып-бушуп жанталпезге түшүп, деңиздин алыскы жээгин көздөй сүзүп жөнөштү. Арадан жарым саат өтүп-өтпөй алдыларынан жыныс оорусу менен ооруган аялдардын аралы көрүндү, кийин жин тийген аялдардын аралын жандап өтүштү, гулгуна оорусу менен күн кечирген аялдардын аралын, кылмыш кылып кесилген аялдардын аралын аралап артка калтырышты.

Аралдар азыр тыптынч, баскан-турган адам көрүнбөйт, иттери үрбөйт, карарган жыгач тамдардын шамы эчак өчкөн, бирок алардын айга чагылышкан терезелеринин артынан чачтары чачылган эрксиз катындар кайыктагы качкындарга көзү күйүп, аларды үн-сөзсүз узата карап турушкансыйт…

Түн ортосу ооганда кайык жээкке келип жетти. Арып-чарчаган аялдар араңдан басып кургак жерге чыгышып, бетин ак туз баскан калың кумга бойлорун ташташты. Алар көпкө чейин энтиге дем алып, кеп-сөзгө келбей солуп жатышты. Акырында узактан угулган сиренанын үнү булардын эми эле эс алып келаткан жүрөктөрүн уйгу-туйгу туйлатып, мылтыктын үнүн уккан эликтердей ордуларынан чапчып тургуздурду. Аялдар дароо бири-бирин нарыдан-бери өпкүлөп, «Кош! Кош!» деген кыска сөздөр менен коштошуп, алтоо алты жакка бет алып жөнөп беришти. Ар кимисинин алды жагында ай астында мелтиреген бейтааныш бетпак чөл жатты…

Алты аялдын алтынчысы, негедир, дагы көпкө дейре деңизди бойлой жүрүп отурду. Анан асманды бир карап алды да, чукул бурулуп, деңизге далысын салып, андан акырындап арылай баштады. Ал Саманчынын жолуна түштү…

Кум жумшак, калың, бассаң басыгың арбыбайт. Бат эле аялдын крассовкасына кум толуп чыкты. Аял крассовкасын чечип, колуна кармап алды. Кудай жалгап, кумдан күндүзгү аптаптын табы али кайтпаптыр, бутуна бир жакшына жагып, жаны жыргап баратты…

Бир маалда чөлдүн бетинде чөккөн төөлөргө окшогон бир нече карарган дөңсөө көрүндү. Дөңсөөлөр ар кайсы жерде чачылып жатат. Бирок аял жакындаган сайын алар дөңсөө эмей эле, кадимки сууда сүзгөн кемелер болуп чыга келишти. Анткени менен аял буга анча деле таңыркаган жери жок. Кайра кемелерди кайдыгер аралап барып, акырында бирөөнө куду өз үйүнө киргендей кирип кетти…

Бул кеме, калгандары кандай болсо ошондой, көкүрөгүнө чейин кумга батып, терезе-эшиктери талкаланып, жайкы аптапка какталып, кышкы ызгаарда тоңуп, темиринин сыры көчүп, жыгачынын өңү өчүп, түлөгөн нардай болуп калган. Каалаганда жана каалаганча соккон катуу шамалдар анын жыртык-тешигинен жулунуп кирип, жулунуп чыгып, ичине деңиздин тузун, чөлдүн кумун бир карыш кылып үйүп таштаган. Шондуктан аялдын аягы эшик менен төрдүн айырмасын анча сезген жок. Аял абайлай басып, ары-берисин аңдаштыра карап барып, акыркы бөлмөлөрдүн бирине токтоду. Токтоор замат ийнине илген жүк сумкасын жерге таштады.

Сумканын талп эткен дабышынан улам, эшиктердин биринен чайк эткен ачуу үн чыкты. Аял айкырып алды. Караса кандайдыр бир жаныбар карарып качып баратыптыр. Карышкыр же түлкү,— деп чечти аял. Ошол эле учурда кеменин ичинде каршы-терши учкан канаттардын шоокуму угулду. Жарканатпы же парандабы — аял ажырата алган жок. Ал үшкүргөн бойдон турган жерине отура кетти. Отуруп, аркасын тыныке дубалга такап, айнеги жок терезеден айдын чөлдү телмире тиктегенче, бүткөн бою талыкшып, жаны жер тартып баратканын сезди. Туш-туштан ичкериге жарык кирип, бурч-бурчка көлөкө түшүп турду. Андыктан аялдын бир жак жаагы ак, бир жагы кара. Аялдын жүзү сулуу, ал абдан жаш али, он сегизге да толо элек чагы. Кыздык наркы кеткен менен, кыз курагы өтө элек. Шондуктан, кыз десе да жарашат…

Кокусунан кыз кыйкырып жиберди. Көздөрү чакчайып, туруш-турмушу менен катып калды. «Өлдүм,— деди ал.— Бул куугун!» Көрсө, тээ маңдай тараптан кумду шилей басып жалгыз караан келатыптыр.

«Же качкын катындардын бири бекен?» — деген ой да кетти буга.

Бирок тигил неме эркек болуп чыкты. Аркасына асынган баштыгы бардай.

«А мүмкүн бу дагы мага окшогон эле шордуу жолоочудур?» — дей баштады эми, кыз өзүн өзү сооротуп.

Аңгыча эркек бул отурган кемеге жакындап келип калды. Бат эле кеменин ичинде анын шарпасы угулуп, узакта узун бойлуу сөлөкөтү көрүндү. Эркек эч жакка бурулбастан түз эле кыз тарапка жүрүп берди. Кыз булт этип көлөкө бурчка боюн урду, көлөкө менен көлөкөгө айланды. Кудай жалгап, эркек буга жетпей, кошуна каютага токтоду. Ашыкпай жонундагы жүк калтасына колун сунду. Анысын жерге коюп-койбой жатып, оозун чечип кирди. Чечип, ичинен узун жип сууруп чыкты.

Кийин негедир өзүнүн төбөсү тиер-тийбес болуп турган шыпка иришип кетти. Бирпаста шыптан сыйыртмак салаңдап калды. «Кокуй, бул асылганы жатат!»— деп кабатырланды кыз. Бирок жолоочу, муунгандын ордуна, жерге оор отуруп, башын ачык терезенин кырына жөлөп, арып-чарчаган аквалга келди. Кыз эми гана анын жүзүн даана көрдү. Көрүп, жүрөгү түштү. Эркектин сүйрү башында чач, бийик кашында каш, бакырайган чуңкур көздөрүндө кирпик, куюлган узун мурдунун астында мурун, аттын жаагындай болгон жаактарында сакал деген жок болуп чыкты. Башы баш эмей эле, Жапан театрынын аппак маскасындай көрүндү.

Жашы кыркка барып калгансыйт. Кыз не кыларын билбей, дүйнөсү куруду. Качайын десе, тигинин көзүнө урунат, кааласа эки аттап жетип алат, көлөкөдө көрүнбөй тура беришке, көзү көргөнү үрөйүн учурат. Бул адамбы же албарстыбы? Акылы айран болду кыздын. Бир маалда агарган адамга жан кирди. Калтасын дасторкон кылып жайды. Дасторкондун бетинде мөмө-чөмө менен бир нече шише кызыл вино жайнай түштү.

Эркек шашпай ошолорду жеп, ичип кирди. Муну көрүп, кыздын шилекейи куюлду, жутунуп алды. Курсагы куп ачканын туйду, а өзүнүн шам-шум эчтемеси жок экенин эстеди. Эмне кыларын билбей эси кетип атканда, кокусунан чүчкүрүп жиберди. Анан өз чүчкүрүгүнөн өзү коркуп, кыска кыйкырып да салды. Ошондо аппак адам дагын чочуп кетип, какап-чакап, колундагы идиши чайпала берип, ичиндеги ичкилиги купкуу жүзүнө жабыла төгүлдү. Бети айдын бетине окшоп калды.

— Бул жерде ким бар?! — деп жиндене кыйкырды ал. — Кимсиң сен?!

— Мен…— деди кыз, калтырап-титиреп.

— Аял го…— деп күңгүрөндү эркек өзүнчө.— Чык бери ким болсоң да!

Кыз сүйрөлүп чыга келди. Аппак адам аны аңырая карап алды.

— Аякта эмне кылып турасың?

— Жашырынып…

— Кимден?

— Сизден…

— Менденби? А эмне үчүн менден жашырынасың?

— Коркуп…

— А-а, түшүнүктүү… Менин кебетемден түндөсү эмес, күндүзү коркосуң.

— Жо-жок… Мен сизди менин артыман кууп келаткан куугун экен деп ойлодум, — деп кыз калп-чынды аралаштырып жиберди.

— А сен, эмне, качкынсыңбы?

— Ооба…

— Анда… Деңизден чыккан турбайсыңбы?

— Угу…

— Мм… Эмне экен, отуруп оокат же.

— Рахмат.

Кыз отура калып, дароо дасторконго кол салды. Колуна эмне кирсе, апсыгып ашап атты.

— Кардың катуу ачыптыр,— деди эркек аны карап отуруп.

— Абдан,— деп койду кыз мулуңдап.

Эркек ичип жаткан идишине вино куюп, кызга сунду.

— Эми вино ич.

— Сиз үчүн,— деп коюп, кыз ичип кирди.— Ох, жаным жыргай түштү… Жаныбардын даамын тартпаганыма жарым жыл болду.

Кыз идишти ээсине кайтарды.

— Дагы канча убагың калды эле? — деп сурады эркек.

— Эки айым.

— Анан ошого чыдай албадыңбы?

— Ал жердин күнүн бирөөгө көргүлүк кылбасын.

— Аның да ырас. Эрксиздик деген — эрксиздик. Мен сенин эркиндикке чыкканың үчүн ичейин.

Аппак адам идишин көтөрдү.

— Рахмат… Ой! Сиз эмнеге менден коркпойсуз? Эмнеге мени менен бир дасторкондон оокат жеп, бир идиштен ичкилик ичип отурасыз? Мен деген Аялдардын деңизинен чыгып келатам дебедимби?

Аппак адам мулуюп койду.

— Кадырың жам болсун, карегим. Мен азыр эчтекеден коркпоймун.

Ошентти да, ичип жиберди.

— Ажайып адам экенсиз… Атыңыз ким, аке?

— Амир.

— А меники Каухар.

— Өзүң да каухардай тунук, каухардай таза кыз экенсиң.

— Ой, сиз мени уялтып атасыз. Менде кайсы тазалык калды дейсиз…

Эркек жооп кайтарбады буга. Ал үндөбөстөн вино сунду кызга.

— Кел, дагы ичели.

Кыз ыраазылык менен жылмайып койду.

— Винонун жакшысын ичет экенсиз,— деди анан, кичине жутуп коюп.

— Төрт жылдан бери ичем. Төрт жыл илгери менин бир доктур досум айтты эле: ушул кызыл вино дартыңа даба болот деп. Билбейм, пайдасы тийдиби мунун мага же жокпу. Өлүшүн өлө элекмин, бирок айыкканым да жок. Айыгышка көзүм да жетпей калды.

— Кечиресиз, ооруңуз эмне?

— Ак кан.

— Ой… Каяктан жуктуруп жүрөсүз?

— Ушул эле жерден, карегим. Мынабу мелтиреп жаткан чексиз чөлдө адамзаттын бардык оорусу бар. Авасын жутсаң — оору, кумун бассаң — оору…

Экөө тең унчугушпай калышты.

— Карасаңыз! — деп кыйкырып жиберди кыз кийин.— Тээтигинде бирөө басып жүрөт.

Чын эле, экөөнөн эки жүз метрдей аралыкта кишинин карааны карарат.

— А-а,— деп койду аппак адам.— Ал ушул жерде жашайт. Балыкчылардын кемесинде. Өзү бир кезде ошо кеменин капитаны болучу. Тагдырың куруган бечарам… Көрбөйсүңбү. Деңиз тигинтип өз жээгин жээрип алыстагандан алыстап кетип баратат. А анын толкунун жиреген кемелер минтип белчесинен кумга көмүлүп турушат. Балыксыз калган балыкчылар болсо бала-чакасын жетелеп эчак башка жакка ооп кетишкен. Ушул байкуш гана эчтеке менен эсептешпей ээн журтта эңгиреп жашап келет. Эл көчкөндө көгөрүп көчпөй койгон. Анын ою боюнча, деңиздин соолушу убактылуу гана иш, эртедир-кечтир ал толуп-ташып кайтып келет…

— Аке… Булардын баарын сиз каяктан билесиз?

Амир муңайым жылмайып койду.

— Карегим, бул жер — менин Ата Журтум.

— А-а… анда сиз дагы ушерде турат турбайсызбы?

— Жо-жок… Азыр мен… алыстан келатам…

Ушу тапта Каухар эшиктеги адамдын айга карай эки колун сунуп, бир нерселер деп атканын көрүп калды.

— Кызык, анау киши ай менен сүйлөшүп атат, — деди ал таңыркап.

— Жинди да, — деп койду Амир.

— Жинди?

— Акылы кирди-чыкты. Антпесе жашайбы ушундай жерде.

— Кап, бечара… Чакырсак кантет?

— Кой-кой! Тоскоол болот…

Акыркы сөзүнө кыз анча түшүнө бербеди. Эмнеге «тоскоол болот?» Экөөнүн ээн отурушунабы? Же жеке өзүнөбү? Бирок унчукпады. Амир дагын кыйлага чейин үндөгөн жок.

— Ырасын айтканда, капитандын бул акывалга келишине жалгыз кызынын өлүмү себеп болду, — деп баштады анан өзүнөн өзү эле.— А деңиздин соолушу, кемесинин жүрбөй калышы — анын акыркы кайгысы… Кызы жети жашка чыкканда бул адам жесир калган. Андан кийин катын алган жок, кызын жеке өзү чоңойтту. Анысы абдан эрке, бирок эс-акылдуу, сулуу кыз эле раматылык. Экөөбүз бирге өстүк. Бойго жеткенибизде бирге институтту бүтүрдүк. Ал — инфакты, мен — филфакты. Анан айлыбызга кайтып келип, биротоло баш кошуп алдык. Тоюбузду мына ушул кемеде, деңизде тойлодук. Бир жылдан кийин уулдуу болдук. А балабыз… майып туулду. Башы кичинекей, колдору узун, буттары кыска… Экөөбүздүн эсибиз ооду ошондо. Эмне үчүн кудай бизди минтип жазалаганын билбейбиз. Бирок бара-бара айбыбыз айкын болду: өзүбүз оорукчан болуп чыктык. Ак кан менен… Аялым андан ары чыдай албады. Бир жолу атасынын балыкчылары менен деңизге чыгып, ошол бойдон кайтып келбей койду. Эмне болгонун эч ким көрбөйт, эч ким билбейт. Атасы баш болуп: «Жээкке жетээрде карасак эле — жок!» — дешип жүрдү кыйлага чейин балыкчылардын баарысы…

Кайнатам экөөбүз баланы багып алалбадык. Аны асырап адам кылышка көзүбүз жетпеди. Анын үстүнө, кызынын айынан кайнатам акырындап акылынан айный баштады. А менин айлам түгөнүп, баланы шаарга алпарып наристелер үйүнө өткөрүп таштадым. Өткөн жылы кабар алдым, али тирүү экен. Бирок кебете-кешпири баягындай эле. Карап туруп ага зейиним кейиди, өзүмдү чексиз күнөөлүү сездим…

Амир басылып калды.

— Кудай ай…— деди Каухар каңырыгы түтөп.— Бул эмне деген турмуш? Кайда барбагын азап менен тозок…

Амир үндөгөн жок. Эми экөө тең тунжурап отуруп калышты.

— Бүгүн керемет түн болуп турат,— деп койду Амир анан.— Мындай сулуулукту карап туруп, өлгүң келбей кетет…

Каухар шыптагы сыйыртмакты жалт карады.

— Аке, өлбөңүз! — деди анан кокусунан Амирдин тизесин кучактап.— Жан аке, асти өлө көрбөңүз. Өлгөндөн эмне пайда? Өлгөндүн өзүнүн эле шору да. Андан көрө кудай берген өмүрдү жакшыбы-жаманбы, аягына чыга жашаш керек. Шарият дагын айтат ко: өзүнө өзү кол салган кишиге жаназа түшпөйт деп… Анда арам өлөсүзбү?

Амир кызга ыраазы болуп, аны эркелетип ийнине колун койду.

— Айланайын акылыңан… Айтканыңдын баары туура… Бирок менин күнүм бүтүп калды…

— Улук сүйлөбөңүз… Муну жараткандын өзү гана билет…

Амир күлүп жиберди.

— Сен куду чоң энеңе окшош сүйлөп атасың.

— Ой! Каяктан билдиңиз булардын баары таэнемдин сөздөрү экенин? — деп кыз кыйла сүйүнө түштү.— А мен чын эле таэнемдин тарбиясын алганмын…

— Кана-кана, айтып берчи өзүң жөнүндө,— деп калды Амир.

— Айтсам ушул… Атам менен апам жаштайымда эле өлүп калышкан. Таэнем багып-өстүрдү мени. Акылдуу аял эле раматылык. Атинча болучу. Керели кечке «Куран» окучу. Кулагымдан бурап туруп мени да жанына отургузуп алчу. Атаганат, бала экенмин да, анын берген сабактарын акылыма тута албадым. Болбосо ушундай жолго түшөт белем…

— Ал киши качан кайтыш болду?

— Мен он төрткө чыкканда… Таэнемдин көзү өткөндөн кийин мен бул ааламда жападан жалгыз калдым. Бирөө менин акыбалымды сурабайт, эч ким мага жардам бербейт.

Өзүмдү өзүм багып, өзүмдү өзүм тарбиялашка туура келди. Адебей айылды таштап, шаарга келдим. Шаарда адегенде ар кандай иштерди иштеп жүрдүм. Ашканада идиш жуудум, чачтарачканада чач шыпырдым, почтодо почто ташыдым, бала бакчада бала бактым… Бирок баарысына чыдабай бардык жерден кетип аттым. Акырында келип-келип… жашырынып жалапканага кызматка кирдим… Ой, кечирип коюңуз осол сүйлөсөм… Бирок биздин кооперативди сот деле, адвокат деле ушинтип атап атышты…

— Айта бер…

— Айтаарым аз калды. Бир жылча тынч жашадык. Акчаны аябай таптык. Кызматыбыздын кыныгына түшүп, көп кыздын ичинен төрт кыз кылданып чыгып, шаардын четинен эки кабат келишкен үй сатып алдык. Бирок үйүбүздүн озурун көпкө көрсөтүшпөдү. Бирөө бизди сатып койду. Эки ай жашабай жатып, сырыбыз ашкере болду. Баарыбыз соттолдук. Ар кимибиз ар кандай жаза алып, туш-тарапка тыркырадык. Мен Аялдар Деңизине айдалдым. Андан аркысын өзүңүз көрүп отурасыз…

Кыз басылып калды.

Ушул учурда булардын үстүнөн реактив самолет учуп өттү. Анын арылдаган үнү басылганда, Амир сүйлөдү.

— Мм… Эми эмне кыласың? Өз калааңа кайтып бардың дейли. Анан?

— Билбейм…

Амир кыздын чачынан сылады.

— Карегим ай, каңырыгымды түтөттүң. Тирүү болсом, соо жүрсөм жардам бермекмин сага. Бирок…

Каухар чап жабышты ага.

— Тирүү калыңыз, аке, соо жүрүңүз! Мага жашашка жардам бериңиз! Уктуңуз го, менин эч кимим жок. Мени сүйгөн, мага күйгөн киши керек. Мен дагы бирөөнү сүйгүм келет, бирөөнүн азабын тарткым келет. Ишенсеңиз, көп эркекти көргөн менен, бирөөнө ышкым түшкөн жок. Мени да эч ким сүйө элек.

Амир кыздын куулугун түшүндү. Дагы ыраазы болду. Бирок мунусун ага сездирбеди. Кайра кайрат кылып, токтоолук менен супсак түрдө мындай деди:

— Мен он минуттун ичинде о дүйнөгө жол тартышым керек.

— Ой! А эмне үчүн он минуттун ичинде?

— Он минуттан кийин ай батат да, күн чыгат. Анда менин Азреил жан алгычым кайтып келип калат. Биз ушинтип убадалашканбыз.

Каухар кыз айланасын карады.

— Эмне, азыр ал…

— Ушуерде. Күтүп атат.

Кыз Азиреилди азилге айлантты.

— Эчтеке эмес, күтө турат.

— Азреил азилди түшүнбөйт, карегим.

Каухар ага карабай, оюн-тамаша түрүндө, муңкана ырдап кирди:

— Э-эй, ээн чөлдө сен жүрсөң, мен көрөйүн,
Эриниңден эркелеп мен өбөйүн…
Эгер сага жан алгыч жан деп келсе.
Кылыч берип, карап тур,
Адебин мен берейин…

Амир үндөбөй эңилип, кыздын жүзүн эки чоң алаканы менен кыса кармап, анын наристе эриндеринен узакка өөп алды. Ушунда кыздын бүт денеси дүркүрөп кетти, ыманы учту: эркектин эриндери менен колдору өлүк адамдыкындай муздак болуп чыкты. Ал аргасыздан артына аз-маз кетенчиктеп алды. Ал эми гана алдындагы адамдын акыркы айткандарында чындык бар экенин туйду. Андыктан андан бетер анын аман калышы үчүн алпурушту. Азга болсо да өмүрүн узартканга күйүп-бышты.

— Аке, тартынбаңыз… Анын үстүнө, айттым го, аралдарда жашасам да, оорукчан аялдардан эмесмин. Анан дагы мен… жашмын… жанашсак жаштыгым өтөт сизге…

Амир анын сөзүнүн аягына чыгартпай, ордунан турду. Анан кызды тургузду.

— Азыр эшикке чыгасың, — деди ал, эчтекеге этибар бербегенсип.— Анау кемелерди аралап өтөсүң. Анан Аялдардын Деңизи биротоло бүтөт. Андан соң эски темир жолго кез келесиң. Мына ошол жолго түшүп алып, кете берсең, кете берсең, акыры чоң станцияга туш келесиң. Ошол жерден каалаган пойузуңа отуруп, каалаган калааңа жөнөп кетесиң…

Каухардын амалы куруду. Ал сумкасын ийнине илди да, акырын Амирдин акырегинен жыттап алды, өпкөнгө дааган жок.

— Кош бол, Каухарым, — деди Амир.

Анан кызды сылык түрдө эшик жакка түртүп койду.

— Мени эстесеңиз, мен сизди эстейм,— деди кыз кылчайып. — Мени чакырсаңыз, мен сизге жооп берем[1].

Кийин шыпылдап басып кемеден чыгып кетти. Эшикте эч жакка карабастан, Амирдин айткан жолуна түштү. Кемелер артта калды. Деңиздин эски жээгинин чегине чыкты. Чөп баскан, дат баскан таштанды темир жол башталды… Мына так ушул жерге келгенде, кыз арт жагынан: «Кау-ха-ар!» — деген кыйкырык укту. Ошондо ал кантип кайтканын, кантип кемеге учуп жеткенин жакшы сезбейт. Келсе, шыптагы сыйыртмак салаңдап турат, астындагы жайыл дасторкон жайылып жатат, а булардын ээси жок…

Амирдин асылбаганына сүйүнгөн кыз аны эми астейдил издеп кирди.

— Аке! Аке! — деп чакырып атты ал кеменин ичинде жарканаттай каршы-терши чуркап.

Амир кемеде табылбады. Каухар эшикке атырылып чыкты. Ары-бери жүгүрдү. Эч жерде көрүнбөйт. Кыздын акылы айран болду. Ушунча кыска убакыттын ичинде Амир кемеден кеткенге үлгүрбөйт эле, — деп ойлоду ал. Кокусунан, кошуна кеменин жанында, эртең мененки гүрүң-бараңда эрбеңдеп жүргөн кишини көрүп калды. Көрүп, дароо анын алдына жетип барды. Бирок ал Амир эмес, Амир айткан капитан болуп чыкты. Капитан алтымыш ашкан, Амирге окшоп, анын да чач, каш, сакал-муруту жок, тиши такыр түшкөн киши экен.

Бою пас, азык-оокаттын жетпестигинен жапа чеккен жүзү капкара болуп куурап калыптыр. Ал Каухарды көрүп кабагым-кашым деп койгон жок. Бир боппоз тордун чатышын чече албай атыптыр, келгинди көрөр замат, анын аптыга айткан саламына алик алмак турсун: «Кармашып койчу, бай болгур!» — деп жиндене кыйкырды. Кыз кармашарын кармашты да, ошол замат: «Абаке, ушул ортодо адам көрбөдүңүзбү?» — деп сурап калды.

— Адам? Кандай адам? — деп шаңкылдады чал.

Бечаранын кулагы оор көрүнөт.

— Аппак адам,— деди Каухар.— Ал экөөбүз азыр эле ажырашканбыз. Мен кеткенде тээтиги кемеде калган. Буюм-кечеси дале ошерде турат.

— А виносунан калдыбы? Мөмө-чөмөсүнөн аштыбы? — деп сураса болобу балыкчы кокусунан, кандайдыр кубаныч менен.

Анан жооп албай туруп алдастап чуркап жөнөдү. Каухар артынан келсе, жерде жаткан мөмө-чөмөнү апсыгып жеп, винодон шорулдатып жутуп атыптыр.

— Кайран күйөө бала, кайнатасын дагы бир жыргатып кеткен экен,— деп мулуңдап койду картаң капитан.

— Сиз аны бир жакка кетти деп ойлойсузбу? — деп сурады Каухар анын маңдайына отура берип.

— Албетте! Анау сыйыртмагына асылды да, кетти.

— Ал эмне дегениңиз, кокуй?! Асылган адам кетчү беле, асылган адам өлөт да.

Капитан башын көтөрдү.

— Ооба,— деди ал акылдуу кейпи менен.— Эки жыл илгери ал ошенткен. Анан мен аны сыйыртмактан сууруп алып, артыма арта сүйрөп барып, ата-энесинин жанына көөмп койгом. А гөрүстөндөн кайтып келип жемишин жеп, виносун ичип, сыйыртмагын чечип кеткем. Андан бери Амир анда-санда гана, айлуу түндө гана асылганы келет. Анткени менен азыр мага өткөндөгү өлүгүн артпайт. Өзү келип, өзү кетет. Мен минтип кешигин жеп гана кала берем…

Каухардын сүйлөргө үнү, ыйларга ыйы чыкпай калды. Ал көпкө чейин нес болуп, береги кишинин жеген-ичкенин бейкапар карап тура берди.

— Демек… мен арбак менен арбашкан экенмин да бу түнү, — деди акырында.

— Ананчы! — деп койду капитан, винодон рахаттана жутуп.

Ушу тапта алардын үстүнөн дагы реактив самолет учуп өтүп калды. Анын ачуу үнүн угуп, капитан, негедир ордунан чапчып турду, үрөйү учту.

— Келишти! — деп кыйкырды кийин.

Ошол бойдон кемени бойлой чуркады. Эмне болуп кетти буга деген күдөмүк ой менен Каухар ээрчип эшикке чыкты. Чыкса, тигил адам айланасын аңырая карап, ары-бери басып туруптур.

— Эмне болду сизге, ава? — деп сурады кыз жанына келип.

— Айланайын, анау учкучтарыңа айтчы, кемелерди кескилебесин,— деп жалынып кирди кокусунан капитан аянычтуу аквалда.— Кемелер керек да калкка! Эртең эле Деңиз ташкындап эски жээгине кирип келет. Анан балыкчылар бала-чакабыз менен ага түшүп алып балыкка чыгабыз…

— Эмне, кемелерди кесебиз дештиби сизге? — деп сурады кыз акырын.

— Ой, өткөн жумада бир вертолет киши келип: «Капитан, эми кемелериңди кескилеп ташып кетебиз. Андан көрө азыртадан жыл биерден»,— дешпедиби, үйүң күйгүрлөр.

— Ава, анда алар өкүмөттүн адамдары турбайбы,— деди кыз.— А өкүмөт деген экөөбүзгө окшогон шордуулар менен эсептешпейт. Андан көрө сиз алардын акылын угуңуз: барыңыз барар жагыңызга.

— А менин мынабу деңизден башка барар жерим жок…

Каухардын кайрадан кабыргасы кайышты. Кыйлага чейин тигил кишини үн-сөзсүз карап туруп, кийин ага мындай деген сунуш кылды:

— Ава, анда мени менен жүрбөйсүзбү? Менин Ата Журтум алыста, а үйүм анын Жаңы борбор шаарында.

— А эмне кылам аякта? — деп таңыркай сурады капитан.

— Сиз мага ата болосуз, а мен сизге кыз болом. Экөөбүз бирге чүңкүлдөшүп оокат кылабыз.

Капитан ойлоно түштү. Кыз аны күтүп турду.

— Ой! — деп балыкчы анан бирдемени эстей коюп: — Кемелерди кесип кетишпейби анда?! Кой, кой, кагылайын…

Капитан чукул бурулуп кемесине карай шашып басып кетти. Кыз кыйлага кыйылып туруп, анан араң ордунан козголду. Бирпастан кийин ал жанараакта жетип кайткан жерине кайра чыкты. Чөп баскан, дат баскан таштанды темир жолго түштү. Артында алсыз ай калды. Алдында, чөлдүн тээ ыраакы чегинен, жаңы күндүн кочкул кызыл жалыны көтөрүлүп келатты…

[1] «Курандан» алынды.