ГАПАРОВ Мурза: МУРЗА ГАПАРОВ: БУУРУЛ ТҮНДӨ ТУУЛГАН КЫЗ

АҢГЕМЕ

Абышка бир айдан бери сегиз жашар небереси менен Арсланбаптын түнт токоюнун адам буту басып бара элек жапайы төрүндө жаңгак терип жүрдү. Ал бул токойго жыл сайын келет. Бирок дайыма жалгыз. А бу жолу картаң бээсине учкаштырып, өткөн жылы кургак учуктан каза тапкан кызынын жалгыз баласын да ээрчите келди. Антпесе, жаш баланы алыскы тоо этегиндеги, ээн эски тамга жалгыз калтырып кетүү мүмкүн эмес эле.

Кеч күз болучу. Ой-кырын токой баскан тоолор, саргара бышкан бариктерден улам, вулкандар сыяктуу жалындап турат. Жаңгактар шактарынан эчак күбүлүп түшүп, аларды тынымсыз жаап турган бариктер көөмп калган. Алмалар да газан болгон. Алчалар жаңыдан күбүлө баштаган. Дарактарга жана аскаларга чырмалышкан жүзүмдүн мөмөлөрү өтө бышып кеткендиктен, бүрүшүп соолууга өткөн.

Абышка менен небереси кылымдар жашаган картаң, төбөсү менен көктү сүзгөн бийик, алты азаматтын кучагы жеткис жоон чынардын түбүндө: астыларына күзгү жер жазданып, үстүлөрүнө айлуу түн жамынышып жашап жүрүштү. Алардын терген жаңгактары да Ош менен Жалал-Абаддын базарларын күтүп, ой-дөбө болуп ошол жерде жатат.

Булар үйлөрүнөн эч кандай азык оокатсыз чыгышкан. Ошондуктан алар жалаң гана токойдун жемиштери менен оокат кылышчу: атайын жасалган учу айры таякчалары менен бариктердин арасынан жаңгак чукулашып жүрүп, туптунук сары алмаларды таап жешчү; төө менен тайлак сыяктанышып, алчалардын мөмөлөрүн сыдырышчу; чарчашса, олтуруп алышып жаңгак чагышчу; суусашса, жүзүмдүн ширелүү суусун сорушчу; бирок жүзүмдү көбүнчө эчкинин терисинен жасалган чаначтарына толтура эзишип, кийин аны беш-алты күн ачытып коюшуп, анан ичише турган. Жүзүмдүн ачытылган суусу ток тутчу. Ошондой эле кээде көңүлдү көтөрүп, шире кайп кылганга чейин бара турган.

Жаңгакты алар эртеден кечке чейин теришчү. А кечинде өздөрүнүн картаң чынарларынын түбүндө кургак шактардан улуу от жагышчу да, күңүлдөп сүйлөшүп олтурушуп, убакыт өткөрүшчү. Бул учурларда абышка небересине жомоктор айтат. Көргөн-билгендеринен ар түрдүү окуяларды сүйлөй берет. Бир жолу абышка небересине кызык аңгеме сүйлөп берип, анын көзүнөн ысык жаштар төктүрдү.

Бул күнү алар өздөрүнүн жата конокторуна адаттан тышкары кечигип келишти. Келишип, күндөгүдөй эле өздөрүнүн кечки турмуштарын башташты. Бала жака-белдеги дарактардын куураган шактарынан сындырып келип, от жагууга киришти. Таятасы жакын жердеги суунун аркы өйүзүнө өтүп, картаң бээси менен учурашты, анын жонуна, куйруктарына жабышкан чөп-чарды тазалады. Кийин кайра келип небересине от жагышты.

Бир пастан кийин кургак отун чатырап күйүп, улуу жалын кызыл жоолук сыяктуу булактап, бийикке атырылып чыкты.

— Эми чаначты алып кел,— деп буюрду абышка небересине, өзү оттун жанына мандаш урунуп олтуруп алып.

Бала газанга көмүлүп жаткан чаначты сүйрөп келди. Абышка шашпастан анын оозун чечти. Чаначтан ачыган жүзүмдүн кычкыл жыты буруксуп, быжырап кайнаган дабышы угулду.

— Түзүк,— деди абышка. Кийин чаначтын оозун түрүп узакка жутту.— Ох! Жакшы ачыптыр, жаныбар, ме…

Ал чаначтын оозун, өзүн жалдырап карап, тамшанып турган небересине тутту. Бала тооктун жөжөсү сымак мойнун узун созуп жатып, канганча шимирди.

Мына ушундан кийин абышка жегдесинин чөнтөгүнөн теспесин сууруп чыгып, аны жай тартууга киришти. Ошо эле учурда кыңылдап, өзүнүн эң жакшы көргөн ырын баштады:

«Мас булбул жол алды гүлүстөн жакка…»[1]

Ал чыгыштын классик акындарынан көп ырларды жатка билүүчү. Ал турмак өзү да бир убактарда араб алфавити менен сүйүү жана шарап, өмүр жана өлүм жүнүндө рубаилер жазган. Ал рубаилер чийилген дептерлер, чириген самандай саргайып, чаң басып, жаман үйдүн шыбында алиге чейин кыстарылып турат.

Абышка ырдаган рубаисинин аягына чыгып, аны кайрадан баштады. Балага анын бул ыры жат болучу. Ал күн сайын кайталана берип, аны жадатып бүтүргөн эле. Ошондуктан унчукпай ордунан туруп барып, чынарда илинип турган комузду алып келди.

Абышка муну түшүндү да, теспесин кайра чөнтөгүнө салып комузду колуна алды:

— «Бегарстан Тайшиниби?» — деп сурады ал небересинен.

Абышка кыргыздын көп эски күүлөрүн чертчү. Бирок балага алардын ичинен «Бегарстан Тайши» айрыкча жага турган. Ал аны күн сайын угуудан да жадачу эмес.

— А-а,— деди бала, таятасынын маңдайына олтура берип.

Абышка бир топко комузун күүлөдү. Анан небересинен:

— Айтып чертейинби? — деп сурады. Тиги чоң-чоң көздөрүн бакырайтып, таятасын таң калгандай карап калды.

— А анын айта турган окуясы да барбы?

— Ананчы. Эмне, мен сага айтып берелекминби?

— Жок, Сиз бардык күүлөрдү айтып чертчүүсүз. Бирок «Бегарстан Тайшини» бир да айткан эмессиз.

— Ошондой дечи. Анда угуп олтур.

II

Абышка токсон жашта эле. Бирок карылыгына карабай өтө сөөлөттүү көрүнүүчү. Анын жаактарын, ээгин каптаган өтө коюу сакалы да, башындагы сейрек чачтары да айлуу түндөгү кар сыяктуу агарып, алардын арасынан араң бөлүнүп турган картаң жүзү айдын бетиндеги кара такты элестетүүчү. Бийик жар сыяктуу көтөрүлүп турган өскүлөң, купкуу каштарынын астындагы караңгы үңкүрлөрдө жашынып жаткан көздөрү болсо карт арстандын көздөрү сыяктуу заар чачып тура турган.

Ал башын төмөн салып, бир топко өзүнүн черткенин тыңшап олтурду. Кийин баш көтөрүп барып, өзүн кунт коюп күтүп олтурган небересине карап, аңгемесин баштады:

— Илгери, илгери,— деди ал,— мына ушул эле биздин Арсланбаптын этек жагында Кара-Дарыя менен Нарын дарыянын чатында бир уруу кыргыздар жашаган. Алар ошол кездеги бардык кыргыздар сыяктуу эле эгин эккени эгин эгип, мал бакканы мал багып, оокат кылышкан. Урууга Акмат менен Бегмат деген эки бир тууган баш-көз болуп турушчу. Алар сүлкүлдөгөн жаш, өтө акылдуу мырзалар эле. Акмат менен Бегматты эл жакшы көрүшчү. Анткени алар эл менен ысык, суукту кошо көрүшүп, дайыма алардын камын ойлошчу.

Мына ушул ага-инилердин бир Мактым аттуу жалгыз карындашы болгон. О, тайлагым, мен сага айтып берсем, ал ушундай зирек, бүт ааламды кыдырсаң табылгыс сулуу кыз эле. Анын жүзү толгон айдай нур чачып, көздөрү мына бул төбөбүздөгү жылдыздар сыяктуу чачырап туруучу. Анын чачы ашык-кеми жок кырк кулач болучу, тайлагым. Албетте, бул кыялкеч боз балдардын түшүнө кирчү гана сулуулук. Бирок сен ишенгин, тайлагым. Мактым ушундай сулуу болгон.

Анын минтип өзгөчө жаралып калганынын себеби бар: ал буурул түндө туулган кыз эле. Ооба, боз кыроодо, кишинин баарын ачкан буурул түндөрдүн биринде.

Садагаң кетейин, ал ушундай бир касиеттүү түн эле: бүт аалам буурул тартып, асман ушундай тунук, ушундай жылдыздуу болучу.

Мына ушул түндө Мактым төрөлдү. Аны, апасы токойдун этегиндеги айылда, айылдын четиндеги бийик дөбөчөдө, дөбөчөдөгү жалгыз тамда төрөдү. Төрөдү да, жайың жанатта болгур, энеси каза тапты.

Бул күнү атасы жана агалары ууга кетишкен. Үйдө эч ким жок болучу. Ошондуктан наристенин төрөлгөнүн да, энесинин өлгөнүн да эч ким туйбады. Бирок кичинекей Мактым көпкө чейин кароосуз калган жок.

Ошол бийик дөбөнүн так этегинде бир жапжашыл көл боло турган. Бул көлгө дөбөдөгү үйдүн, көлдү курчаган токойдун, асманда сүзүп бараткан айдын сөлөкөттөрү түшүп турчу. А буурул түндөрдө, бул көлдүн жээгинде үрдүн кыздары сейил куруша турган.

Мына ошол үрдүн кыздары Мактым туулган күнү да көл жээгинде болушчу. Алар апаппак жылаңач буттары менен шүүдүрүм түшкөн чөптөрдүн үстүндө басышып, өздөрүнүн өтө уккулуктуу үндөрү менен ырдашып, көлдү айланып жүрүшкөн. Куураган купкуу шиберге алардын назик буттарынын издери калып, жапжашыл келген упузун, булуттай аппак сөлөкөттөрү түшүп, алар жай сүзүп, өздөрүн ээрчип жүрүштү. Бирок тайлагым, булардын бардыгын: үрдүн кыздарын, алардын издерин, үндөрүн өмүрүндө бир да күнөө жасабаган, бирөөгө жакшылыктан башка эчтекени санабаган бактылуу кишилер гана көрүп, уга алышмак.

Мына ушул үрдүн кыздары кокусунан наристенин үнүн угушту. Угушту да боорукер, сезгич жүрөктөрү жамандыкты туюшту. Ошол замат ырларын токтотушуп, дөбөдөгү үйгө алпаруучу жалгыз аяк кыя жол менен, суу ичип кайтышкан каздар сыяктуу тизилип алышып, жогору карай өрдөштү.

Ошентип, алар жардамга келишти. Келишип, өтө көп болушкандыктан кичинекей үйгө батышпай, жарымы тышта калышып, жарымы ичкериге киришти.

Үйдүн ичи караңгы болучу. Анын боорундагы терезе ордуна оюлган, төөнүн көзүндөй жалгыз тешиктен гана чубалган ичке жарык түшүп, жаңыдан төрөлгөн наристенин бетин жаркыратып турган.

Үрдүн кыздары киришип, өздөрүнүн назик колдору менен эненин бетин жабышты. Ыйлап жаткан наристени колдоруна алышып, аны биринен бирине өткөрүшүп, өздөрү тегеректеп турушуп, бир уккан киши өмүр бою бактылуу боло турган уккулуктуу үндөрү менен ырдап киришти. Аларга тышта тамды айланып жүрүшкөн жалгыз тешиктен узун моюндарын созушуп, карап турушкан башка курбулары да кошулушту.

Наристе бир паста басылды. Аңгыча таң атып кетти. Мактымдардын үстүнө, ошол айылдын жүз жаштагы эмчи кемпир туз сураганы кирди. Ал жез кемпир кейиптенген түрү суук кемпир болучу. А үрдүн кыздары түрү суук нерселердин бардыгынан коркушат эмеспи, алар үйдөн чуркап чыгышып, келген жолдору менен көлгө түшүп кетишти.

Кемпир иштин ал-жайына түшүнгөн соң, наристеге май жалатты, киндигин кести. Кийин элге, кыздын ата-агаларына кабар бердирди.

Абышка комузун бир паска тизесине коюп, эки колдоп, жанында сулайып жаткан чаначтын оозун ачты да, быжылдап кайнап жаткан жүзүмдүн суусунан канганча шимирип алды.

— Ох, ээн калгырдыкы,— деди ал,— чыныгы шарап болуп кеткен турбайбы. Ичесиңби?

Көздөрү караңгыдагы мышыктын көздөрүндөй жанып, жүрөгү туйлап олтурган небереси жооп берүүнүн ордуна:

— Анан эмне болду? — деп сурады.

— Анан,— деди абышка, комузун кайрадан колуна алып,— анан бир жаман иш болду.

— Жаман иш?..

— Ооба. Мен сага айттым эле го, Мактымдын чачы кырк кулач деп. Мына ошол чачын Мактым улуу дайрага гана жууй турган. Антпесе, кырк кулач чачты кантип жазып, кантип тарайт? Ал өзү жээкте калып, чачын сууга агызып жиберүүчү. Кырк кулач коюу чач кырк кулач жерге чейин чубалып, көбүктүү толкундар менен кошо буластап агып турчу. Анан аны жууга, бир уруу элдин бардык кыз-келиндери катышчу. Мактымдын чачы жуулчу күнү-түнү, дарыянын жээги кызыл-тазыл болуп, шаан-шөкөттүү көңүл ачууга айлануучу. Кырк кулач чач бир күн кечке жуулуп, эртеси кечке өрүлө турган.

Бир күнү Мактым ушинтип чачын жуудуруп олтурганда, анын бир тал чачы түбүнөн жулунуп, сууга агып кетти. Мактым жана кыздардын бардыгынын эстери чыгып, аны кармап калыш үчүн дарыяны бойлой чуркашты. Бирок суу өтө улуу болгондуктан, чач эч кимге туттурбай агып кетти. Мактым ыйлап, ыйлап кала берди.

Анын бир тал чачы көпкөк толкундар менен кошо ойноп, бир нече күндөр, бир нече түндөр тынымсыз акты. Ал нечен-нечен булбулдуу бактарды бойлоп, нечен-нечен гүлстан талааларды аралады. Суу жээгиндеги сейил курган кыздарды суктандырып, суу жээгинде кир жууган жубанды таң калтырып, суу жээгинде кайырмак салып олтурган боз баланы кыялга батырып, түрдүү бейтааныш жерлер, бейтааныш элдерди артка таштады. Акырында, ал бир жерге келип, суунун ортосунда суу ичип турган кандайдыр тулпар сымак, келишкен аттын бутуна урунуп, андан ары кете албай туруп калды. Ошол замат ага аттын үстүндө башын төмөн салып, кыялга чөмүлүп олтурган жаш сулуу жигиттин көзү түштү.

Жигит камчысынын сабы менен чачты эңип алды. Чачтын суудагы учун көрө албай таңданды. Ал кызыгып, чачты колуна түрө баштады. Чач болсо суудан чыгып жатат, чыгып жатат. Аты суу ичип бүткөнчө араң түрдү. Түрүп болуп этектей алаканын жаап калган капкара чачтын түрмөгүн, каухарды тиктегендей суктана тиктеп калды. Ал таттуу кыялга кетти. «Бул жөнөкөй кыздын чачы эмес,— деди ал.— Мунун ээси адамдын акылы жеткис сулуу болуу керек. О, кандай жигиттин бактысына жаралды экен бу кыз?»

Жигиттин аты Паиз эле. Ал калмактын тайшиси Бегарстандын бир кездеги баатыр жигиттеринин бири болучу. Каардуу жана митайым тайши анын сулуулугуна ичи тарып, өзүнүн хариминдеги аялдардын көңүлүн ага бурбас үчүн, жигитти эркек улактарды бычкандай бычтырып койгон. Азыр аны жортуулдарга да алпарбай, харимди гана кайтартып койгон.

Мына ушул себептен улам Паиз өмүрүндө аялга ашык болуп, ашыктыктын лаззасин тарткан эмес. Эми болсо кандайдыр бир алыскы жердин, бейтааныш элдин кызынын бир тал чачын алаканына түрүп алып, ал жөнүндө ар түрдүү кыялдарга батып, көңүлү чөктү. Оттой жанган жаш көздөрүнөн туптунук жаштар жылжып чыгып, алаканып дагы чачка, атынын коюу жалына тамчылады. Ордого капалуу келди. Атын атбагарга берип, ындыны өчкөн калыпта харимге кирди.

Бул эң кооз имараттын ичи толо кыз эле. Бардыгы бири биринен өткөн сулуу, жаш кыздар. Алар ар түрдүү элдерден, ар түрдүү жерлерден алып келинген.

Кыздар ырдашып, бийлешип жатыптыр. Бегарстан Тайши да ушул жерде экен. Ал кыздардын эң жашын, эң сулуусун тизесине олтургузуп алып, мүйүздөн жасалган идиш менен шарап ичип олтуруптур. Кыз байкуш шакектерге толгон назик колдору менен, анын бошогон идишине, мойну турнанын мойнундай узун гезеден шарап куюп берип, а Бегарстан Тайши аны ичкенде, анын муруттарына тамган шарапты сүртүп коюп олтурат.

Паиз тыштан киргенде, тайши аны сүзүлгөн мас көздөрү менен карады. Ошол учурда Паиздин колундагы чач анын көңүлүн бурду. «Эй, сен эмне аттын куйругу менен кирдиң, бул жерге?» — деп ачууланды ал.

«Бул аттын куйругу эмес, таксыр,— деди жай гана. — Бул аялдын чачы. Болгондо да бир тал чачы».

Ошентти да, тайшинин маңдайына басып келип, чачты чубай баштады. Чачтын узундугун көрүп, тайшинин оозу ачылып, колундагы шарабы чайпалып, кыздын жылаңач көкүрөгүнө төгүлүп кетти.

«Аялда мындай узун чач болбойт, акмак!»—деп кыйкырды ал.

«Болушу мүмкүн таксырым,— деди Паиз.— Албетте, мындай чач үрдүн кыздарындай сулуу кыздарда гана болушу мүмкүн».

Бегарстан тайшинин кызыгуусу артты. Ал тизесиндеги кызды тургузуп жиберип, Паиздин колунан чачты жулуп алды.

«Сен ошондой деп ойлойсуңбу?»— деп сурады ал.

«Ооба», — деди Паиз.

«А сен бул чачты кайдан таптың?» — Паиз чачты кантип тутканын айтып берди.

«Мм… андай болсо жигиттердин бардыгына айт: аскерлерди алыскы жолго даярдашсын. Мен бул чачтын ээсин, издеп чыгам»,— деди тайши.

Ошентип, тайлагым, Бегарстан тайши өзүнүн көп сан аскерин баштап, чач агып келген сууну бойлоп, чач агып келген жакты бет алып күндөп, түндөп жол жүрүүгө чыкты.

III

Абышка комузун кайрадан тизесине коюп, кайрадан чаначты көтөрдү. Жүзүмдүн кара кочкул суусу анын купкуу сакалынан ылдый жорголоп, тизесине тама баштады… Бирок абышка сакалын да, тизесин да арчыган жок.

— Ичесиңби? — деп сурады ал небересинен.

Небереси унчукпай чаначтын оозун буруп, каалаганча жутуп алды. Оттун жалыны пастап, чокко айланып бараткан. Абышка жыгач көсөө менен анын айланасын чогултумуш болуп койду да, комузун кайрадан колуна алды.

— Бир күнү Акмат менен Бегмат ууга кетишкен,— деди ал небересинин, кыпкызыл чоктун дөбөчөсүнө чагылышып турган көздөрүнө карап. — Мактым келин-кыздарга чачын өрдүрүп суунун жээгиндеги майданда олтурган.

Мына ушул учурда күтпөгөн жерден жер дүңгүрөп, алыста-алыста келаткан аттардын дүбүртү угулду. Жабылып карашса, суунун аккан жагынан, күндүн баткан жагынан капкара тумандай удургуп, сан жеткис атчандар чаап келатышыптыр.

Мактымдын жүрөгү дароо жамандыкты сезди. Ал өзүнүн карышкыр көргөн койлордо тынчсыздана башташкан курдаштарына, эже-жеңелерине кайрылып:

«Мага эркекче кийим жана менин атымды алып келгиле»,— деди.

Мактымдын агалары энчилеп берген, Чоң тору аттуу келишкен күлүк аты бар боло турган. Бир паста кыздар ошол атын жана бир сыйра эркекче кийим алып келип беришти. Мактым башына эркектин тебетейин, бутуна өтүгүн кийди. Үстүнө чапанын желбегей жамынып, өрүлүп бүтө элек чачын экиге бөлдүрүп, ошол чапандын жеңдерине тыктырды. Чапандын жеңдери дыгдыйып, үйлөгөн чаначтай болуп чыкты. Кийин Мактым Чоң торуга минди да, куюндай кызып токойлуу тоолорду көздөй жөнөдү.

Бул тапта калмактар да айылга келишип калды. Бегарстан тайши качып бараткан атчанды көрүп, андан шек санады көрүнөт, анын артынан бир топ аскерлерин жиберип, өзү калган аскерлери менен айылда калды.

Жаныбар Чоң тору колунан келгенче чуркады. Ал көпкө чейин калмактарга караандатпай жүрүп олтурду. Бирок… тагдырдын жазганы ошол болсо керек, ал ээсин куткарып кете алган жок.

Жолдун далай жерине барганда, Мактымдын чапандын жеңдерине каткан чачтары жеңдердин учтарынан чубалып чыгып кетип, аттын буттарына оролушуп калды. Бечара Чоң тору чатыштап чуркай албай, бат эле калмактарга жеткирип койду.

Калмактар Мактымдын колу-бутун өз чачы менен өз ээрине чырмашып, айылга кайра алып келишти.

Бегарстан тайши жакын жигиттери менен Мактымдардын үйүндө шарап ичип олтуруптур. А анын кутурган аскерлери жана бектери айылдарды чабышып, алардын мал-мүлкүн талашып, кыямат-кайым түшүрүп жүрүшөт. Аттардын дүбүртүнөн жер титирейт. Катын-баланын ыйынан аалам жаңырат.

Мактымды алып киришти. Бегарстан тайши анын сулуулугун көрүп өңгөчүн тартты. Көздөрү ач карышкырдыкындай жанды. Колдору безгектей калтырап, идиштеги шарабы чайпала баштады. «О, мындай сулууну түнгүмдө да көргөн эмесмин!» —деди ал. Кийин жигиттерине кайрылып:

«Тарткыла атты!» — деп буйрук берди.

Ошентип, тайлагым, Мактымдай сулууну, Чоң торудай күлүктү, үйүр-үйүр жылкы менен, толгон-толгон байлыкты олжолошуп, калмактар келген жолдоруна түшүштү. А, эл-журт ыйлап-сыктап кала берди.

Бул күнү калмактар кечке жол жүрүшүп, кечинде бир учу-кыйыры чексиз шибердүү жашыл талаага конушмак болушту. Аттарын тушап, отко коюп жиберишти. Ар-ар жерге үй тигишип, казан асышты.

Мына ушул мезгилде, алардын конушуна, өздөрүнүн көп эмес аскерлерин башташып, Мактымдын агалары келип жетишти. Алар Бегарстан тайшиден карындашын кайтарып берүүсүн талап кылышты. Бегарстан тайши ордунан да турган жок, эшикке да чыккан жок. Каткыра күлүп, мындай деди: «Карындашыңардыбы? Болуптур. Бирок силер, адегенде менин мына бул шартымды аткаргыла».

«Айт шартыңды!» — дешти бир туугандар.

«Шартым жөпжөнөкөй: силер өз аскериңер менен менин бүткүл аскеримди кырып чыгасыңар. Алар силерге каршылык көрсөтпөй туруп беришет».

«Эмне экен, — дешти бир туугандар, — кырабыз!» Анан кыргынды башташты, тайлагым. Батыш тарапта кыпкызыл болуп жалындап, өтө чоң, тегерек күн олтуруп бараткан. Ошонун нуру астында кырышты. Туптунук кең асманга, байчечекейдей жадырап, жылдыздар чыгышты. Алардын нуру астында кырышты. Бүт чыгышты кочкул кызыл нурга боёп ай көтөрүлдү. Айдын да нуру астында кырышты. Жылдыздар тарап, ай батты. Таң нурунда кырышты. Чабышып жатып кылычтары мокоду, тайлагым. Сайышып жатып, найзалары мокоду…

Абышка бир азга аңгемесин токтотуп, башын төмөн салып комуздун өзүн гана чертип калды. Кийин өзүнүн карт үнү менен комузун коштоп, муңдуу ырдай баштады:

«Шагылдан шагыл Шагылдың ташы
Шагырап калды калмактын башы…»

— Бирок,— деди анан, бирпастан кийин башын көтөрүп, эртесинде карашса, калмактардын чети да оюлбаптыр. Алар ушунчалык көп эле, тайлагым.

Бир туугандардын аргалары түгөнүп, тагдырдын жазганына макул болушту. Коштошордо, Мактым агаларыдын алдына чыгып: «А мүмкүн кудай кулум десе, мен эптеп качып, кайрадан өз жерибизге келип калармын. Мен анда силерди кайдан табамын?» — деп сурады. Ошондо улуу агасы Акмат карындашына мындай деген экен:

«Жазында жайлар Жаз-Жерим, Мактым,

Жазында качсаң андан бир тапкын.

Күзүндө күздөр Күрөбөс, Мактым,

Күзүндө качсаң, андан бир тапкын.

Кышында кыштар Кызыл-Таш, Мактым,

Кышында качсаң, андан бир тапкын».

IV

Ошентип тайлагым, ай нурлуу Мактым кыз, алты атасы көрбөгөн жерине барып, Бегарстан тайшинин харимине туш келди. А Бегарстан тайши… кызды аяк асты кылды. Сен эмне, уйкуң келип жатабы?

— Жок. А, Мактым качам дебеди беле?

— Качты, албетте. Бирок көп күндөр, көп айлардан кийин.

Аны Паиз качырды. Баягы бычылган жигитчи? Ошол. Бечара, Мактымды бир көргөндө эле, ага ашык болуп калган болучу. Бирок андан эмне пайда? Тагдырына тан берип жүрө берди. Ал Бегарстан тайшини жек көрчү, Мактымды аячу. Мактымдын өз элинен бегане болуп, бирөөнүн элинде, бирөөнүн жеринде мусапырчылыкты тартып калганын көүп, өзүн күнөөкөр саначу. Чын эле, ал Мактымдын агып бараткан чачын кармап калбаса, мындай иштер болмок эмес да.

Мына ошол Паиз бечара, бир күнү кечинде, ордонун ичиндеги жасалма көлдүн четинде олтурган Мактымдын жанына басып келди. Мактым капалуу болучу. Ал көлдө сү3үП бараткан айды карап олтуруп, өзүнүн жерин, өзүнүн элин эстеп ыйлап жаткан. Паиздин көлгө түшкөн сөлөкөтүн көрүп, селт этип бурулуп карады.

«Сиздин ушул күндөргө кириптер болгонуңузга мен күнөөлүүмүн,— деди Паиз. — Сиздин алдыңыздагы өз күнөөмдөн кутулуу үчүн мен эмне кылышым керек?» Мактым эч нерсеге түшүнбөй аң-таң болду. Паиз бардыгын айтып берди:

«Болуптур,— деди Мактым,— эгер сен менин бир шертимди аткарсаң, күнөөңдү кечиремин. Сен мени качырышың керек».

Паиз бул шертти жан-дили менен аткармак болду.

Ушул түнү эл уктаган ченде, токулган эки атты жетелеп, Мактым менен Бегарстан тайши уктоочу үйдүн бурчуна келди. Уктабай жаткан Мактым аттын дүрбүртүн укту. Угуп, уйкудагы тайшини ойготпой, анын койнунан суурулуп чыгууну ойлоду. Бирок бул өтө кыйын болду. Анткени тайши уктаганда дайыма эки колдоп, Мактымдын жылаңач көкүрөгүн мыжыгып алып уктоочу. Жакшы, Мактым мурдатан өпкөгө сүт куйдуруп, жаздыгынын астына катып койгон эле. Ал аны акырын Бегарстан тайшиге мыжыктырып койду да, өзү суурулуп чыкты.

Ошентип, Мактым менен Паиз экөө эки дулдулду — Мактым өзүнүн Чоң торусун, Паиз Бегарстан тайшинин атын минип алышып, алыскы жолго чыгышты.

Алар түн бою тынымсыз чапкылашып олтурушуп, таңга жуук чоң дайрага туш келишти. Дайранын күпүлдөп кирген мезгили болучу. Дулдул деген аттарыбыз андан араң-араң өтүштү. Дарыянын аркы өйүзүнө өтүшкөндөн кийин Паиз кайтмакчы болду.

«Сиз эми коркунучтан өтүп алдыңыз,— деди ал.— Мен минген аттан башка Бегарстан тайшинин эч бир аты бул суудан өтө албайт. А бул атты мен эми анын колуна тийгизбейм…»

«Мен сага абдан ыраазымын,— деди Мактым,— айтчы, Паиз, кылган жакшылыгың үчүн сен менден эмнени каалар элең?» Паиз Мактым менен түбөлүккө коштошуп жатканын түшүнүп, көзүнө жаш алып туруп мындай деди: «Мен өмүрүмдө кишилерге жакшылык кылган жан эмесмин. Бала элем. Жортуулдарда жүрүп чоңойдум. Эл чаптым, алардын мал-мүлкүн таладым, катын-баласын ыйлаттым. Мына азыр биринчи жолу адамга, бир адамга жакшылык кылып олтурам. Мен эми өз турмушума ыраазымын. Мен өмүрүмдө бирөөнү сүйүп көргөн жан эмесмин. Мына биринчи жолу сүйүп, айыпка буюрбаңыз, сизди сүйүп олтурам. Мен эми өз тагдырыма ыраазымын. Мага эчтекенин кереги жок, Мактым. Бирок сиз менен биз эми эч качан көрүшпөйбүз да. Ошондуктан сизди дайыма эстеп, дайыма сүйүп, дайыма ыйлап жүрөйүн, бир тал чачыңызды тартуу кылыңыз».

Мактым Паиздин бычылып калганын билчү. Бирок анын сүйүүсү жөнүндө биринчи жолу угуп олтурат. Ал Паизди аяп, урматтап карап турду да, кийин так мандайынан бир тал чачын жулуп Паизге сунду. Паиз Мактымдын колунан эң кооз каухар алып жаткансып, көздөрү жанып, чачты калтыраган колдору менен алды да, аны түрүп, түрүп койнуна салып алды. Кийин жанындагы кылычын кыны менен чечип, аны эки колдоп Мактымга сунду.

«А сиз менин кылычымды алыңыз,— деди ал.— Мага эми анын кереги жок. Жортуулга чыгып жоо чаппайм. Эрөөлгө чыгып, эр сайбайм. Өмүрүмдүн калган күндөрүн кылычсыз жашагым келет. Башым ооган жактарга кетем… Атым баскан жактарга…» Биздин Мактым, жүрөгүн туйлаткан ыраазылык менен кылычты алып, белине тагынды.

«Рахмат, Паиз! — деди ал.— Мен сиздин жакшылыгыңызды көзүмдүн тирүүсүндө унутпаймын. Жакшы калыңыз».

«Жакшы барыңыз», — деди Паиз. Кийин атын дарыяга салып, аркы өйүзгө өтүп кетти…

Суунун жээгинде Мактым жалгыз калды. Ал өзүнүн да, атынын да чарчаганын сезип, көк ала майданга жатып эс алып, атын откоруп алмакчы болду. Ошентип жатып, уктап кетти. Арадан аламжан убакыт өттү. Бир маалда ойгонуп караса: дарыянын аркы өйүзүн бойлоп, чубалган сансыз атчандар чаап келатышыптыр. Мактым алардын Бегарстан тайшинин аскерлери экенин билди. Бирок атына мине калып качкан жок. Баары бир тигилер көп болучу: куушса жетишип алмак. Ошондуктан Мактым өз бактысын сынагысы келди. Мүмкүн, Паиз айткандай, Бегарстан тайшинин бир да аты суудан өтө албастыр?

Калмактар Мактымдын тушуна келип токтошту. Алдыда Бегарстан тайши.

«Мактым, кайт артыңа!» — деп кыйкырды ал.

«Макул кайтайын,— деди Мактым.— Бирок шартым бул: аскерлериңдин бардыгын сууга салып көр. Эгер бирөө жарымы өтүп келишсе, мен кайтайын».

Бегарстан тайши буга макул болуп, бүткүл аскерин сууга салды. Суунун бетин ат менен адам көрсөтпөй калды. Бирок алардын эч кимиси Мактым турган жээкке өтө алышпады. Аскерлердин бардыгы тооктун жөжөлөрү аккандай, өздөрү келген жакты көздөй агып кетишти.

Жээкте жалгыз Бегарстан тайши калды. Ошондо ал ызасына чыдабай, акыркы болуп сууга түштү. Анын аты бир топ күчтүү ат болучу. Ошондуктан, кыйналып-кысталып болсо да, жээкке жакындай баштады. Мактым чочулап калды. Бирок анын бактысы бар экен, жээкке жакын калганда, тайшинин аты мүдүрүлүп кетип, көчүгү менен сууга олтуруп, суудан кулагы гана чыгып калды. Ошондо тайши күтпөгөн жерден сууга өзүн таштап, жээкти көздөй сүзө баштады.

Мактым жээкке жакын келип, аны карап турду. Бетарстан тайши эптеп сүзүп келди. Эми суу жээгиндеги ташка тырмышып, алы куруп токтой калды. Ошондо Мактым Паиз берген кылыч менен анын башын ыргыта чапты. Тайшинин оор денеси сууда калып, башы көк ала майдандагы өскүлөң чөптөрдүн арасына тоголонуп кирип кетти.

Ушинтип, Мактым Бегарстан тайшиден кутулду. Бирок таптакыр эмес, тайлагым. Мактым Чоң торусуна минип жөнөгөндө, жанагы тайшинин башы да ээрчип жөнөдү…

Ушундай, тайлагым. Ал баш Мактымды ээрчип, кечейин-күндүз жол басты. Ал баш куду Мактым келген Жаз- Жериме чейин келди. Ал турмак. Мактымдын артына, агасынын үйүнө, жеңесинин төрүнө ээрчип кирди.

Ошондо Мактымдын айласы түгөнүп, заары кайнап чыгып, башты тышка карата бир тепти. Бирок баш тоголонуп кетүүнүн ордуна… оркойгон сөөктөрүн Мактымдын бутуна батырып-батырып алды.

Бул болсо, тайлагым, Мактымды кара сан оорусуна айландырды. Кийин-кийин… Мактым ошол оорудан каза тапты!..

V

Абышка аңгемесин токтотуп, адатынча башын төмөн салып, бир топко комузун муңдуу-муңдуу чертип алды. Анан башын кайра көтөрүп, небересине:

— Жаш кезимде,— деген сөз менен кайрылды,— раматылык чоң энеңди алып качып келатып, ошо Жаз-Жерим жайлоосунда түнөп калдык, Ошол жылы, негедир Жаз-Жеримде айыл жок экен. Жайдын түнү. Айдың. Айланабыз араласаң адаша турган жаңгактуу токой. Жака-белибиз коюу карагат, чаташкан жүзүм.

Биз чарчаган аттарыбызды отко коюп, өзүбүз шиберге суналып-суналып жата кеттик. Бир оокумда курсагыбыз ачты. А жей турган эчтекебиз жок. Экөөбүз тең ордубуздан туруп, карагаттардын шактарын ийип, алардын бариктерин улак сыяктуу киртилдетип жеп кирдик. Бир маалда чоң энең раматылык: «Апа!» — деп кыйкырып эле, мени кучактап калды. Карасам, жаныбызда, үстүлөрүн ак гүл баскан жалгыз мүрзө турат. Мүрзөнүн башында чоң-чоң таштар, а аягында… адамдын купкуу баш сөөгү жатат. Сөөктүн ичинде болсо, уюлуп жаткан жыландын көздөрү жылтырайт.

Ошондо, эсиме раматылык чоң атам айтып берген ушу «Бегарстан тайшинин» баяны түштү. Ким билсин, чын эле ошол мүрзө Мактымдыкыдыр. Чын эле ошол баш Бегарстан тайшиникидир. Аны мен ушу күнгө чейин биле албайм.

Биз чоң энең экөөбүз кишилерден уккан, мүрзөнүн жанына түнөсө киши тынч уктайт деген сөздөрдөн улам, жанагы мүрзөнүн жанына түнөдүк.

Ырас эле, чоң энең жакшы уктады, раматылык. Бирок негедир менин уйкум качып, таң атканча кирпик ирмегеним жок. Ошондо уктабай жатып, мен бир кызык нерсени байкадым: түн ортосунда кулагым кандайдыр назик, кандайдыр адамдардын үнүнө окшобогон, сулуу үндөрдү уктум. Секин башымды көтөрүп карасам, бизди курчаган карагаттар менен жүзүмдөрдүн шактарынын арасынан үрдүн кыздары шыкаалашып туруптур. Алардын туруш-турмушу: жылаңач буттары да, назик колдору да, узун көйнөктөрү да апаппак, айдын нуру түспөлдүү.

Мен алардын сулуулугунан демим кыстыгып, ордумда былк этпей катып калдым. Ушул учурда күтүлбөгөн дагы бир иш болду: мүрзөнүн аягында жаткан куу башка жан кирип, мүрзөнү айланып, жай тоголоно баштады. Баштын ичинен жылан ышкырып жүрдү.

Тайлагым, мен көз ачып жумганча үрдүн кыздарын таппай калдым. Ошол бойдон алар таңга жуук гана бир жолу келишип, кайрадан куу сөөктөн куугунтук жешип кетишти… Сен, эмне, уктап калдыңбы?

Бала унчуккан жок. Ал өчүп бараткан отту бет алып, кырынан түшүп жатып алган. Анын чала жумулган кирпиктеринин арасынан ысык жаштар жылжып аткан. Бирок абышка муну байкаган жок. Ал небересин уктап калган экен деп чечип, аңгемесин да, комузун да токтотуп, көсөөнү алып жаңыдан от жакканы киришти.

Ушул учурда токойдун чыгыш тарабынан өтө улуу, кыпкызыл жалын көтөрүлө баштады.

«Ай…» — деди абышка кыялдуу түрдө. Кийин кургак шактарды сындыра олтурганча, жай, күңкүлдөп ырдай баштады:

«Мас булбул жол алды гүлүстөн жакка»…

1964

[1]Омор Хаямдан.