ГАПАРОВ Мурза: МУРЗА ГАПАРОВ: ТҮШ

АҢГЕМЕ

I

Акун жумшак килем жол менен үнсүз басып, караңгы каридордун түпкүрүндө кичинекей танкалар сыяктуу дүмпүйүп турушкан машинкаларга келип, алардын бирөөнүн үстүнө, өзүнүн эртеңки күнү кете турган репортажынын кол жазмасын таштап, кийин караңгы тепкичтер менен мүдүрүлүп жатып ылдый түштү.

Вестибюль жарык экен. Ал жерде, бүгүнкү берүүлөрдө катыша турган бир топ артисттер гримделген кейиптери менен ары-бери басып жүрүшүптүр.

Акун гардеробдон пальтосу менен шляпасын алып кийип, эшикке чыкты.

Күн кечтеп, сырт жактан шаарды көздөй кара каргалар чубап келип жатышкан. «Дагы бир күн…»— деди Акун, каргалардын кербенин кыялдуу карап.

Кийин телестудиянын короосунан чыгып, Дзержинский бульвары менен жогору басты.

Кеч күз болучу. Бульвардагы дубдар, бариктери өтө саргара бышкандыктан, жалындап бараткандай көрүнүп, алардан бульварга жоогазын гүлүнүн сапсары чаңы түспөлдөнгөн назик нур себилип турат. Бариктер болор-болбос шамалга үзүлүп, жерге түшкөнчө көпкө чейин авада кыялдана оюн салышып, акырында, алтын көпөлөктөргө окшоп, жерге жеңил-желпи конуп жатышат. Асфальт да, анын эки тарабындагы жашыл майдан да калың газанга көмүлгөн.[1]

Бульвар газан жана каргалардын кыгы жыттанат.

Калың газанды шуудурата басып келатып, негедир Акундун көңүлү көтөрүлдү. Туулуп өскөн жерин эстеди. Ал жерде да азыр күз. Атасынын багында өрүктөрдүн лимон жана анар түспөлдөнгөн бариктери самсаалап жаап турат… Бир кезде ошол бакта, бөздөн ыштан, жейде кийген, килем топучан бир бала өзүнүн эчкилерине узун чыбыгы менен газан күбүп берүүчү эле. Бакка дайыма ферманын эки картаң жоош төөлөрү да келе турган. Бирок төөлөр негедир бала каккан газандан жешпей, моюндарын узун созушуп, шактарды сыдырышчу.

Ох, азыр да ошол күзгү бакка барып, эчкилери менен ынтымактуу эки төөгө газан күбүп берчү болсо!.. Жок, эми кеч болуп калды. Албетте, кеч болуп калды.

Ал Панфилов паркына бурулду. Негедир вино ичкиси келип кетти.

Парктын кире беришинде жана ичинде жаштар котолошуп турушуптур. Эстрадада начар оркестр ойноп, бий аянтында чарлестон бийленип жатат.

Дарактардын түбүндөгү жайкы кафеде болсо киши аз экен. Акун бир шише «Мускат» алды да, ээн турган столго барып олтурду. Ал, столдун үстүн сапсары бариктерден тазалап, калың стаканга вино куйду.

Ушул учурда бир стакан кофесин көтөрүп, анын маңдайына отуздар чамасындагы чырайлуу, бирок картаюуга өткөн аял келди.

— Мен сизге жолтоо болбоймунбу? — деди ал, сылыктык үчүн атайы жылмайып.

— Жо-жок. Олтура бериңиз, — деди Акун, аялдын ошончо бош столдор туруп, анын столуна келгенине түшүнбөй.

Аял жеңил көк пальтосунун этегин кайрып, ага жанаша олтура кетти.

Акун виносун ичти. Кийин төбөсүн карап, жатар конок издеп, уйгу-туйгу учуп жүрүшкөн каргалардын аппак курсактарын көрдү. Коргошун түспөлдөнгөн жапыс асмандын фонунда, алар жазгы сууларда сүзгөн форелдер сыяктуу болуп көрүндү.

Акун бир топко алардын кейиштүү, ачуу үндөрүн тыңшап олтуруп, аларды аяп кетти.

— Өтө суук болуп турат, — деди аял.

— Угу, — деп макул болду Акун, бурулуп аялдын чоң-чоң кара көздөрүнө карап. Анан анын ысык стаканды мыжыккан колдоруна назар салды. Арык, бирок тарамыштай катуу колдор ээсинин түйшүкчүлдүгүн кабарлап турду. Акун кайрадан аялдын көзүнө карады. Анын көздөрү ага жагып кетти.

Ушул учурда алардын столуна бир барик учуп түштү. Аял аны ала койду.

— Күз, — деди ал, — кеч күз…

Акун аялдын аны менен сүйлөшкүсү келип турганын байкады. Эмне экен, ал бүгүн өтө боорукер болуп турат, сүйлөшө берет. Ал аялга ажарлуу жылмайды.

— Суук күз, — деди ал.

Кийин аялдын колундагы барикти кыялдуу карап, мындай деп улады:

Кандай суук күз, деги!

Кийинип желегиңди, салынчы ак шалыңы.

Карасаң, карарган карагайлар арасынан.

Келатат көтөрүлүп ай жалыны. [2]

— Чын эле, — деди аял, дарактардын карарган шактарынын арасынан көтөрүлүп келаткан өтө чоң, кыпкызыл айды көрүп.

— Келиңиз, вино ичебиз,— деди Акун, белгисиз бир кубаныч менен, дале айды ойлуу карап турган аялга,— болбосо ай чыкпай коёт.

Ал аялдын бошогон стаканын өзүнө тартты.

— Ой… мага аз эле.

Акун стакандарга толтура вино куйду.

— Эмне үчүн ичебиз?— деди аял.

— Ай үчүн, — деди Акун. Кийин өзү баштап ичип жиберди.

Акун дагы вино алып келип, экөө көпкө ичип олтурушту. Акырында кафени жабууга камданышып, кызматчы аял стулдарын буттарын жогору караткан калыпта столдордун үстүнө чыгарууга киришти. Бий да бүтүп, парктын чырактары өчө баштады.

— Эми кетели, — деди Акун. — Сиз кайсы жакты карай бет аласыз?

Аял аны таңдана карады.

— Мен… Мен шаардын сыртына кетишим керек.

— Шаардын сыртына?

— Угу, — деди аял, дале Акунду таңдана карап.

— Оо! Эми ал жакка автобус жүрбөй калбадыбы? Эмне үчүн мурдатан айтпадыңыз?

— Мм… Мен…

— О-о… — деди Акун, аялдын жаңылышканын түшүнө коюп. Ал бир паска ойлонуп калды.— Билесизби… Мен жалгыз турамын, эгер жамандык ойлобосоңуз, меникине түнөп калсаңыз да болот.

Аял сырдуу жылмайды. Бул анын макулдугу болучу.

«Ох, арбай ургурдуку, — деп сөгүндү ичинен Акун, — бул мени дагы башкача түшүнүп алды».

Экөө караңгы паркты аралашып, дарактардын учундагы каргалардын уйку-соодо чукуранышканын тыңшашып, жай, үнсүз-сөзсүз басып көчөгө чыгышты. Көчөдө элдин аягы суюлуп, алыста, шаардын жеген-ичкенин тартып бараткан сасык арабалардын кербени бүлбүлдөп, аттардын асфальтка тийген туяктарынын «как-как», «как-как», «как-как» деген жаңырыгы келип туруптур…

II

Кичинекей коридор дайымкысындай караңгы эле.

— Абайла, — деп эскертти Акун өзүнүн жаңы таанышын.— Бул жерде ийдиш-аяктар бар.

— Фу! — деди аял, ачыган капуста, помидорлордун кычкыл жытын сезип, — бул эмне, ашканаңбы?

— Үй ээсиники. Акырыныраак сүйлө…

Ал караңгыда көпкө күймөнүп жатып эшигин ачты. Бөлмө өтө тар, суук болучу. Анын бар болгону бир кроват менен кичинекей жазуу столу ээлеп, китептери туш келди жерде чачылып жатат.

— Ичикий, — деди аял ийиндерин куушуруп.— Бул суурдун ийинине канчадан төлөйсүң?

— Он беш сом,— деди Акун. — Кана уктайбызбы же печкеге от жагайынбы?

— Уктайбыз, — деди аял эстеңкиреп. Анын коюу кирпиктеринин арасынан жаш чыга түштү.

— Анда чечине бер, — деди Акун.— Кийимдериңди кроватка ил. Көрүп турасың го, илгичим да жок.

— Эчтеме эмес. Эшигиңди бекемирээк жаап койчу, сасык жыт келип жатат.

Акун эшикти бекем жаап койду.

— Жууркан менен шейшептин бирин мага кой,— деди ал кийин.

— Эмне үчүн? — Аял таңдана сурады.

— Жатпаймынбы?

— Ме…— Аял Акундун көздөрүн ойлуу карап туруп калды: — Эй, — деди анан бир оокумда жай,— кел, бирге эле жата беребиз. Эми бөлөк жатабыз деп, сенин ушу жарыбаган төшөнчүлөрүңдү да бөлүшөлүбү? Антсек, экөөбүз тең тоңуп калабыз.

— А…?

— Кудай кечирет.

Акун аялды бирпаска телмирип карап туруп, кийин стол жакка бурулуп кетти. Столдо али жазылып бүтө элек аңгемесинин кол жазмасы жаткан. Кол жазманын бетин жука чаң басып калыптыр. Акун аны акырын үйлөдү да, анан көзүн жуумп, өз каарманын акыркы жолу кандай абалда калтырганын, анын өңү-түсүн элестетүүгө тырышты.

Бирок анын көзүнө аңгемесинин каарманы эмес, дарыканада иштеген ак халатчан кыз элестеп, кулагына, анын мындан эки жыл мурда айткан:

«… А бул дары болсо кулагыңыздагы шуулдаган үндү жоготуу үчүн. Күн сайын кечки тамактан кийин бир кашыктан ичесиз» деген сөздөрү угулду.

Акундун көздөрү пар ачылды. Эми кулагына пружиналардын кыйчылдаганы, топчулардын кроваттын буттарына тийип чакылдаганы угулду.

«Кечки тамактан кийин бир кашык» — деп шыбырады ал ичинен. Кийин столдун артынан бутылка менен кашыкты алып, аялга байкатпай туруп суюк дарыдан бир кашык жутуп алды. Анын көңүлү айныды. Көзүн жумду. Бул жолу анын сол кулагында кандайдыр токой шуулдап, оң кулагына алыста-алыста, жердин түпкүрүндө агып жаткан дайранын шоокуму келди. «Тамактан кийин бир кашык…— деп шыбырады Акун шашып-бушуп,— эки жерде эки төрт. Эки жерде эки төрт. Ата, атка така как. Ата, атка така как! Ата…»— Фу! — деди аял арт жактан— төшөктөрүң абдан муздак экен.

— Ооба. Чечинип бүттүңбү?

— Угу.

Акун чыракты өчүрдү. Кийин өзү да чечинип төшөккө кирди. Анын денеси муздак төшөктөн үркүп, мурду аялдын жытын сезди. А кулактарында кайрадан токой шуулдап, алыскы дарыя ырдай кетти.

Акун андан өзүн алаксытууга, аны укпоого аракет кыла баштады.

— Бир нерсе сүйлөчү — деди ал, чын ыкласы менен өтүнүп. — Кудай жалгагыр, сүйлөй жатчы.

— Эмне болду, сүйүктүүм?

— Эчтеке. Сүйлөчү?

— Эмнени сүйлөйүн?

— Эмне болсо, ошол болсун. Мисалы, өзүң жөнүндө. Өзүң жөнүндө, каухарым…

— Эмне дедиң? Кайталасаң?

— Каухарым, — деп кайталады Акун. Анан ал бул сөздү дайым Саадатка гана айтып жүргөнүн, азыр болсо кокусунан гана оозунан чыгып кеткенин сезе койду.

Аял кичинекей күчүк сыяктуу эркелеп, жылуу тумшугу менен Акундун кылдуу жаактарын түрттү. Анын жылуу денесинен Акундун денеси дүркүрөдү.

— Сүйүктүм… — деп шыбырады аял саалдан кийин. — Сага чейин эч бир эркек мени минтип атаган эмес. Каухар… Бул өтө эле таза зат, сүйүктүүм. А менде эч кандай тазалык калган жок. Ал мага ылайыксыз… Ошентсе да, сенин айтканың унут калган жакшы обон сыяктуу угулат. Каухарым…

— Каухарым, — деп шыбырады Акун, аялдын коюу кара чачтарына жүзүн жашырып. Анан өзүн өзү тыңшап, токойдун шуулдаганын, алыскы дарыянын обонун укту.

— Ох!.. Сүйлөчү… Сүйлөчү өзүң жөнүндө.

— Макул. Ук эмесе. Атым — Анар. Пенко-джугутта иштеймин… Ой, койчу, мунун эмнесин угасың?

Токой шуулдап, алыскы дарыя өз обонун ырдап жатты.

— Дагы, — деди Акун.— Дагы, каухарым…

— Ах…

Аял башын Акундун ийнине кынап, оң колу менен анын чачтарын уйпалап, кайрадан анын чатыштарын жазып эрмек кыла баштады.

— Эмесе, уктайлы.

— Уктайлы? — Аял таңдана сурады.

— Эмне, сенин уйкуң келелекпи?

— Мм… Келди…

Экөө көпкө унчугушпай жатышты. Бир маалда Акун өз көкүрөгүнө тамчылаган ысык жашты туйду.

— Сага эмне болду? — деп чочуп сурады ал. Аял эми өксүп-өксүп ыйлай баштады.

— Эчтеке… эчтеке эмес, сүйүктүүм.

Аял башын көтөрүп, көз жашын сүртүндү.

— Негедир сен мага, бир түндүк аял эмес, кандайдыр кадырлуу мейманың же боорукерлик менен үйүңө түнөткөн жолоочуң катары мамиле кылып жатасың…— Аял бирпаска унчукпай калып, кайра сүйлөдү…— Сен мени кечирип кой. Мен ушундай акылсыз аялмын…

— Каухарым, — деп шыбырады Акун аялдын кулагына, өзү уктап баратып, — сен түк акылсыз эмессиң…

Көпкө шыпты карап жатып, акырында аял да уктап кетти.

Ушинтип бул экөө, бул, дайыма жалгыздыкка көнүшкөн эки чоң жетим, бүгүн кокусунан бири-бирин табып алышып, бири-биринин сөзүнүн жылуулугуна жылынышып, бири-биринин денесинин жылуулугуна жылынышып жатып, акырында күнөөсүз уктап калышты.

III

Өзүнүн туулуп өскөн кыштагы имиш. Жапжашыл буудайлуу талаа. Буудайлар ушунчалык болук. Алар текши дүмбүл. Жамгырдан кийинки серүүн шамалга деңиз сыяктуу толкуп турушат. Мына ушул буудай деңизинен, көкүрөгү менен толкундарды жиреп, туптуура Акунду көздөй Саадат чыгып келатыптыр. Ал дале он беш жашта экен. Анын мажрүм талдын чыбыктарындай жыбыратып өрүлгөн капкара, коюу, узун чачтары шамалдан улам артына сапырылып, ай нурлуу жүзү кашкайып, эликтин көздөрүндөй күнөөсүз, туптунук көздөрү Акунду телмирип эңсеп келе жатат. Акун да Саадаттан көзүн албай, жүрөгү элжиреп, ысык сүйүп, сагынып саргарып күтүп турду. Булар өткөн он бир жылдан бери эми жолугуп жатышты…

Ушул учурда Акун чочуп ойгонуп кетти. Анын көзүнө биринчи болуп, терезенин парда жетпей калган бөлүгү, коргондогу дарактардын карарган учтары, алардын арасында сүзүп бараткан күңүрт ай көрүндү. «Кантип эле түш болсун?»— деп кабатырланды ал, өзүнүн кай жерде жатканын биле албай. Кийин бурулуп карап, айдын нуруна чагылышып жаткан аялдын тырыштуу маңдайын, боёлгон эриндерин, үрпөйгөн коюу чачтарын көрдү. Буудайлуу талаа түшү экен…

Ал өйдө болуп, буттарын муздак полго түшүрүп, кроваттын четине олтуруп калды.

Ооба… Мындан он бир жылбы, же он бир кылымбы мурда, ал өз кыштагынын баласы болгон. Кошунасынын Саадат аттуу секелек кызы менен мектепке бир каттаган… Уй кайтарышкан… Козу карын теришкен… Жайында гүлдөп турган өрүкзарда жашынмак ойноп жатышып, биринчи жолу өбүшкөн… Ооба… Бир кездерде анын ай нурундай таза, күнөөсүз сүйүүсү болгон. О, эгер анын турмушу кайрадан он алты жашынан башталса, бул жолу, кудай акы, башкача баштамак. Эми кеч болуп калды. Эми өз кыштагына барып, кошунасынын он беш жашар кызын да табалбайт. Саадат, азыр жыйырма алтыда, эки балалуу.

Жанындагы аял ойгонуп, ордунан тура калды.

— Ой, не болду? — деди ал.

Акун кроваттан түшүп, терезеге барды.

— Эмне, таң сүрүлүп келатабы? — деп сурады аял бирпастан кийин.

— Ооба…

— Анда мен кетейин. Кошуналарың көрүп калышса… Анын үстүнө жумушка да үлгүрүшүм керек.

Аял көпкө чейин күймөнүп кийинип, анан Акунга:

— Болуптур эмесе, — деди, — жакшы кал.

Акун бурулуп карады.

— Жакшы бар.

Аял босогого барып, дагы бир нерсе айтмакчы болуп турду да, анан эчтеке айтпастан эле чыгып кетти.

Акун терезеге кайра бурулду. Тышта таң агарып, жаңы күн башталып келаткан.

1964

[1] Газан — күзгү жалбырактар. Жалбырактардын түшө баштаган мезгили. —(Автор)

[2] А. Феттен