ГАПАРОВ Мурза: МУРЗА ГАПАРОВ: НООРУЗ – АЖАЙЫП МАЙРАМ

«Амал айы – шамал айы» деп коёт элибиз. Жерге амал кирген маал – жаз айы да, бүтүн жаратылыш да, адамдар да делебеси козголуп, жаңылануунун деми келет. Жерге амал кирген мезгилде шамал болуп туруп калат. Нооруз майрамы жерге амал кирген маалда келет. Европалык календарь боюнча 21-22-мартка туш болот. Негизинен 21-март, мындайча айтканда, арапа сыяктуу же европалык календардын 31-декабрындай, 22-март европалыктардын 1-январындай. Бирок биз 21-мартта майрамдап коюп атабыз. Расмий түрдө аны жаңы жыл майрамы деп эсептеп алдык. А биздин пикирибизде, 22-март жаңы жыл болуш керек эле.

Нооруз – кыргыз элинде эң байыркы майрамдардан. Ал Иран жеринде биздин эрага чейин, Заратуштра заманында пайда болгон. Бирок ал Орто Азияда, Волга дарыясынан берки түрк элдеринде, Тажикстанда тараган. Иранда 7 майрам болгон. Алар кыргыздарга, мындайча айтканда, малчыларга жана дыйкандарга ылайыктуу. Ошонун бири – Нооруз. Анын маңыз, максаты абдан жакшы. 21-22-мартта күн менен түн теңелет. Башка элдердин, башка диндердин, христиандардын, буддалардын жаңы жылына караганда, биздин мусулмандардын ушул майрамы абдан так эсептелген.

Нооруз майрамынын башкы символу  жашыл майса буудай

Майса өндүрүш керек. Ал алиги түшүмдүн, жаңылануунун, жаздын, келечектеги токчулуктун символу. Дайыма жашыл майса сокуга жанчылып, кайнатылып отуруп, сүмөлөккө айлантылат. Биз бала кезибизде дарыянын астынан ар түрдүү, жылма 7 таш терип келчү элек, энелерибиз жөнөткөндө. Анын үстүнө, бизде 7 деген сан ыйык. Ноорузда 7 түркүн оокат жасалат же 1 эле оокаттын ичинде 7 түркүн даам болот.

Нооруз  ажайып майрам

Адамдар аны ой жаңырсын, бой жаңырсын деген тилек менен өткөрүшөт. Ага эл узактан даярданып барат. Кембагал өзүнүн үстү-башын жамап-жаскайт. Байлар жаңы кийимдерин кийишет. Эл үй ичин, эшик-элигин, тегерегин, арыктарын, жолун тазалап, жазга жараша жаңыланат.

Нооруз  кеңчиликтин майрамы

Аны тосууга камданып, кишилер пейилин оңолтот. Улуу кичүүгө, ал эми кичүү улууга баш ийип, жүгүнүп, ызаат көрсөтөт.

Нооруз  теңчиликтин майрамы

Бай менен кембагал теңелет. Падыша өз эли менен теңелет. Журт башчылары эл аралап, эл жегенди жеп, эл көргөндү көрүп, бир күн болсо да майрамда тактысын унутуп, журтуна жуурулушуп кетет. Эл дагы башчылары өзүнө теңелгенде, азыркыча айтканыбызда, демократиянын касиеттерин сезип, өздөрүнүн кадыр-баркы өсүп, өздөрүн адам катары жогору сезип калышат.

Нооруз  меймангерчиликтин майрамы

Элибиз, чындыгында, ансыз деле меймандос. Айрыкча айт, арапаларда колу ачык, меймандос болуп кетет. Ал эми Ноорузда айрыкча эшиги эртели-кеч ачык болот. Керели-кечке конок күтөт. Өздөрү да коңшу-колоңдорго кирип-чыгат, айылды кыдырат.

Нооруз  мээримдүүлүктүн майрамы

Айыл-ападагы журт өзүнүн көмүскөдө калган жакырларына, оору-сыркоолоруна айрыкча көңүл буруп, мээрими төгүлүп, жеген ашынан, кийим-кечесинен бөлүшүп, ал-ахыбалын сурайт. Нооруздун ыйык касиеттеринин бири – ата-бабалардын, көзү өткөн жакындарынын арбактарын сыйлоо, эскермей күч алат. Ар ким үйүнөн түтүн булатып, жыт чыгарып, көрүстөнгө барып, куран окушат. Байыркы үрп-адатка ислам дининин жол-жоболору айкалышып кеткен. Эгерде үндөшсө, жөрөлгөлөр ушинтип аралаша берет.

Нооруз – досчулуктун майрамы

Бир киши экинчи киши менен достугун чыңдайт, касы менен достошот. Коңшу коңшусуна таарынычын унутат. Эч ким эч кимге жамандык кылбай, кан төгүлбөй, жүрүп жаткан согуш да токтолуш керек да ушул күндөрү. Биз үчүн майрамдын касиеттери ушунда.

«Сулуулуктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны» (Түзгөн Абдыкерим Муратов) деген китептен