ЖАПАРБЕК Азат: КАЛИЛА ЖАНА ДИМНА (4-ЖАНА 5-БӨЛҮМ)

Падыша Дабшалим ойчул Байдабага:

— Жакшы кеп айттың, туура кеңеш бердиң… Ар ким өзүнө сабак ала тургандай насаатыңды айттың. Эми жалынып-жалбарып, алдыман-артыман түшүп мени ишендиргиси, алдагысы келген душман жөнүндө айтып бер.

Ошентип Байдаба баянын баштады.

КАРГАЛАР ЖАНА ҮКҮЛӨР

Улуу тоодо аябай чоң соң дарак өсчү эле. Ошол даракта миң карга уялап жашачу. Араларында Албетте, өзүлөрү шайлап алган башчысы да бар.

Ошол даракка жакын жакта, Улуу тоонун этегинде бир үңкүр бар болчу. Ошол үңкүрдө да миң үкү жашайт. Алардын дагы каргалардай эле өзүлөрү тандап алган өкүмдары бар эле.

Түнкүсүн үкүлөрдүн падышасы эки жакты айланып, таза абада сейилдөөгө чыгат. Негизи эле каргалар менен үкүлөр бири-бирине өч болушчу. Эптеп бир айла таап, согуша албай эле араң турушкан.

Ошол түнү үкү падыша каргалар терең уйкуда жатканда кол салып, бир канчасынын уясын бузуп, бир канчасын колго түшүрүп алып кетет.

Буга ачууланган каргалар эртеси өз падышаларына барып:

— Түндөгү баскындан кабарыңыз бардыр, падышам! Эми эмне кылабыз, айтыңыз. Жаралуулар толтура, уялар болсо тимеле киши тебелеп кеткенсип, тамтыгы чыккан. Бирок бизди азыр башка маселе ойго салып турат. Бизге кол саларын салып алып, жүрөктөнүп калышса керек. Андай болсо алар дагы кол салышат. Ушинтип өлтүрчүсүн өлтүрүп, канчалаган уяларды жер менен бир кылып, кулдукка айдап кете беришет. Токтоп да калышпайт. Кайра-кайра келишет, кол салышат. Ошондуктан, азыр дароо бир чечимге келишибиз зарыл. Болбосо кырылып жок болобуз. Сөз сизде, өкүмдар!

Каргалардын арасында акылы курч, көрөгөч бешөө бар эле. Жакшылыкта-жамандыкта ошолордун кеңеш-сунуштарысыз чечим кабыл алынчу эмес. Жада калса падыша да алардан акыл сурачу.

Падыша Албетте, аларга кайрылыптыр. Бирөө аларга туруштук бере албасак, аларды артка чегинтүүгө кудурет жетпесе качып кутулган жакшы дептир. Экинчи карга да ушуга кошулуптур.

Падыша буга анча ыраазы боло бербептир. Аракет кылбастан мекенин таштап кете бергенден баш тартат. Элине андан көрө биригип, өзүлөрүн коргоого чакырат.

Үчүнчү карга:

— Албетте, мен да мекенибизди таштап кете берүүгө каршымын. Аларга тыңчы жиберип, эмне кылып, кандай чечимге келип атышканын билип алышыбыз керек. Согушкулары эле келип турса согушабыз, эгер ынтымак дешсе тынч жашай беребиз. Эгерде салык төлөгүлө дешсе, анда сактыгыбыз, өз пайдабыз үчүн деп сүйлөшөбүз. Падышабыз өз байлыгынан буга кошумча кылаары шексиз.

Төртүнчү карга:

— Мекенден айрылып, башка жерге айдалуу, душманга моюн сунганга караганда жакшыраак. Ынтымак дей турчу болсок, алар бизге көп чектөөлөрдү коюп салышы мүмкүн. Ошондуктан башка жерге журт которгондон башка чара жок. Душмандын этегин кармагыча… Албетте, душманга бираз жакындасаң болот дечи, бирок аларга кошулуп кетпеш керек. Антсең ал сенин бардык талылуу жериңди билип алат, кийин жаман кылат. Бирок душманыбыз деле биздин аларга жакындап, достошуп кетүүбүздү каалап жаткан жери жок да. Андыктан согушуудан башка арга жок.

Бешинчи карга:

— Мен бир нерсени түшүнбөй жатам да. Эмне үчүн алыбыз жетпеген душман менен күч сынашканы жатабыз? Алыңа карап иш жаса дейт. Биз өз күчүбүзгө ишенбей туруп, аларга аттансак быт-чытыбыз чыгып кетпесин? Өзүңдү эр ойлосоң, башканы шер ойло дейт. Болбосо алданып калып, өз түбүбүзгө өзүбүз жетип албайлы…

Алар биз менен согушпай турган болсо да мен аларга ишене албайм. Алардын колунан баары келет, жамандыгын айтпай деле койсок болот. Муну эстен чыгарбашыбыз зарыл. Жакшылап кеңешип, даярданып алалы. Согуш кансыз өтпөйт, аны баарыңар билесиңер. Бирок биз үчүн ар бирөөнүн жаны кымбат. Ошондуктан алыбыз жетпегенден кийин жакшылап сүйлөшүп, бир чечимге келгенге аракет жасаганыбыз оң. Антпесек, элибиз да кырылат, ашыкча чыгаша да болот. Жеңилген биз эле болобуз.

Элди топтоп, жакшылары менен отуруп акыл бөлүшкөн падышабыз өз баркынан кол жууп калгысы келбестир. Алдындагы болгон ээлигин да башка бирөөгө кармата бербестир. Мен айта турчумду айттым. Сурооңорго жооп бердим. Ошодой эле кээ бир жашыруун айтыла турчу сөздөр бар. Буларды жалгыз сиз менен гана бөлүшө алам.

Ошентип, падыша бешинчи карга менен жалгыз отуруп сүйлөшкөнү кетиптир.

— Биз кандайча үкүлөр менен өчөшүп, душман болуп калдык, ушуну айтчы? – деди падыша.

— Буга бир карганын айткан сөздөрү себеп, өкүмдар!

Карга падышасына бул эмне сөз экенин түшүндүрүп бере баштады:

КАРГА, ТАРАНЧЫ, ҮКҮЛӨРДҮН ПАДЫШАСЫ

Бир канча таранчы өзүнчө топ болуп, бирок башчысыз эле жашашчу экен. Алар тиги үкүлөрдүн падышасына баш ийүүнү чечишет. Бул маселени өз араларында сүйлөшүп отурганда карга учуп бараткан болот. Алар каргага:

— Сен да пикириңди айта кет. Биздин оюбузга кандай карайсың?

Карга макул болуп, алардын маңдайына туруп алып:

— Койгулачы ай! Бул дүйнөдө жалгыз эле ошол калып калгансып. Аныңардын кыялы чатак, чырды жакшы көргөн, адамгерчиликсиз, ташбоор неме. Күндүз болсо такыр эч нерсе көрө албайт. Силерге мындай падышанын эмне кереги бар? Силер ага багынсаңар, силерге карабайт деле болуш керек. Өзүңөр эле өз майыңарга куурулуп жүрө бересиңер. Мен силерге азыр ушул жөнүндө бир нерсе айтып берейин:

АЙ, КОЁН ЖАНА ПИЛ БАЯНЫ

Бир кездерде пилдер байырлаган аймакта катуу кургакчылык жүрүп, жегенге чөп, ичкенге суу табылбай калган эле. Боз топурак сапырылып же талаага чөп өспөй, же асманда булут жок күн өтүп калат.

Кыйынчылык башка түшкөн пилдер, падышасына барышат. Болгон арыз-муңун айтышат. Падыша ар тарапта суусу бар, жашаганга ылайыктуу жер таап келгени кишилерин жиберет. Көп өтпөй бирөөсү булак таап келет.

Булак чыккан жерде коёндор жашачу. Суу деп шашкан пилдер аларды байкабай чоң буттары менен тебелеп кетишет. Буга нааразы коёндор өзүлөрүнүн башчысына барышат. Эмне балээ болуп кеткенин айтып беришиптир.

Коёндордун жакшылары чогулуп, сүйлөшүп башташат. Арасында Фаруз аттуу коён бар болчу. Падыша аны абдан барктап, урматтаар эле. Ал падышага:

— Мен пилдерге барайын. Жаныма бирөөнү кошуп бериңиз. Барып сүйлөшүп келебиз.

— Сага ишенем, барсаң барып кел. Менин атыман барып, сылык сүйлөп, шашпай жайгарып кел. Туура эмес сүйлөп, ачуулантып алба.

Коёндордун атынан элчи катары ай жаркырап толуп турган түнү пилдерге барат. Алардын жанына барганда коомайлана туруп алып, пилдердин падышасына кайрылган экен:

— Асманда жаркырап турган ай мени силерге элчи кылып жиберди. Элчиге кордук кылынбайт. Аны жакшы билесиңер. Элчи падышасынын айткандарын жеткирип гана берет.

“Күчүнө таянып башкаларга кыйын чыкмалардын аягы жаман. Силер дагы кара күчүңөргө ишенип башкаларды жер менен тепсеп салдыңар. Уруксаты жок булагыма кирип, аны булгадыңар. Силерге элчимди жибердим. Ойлонуп туура чечим чыгарарсыңар. Эгер дагы бир жолу кайталана турган болсо, көзүңөр агып сокур болосуңар. Ишенбесең булакка бар, азыр мен ошол жактамын.”

Коён падышасынын билдирүүсүн айтып бергенде, пил таң кала түшөт. Элчи менен булакка барып, айды көрөт да аң таң болуп калат.

— Мына көрдүңбү, чын бекен? Эми сен ага жүгүнүшүң керек, — дейт пилге.

Пил болсо бардык айткандарын аткарат. Суунун үстү дирилдей түшсө да жинденип атат го деп чочуп, коркуп калат. Ошентип пилди алдап, кечирип суратканга чейин барат. Акылы менен коёндордун элчиси килейген пилди башкарыптыр.

*  *  *

Карга таранчыларга:

— Жана ошондой эле үкүлөрдүн падышасы өтө алдамчы, куу экенин эсиңерге жакшылап түйүп алгыла. Ары-бери жагыңан чыгып алдап коюшу мүмкүн. Болбосо башыңарга чоң балээ түшүп калышы мүмкүн. Силерге бир окуя айтып берейин бул жөнүндө:

МЫШЫК, КОЁН ЖАНА КЕКИЛИК

Менин уяма жакын бир жерде кекилик жашачу. Экөөбүз кошуна элек. Бир жолу ал көрүнбөй калды. Эмне болду, билбейм же башка жакка кетип калганбы, белгисиз. Ордуна бир коён келип жашап калды. Мага таарынып калбасын деп эчтеке деген жокмун. Ошентип жашоо өтө берди. Күндөрдүн биринде баягы кекилик кайра келсе болобу?

Кекилик уясын тарттырып ийгенине ачуулана, коёнду кубалап, жерин талашып кирди. Коён да ишене бербей көгөрүп туруп алды. Кекилик:

— Бас, жүрү ишенбесең бул аймактын акимине баралы. Ал мышык, бирок эч кимге тийбейт, коркпой эле кой.

— Мейли, анда баралы.

Эмне болор экен деп кызыгып, мен да алардын артынан түштүм.

Мышык тигилердин келе жатканын көрө калып, ошол замат такыба адамга окшоп, ибадатына берилимиш болду. Экөө болсо муну көрүп эле суктана тиктеп калышты. Ал ибадатын бүтүргөндө тигилер бир-бирден болгон маселелерин айтып беришти. Мышык:

— Мен карып калдым. Кулагым да укпай жүдөдүм. Кайра түшүндүргүлө, айтканыңарды жакшы түшүнбөй калдым.

Алар кайра баштан эмне болгонун, эмне максат менен келгендерин түшүндүрүп чыгышты.

— Эми түшүндүм. Өкүмдү айтардан мурун силерге насаатымды айта кетейин. Экөөңөр тең Кудайдан корккула. Андан башкага сыйынбагыла, сурачуңарды Кудайдан сурагыла. Ошондо гана жакшылыкка, каалаганыңарга жетесиңер, силерге жакпаган, канааттандырбаган өкүм чыкса да.

Бул дүйнөдөн көчүп жатып байлыкты кошо алып кете албайсың. Бул дүйнөдөн тиги дүйнөгө сени бир гана өзүңө, башкаларга жасаган жакшы ишиң, пайдалуу аракеттериң жандап кетмекчи. Андыктан көп-көп жакшылык жасагыла.

Мышык сөзүн улап, аларга бал тил менен сүйлөгөн сайын тиги кекилик менен коён ага жакындай беришти. Аягында мышык аларды басып алып, өлтүрүп койду.

*  *  *

— Көрдүңөрбү, силер падыша кылып алалы деп жаткан үкү да ушундай куу неме. Анын силерге пайдасы тийбейт. Андан көрө ага барбай, жакындабай эле койгонуңар жакшы.

Таранчылар карганын айткан мынча көп сөзүнө, кызыктуу баянына ишенип, баягы ойлорунан айнып, үкүгө баргандан баш тартышыптыр. Булардын маегин ошол жактарда жашаган бир үкү угуп калып, аябай жини келип, каргага:

— Айткандарың намысыма катуу тийди. Же экөөбүздүн бири-бирибизде өчүбүз болбосо… Эх, карга! Эми мени жакшылап ук! Балта менен кыйылган бак кайра өсүп чыгат. Кылыч мизи тийген жараат карт болуп, кайра айыгат. Бирок тилден жараат алсаң, эч качан бүтпөйт, айыкпайт. Окту сайылган жеринен чыгарып алсаң болот. Өрттөнгөн жерди суу менен өчүрсөң болот. Бирок тилиңден чыккан окторду эч качан кайра чыгара албайсың. Ал жүрөккө сайылат. Алоологон от суу куйсаң өчөт, денедеги уу дарынын жардамы менен тарайт, кайгы сабырдуулук менен унутулат, сүйүү үмүтсүздүктөн улам жоголот. Сен тилиңен жаңылып каргалар менен үкүлөрдү кайраштырып, душманга айланттың. Баарына убал болду.

Үкү карганын сөзүнө жообун берип, падышасына барып, болгонун айтып бериптир.

Карга болсо чын эле айтаарын айтып алып, кайра өкүнүп калыптыр. “Эмне кылам эми? Баарына убал болду. Мындай шумдукту баштабашым керек эле. Кайдан да оозумду ачтым, кайдан да бара калдым? Эми менин айыман баары азап тартат. Жөн турбай өзүмө, өз элиме душман таап отурам, кыйраткансып. Ойлобой сүйлөгөн онтобой өлөт дечү эле. Ушундайда кашайып башымдын иштебей калганын карабайсыңбы. Жок дегенде бирөөгө барып кеңеш сураганымда эмне? Балээ баскырдыкы, мага эмне жин тийдиби? Же бирөө көчүгүмө сайгылап сүйлө дедиби? Акырыбыз жакшылыкка барбас. Баарынын убалына калдым.” – деп өкүнүп кала берген экен деп, акылман карга кайра негизги маселеге кайрылыптыр:

— Мына ушинтип карга өзүн айыпка жыгып, жердин түбүнө жеткичекти жемелеп, темселеп башы оогон жакка кете берген экен. Мына үкүлөр менен биздин ортобуздагы кастык ушинтип башталган. Алгач баарына айтканымдай эле согушту колдобойм. Бул маселени чечүү үчүн башка сунушум бар. Албетте, ар кандай чечимдерди кабыл алуу, аны издөө тууралуу бир баяным бар, ошону сизге айта кетейин:

МОЛДО ЖАНА АНЫН ЭЧКИСИ

Бир молдо курмандыкка чалайын деп, эчки сатып алып кетип баратыптыр. Жолдо аны ар кимди уурдап-тоногондор көрүп калып, эчкисин тартып алмай болушат. Арасынан бирөө молдого жакындап барып:

— Эй, молдоке! Деги тынччылыкпы, каякка сүйрөп баратасың бул итти?

Экинчиси келе калып:

— Мунуңар молдо эмес го? Молдо да ит жетелечү беле?

Калганы да анын сөзүн колдой кетишет. Молдо болсо эчки алганынан күмөн санап, сатуучу мага ит саткан экен деп, эчкини бошотуп ийген экен. Молдо узап кеткенден кийин тигилер анын эчкисине ээ болуп калышыптыр.

*  *  *

Акылман карга:

— Урматтуу падышам! Булардын баарын сизге эмне үчүн айтып жатам, билесизби? Биз бир гана сылык мамиле жана куулук менен ийгиликке жете алабыз. Эми менин сизден бир өтүнүчүм бар. Мени элдин алдында токмоктоңуз, сөгүңүз, элдин арасынан чыгарып, кууп салыңыз. Куйруктарымды жулдуруп, бактын түбүнө таштап, элиңиз менен башка жерге көчүп кетиңиз.

Мен ушул жерде калып, үкүлөр эмне кылаарын байкап турам. Кийин сизге келип баарын айтып берем. Ошого жараша даярданып, алардан өч алабыз. Кийин баары ыраазы болот.

Канаттары жулунуп, токмок жеп, бир бактын түбүндө онтогон бойдон кала берет. Муну байкап калган үкүлөр аны падышасына алып барышат. Падыша аскерлерине суракка алгыла деп буйрук берет.

Суракчы:

— Сен кимсиң, башка каргалар каякта?

— Менин атым баланча, абалымды көрүп турасыңар. Мен алардын каякка кеткенин кайдан билмек элем. Тепкилеп, канатымды жулуп коюп кете беришти.

Суракчы падышага барып:

— Бул карга биздин душмандардын падышасынын барктуу кеңешчилеринен болчу. Эми минтип талаага таштап кетишкени бекер болбосо керек.

— Андай болсо жакшылап сурап, эмне болгонун билгиле. – деп буйрук берет.

Суракта карганын жообу мындай болуптур:

— Өкүмдарыбыз силер менен болгон чыр-чатакты кантип чечебиз деп баарын жыйнаган эле. Баары өз пикирин айтып бүтүп кезек мага келди. Мен аларга үкүлөргө алыбыз жетпейт, алар бизге караганда күчтүү жана шамдагай келишет, андан көрө алар менен тынчтык келишимин түзөлү дедим. Колубуздан келген жардамды аябайлы. Акча төлөгүлө десе төлөп тынчтыкты орнотолу. Болбосо бөөдө жерден өлүмгө моюн сунуп кете беребиз дедим. Бирок алар түшүнбөй, менин айткандарыма кулак салбай, кайра мени чыккынчы деп, үкүлөрдү колдоп, жан тартып атасың деп аябай сабашты. Канатымды жулуп, көрбөгөн азапты көргөзүштү. Аягында мына мени ушул жерге таштап коюп, баса беришти. Каякка кеткендерин билбейм, айтышкан жок.

Үкү падыша ары жакта буларды угуп отуруп кеңешчисинен:

— Эмне демекчисиң, муну эмне кылалы? – деп сурайт.

Кеңешчиси:

— Өлтүрүп салуу керек. Мурда кеңешчиси болгондон кийин өтө эле акылдуу экенинде шек жок. Канчалык бизге жан тартымыш болбосун, баары бир душманыбыз, каны бизге эч качан кошулбайт. Өлтүрүп салсак азгырыгынан, ар кандай амалынан кутулабыз, ошондой эле душмандын жакшы чыкмасынын көзүн тазалап, жок кылабыз. Мындай нерсе бир келет падышам. Душманды балапан кезинде жоготуш керек. Болбосо алар да курчуп, өнүгүп-өсүп, күчтүү болуп кеткенде өкүнүп калбайлы. Өткөн ишке өкүнгөндөн пайда жок дегендей, кеч болуп калат.

Буга дагы бир кеңешчиси мындай жооп берген экен:

— Жок, андай болбойт. Мен мунуңарга кошулбайм. Аны өлтүрбөй эле коёлу, андан көрө ага тамак берип, жакшы мамиле жасап коёлу. Көрөсүң ошондо, ал сага ишенип, баарын кылып берет. Душманың ич ара чатакташып, бирине-бири каршы чыгып жатса, анда бизге жакшы, мындан өтөр пайда жок. Силерге ушуга окшош бир окуя айтып берейин:

СООДАГЕР, АЯЛЫ ЖАНА УУРУ

Байлыгы десе байлыгына сан жетпеген, аялы болсо айдай сулуу соодагер болгон имиш. Бир күнү үйүнө ууру кириптир. Соодагер коңурукту кере тартып уктап, аялы болсо ойгоо отурган экен. Чочуп кетип, күйөөсүнө барып жабыша калыптыр. Ушинтип бекем кучакташын көптөн бери күтүп жүргөн соодагер ойгонуп кетип, аябай сүйүнүптүр. “Кандайча мени минтип кучактап калды?” – деп таңыркап тура калса, маңдайында ууру турат. Бирок соодагер аялынын кучактаганына ичи-койнуна батпай ууруга:

— Мен сага ыраазымын, чоң рахмат! Байлыгымдан каалашыңча алып кете бер! – деп койгон экен.

*  *  *

Падыша үчүнчү кеңешчисинин пикирин сураса:

— Мен да экинчи кеңешчинин айтканына кошулам. Аман алып калгыла. Жакшылык кылгыла. Кийин эмнени кааласак ошону билип алабыз. Душмандын бири-бири менен араздашуусу бизге жакшы. Анткени шайтан менен уурунун чыры молдого гана пайда алып келет…

ШАЙТАН, УУРУ ЖАНА МОЛДО

Молдо сүтү жакшы чыккан уй сатып алып кетип бара жатыптыр. Ууру менен шайтан анын артынан жөнөшүптүр. Шайтандын максаты молдону жолдон чыгаруу, тиги уурунун максаты эптеп уйга ээ болуу.

Шайтан ууруга:

— Сен эмне ээрчип алдың, кимсиң деги? – деп сураса, ууру:

— Уюн уурдап кетейин деп, молдонун уйкусун күтүп, артынан ээрчип жүрөм. Өзүңчү, эмнеге ээрчип жүрөсүң?

— Мен болсо ую жоголуп, кайгыга батып, жолдон чыксын деп, дининен кайтсын деп ээрчип жүрөм. – деген экен шайтан.

Экөө тең анын үйүнө чейин ээрчип келишип, укташын күтүп отуруп калышат. Молдо уюн байлап, тамагын ичип жатып алат.

Тиги экөө болсо мен баштайм, сен баштайсың болуп, чырдаша кетишет. Шайтан ууруга:

— Сен уйду уурдасаң молдо ойгонуп кетиши мүмкүн. Билип калса элди чакырып, айлабызды алты кетирет. Сени кармап кетишет, а мен болсо молдону азгыра албай калам. Андан көрө мен сага уйду уурдап берейин, кийин аны менен каалаганыңды кыл.

— Койчу ай! Сен деле ойготуп салышың мумкүн, мен болсо дагы уйга жетпей кала берем. Сен күтүп тур, андан кийин шашпай каалаганыңды жасай бер.

Бирок экөө баары бир бири-бирин укпай коюшат. Ошондо шайтан кыйкырып жиберет:

— Эй молдоке, ойгон! Ууру сенин уюңду уурдап баратат.

Элдин баары ойгонуп, тигилер болсо ошондон ары куру кол качып жоголгон экен.

*  *  *

Падышанын алдында ар кандай ой айтылып жатты. Бул окуя айтылгандан кийин, карга өлтүрүлсүн деп айткан биринчи вазир:

— Силер ага алданып калдыңар, мындан күмөнүм жок. Силерге жактырып сүйлөп, акмак кылып салды. Ошондуктан ага алданып калдыңар. Силер экөөңөр да анын балдай ширин сөздөрүнө алдырып койдуңар. Бирок, падышам! Сиз жакшылап ойлонуп, туура чечим чыгарыңыз. Карганын бизге пайдасы эмей эле, зыяны тиет.

Өкүмдар анын айтканына маани бербестен, карганы сыйлуу коноктордун өргөөсүнө жаткызып, багып алат.

Ошентип, күндөр өтөт, айлар өтөт. Карга баягы өзүнө каршы чыккан биринчи вазир менен чогуу бир жыйналышка барып калат. Карга ошондо падышага кайрылат:

— Өз элимен куулуп калганымды билесиз. Алардан өч албасам болбойт. Карга болгонум үчүн баары бир аларга көп алым жетпейт. Улуулардан калган кеп калган бир кеп бар: “Өзүн өрттөп, Кудайга өзүн курман чалса, бардык тилеги кабыл болот. Анткени ал Кудай алдында эң чоң ишти жасаган болот”. Ошондуктан мага уруксат берсеңиз өзүмдү өрттөп, Кудайдан үкүгө айланып калууну тиленейин. Барып каргалардан өчүмдү алайын.

Аны угуп отурган баягы биринчи вазир:

— Сен азыр шарапка окшоп турасың. Кандайча, билесиңби? Жакшылыкты ар кимге айтып, ичине сактай албай бежиреп салган, бирок жамандыкты ичине катып, даамы да, жыты да сонун сезилип, ичсең уудай ачуу болуп жүрөктү айланткандыгың үчүн. Сен өзүңдү өрттөп, мүнөзүңдү, кыялыңды алмаштыра алам деп ойлоп жатасыңбы? Же сени өрттөсөк эле өзгөрүп каласыңбы? Сыртың өзгөрсө да ичиң ошо бойдон кала берет.

Табиятыңа төп келгени маңдайыңа жазылат дегендей, сен да бир күнү өзүңө окшогондорду ээрчип кетесиң. Ушундай бир окуяны айтып берейин:

ЭКИ ЧЫЧКАН БАЯНЫ

Молдонун ар бир тилеген тилеги кабыл болчу экен. Бир күнү ал деңиз жээгинде отурса, таранчы чычкандын баласын алып, учуп баратыптыр. Кокустан тиги чычкандын кичинеси таранчынын колунан эптеп кутулуп, молдонун жанына түшүп калат.

Молдо ага боору ооруп, үйүнө алып кетейин десе үйдөгү балдары какыс-кукус кылып койсо кантет? Ойлонуп отуруп, чычкандын кыз болуп калышын Кудайдан тиленет. Ойдогудай эле чычкан сулуу кызга айланып кетет.

Молдо аны үйүнө алып барып, аялына:

— Мындан кийин бул биздин кызыбыз болот. Өз балаңдай мамиле жаса. Жакшылап кара, бапестеп бак!

Кыз чоңоюп, жашы жетип, турмушка чыгуу убагы келет. Молдо кызын жанына чакырып:

— Кызым! Бой жеттиң, үйлөнчү чагың келди, сага жигит табышыбыз керек. – дептир.

— Мага тандоого уруксат берсеңиз жакшы болмок, – дептир кызы да наздана.

Атасы ага макул болуп ар кимге барып, сынап көрөт. Бирок кызына ылайык эч кимди таппай коёт. Тапса кызына жакпай калат. Ошентип издеп жүрүп отуруп акыры бир чычканга жолугат. Экөө сүйлөшүп отуруп, молдо сөзүн айтат. Чычкан макул болот, бирок кызың бул кичинекей уяма кантип батат болду экен деп отуруп калат. Ошондо молдо кызын кайра чычкан болуп калсын деп Кудайдан тиленет. Ошентип, кызы да макул болуп, атасы да ыраазы болуп, турмуш улана бериптир.

*  *  *

Мунун айтып бүткөн соң, биринчи вазир:

— Мына ушундай, алдамчы! Каалаганыңды айт, каалаганыңды жаса, бирок, алдыгы бузукулугуң эч качан өзгөрбөйт.

Бирок үкүлөрдүн падышасы буга да кулак салбай карганы сыйлаганын койбоптур.

Карга күн өткөн сайын, күчкө толуп, өңүнө кирип, тигилердин арасындагы бүт сырларын, кыялдарын, максаттарын билип алыптыр. Ошентип бир күнү качып кетиптир. Каргаларга барып, баарын төгүп-чачпай айтып берген соң:

— Мен эми өз милдетимди аткардым. Чечим силерде! ― дейт.

— Мен жана аскерлер сенин айтканыңды аткарабыз, сага баш ийебиз! – дептир падыша.

— Үкүлөр кандай жерде жашайт, жакшы билем. Кургак отундарды алар жашаган уяларына алып барып ташташыбыз керек. Ошол тарапта жашаган чабандын үйүнөн ширеңке алып келип отундарды өрттөйбүз. Ооздорун бүтөп, күтө турабыз. Баары ошол жерде түтүнгө думугуп, ууланып өлүшөт.

Баары ушуну аткарып, үкүлөрдү кырышат. Өч алып, өз журтуна кайтышат.

Падыша жеңишке жеткизген бешинчи вазир каргага үкүлөрдүн арасында кантип аман-эсен жашап жүргөнүн сурайт. Карга:

— Баарынан мурун сабырдуу болуш керек. Акылдуу болуп туруп, чыдамсыз болсоң ойлогонуң ишке ашпай калат. Чыдаш керек. “Сабырдын түбү сары алтын” ― деп бекеринен айтылган эмес да. Албетте, жаман бирөөгө баш ийип отура берги келбейт, дечи. Бирок, иштин аягы каякка алып барарын билип, шашылбай, ар бир кадамды сак таштоого аракет жасаш керек.

Падышанын “Үкүлөр канчалык акылдуу экен?” – деген суроосуна:

— Арасында бирөө эле акылдуу болчу. Ал мени өлтүрүлсүн деп кеңешин берген вазир эле. Бирок падыша да, берки вазирлери да анын кебине кулак салбай, маани бербей коюшту. Мээлери иштебесе ошол да. Мени сатып кетет деп алар ойлоп да коюшкан жок. Бирок жанагы вазир мени жакшы билип эле турган. Акылына баракелде! Мамлекеттин сырларын жашырбастан, мени менен чогуу бөлүшүштү.

Өкүмдар:

— Акылсыздыктын айынан баары кырылып, жок болушту. Туурабы?

— Ооба! Дүйнөдө байлыгы туруп көппөгөндөр, азгырыктарга алдырбай туура чечим чыгаргандар өтө аз. Ошондой эле бой көтөргөн мактоого арзыбайт, жалганчы дос таба албайт, тарбиясы жоктор атак-даңкка ээ боло албайт, сараң киши жоомарт боло албайт, ар нерсеге ашыккандар катасыз жашай албайт, куру намыска алдырып, алсыз жана болбогон вазирлерди тандаган падышанын дөөлөтү бекем болбойт, эли жыргалчылыктын жытын жыттай албайт.

— Алардын арасында жүрүп, жасалма мамиле жасап, аларга кызмат кылуудан кыйналдың болушу керек?

— Мен азыр ийгиликке жеткенибизге сүйүнүп отурам. Анткени башынан ушул ишке дитимди коюп, өз күчүмө ишенип аттандым. Андыктан канчалык азап чексем да, кыйынчылыкка дуушар болсом да кайгырбайм, өкүнбөйм. Элимди азаптан куткарып, бактылуу кылганыма ыраазымын. Сизге бул туурасында бир окуя айтып берейин…

КАРТАҢ ЖЫЛАН МЕНЕН БАКА

Жыландардын арасында аябай чоң, бирок жашы өтүп, көзү жакшы көрбөй, тамак таап жей албай калган бир жылан болуптур. Бир күнү эптеп курсак тойгузуунун амалын издеп, бака жайнаган көлчүккө туш болот. Көп жылдар мурда ошол жерге келип турчу экен. Бирок кантсе да көзү көрбөй, айла жок өзүн бакалардын арасына таштайт. Ошол жердеги бакалардан бирөө:

— Карасаңар, жылан байкуш кайгыга батып, эмне кылаарын билбей калыптыр? Себеби эмне болду экен, кызык?

— Кантип кайгырбай коёюн? Мурун өз курсагымды өзүм тойгузуп, арманым жок жашачу элем. Эми минтип билегимден күч кетип, кыймылдаганга да дарманым келбей отурам. – деп ыйламсырап арманын айтат.

Муну бака падышасына айтып барат. Падыша аны угуп, жыландын жанына барып сүйлөшө кетет. Ошондо жылан башынан өткөн окуяны айтып бере баштайт:

— Өткөн күнү бир баканы кармайын дедим эле. Аны кубалап отуруп, бир молдонун үйүнө келип калдык. Баканы кармайм деп, молдонун баласынын колун тиштеп алыпмын. Этине уу тарап, ал наристе чарчап калды. Кокустан аны өлтүрүп алдым. Эптеп качып кеттим. Бирок мени көрүп калган молдо, артыман каргап-шилеп кала берди. “Өмүр бою бакалардын кулу болуп кал! Аларга кор бол! Баламды өлтүргөнүң үчүн, алардын азабын тартып жүрүп өт!” – деп кечке карганды. Мына эми анын каргышы тийип, силердин алдыңарга келип калдым.

Бакалардын башчысы аны минип алып, моокуму кангыча жыргаптыр. Амалдуу жылан падышанын ишенимине арзыган соң, ага “Менин эптеп курсагымды тойгузуп тур, сени күнүгө ушинтип мингизип алып, каалаган жериңе алып барып турайын.” – деп суранган экен. Бакалардын башчысы ага макул болуп, күнүгө бирден бака берип турган экен. Жылан болсо өмүрүнүн аягына чейин жыргап жашай бериптир.

*  *  *

Акылдуу карга кебин улап:

— Мына ушундай урматтуу падышам! Ийгиликке жетишели деп, душманга моюн сундум. Алардын айтканы менен болдум. Натыйжасын го мына азыр көрүп турган чагыбыз. Жыргап отурабыз. Жеңишке жетишибиз сабырдуулук, акыл калчап иш жасоо менен ишке ашты. Болбосо мындай түшүбүзгө да кирбес эле. Ийкемдүүлүк ар кандай катаал ишти жеңе алат.

От канчалык күчтүү болбосун, топурактын үстүңкү катмарын гана жалмай алат. Суу болсо билинбей туруп, топурактын болгон кыртышын агызып кетиши мүмкүн. Тамыры терең бак-даракты түп тамыры менен агызып, соолутуп салышы мүмкүн.

Аз деп көңүл бөлбөй, капарга албай зыян тартып калчу төрт нерсе бар: өрт, оору, душман, карыз. Буларга убагында маани бербесең, арты жаман болот.

Улуу падышам, өкүмдарым! Мен бир гана силерге кызматчымын. Баарына жеткирген силерсиңер! Бактыңар бар болгону үчүн ушул жеңишке жеттик. Убагында туура чечим чыгардыңыз.

Бир сөз бар эмеспи “Колу ачык каалаганына жетет”. Эгерде баары жоомарт болсо, эмгекчили жеңишке жетет. Эгер баары эмгекчил болуп баратса, анда бактысы бары жеңиштин ээси боло алат.” – дегендей. “Акыл-эстүү, барчылыкта байлыгына чиренбеген, жокчулукта чөгүп кетпеген падышаны эч ким жеңе албайт”, — дегендей, баарын баамдап турдуңуз.

Эртеңкини да, кечээкини да унутпастан, баарын калчап, туура чечимдерди кабыл алдыңыз! Ошондуктан кайсы гана жеңиш, ийгилик болбосун баары сизге гана ылайык.

Падыша:

— Баарын мага арнап, мени мактап жатасың. Бирок баары сага таандык. Сен болбогондо мен буларды кайдан ойлонуп отурмак элем, Кудай билет! Менин башым жетпеген кеңештериң бизди кыялыбызга жеткирди. Сан жетпеген аскердин кыла албаганын, жалгыз туруп аткарып койдуң! Элиңди, жериңди ыйык тутуп, жашооңо коркунуч туулуп турса да, эр жүрөктүүлүк менен кызмат кылганың үчүн миң мертебе ыраазыбыз!

— Сиз мени өз колуңуз менен чоңойтуп, тарбияладыңыз, сизге да ыраазымын!

— Башкалардын жеңилип, жок болушунан сабак албасак болбос. Ошондуктан мага үкүлөрдүн жүргүзгөн саясаты, өлкөдөгү абалы жөнүндө айтып бер.

— Падышасы бой көтөрүп, байлыгына чиренип, жөнү жок чачкан киши болчу. Мындан башка да жаман кыялдары бар эле. Бир вазиринен башкасы бүт өзүнө окшогондор экен. Ошол арасындагы жалгыз бирөө акылдуу, көрөгөч, сабырдуу вазир эле чындыгында. Далил катары эки нерсени айта алам: барганда эле мени өлтүрүлсүн деп кеңеш бергени жана оюн тартынбай таамай айтканы. Айтканын толук далилдер менен көрсөтүп, кенен түшүндүрүп берди. Бирок тигилер анын айтканын укпай, өзүлөрүнүн түбүнө жетишти.

*  *  *

Байдаба баянын мындайча аяктайт:

— Душмандыгын жаап-жашырып, арасына достой кирип барып, жалынып-жалбарып турса дагы алданбаганга аракет жасоо керек экенин эстен чыгарбаш керек. Болбосо баяндагыдай, душманга жеңилип, кырылып калуу толук мүмкүн…

БЕШИНЧИ БӨЛҮМ

Дабшалим акылман Байдабага мындайча кайрылды:

— Менин оюмдагыны окуп жаткансып, көңүлгө толо турчу насаатыңды бердиң. Азыр эми мага бир максатты көздөп, ага жетерин жетип алып, кайра андан кол жуугандар жөнүндө айтып бер.

  • Албетте,, бир нерсени кыялдануу оңой, бирок жеткен соң аны колдо сактап калуу кыйын. Эми сизге бул жөнүндө бир ташбаканын окуясын айтып берейин…

ТАШБАКА МЕНЕН МАЙМЫЛ

Маймылдардын Махир аттуу падышасы бар эле. Өтө эле улгайып калган болчу. Күндөрдүн биринде ошол эле сарайда кызмат кылган жаш маймыл аны тактыдан түшүрүп салат. Чыныгы падыша куугунтукка тушугуп калбайын деп, эли-жерин таштап качкан экен. Жол карытып жүрүп отуруп деңиз жээгиндеги бир даракка туш болот да, ошол жерди байырлап калат.

Тактыдан кулап, качкынга айланган байкуш маймыл бакта өскөн мөмөлөрдөн жеп отурса колунан бирөө сууга түшүп кетиптир. Мөмө сууга түшкөндөгү үн маймылга жагып калып, күнүгө деңизге бирден жемиш ыргытып эрмектеп отура берчү экен. Бара-бара мунусу адатка айланып кетет.

Ошол сууда эле жашаган ташбака анын ыргыткан жемиштерин жеп жан бакчу экен.

Ташбака аны атайын берип атат го деп ойлоп, маймыл менен достошуп, чогуу жашап калышкан экен.

Ташбаканын жоголуп кеткенине санааркап, аялы коңшусуна:

— Жолдошумдун башына бир балээ келген окшойт. Каякта жүрөт болду экен? Эми мен кантем? – деп арманын айткан экен.

Баарынан кабары бар коңшусу:

— Коркпой эле кой, аман-эсен эле. Тиги жактагы маймыл менен дос болуп кетип, ошол жерде жүрөт. Ошол жакта бирге жашап жатышат. Маймылды эптеп, эртерээк жоготпосоң, ал сага кайтып келбейт.

— Кантип? Деги бир айласын тапчы…

— Күйөөң келгенде ооруп жаткансып кал. Ал сенин ал-жайыңды сурап киргенде, дарыгерлерге көрүндүм, тамырымды кармап, эмне экенин, дарысы эмнеде экенин да айтышты дейсиң. Эмне деп сураганда маймылдын жүрөгүн деп жооп бересиң, макулбу?

Айткандай эле ташбака бир күнү келет. Аялынын төшөктө жатканын көрүп, ал-акыбалын сурайт. Тиги да сыр бербей коңшусунун айтканын кылыптыр.

— Койчу ай! Кантип табабыз эми ал дарыңды? Өзүбүз минтип деңиздин жээгинде жашап жүрсөк. Маймылдар болсо тиги алыс жактарда, токой арасында жашашат да. Мейли эми чыдай тур, балким бир айласы табылып калар…

Ташбака кайгырып маймылга барат. Маймыл анын түрүн көрүп, каякка барганын сурайт.

— Эх, досум! Колуңан келгенин менден аябастан аябай бактың. Менин сага бир да пайдам тийген жок. Сенин алдыңда уялып турам. Ошондуктан сени бир мейманга чакырсамбы дегем. Үйүмө барып конок бол. Үстүмө отур, сени алып барайын.

Маймыл сүйүнүп, тигинин үстүнө отуруп алып жол тартышат. Кетип баратып ташбака ойго батат. Жаман болуп, ичи эңшерилип, кайгыга бата берди. Аялын эптеп айыктырып алыш керек. Бирок бир жактан жакын досун ушинтип алдап алып барып, жайлаганы да туура эмес. Тигинисин кылбасаң мунусу… уялып, башын көтөрө албай, туруп калат. Маймыл сураса:

— Жубайым оорулуу экен. Ошого… Сени жакшылап коноктой албай калат окшоймун… – деп коёт.

Баратып кайра токтоп калат. Ошондо маймыл бир нерсени шекшип калат. Соо эмес, мени да башка эле максат менен алып кетип баратат деп ойлойт. Балким мени алдап, тузакка түшүргүсү келип турган болсо, кантемин? – деп шаштысы кетти. Мен акырын ага билгизбестен баарын териштирип чыгышым керек. Көзүнөн билсек болот. Сактык баарынан маанилүү.

Маймыл жүрөгү чыдабай, эмне болуп жатканын кайра сурады. Ошондо гана ташбака болгон чындыкты айтып берди:

— Дарыгерлер аялыма маймылдын жүрөгүн жесең айыгасың дешиптир.

Маймыл бир саамга ордунан жыла албай туруп калат. “Мына сага! Айтпадым беле! Ушундай бир шумдук күтүп турганын туйгам да. Аз жерден конок болом деп, сугум артып жатып, башкага жем болуп кете жаздадым. Эми эптеп кутулушум керек, жанымды тирүү сактап калышым керек. Ач көздүктүн артын карачы…” – деген ойлор кетти.

Маймыл ташбакага:

— Макул эми, досум. Жолго аттана электе айтсаң болмок экен. Мен сени кыйнап отурбастан, ошол жерден эле жүрөгүмдү сууруп бермекмин. А биз журөгүбүздү болсо башка жакка барганы жатканда үйгө таштап коймой жайыбыз бар. Кайтканчакты ошол жерде тура берет.

Мындайды күтпөгөн ташбака:

— А сеники каякта калды анан?

— Меники, Албетте,, тиги деңиздин жээгиндеги бактагы уямда калды. Эми кайра барып аны алалы да, анан баралы сенин үйүңө.

Ташбака сүйүнүп, жанагы кайгыдан түк жок, маймылдын үйүнө кайра барышат. Маймыл бакка секирип чыгып кеткен боюнча кайра түшпөй коёт.

— Батыраак жүрөгүңдү алып, кайтпайлыбы? Эртелечи, досум! – деп жалына кетет ташбака.

— Коё тур, ташбака. Сага азыр бир окуя айтып берем. Мени ошондой ойлоп алган окшойсуң. Эх, жарыктык!

АРСТАН, ЧӨӨ ЖАНА ЭШЕК

Бир чөө токойдо жашаган арстандан арткан тамактар менен жанын бакчу экен. Арстан кандайдыр бир илдетке чалдыгып, өңүнөн азып, арыктап, аңга чыга албай калат. Чөө андан сурайт:

— Эй, жырткычтардын падышасы! Сага эмне болгон, эмнеге мынча арыктап кеттиң?

— Ооруп жатам. Дарысы болсо эшектин жүрөгү жана кулагы экен.

— Аа, түшүндүм, кам санабаңыз. Жакын тарапта кездемелерди ар кандай түскө келтирген боёкчу жашайт. Анын эшеги бар, ошону кармап сизге алып келип берем. Оңой-олтоң эле жумуш. Сары санаа болбоңуз.

Чөө тиги эшекке барып:

— Эмнеге мынча арыктап кеткенсиң, жакшысыңбы деги? – деп сурай кетет.

Эшек:

— Кожоюнум мага тамак бербей иштете берип…

— Анда эмне анын кызматын кылып жүрөсүң?

— Эмне кылмак элем башка? Качып кете албасам, баш оогон жакка басып кете албасам? Качсам деле кайра бир киши мени дайыма кармап, алып келип берет. Тиги болсо керээли-кечке мени ачка иштетет.

— Мен сага ылайык жакшы бир жерди билем. Ал жакка эч ким барбайт. Баары кенен, чөп десең чөп, суу десең суусу бар. Анан ал жерде сага окшогон, өңдүү ургаачы эшек жашайт. Эркек да издеп жүрдү эле, баса…

— Оо, жакшы турбайбы. Бас, анда дароо кетели. Бул жакта сүйрөлүп жүргүчө, эркин, курсак ток жүргөн жакшы эмеспи.

Чөө эшекти ээрчитип, арстан жашаган жерге алып келиптир. Арстан аны көрүп, ошол замат үстүнө секирет, бирок эчак ал-күчтөн тайыган неме жетпей калат. Эшек үрккөн бойдон эки жагын карабай качып кетет.

— Эптеп кайра алып келип бер, качырбай кармап алам, мага ишен! – деп арстан чөөнү кайра жиберет.

— Ээ, кокуй сага эмне жин тийдиби? Тиги ургаачы эшек сени көрүп, сүйүнүп кетип секирип жибербедиби? Же туура эмес көрүп алдыңбы? Сен кыймылдабай турганыңда ал келип жоошуп калмак эле, ошондо ургаачы эшек экенин көрмөксүң! – деп артынан жете барып, эшекти алдаптыр.

Мурун арстан деген жандыкты көрбөгөн эшек, тигинин сөздөрүнө ишенип, сүйүнүчү койнуна батпай чөөнүн артынан түшөт кайра. Арстан болсо алдына келген эшекти кармап алып өлтүрөт да:

— Дарыгерлер эшекти жегенден мурда жакшылап жуунуп, тазалан деген. Мен барып тазаланып келгенче, буга көз салып тур.

Тиги узап кеткенден кийин чөө эшектин кулагы менен жүрөгүн жеп коёт. Арстан муну көрүп:

— Кана жүрөгү менен кулактары? –деп сураса, чөө минтип жооп берген экен:

— Анын кулагы менен жүрөгү болгондо, бир жолу өлүмдөн кутулган соң, кайра эле ошол катачылыкты көздөй кадам таштамак эмес…

*  *  *

Маймыл, ошентип, ташбакага мындай деген экен:

— Мен ушул окуяда айтылган эшек эмесмин, эсиңде болсун. Сен мени алдап, өлтүргүң келди, бирок мен да сени алдап, кандай мамиле жасасаң ошого жараша жооп бергенге аракет кылдым. Ошол…

— Туура айтасың, кебиңде кынтык жок! Бирок билбей туруп катачылыкка түшүп, кечирим сураса кечирбей коюу убал го! Байкабай бутум тайыды, туура эмес жолго түштүм. Кечиргин мени, иттик менден кетти! Кечир мени!

*  *  *

— Мына ушундай падышам! Максатына жетип алып, болбогон жерден андан кол жууган кишинин баяны ушул… – деп баянын аяктаптыр Байдаба.

Которгон Азат ЖАПАРБЕК