ЖАПАРБЕК Азат: КАЛИЛА ЖАНА ДИМНА (10-11-12-13-14-15-БӨЛҮМ)

ОНУНЧУ БӨЛҮМ

Падыша Байдабага:

— Ммм, жакшы экен. Анда мага өкүмдар өзүнүн салтанатын, дөөлөтүн кантип сактайт, коргойт, ушул тууралуу кеп кылып бер. Кандайча ар бир иш ийкемдүүлүк, тайманбастык, марттык жана адамгерчилик менен оңунан чыгаарын айтып бер.

— Падыша дөөлөтүн, мамлекетин, ээлигин бекемдеп, жакшылап коргошу үчүн, эң алгач ийкемдүү болушу керек. Эми угуп туруңуз…

ПАДЫША, КАНЫШАСЫ ЖАНА ВАЗИР

Кайсы бир убактарда Билаз деген өкүмдар жашаптыр. Ильяз аттуу вазири бар экен. Вазир динге катуу баа берген, анын шарттарын толук аткарып, ибадатын калтырбаган такыба киши болуптур.

Бир күнү падыша сегиз түш көрөт. Коркуп, кечилдерди чакыртып, түштү жорутат. Арасынан бирөө:

— Бизге уруксат берсеңиз, жети күн ичинде жоруп, жакшылап ойлонуп келели. Албетте, убакыт да керек.

Падыша уруксат берип, алар бир үйгө топтолуп, мындай дешиптир:

— Падыша биздин душманыбыз экен. Азыр биз андан өч албасак болбойт. Баягыда он эки миң кечилди өлтүрүп салды го. Ошондуктан, азыр аны жакшылап теске салып коюу керек. Түшү да бир нерсенин белгиси да. Өзүбүзгө да, башкаларга да сак болушубуз зарыл. Катуу-катуу айтып, жакшы көргөндөрүнүн башын сурайлы, каалаганыбызды жасатып алалы.

“Китептерге карап чыктык, сегиз кырсыкка туш болосуң. Алардан аман кутулуу үчүн аялыңдын, уулуңдун, эң жакын кеңшчиң Ильяздын, улуу акылманыңдын жана ошондой эле мыкты чыкма жаныбарларыңдын жанын курмандыкка чалышың керек. Алардын канын бир чоң идишке сарыктырып топтоп, ошого киринип чыгасың. Андан чыккан соң биз сенин бетиңе түкүрүп чыгабыз. Ошондо гана сени жуунтуп, тазалап, дубаларды окуп, сарайыңа жөнөтөбүз. Барып тактыңа отуруп, элди башкара бересиң. Балээ-кырсык сага жакындабай да калат. Айтканды укпасаң баарын жоготосуң”, ― деп ишендиребиз.

Кечилдер падыша айтканыбызга макул болот, андан өч алабыз деп ойлошкон эле. Берилген убак келип, падышанын маңдайына келип, сүйлөшүп алгандай айтышат. Бирок падыша:

— Өз жанымдай сүйгөн жакын кишилеримди өлүмгө буйруганча, өлүп калганым артык. Баары бир акка моюн сунабыз. Жашоо, өмүр өтө кыска. Жакындарыман айрылганым ― өлгөнүм менен барабар.

Кечилдер:

— Өз жаныңызды башкалардыкынан кем көргөнүңүз туура эмес. Сиз өзүңүздү ойлоп, дөөлөтүңүздү коргоп калышыңыз керек. Канча азап менен куруп, түзүп алган дөөлөтүңүзгө убал болот.

Падыша алардын айткан сөзүнө аябай ачууланыптыр. Эч кимге кулак салбай башка бөлмөгө кирип кетет. Жуурканга чүмкөнүп жатып алып, ыйлай баштайт. Бир жактан жакындарын, бир жактан дөөлөтүн ойлоп, айласы кетет. Бул суук кабар эл арасына да тарап кетет. Ильяз да угат. Бирок, падыша чакырбай туруп, алдына барып, иштин чоо-жайын сураганым туура болбой калат деп падышанын аялына барат.

— Мен өкүмдардан колуман келгенди аяган жокмун. Мага кеңешпей туруп эч нерсе кылбайт болчу. Азыр болсо эмне болуп жатканын, абал кандай экенин мага айта элек. Эмнеге? Бир канча күн мурда кечилдерди чакырган экен. Аларга бир жашыруун сырын айтып коюп, кечилдер жаман, зыяндуу сунуштарды айтып койгон окшойт. Күйөөңүзгө барып, эмне болуп атканын билип келиңиз. Ачууланганда эч ким мене сүйлөшпөй коймой адаты бар. Мен сизди күтөм.

Каныша падышаны жанына барып, ары айланып-бери айланып атып эмне болгонун эптеп билип алат. Алгач падыша эч кимди көргүсү келбей, сүйлөшкүсү да келбей отуруп алат. Аялы ага болбой жатып, баарын айттырат. Ошондо аялы:

— Сиз, негизи, сырыңызды аларга айтып туура эмес иш кылдыңыз. Он эки миң кечилдин жанын кыйган падышага алар жамандыктан башканы тилешпейт да. Алар өз жолдошторунун кунун кууп, өчкө суусап турушат. Ошондуктан сиздин жакындарыңызды өлтүрүп, андан соң сиздин да түбүңүзгө жетишет. Алардан кеңеш сурагыча вазирлериңизден кеңеш сурап, ошолорго түшүңүздү жорутуңуз.

Аялынын айткандарына бираз жеңилдей түшүп, вазирине барат. Түшүн айтайын деп жатканда, вазир аны токтотуп түштү айтып берип, ошону менен жоруп да берет. Падыша таң калат. Вазир жети түшүн жоруп, акыркысын калтырып коёт. Жетөөндө тең падышага чар тараптан теңи жок белек-бечкек, тартуу келе жатканы айтылат. Вазир ошол белектерди алып келе жаткан элчилер жети күн ичинде келип калат деп айтат. Айткандай эле баары туура чыгат. Ошондо падыша аялына ыраазы болуп, сүйүнүп калат. Жанымды да, ээлигимди да куткарды деп сыймыктанып калат. Белектерден аялына, вазирлерине таратып берет.

Бир күнү падыша аялы менен тамактын үстүндө отуруп, ары жактан өтүп бараткан чырайы келишкен бир сулууну карап калат. Муну байкап калган каныша, кызганып, жини келип кетип, табакты тамагы менен кошо падышанын бетине ыргытып жиберет. Мына ушул сегизинчи түштүн жоруму эле. Падыша да ачууга алдырып, Ильязды чакыртып, аялын өлтүртүп сал деп буйрук берет. Вазир айласы кетип, канышаны алып жөнөйт.

“Падышанын жини тез келип, тез тарайт. Аялы ага чоң жакшылык жасады. Акылы өткүр аял. Падыша кылганына кийин өкүнүп, аялын жоктоп отуруп калат. Бул аял бир гана падышаны эмес, бизди да куткарды. Андан көрө эптеп куткарып калайын.” ― деп ойлонот Ильяз.

Падышага жалган кабар айттырып, аялдын жанын сактап калат. Көп өтпөй падыша көп сүйлөбөй, санаа тартып калат. Өкүмдү берерин берип коюп, жини тарагандан кийин өкүнүп калган эле. Ошондо, вазири ага бир окуяны баяндап берет.

ЭКИ КӨГҮЧКӨН

Бири ургаачы, бири эркек эки көгүчкөн болгон экен. Ал экөө уясын арпа, буудайга толтуруп алышат. Эркеги ургаачысына:

— Азырынча буларга тийбей, талаадан тамак издеп, курсакты ошону менен тойгузуп туралы. Кышында талаада тамак-аш табылбай калса ушулар керекке жарайт.

— Макул, анда ошентели! ― дейт ургаачысы.

Топтогондору ным болчу. Кышында кургап азая түшөт. Аны көрүп эркеги ургаачысынан шек санай баштайт. Макулдашпадык беле деп ага нааразы болот. Ургаачысы чынын айтса да эркеги ишенбей туруп алат. Ошондо чыр башталат. Жини келип ургаачысын тумшугу менен чокулап атып, өлтүрүп салат. Жаз келип баары ээрип, уянын ичи ным болуп, баягы арпа-буудай көөп, кайра толуп калат. Ошондо эркектин акылы эми башына келет, бирок кеч болуп калган эле. Жөн жерден ургаачысын өлтүрүп салганына жаны кейип отуруп калат.

Ургаачысынын өлүк денесинин жанына барып, кейий берип, жебей-ичпей ошол жерде жан берген экен.

*  *  *

Вазир муну айтып бүтүп:

— Көрдүңузбү, падышам! Шашылбаш керек, жети өлчөп бир кесиш керек. Сизге дагы бир окуя айтып берейин…

МАЙМЫЛ МЕНЕН АЛМА

Бир киши мүшөгүнө алмаларды толтуруп алып кетип бараткан экен. Жолдон чарчап, эс алайын деп бир дарактын түбүнө кыйшая кетет. Ошондо бакта отурган маймыл анын алмаларына кызыгып, акырын барып алмадан кучагын толтура алып, кайра чыгып кетет. Бирөө менен ойноп отуруп түшүрүп жиберип, кайра алайын деп түшсө тиги киши ойгонуп кетип, ууру маймылды кармап алып өлтүрүп койгон экен.

*  *  *

— Мына көрдүңүзбү? Сиз да колуңузда баары туруп, башкага умтуласыз.

Падыша:

— Ойлонбой, өкчөбөй туруп, бир азга болсо да күтпөстөн өлтүртүп салдым! ― деп кейип-кепчип баштайт.

— Сөз да бир, Кудай да бир! ― дейт вазир.

Кайгы эки кишиге жарашат: күнүгө ар кимдин кайгысын укканга жана жакшылыгы жокторго.

— Кап! Эми эмне кылам? Аялымды кайра көргүм келет. Бекер кылдым да…

— Бул дүйнөдө эки киши гана кейибей жашай алат: күнүгө жакшылык кылган жана эч качан күнөө жасабаган киши.

— Аны кайра көрө алат болдум бекен, жок дегенде бир жолу?

— Сокур менен акмак гана эч нерсе көрө албайт.

— Көрсөм, кайгым жазылып, сүйүнөр элем.

— Оор басырыктуу жана акылы тунук кишилер гана чындап сүйүнө алышат.

— Эй, вазирим! Койчу эми башымды оорутпай, сенден алыс турбасам, мээмди жегени калдың.

— Жакшы менен жаманды айырмалай албаган, сый менен жазаны билбеген, түшүнбөгөн, кулагы жаман нерселерди угуп, көзү жаман нерселерди көрүп, көнүп калгандардан алыс болуш керек. Алардан качыш керек.

— Эми мен аны көрө албайм, үмүтүмдү үздүм.

— Суу акпаган арыкты, өкмөтү жок мамлекетти, күйөөсү жок аялды жок дей алсаң болот.

— Эмнеге ар айтканыма даярданып алгансып жооп берип калгансың?

— Акылдуу падыша, токтоо аял, илими терең, кең пейилдүү кишилер гана дароо жооп бере алат.

Падыша жаман болуп, өзүнүн кылган кылыгына өкүнүп отурганын көргөн вазир анын аялы тирүү экенин айтат. Ошондо ал баарын түшүнүп, катасын мойнуна алып, сүйүнүп кетет. Аялы менен жарашып, көп нерсени үйрөнүп, жардамы тийгендин баарына ырахматын айтат.

Ильязга ыраазы болуп, бийлигин ошого тапшырат.

ОН БИРИНЧИ БӨЛҮМ

Падыша Дабшалим ойчул Байдабанын акылына таң берип, суктанып отурду да:

— Туура айтасың. Эми мага жамандыкка туш болуп, жашоодон сабак алган соң, башкага жамандык кыла турчу жерде андан кайтып, жамандыктан тартынган киши жөнүндө кеп сал…

— Башкага жамандык каалоо ― акылсыздык. Алар штин акыры эмне менен бүтөт, ойлонушпайт. Бирөөгө көр казба, өзүң түшүп каласың дегендей, жасаган кылыгы өзүнө кайтаарын билбейт. Билбегени үчүн коркпойт, корпогону үчүн жасайт. Бирок жамандыкка туш болуп, андан сабак алгандар да бар. Алар аны башкаларга каалабайт, башкага зыян келтирүүдөн коркушат.

Сизге бул тууралуу арстан, чөө жана аңчынын окуясын айтып берейин…

АРСТАН, ЧӨӨ ЖАНА АҢЧЫ

Арстандын эки баласы бар эле. Кээде алардын курсагын тойгузайын деп энеси аларды жалгыз таштап, аңга чыгып кетчү. Күндөрдүн биринде дагы балдарынын камын ойлоп, уяда жалгыз таштап, талаага чыгып кетет. Ал жокто бир аңчы келип, балдарын өлтүрүп, терисин сыйрып алып кетет. Энеси келип, аны көрүп, көз жашын көлдөтүп, эмне кылаарын билбей калат. Ошол тараптарда жашаган чөө анын жанына келип, башынан өткөнүн уккандан кийин:

— Болду, антип өзүңдү кыйнаба. Кайрат кыл. Аңчы менен сенин кылганыңдын айырмасы деле жок. Сен да аңчылык кылып жаныңды багасың. Ошентип, кээ бирөөлөрдү бири-биринен ажыратасың. Сен да балдарыңды канчалык сүйсөң, башкалар деле ошондой. Алар жүрөгү өрт болуп турса дагы, кайрат кылып чыдап жатышат. Сен сабырдуу, чыдамкай болушуң керек. Ар бир кылган нерсең өзүңө кайтып келет. Жакшыны жакшылык, жаманды жамандык ээрчий келет.

— Кандайча?

— Сен ар кимдин этин жейсиң, ошону менен жан багасың, туурабы? Ошол аңчылык кылып, түбүнө жеткендериңдин деле жакындары бар болчу да. Балким бирөөнүн ата-энеси, балким бала-чакасы, ким билет. Алар да жакындарын жоготуп, кайгыга батып ыйлашчу. Мына эми, кылганың башыңа келди. Сен да балдарыңды жоктоп отурасың. Бул балээ сага жөндөн-жөн эле келип калган жок.

Чөөнүн айтканын угуп, өзүн-өзү күнөөлөп, жырткычтыктан баш тартыптыр. Эт жегенди таштап, жемиш менен тамактанганга өтүптүр. Кудайына жалынып, убактысын ибадат менен өткөрүп калыптыр. Аны көрүп, жемиш менен жанын баккан бир куш:

— Кургакчылык бизди тооруп, тамак-ашыбыз кыскарып турса, сен да келип биздин ырыскыбызга асылып калыпсың. Өзүңдүн эт сыяктуу ырыскың турса, биздин жемиштерди жегениң кандай? ― деп наалый кетет.

Арстан ары ойлонуп, бери ойлонуп, чөп менен тамактана баштайт. Ошентип, башкага зыяным тийбесин деп, өзү тушуккан балээден сабак алып, ушундай жашап калыптыр.

ОН ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

Дабшалим Байдабаны угуп бүтүп:

— Айткан кебиң ырас экен. Өз шыгына ылайык, кемтиксиз жасай алган ишин таштап, билбеген, жасай албаган жумушка белсенип алып, аткара албай орто жолдо калгандар жөнүндө кебиңди айт эми.

МОЛДО ЖАНА КОНОК

Күндөрдүн биринде шаарда жашаган бир молдонун үйүнө конок келип калат. Экөө отуруп курма жеп, сүйлөшө кетишет:

— Курмаңыз сонун экен. Мынчалык даамдуу курма жей элек болчумун. Менден жардамыңызды аябаңыз. Мага курманын данектерин берсеңиз, жашаган жериме айдап, өстүрүп алайын, ― дептир коногу.

— Эгерде сиз жашаган тарапта өспөй кала турган болсо кантебиз? Анын үстүнө, силерде деле буга окшогон толтура даамдуу жемиштер жайнап жатса керек. Муну алып барып, айдап, азабын тартып отурмак белеңиз? Андан көрө колуңузда тургандын баркын билип, ошону өнүктүрсөңүз жакшы болот го…

Негизи молдо жөөттөрдүн тилин үйрөнгүсү келип жүрчү экен, конок болсо аны жакшы билет. Анан ага бир окуяны айтып бериптир.

ТАРАНЧЫ МЕНЕН КАРГА

Карга таранчынын секирип басканын көрүп, анысы ага майдай жагып туурай баштайт. Күнүгө ошентип, секирип басканга аракет кылып жүрүп, аны же толук үйрөнө албай, ошону менен бирге өз басыгын да унутуп калат. Куштардын арасында жөн басалбай, аларга шылдың болуп, кызыктай басканы үчүн, тайтак карга атка конуптур.

— Көрдүңбү, сен да каргадай болуп, жөөттөрдүн тилин үйрөнөм деп атып, өз тилиңди унутуп каласыңбы деп корком, ― деген экен молдонун коногу.

ОН ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ

— Жакшы баяның бар экен, акылман Байдаба. Эми мага жакшыга жакшылык жасап, артынан ыраазычылык эңсегендерди баяндап берчи.

— Адам болсун, айбан болсун, баарынын ар кандай табияты, ар башка кыялы болот. Адам негизи башкаларга караганда өтө бийик жандык. Адамзаттын жакшысы да, жаманы да бар. А түгүл, кээде айбан да адамдан жакшыраак болуп кетет.

Эң негизгиси жакшылыкты билбегенге жакшылык кылбай эле коюу керек. Ошонун баркына жеткенге, ошону түшүнө билгенге жакшылык жасаш керек. Жаманга жакшылык жасай берсең, аягында зыян тартып калышың мүмкүн. Дарыгер да алгач оорулууга жардам көрсөтүүдөн мурун, анын оорусу эмне экенин аныктайт. Ошого жараша кадам жасайт. Эми баянымды баштайын…

ЗЕРГЕР ЖАНА САЯКАТЧЫ

Килейген бир чуңкурга зергер, жылан, маймыл жана барс түшүп кетишет. Ал жерден бир саякатчы өтүп баратып, тиги зыянкечтердин колунан бул кишини сактап, куткарып алышым керек деп ойлойт. Чуңкурга жипти салаңдатса, алгач шамдагай маймыл, андан соң жылан, анан барс жипке жабышып чыгып кетишет. Алар саякатчыга аябай ыраазы болушуп, ырахматын айтышат. Бирок саякатчыга бир нерсе айтышат, аябай эскертишет. Көрсө тиги зергерди куткарбай эле кой, адам дегениң баары бир кылган жакшылыгыңды унутуп калат деп айтышыптыр. Өзүлөрү ушул аймакты жердешерин, кандай гана учур болбосун, дайыма жардамга даяр экендиктерин билдирип, кош айтышып узап кетишкен экен. Саякатчы тигилердин сөзүнө маани бербей, зергерди да куткарат. Анысы жалынып-жалбарып, куткарганы үчүн миң мертебе ыраазы экендигин айтып бүтпөйт. Шаар жакка жолу түшсө үйүнө конок болуп кетүүсүн суранат. Экөө коштошуп өз жолдору менен кетип калышат.

Көп өтпөй саякатчы шаарды көздөй жөнөп калат. Алдынан баягы маймыл чыгып, жакшылыгын эстеп, ага тамак-аш берип, курсагын тойгузуп жолго салат. Дагы баратып арстанга жолугат. Ал конокту үйүнө жаткызып коюп, шаардагы падышанын сарайынан баалуу таштарды алып келип, саякатчыга берет. Арстандын үйүнөн чыгып, жол тартып бара жатып, тиги баалуу таштарды баягы зергерге көрсөтүп саттырып, акча кылып алгысы келет. Шаарга келип, зергерди издеп таап, баалуу таштарды көрсөтөт. Анысы амалданып, сатып келимиш болуп, падышаны көздөй жөнөйт. Падышага “Ууруну таптым, соттогула!” ― деп айтат. Падыша анын үйүнө барып, аскерлерине саякатчыны карматат. Аябай тепкилетет да, бир бакка байлатып салат.

Баягы жылан муну угуп, падышанын уулун чагып коёт. Падыша уулун айыктыра албай айласы кетет. Тиги жылан болсо баланы айыктыра турган чөптү таап келип, бакта байланып, араң жан турган саякатчыга берет да, “Падышага уулуңузду ушуну менен айыктырса болот деп айткын” ― деп эскертет. Саякатчы айласы кеткен падышага, жыландын айтканындай кылат. Падыша алгач ишенбесе да акыры айласы жоктон, тигинин чөбүн кайнатып, баласына ичирет. Бала айыгып кетет. Ошондо, падыша саякатчыны бошотуп, алдына алат. Болгон окуясын угуп бүтүп, аскерлерине зергерди издеттирет. Аны кармап келишкенде даргага астырып өлтүртөт.

*  *  *

— Ушундай, урматтуу өкүмдарым! Бул баяндын ар жеринде сабак бар. Ошондуктан, алыс болобу жакын болобу жакшылыкты түшүнгөнгө, барктай билгенге жасаш керек.

ОН ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ

Падыша Дабшалим, ойчулга:

— Жакшылыкка акылдуулар гана татыктуу дедиң эле. А эмне үчүн акылы жок акмактар деле көтөрүлүп, акылдуулар алардын азабын тартып жүрүшөт?

— Адам баласы көрө алат, уга алат, ошондой сыяктуу эле ар бир ишке ойлонуп, изилдеп, кеңешип туруп кадам ташташы керек. Мээ деген бекер берилген эмес да. Бирок тагдырдын буйругу баарынан өйдө турат. Сизге бул тууралуу падышанын уулу менен жоро-жолдошторунун окуясын айтып берейин…

ПАДЫШАНЫН УУЛУ МЕНЕН ЖОРО-ЖОЛДОШТОРУ

Төрт жаш жигит бир жерде жолугушат: бирөө падышанын уулу, экинчиси соодагердин уулу, үчүнчүсү ак сөөктүн уулу, төртүнчүсү бир чабандын уулу. Баарынын тең өз байлыгы жок болгону үчүн дайыма бир нерсеси жетишпей турчу экен. Баары тең чогулуп алып бир шаарга барышат. Курсак тойгузуш үчүн эң биринчи чабандестин баласын жиберишет. Анысы шаарда сураштырып жүрүп отуруп, отун сатууну чечет. Токой алысыраак эле, бирок ал ээринбей токойго барып, отун жыйнап, анысын шаарда бир дирхамга сатат. Тиги досторуна тамак-аш сатып алып барат да, шаардын кире беришине “Бир күндүк оор жумуштун баасы бир дирхам”, — деп жазып коёт.

Эртеси ак сөөктүн келишимдүү баласын жиберишет. Ал шаарда жүрүп иш таппай кыйналат. Ачка болот. Чарчаганынан бир бактын түбүнө барып уктап калат. Аны бир бай аял көрүп калып, жактырып, үйүнө алып барат. Бай аялдын үйүндө курсагын тойгузуп, жыргап-ойноп көңүл ачкан соң, кечинде беш жүз дирхамды чөнтөгүнө салып келе берет. Ал дагы шаардын кире беришине “Сулуулуктун бир күнү беш жүз дирхамга татыды”, — деп жазып коёт.

Үчүнчү күнү соодагердин баласы жолго чыгып, соодагерлерге барып, акылы менен иш жүргүзүп миң дирхам таап келет. Шаардын кире беришине “Акылдын бир күндүк кирешеси миң алтын”, — деп жазып коёт.

Төртүнчү күн келип, кезек падышанын уулуна түшөт. Ал шаарга барат да, бир жерге жөн эле отуруп алат. Көрсө ошол күнү ал шаардын падышасы көз жумуп, ордуна кимди коёбуз деп, ак сөөктөр санаа тартып жүрүшкөн экен. Ак сөөктөр аны байкап калышып, ал-жайын сурай баштаганда, коңшу шаардын падышасынын уулу болуп чыгат. Көрсө ал атасы өлгөндө тууганы андан так талашып, талаада калган экен. Ак сөөктөр атасын жакшы таанышчу, баласын да такка ылайык көрүп, падыша кылып шайлашат.

Ошентип, падышанын баласы шаардын кире беришине “Мээнет, сулуулук, акыл менен табылгандын баары Кудайдын ыраазычылыгына, тагдырга байланыштуу” ― деген сөздү жаздыртат да, баягы жолдошторун чакыртып, акылын колдонуп, иш аткарган соодагердин баласын казына башына шайлайт. Тиги эмгекчил жолдошуна мамлекеттин дыйканчылык иштерин тапшырыптыр. Тиги сулуулук деп, ар кимдин мамилесин бузган бекерчини шаардан ары кубалап жоготуптур.

ОН БЕШИНЧИ БӨЛҮМ

— Эми сенден акыркы жолу бир нерсе сурайын. Жакшылап билип алайын деген бир нерсе бар. Башкаларга акыл үйрөтүп, өзүнө жукпагандар жөнүндө бир-эки ооз сөз кылып бер.

— Макул, падышам! ― деп баштаган экен Байдаба…

КӨГҮЧКӨН, ТҮЛКҮ ЖАНА ИЛЕГИЛЕК

Өтө бийик курма бакка көгүчкөн уя салган экен. Балапандарын чоңойтуп, турмушу өтө берет. Бирок уя салып жатканда да, ошондой эле балапандарын бакканда да аябай кыйналыптыр. Анткени, бак өтө бийик эле. Анысы аз келгенсип, бир түлкү бактын түбүнө келип, баарыңды кырып салам десе, коркконунан бирден балапанын таштап коюп турган экен.

Түлкүдөн коркуп, уясына камалып жата бериптир. Аны көргөн илегилек:

— Мен сага бир нерсе айтам. Түлкү келсе, балапанымды бербейм дегин. Кааласаң бакка чыгып келип ал, ― деп жооп бер. Ал ушул бакка чыгалбай, айласы жоктон кетип калат, ― деп акыл үйрөтүптүр.

Түлкү келип, көгүчкөндүн жообун угуп, бир ызырына, бир жини келе ким акыл берди деп сураптыр. Тиги да баладай болуп, илегилекти айтат.

Түлкү суунун жээгинде конуп турган илегилекке жакындай басып, учуп кетпесин деп жакшы сөздөрдү айтып, алаксып калганда басып алыптыр.

АЯГЫ

Которгон Азат ЖАПАРБЕК