ЖАПИЕВ Жылкычы: ЖЫЛКЫЧЫ ЖАПИЕВ: СУУ БАЯНЫ

АҢГЕМЕ-ЖОМОК

Илгери-илгери мелтиреген көк деңиздин боюнда жашаган бир эл болуптур. Ал эл мал багып, аштык айдап, дыйканчылык менен күн көрчү экен. Ошол элде Авалий деген бала болуптур. Ал тестиер жашка жеткенден өзү кырдуу балдарды топтоп алып, тоого чыгарып, суугу сүздүрүп, шамдагайлыкты үйрөтөт. Балдар да анын сөзүн эки кылбай, бардыгын аткарышыт.

Күндөрдүн бир күнүндө Авалий жалгыз ойноп жүрүп, аябай суусап, булакка барат. Мөл булактан суусунун кандырып, кете берерде булак башындагы учкашкан кызыл таштын ортосунан килейген кара чаар жылан чыга келет. Авалий оолактап барып караса, жылан аябай узун экен, чубалып-чубалып келип, бир кезде куйругу менен агып жаткан сууну бөлө чапты эле, суу токтоп калат. Анан жылан булактын оргуштап жаткан көзүнө башын салып жиберип, далайга чейин суу ичет. Суусуну кангандан кийин төшүн күнгө кактап жатмакчы болду эле, Авалий кара таш менен жыланды чала-була уруп калат. Жылан бир силкинип алып, учкашкан таштын коңулуна кайра жанталашып качып жөнөйт. Авалий таш менен мээлеп дагы бир коёт. Ташы жыландын башына тийбей, куйрук жагын жанчып кетет. Жылан коңулга кирип кеткиче Авалий дагы эки-үч курдай уруп калат. Өлтүрө албай калганына өкүнүп, үйүнө жөнөйт.

Үйүнө келгенде болгон окуяны айтып берет.

— Бекер урупсуң аны. Болбостур, балам,- деп атасы менен апасы кейип калат.

Бул окуя ошо менен унутулат. Авалийдин атасы менен апасынын карылыгы жетип, дүйнөдөн кайтыш болот. Авалий эр жетип, ошол деңиз бойлой жашаган элге көз-баш болуп калат.

Арадан жылдар өткөн сайын улам бир булак соолуп, эл суудан куруй баштайт. Мелтиреген көк деңиздин суусун ичүүгө болбойт, туздуу. Эгин-тегин жамгырдын суусу менен эптеп өсүп, кайрак жетилет.

Эр азаматтар атан-төөгө жүктөп, алыстан суу ташып келе баштайт. Ушинтип суу ташып иче турсак, балким соолгон булактардын көзү ачылып, тарткан убарабыз бир күнчөлүк болбой калат дешти. Бирок соолгон булак көздөрү ачылмак турсун, башат аттуулар четинен улам кургап баратты.

Ошол кезде малды кара жама деген оору каптап, далай төөлөрү, өгүздөрү, жалкылары апаат болду. Сууну он күнчүлүк жерден ташып ичиш бара-бара оордой баштады. Улоо да чак болуп, убарасы күчөгөндөн күчөдү. Эл жыйылып, ары кетишти, бери кетишти, акыры көчмөк болуп чыгышты.

Болжошкон күнү эрте менен эл үйлөрүн чечип, жүктөрүн таңып, камынып калышты. Дагы эки күн токтоп калышты. Үчүнчү күн дегенде эл чуруу-чуу түшүп жөнөп беришти туулган жер менен коштошуп. Боору менен бир бүткөн чөлкөмдү кыя алышпай көздөрүнө жаш алып, көкүрөктөрү зилдеп, аргасыздан жолго чыгышты.

Он күндөн ашык жол басышты: талаа-түздөн өтүштү, бел ашышты, кокту өрдөштү. Бир мейкин жерге келип токтошуп, ушерди жердейли деп сүйлөштү. Бирок мындан да жакшы жай табабызбы дешип, эртеси кайра жолго чыгышты.

Көч улам конуп-кетип атып далай жерге жетти, далай мыкты жайга туш болду, бирок бир да бирин жактырышкан жок.

Сапар улап бараткан көчтүн алдынан бир күнү акылман абышка чыкты. Бул көчтүн кайдан, каякка баратканын сурады.

— Баамымда далайдан бери келатсаңар керек, жүдөп-какап бүтүпсүңөр. Кайдан келаткан элсиңер, кайда баратасыңар?- деди.

Көч аксакалдары болгон окуяны айтып беришти.

— Ичерге суу түгөнүп келатабыз дегиле,- деди акылман аппак сакалын бир сылап.

— Ошенип келаткан элбиз,- деди көчбашы Авалий.

— Башаттардын баары соолуп калган турбайбы анда,- деди акылман.

— Соолуду. Суу башка жакка ооп кетсе керек,- деди аксакалдардын бири.

— Силер сууну таарынтып алгансыңар го. Суу таарынганда тескери агып кетет,- деп акылман элди карап калды.

Эл акылмандан көз айырбай тиктейт. Эч ким унчуккан жок, тымтырс.

— Силердин араңарда бир күнөлүү бар, бир кесепеттүү бар,- деди акылман асманды тиктеп.

Эл ого бетер дымый түштү. Ошол күнөөлүү, кесепеттүү ким болду экен деген ойго кетишти баардыгы тең. Акылман тиктеген асманды карашты, эл асмандан күнөөкөрдү көрө алышкан жок. Көгөргөн көк асмандан бөлөк эч нерсе көрүнбөйт.

— Суу ээсин таарынтканыңар барбы араңарда?- деди бир кезде акылман. — Суу ээси таарынса таптакыр суу бербей коёт. Араңарда бербы дейм?- деп кайра суроо салды.

Адамдар бирин-бири карады. Эч кимисинен шек туулган жок.

— Андай жок биздин элде,- деди көч башы ортого келип. — Суу ээсин дегеле көргөн эмеспиз.

— Жок,- деди акылман колун жогору көтөрүп, элдин чуулдагын басып, — силер жалган айтып атасыңар. Суунун ээсин силердин эл таарынтып коюптур. Ошондон улам булагыңар соолуп, суусуз калыпсыңар. Таарынтпасаңар мындай абалга келмек эмессиңер…

Толкуган эл кайра дымм болуп калды.

— Суу ээси таарынганда да катуу таарыныптыр. Баарынан да анын кыжыры келгени ошол киши ушул кезге чейин  күнөөсүн жашырып-жаап келатканында. Кечирим сураганында ушунча эл кыйналып, азап чекмек эмес,- деди акылман.

— Кана, акылман, ал ким экен!? — деп көпчүлүк чурулдап жиберди.

— Мен айткандан көрө өзү алдыга, ортого чыкканы оң го,- деди акылман жардашып тургандарды кыдыра карап.

Эл ичи күжү-күжү боло түштү. Баардыгынын көздөрү ортого кадалды, бирок эч бирөө көкүрөк кагып чыккан жок. Күнөөкөр ким болду экен деп көпчүлүк биринин көзүн бири сырдуу карайт. Эл тунжурап тура берди. Анан акылман кетмекчи болду эле, күнөөлүүнү таап бериңиз деп тургандар жаалап жиберди. Акылман ары кетип, бери кетип, бир кезде:

— Ал күнөөкөр адам силердин көч башыңар,- деди.

Бардыгы Авалийди тиктеп калышты эч нерсе түшүнбөй. Авалий акылмандын бул сөзүн укканда эмне дээрин билбей, дендароо болуп калды.

— Ортого чыксын көч башы! — деди акылман жардашкан элге.

— Ортого чыксын!- деди көпчүлүк бир ооздон.

Авалий ортого чыкты.

— Кана, күнөөңдү айт эл алдында, — деди акылман — Эл кечирсе, кечирбесе, өз эрки. Элден кечирим сура.

— Айтсын күнөөсүн!- деген үндөр чыкты көпчүлүктүн арасынан.

Авалий эч бир күнөөсүн эстей албай койду.

Эл жымжырт, күтүп турат көч башынын оозун тиктеп. Көч башы ойлоп-ойлоп таппады.

— Менин күнөөм жок,- деди ал бир кезде.- Эч күнөөм жок.

— Көч башынын күнөөсү жок, балким башкадыр? — деген үндөр жаңырды көпчүлүктүн арасынан.

— Жок, күнөө көч башынын өзүндө, — деди акылман элдин чуру-чуусун басып.

— Андай жасаган күнөөм болсо айтып бериңиз, элдин сотуна коёлу, акылман,- деди Авалий.

— Айтыңыз!- деди көпчүлүк жаалап.

— Бала күнүңдө булак башындагы жыланды таш мылтыкка алдың беле? — деди акылман көч башыны тике карап.

— Ооба,- деди көч башы.

— Мына, уктуңарбы?- деди акылман көпчүлүккө.

— Ошол жылан суунун ээсиби? — деп сурады Авалий акылмандан.

— Суунун ээси жеке эле жылан эмес, табияттын баары ээси болуп эсептелет. Андыктан, деги кандай жандык болбосун бөөдө өлтүрүп же кыянатчылык кылсаң анын жаны түптүз сууга барып даттанат. Анан суу таарынат да нугун буруп, бөлөк жакка агып кетет.

Акылман ушуну айтты да көздөн кайым болду. Жардашып турган эл акылманды таппай калды.

— Көч башы, күнөөкөр өзүң турбайсыңбы! — деди бир аксакал эл ичинен суурулуп чыгып. Анан элге кайрылды: — Кана, калайык, бу күнөөкөргө кандай жаза берели?

Эл дагы тымып калды. Авалий белиндеги курун чечип, мойнуна салып, ортодо турат. Эл кандай жаза көрсө макул.

— Сенин азабыңдан ата-бабабыздын асыл жеринен ажырап отурабыз. Кана, айт, эмне жаза көрөсүң?- Алиги аксакал Авалийдин жанына басып келди.

— Силер эмне айтсаңар баарына даярмын,- деди Авалий башын төмөн ийип,- Күнөө менден кеткен экен, жыланды таш менен урганым чын болучу.

— Кана, калайык, Авалийге эмне жаза беребиз?- деп кыйкырды аксакал элди тегерете карап.

Ар ким ар кандай жазаны айтышты. Бирөө башын алуу керек деди, бирөө кууп жиберүү керек, дагы бирлер “жүрө берсин, далай күндөн бери бизди баштап, азап-тозок чегип келатат, ошо менен күнөөсүн жууш керек” деп чыгышты. Эл чуу түшүп, анан тынчый калганда алиги аксакал:

— Калайык! Авалийдин башын алганыбыз менен андан эч натыйжа чыкпайт. Кууп салгандан тапкан пайдабыз кайсы? Бирок күнөөсүн жууш үчүн элге кызмат көрсөтсүн! — деди.

— Туура! Туура! Кызматы менен күнөөсүн жуусун! — деди көпчүлүк чуркурап.

— Кана, кандай кызмат өтөсүн? — дешти бир тобу.

Көпчүлүк ары ойлоду-бери ойлоду, акыры бир жыйынтыкка келишти. Авалийдин колуна кетмен, кайлоо, күрөк берип, Улуу Тоону аралап аккан дайра суусун какыр чөлгө буруп келүү милдети тагылды. Ошол дайраны буруп келсең күнөөңдү кечтик дешти.

Авалий күнү-түнү тыным билбей арык казды, таш омкорду, дамба орнотту. Далай жыл бою эмгек кылып, акыры дайраны буруп келди. Эл дайра суусуна эгин сугарышып, түшүм жыйнашты. Аштык мол болуп, Авалийдин күнөөсүн кечишти.

Биздин айылдын үстүнөн тоо боорун кыялаган арыктын эски нугу бар. Илгери буерден аркыраган чоң суу акчу экен. Ошол арыкты кайсы бир кылымда Авалий деген адам чааптыр деген сөз айтылат ушул кезге чейин.