* * *
Жокчулукту татыктуу тосуп алып,
Жолдош кылып жаныма кошуп алып,
Арман менен айылдаш жашап келем,
Аздек тутуп милдетти кошуналык.
* * *
Албырып жүзүң анардай,
Алоолойт жүрөк жанардай.
Жыпар жыт эгиз алмаңды
Жыттаса кумар канардай.
Ак жубар төшүң маралдай,
Айбыгам жакын бара албай.
Кол салбас болсом койнуңа,
Койбодум неге жаралбай.
Татамбы таттуу кебиңден?
Тартамбы ийе белиңден?
Жоопту күтөм зарыгып,
Жоодур көз сендей келинден.
* * *
Жаралсаң да алмустактан тоңбоого,
Эскирбеске, эч убакта оңбоого,
Сендей күчтү билбесем да керемет,
Сен да муктаж турбайсыңбы коргоого.
Эл өнүгүп эркин, кенен ойлоого,
Эчен-сансыз кылым жээгин бойлоого...
Эс-акылы туруп эле ордунда
Эл да дайым муктаж тура оңдоого.
Тоо да, түз да жылдар өтүп миңдеген,
Чөп да, суу да кыргыз тилде сүйлөгөн,
Коробостой болуп туруп түбөлүк,
Коргогонго муктаж тура тил деген.
Сүрүп туруш керек тура жоолорду,
Сүйүп туруш керек тура тоолорду.
Кемий берет тура көрсө билинбей,
Үйүп туруш керек тура тоолорду.
Жерге кетсем желге берем сырымды,
Жетим калар... элге берем ырымды.
Уктап туруп ушунчалык бөксөргөн
Унутпассың ушул укмуш кылымды.
10.08.1989 ж.
МЕНИН ЖАЗЫМ
Жараланган чымчыктай,
Жатам ичтен ыр чыкпай.
Жазмышыма ийилем,
Жаны чыккан чырпыктай.
Жаратылыш кылдары
Жан-жанымдан ырдады.
Жан коёрго жай таппай,
Жалгыздыгым ырбады.
Күйүтүмдөн өчпөгөн,
Күн сыяктуу өрттөнөм.
Күрс-күрс этип дагы эле
Күз чыгалек өпкөмөн.
Жазда дүйнө көктөгөн...
Жаңылыктар көптөгөн...
Кыш-кыш этип дагы эле
Кыш чыгалек өпкөмөн.
Өксүү, чарчоо, бузулуу,
Өсүү, түтөө утуру...
Керек анан өлүм да,
Келип турса учуру!
18.04.89
* * *
Карындаш, катыңды алдым мага жазган,
Мен бир жан жакшы ыр издеп өңдөн азган.
Чекемдин бырыштарын кайдан десең,
Төбөмдөн жүз жаштагы ойлор баскан.
Каракөз, катыңды алдым мага жазган,
Көп жүрдүм өзүмдү өзүм аябастан.
Сыртыман сыр билдирбей чымырканам,
Баарынан кур калганга карабастан.
Садага, катыңды алдым мага жазган,
Ашык бол, ашык кылгын, ойно, наздан.
Сүйө албай, сүйдүрө албай мен да келем,
Жашоого болбойт экен кайра баштан.
Үмүттөр бирде ачылып, солуп турган,
Өмүрдө бирде кемип, толуп турган.
Тагдырга ыраазымын дал өзүңдөй,
Ыр сүйгөн сулуу кызга жолуктурган.
Мен болсо өз сүйүүмдү жашап койгом,
Башымдан кетпей калган азап бойдон.
Жазмышка ыраазымын перизаттай,
Ыр жандуу сендей кызды жасап койгон.
* * *
Көйгөйдү бүт кантип жазам ыр кылып,
Көналбадым көп ыйладым чыр кылып.
Оюнчуктай көрүп жүрүп турмушту,
Омурткамды кетти белем сындырып.
Бүтүн туруп ажырапмын жик болуп,
Бүгүн артта калчум кана из болуп?
Ойлогондо келбей кетет жашагым,
Отуз жашка чыкканымды "ит" болуп.
Айла канча адам деген ушул да.
Дүйнө кызык, кызыктыгы ушунда.
Жаралууга жазып койгон жазмышым
Армансызды арсыз деген учурга.
Бир кылымы бир саатка барабар,
Мен мезгилдин тездигинен жарадар.
Балким ушул бизден калган дүйнөгө,
Арманы жок адамдар да жаралар.
13.04.1989-ж
ӨМҮР
(Акын курбуларга)
Булактай агылып,
Бутактай жайылып,
Аптапка куурулуп,
Аязга кайыгып.
Бир туруп көкөлөп
Бийиктен жарылып,
Төбөдөн жылдыздай
Төмөнгө сайылып,
Сезимге багынып,
Селкиге жалынып,
Бүчүрдөй жарылып,
Бүтүндө жаңырып,
Оттуктай чагылып,
От болуп жагылып,
Ооруп, айыгып,
Оюндан арылып,
Жоголуп, табылып,
Жол менен агылып,
Кеңейип, тарылып,
Келберсип, камыгып,
Кээ күнү дүйнөдөн
Кетердей камынып,
А мезгил агылып,
Дайрадай чамынып,
Убакыт узаса,
Уучубуз тарылып,
Жашыбыз улгаяр
Жабышып карылык.
Өкүнүп боздогон
Өткөндү сагынып,
Өмүрдү жоктогон
Өзөктө жаңырык.
Көрүп ал ошондо,
Көкүрөк чыңырып,
Жашоодон чыгынып,
Жаш болуп сыгылып,
Үшүсөк жылыбай,
Үйлөргө тыгылып,
Ар күнү таң көрүп,
"Аман" деп сыйынып,
Күн санап акыры
Күүдөн тыйылып,
Калемден, ырлардан
Калалбай кыйылып,
Күтүүдө бир күнү
"Күп" этмей жыгылып.
Жалындап ташалы,
Жабыркап азалы,
Жалгыздап басалы,
Жакшы ырлар жазалы.
* * *
Араандай ачасыңар алкыңарды,
Ар кайда чачасыңар калпыңарды.
Алпарып адам көрбөс бир коктуга
Аттиңай, атып салса жалпыңарды.
Тебишип тарп талашкан жорусуңар,
Тегирмен, ТЭЦтердин морусуңар.
Кыргызды кыруудан да кайра тартпас
Кылымдап арылбачу шорусуңар.
Журтубуз жатат каптап караңгылык,
Жуттуңар ашыңарды арам кылып.
Жарынып өлгөн чыгар силердейди
Жаратып ийген кудай адам кылып.
Ылайым атылгыла куралдарга,
Ылайым басылгыла дубалдарга.
Какшыта канын ичип бир улуттун,
Калдыңар миллиондоп убалдарга.
Теңирим силерди урсун балдар үчүн
Тентиген Алтай, Саха, Уралдарга.
Терилбей талааларда дарбыздары,
Темселеп жүрөт элдин жар, кыздары.
Тикенек кечип жүргөн ошолордун
Тийсе экен силердейге каргыштары!
* * *
Аялуу журтум сарбагыш,
Айдыңын басып сары камыш...
Басынтып жерге башымды
Басылып жатат карга аңыз.
Катыксыз калды жармабыз,
Кароосуз калды чарбабыз.
Качандыр казак чочуган,
Канакей биздин ар-намыс?!
Карчыга эмес каргабыз,
Камалып туюк жардабыз.
Кейиштүү ушул сөз чыкты,
Кечиргин мени сарбагыш.