Силер жөнүндө мен эч качан бөлүп-жарып ойлонбогом: мен ардайым силер деле биз сыяктуу киши же киши эмессиңер деп түшүнөм. Бирок силерди бар дешет, таасирге кирме өзгөчө жан дешет.
Андыктан:
- Сууну ыксыз ысырап кылып төкпөгүлө, ошол учурда эрдине сүртөр бир тамчы суу таппай, ээн талаа, эрме чөлдө кимдир-бирөө өлүп баратканын эстегиле.
- Мен төкпөй койсом эле, ал сууга жетип калмак беле?
- Сууга жетпейт, бирок дүйнө аргасыз кылмыштын дагы бирөөнөн азаят.
- Ошол сыяктуу эле нанды эч качан ыргытпагыла. Көчөдө жаткан, тебелендиде калган нан көрсөңөр өйдө, таштын, ноонун үстүнө алып койгула. Не дегенде, ээн талаа, эрме чөлдө бир тамчы сууга жетпегендер эле эмес, таштандылардан бир күкүм нан издегендер да бар. Ошондойлордун бирөө силер алып койгон нанды көрсө, жерден эмес, таштан, ноодон алып жегени жеңил болор.
Эч качан шылдыңдан коркпогула, шылдың болор абалда калган адамды көрсөңөр: 1) аны ошол абалдан алып чыгууга аракеттенгиле, алып чыгууга болбосо – 2) ошол абалга кудум сууга секиргендей бой таштагыла: кур дегенде абалды экөөңөр тең бөлүшүп, жарымы сага, жарымы тигиге тийет, андан да жок дегенде шылдыңдуу абалдан шылдың көрбөйсүңөр.
Арийне, адам аттуунун баары ошентет деп айтпагыла: бардыгы тескерисинче жаман жасап, ошого шылтай салат. (NB! Айрым мисалдарды бул жерде айтып отурбайын). «Бардыгынын» эч ким деген экинчи аты бар, жана да жүзү жок – апакай, бош. Агер силерге «Эч ким антпейт» (антип кийинбейт, антип ойлобойт ж.б.) дешсе, «А мен – киммин?» деп жооп бергиле.
Ата-энеңерге анчалык ачууңар келбесин: алар силердей болгонун, силер алардай болоруңарды унутпагыла.
Андан башка, алар силер үчүн ата-эне болгону менен өздөрү үчүн – мен. Ата-энелиги үчүн алардын мендигин түгөтпөгүлө.
Жолдо таш жатканын көрсөңөр, алып койгула. Чуркап баратып, чалынып жыгылып, мурдуңардан кан жая бергенин элестеткиле: башкалардагы өзүңөрдү аясаңар да, алып койгула.
Улуу кишилерге орун бошоткондон тартынбагыла. Орун бошотпой койгондон уялгыла.
Башкалардан баймын деп бөлүнбөгүлө. Башкалар деле силердей (бардыгы тең эле ичкиси, жегиси, уктагысы, отургусу келет ж.б.).
Душманды жеңгенге анчалык дуулдап кубанбагыла. Жеңгениңди сезгениң жетишет. Жеңген соң – жеңилгенге кол соз.
Өз кишилерди өзгөлөрдүн көзүнчө мазактаба: өзгөлөр кетет – өз калат.
Китептин барагын баш жагынан ачкыла. Себеп? Себеби, китеп төмөнтөн жогору эмес, жогортон төмөн окулат.
Качан силерге: «Бул деген – романтизм» дегенде, силер: «А романтизм деген эмне?» деп сурагыла. Ошондо эч кими эч нерсе билбесин, адамдар маани-маңызын түшүнбөгөн сөздөргө ооз толтуруп (атургай сөгүп, атургай бетке түкүрүп, башка чаап) сүйлөй берерине көзүңөр жетет.
Акыры алардын эч нерсе билбесине толук ишенгенден кийин, өзүңөр Жуковскийдин өлбөс-өчпөс сөзү менен жооп бересиңер:
- «Романтизм – бул адам жаны».
Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ