Индей эл жомогу: Жаратуучунун бизонду жазалаганы

  • 03.12.2020
  • 0

Илгери, илгери дүйнө али жаш кезде жаныбарлардын эң негизгиси жана күчтүүсү бизон болуптур. Ал кезде бизондордун жонунда бийик сериси жок болуп абдан шамдагай кыймылдагандыктан, жан аттуудан эч ким каршы чыгып, аны жеңе албаптыр. Бирок бизондор ошондой кудуреттүү болсо да чөптөн башкага зыян келтирбептир, өзүнө кол салгандарды гана жазалачу экен.

Бул асман рухунун уулу Нанабозага жаккандыктан аны жер жаратылгандан бери күчтүү бойдон калтырып келатыптыр. Муну бизондор да билгендиктен бирөөлөрдүн жанына бейчеки забын кылбоо максатында тобу менен жүрүшкө чыкканда тебелендиде калбай баары жол бошотуусу үчүн эскертүүчү катары түлкүнү жалдап, алдыга түшүп үрүп жүрүп отур деп аны алдыга жиберчү экен.  Болбосо жайыт которгондо жер көчкү сымал катуу жүрүш менен кеткен бизондордон эч ким кутула албайт болчу.

Бир күнү бизондор келатканын эскерткени чыккан түлкү уяда балапан басып уктап жаткан кичинекей чымчыкты ойготпой өтүп, тебелендиде калган немени кайрылып келип жемекчи болот. Ошентип байкуш чымчык катуу жүрүш менен келген бизондордон учуп кутула албай, басып жаткан уясы менен кошо курч туяктардын алдында калат. Муну бизондор кайдан билсин, дүпүрөп өтүп кете беришет. Дегеле куу түлкүдөн башка чымчыктын тебелендиде калганын жан аттуу билбейт. Бирок муну жер үстүндөгүнүн баарын жараткан, алардын ар кыймылын көрүп-туюп турган асман рухунун уулу Нанабозо кайдан билбей калсын: бул окуя болуп өтөрү менен катуу каарданат. Ал дароо кирген суудай катуу бараткан бизондордун жолун аска-зоо болуп тосот да, коркунучтуу үндө күркүрөп:

- Жаратканды жок кылууга кантип дитиң барды?! Өзүңдөн кичинелерди эмне үчүн жан катары көрбөйсүң? Мындан ары жонуңда оор жүк сымал өркөч болуп, майда жандыкты тебелебешиң үчүн ар дайым жер карап басып кал! – деп каргайт.

Ошентип куу түлкүнүн ач көздүгү менен баланын муштумундай чымчыктын айынан тоодой болгон зор бизон жонундагы оор өркөчтөн улам жер карап баскан кадыресе жандыкка айланып, башка айбанаттарга коркунуч жаратмак тургай кээ бир жырткычтарга жем боло баштаган экен.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Комментарий калтырыңыз