Бахтияр Шаматов: Барис акем экөөбүз КПСС менен коштошкондо...

  • 04.12.2020
  • 4098

АҢГЕМЕ

Советтер Союзунун Коммунисттик Партиясынын Лейлек райкомунда Каримкулов Абдибарис аттуу таманынан как төбөсүнө чейин коммунизмдин идеясына чындап берилген накта коммунист авам менен 90-жылдардын башында чогуу иштешип жүрдүк. Азыр а киши кайда, не иш менен алектенет, өзү жининдей жек көргөн, өзү айткандай, акыр-чикир, махоо-песке толгон капитализм доорунда көргөн күнү, жашоо тиричилиги кандай болубатат, айылга жете албагандыктан, көптөн бери кабарым жок. Бирок чогуу иштешкен жакшы адамдар эзели эси-көөнүңдөн чыкпайт эмеспи, ар качандан бир качан эсиңе түшүп, ичиңди жылытып, элеси көз алдыңа жылоолонот да турат.

Барис аке экөөбүздүн кабинеттерибиз да тушташ эле, кагаздан баш ооруп кеткенде коридорго атып чыгабыз да аркы башына барып алып  филтири жок «Прима» деген кара чылымдан чыласы чыккычакты буркурата үйлөшөбүз, аны-муну кеп кылып бир топ турабыз, анан Барис акем кокусунан чочуп кеткенсип: «Энди үка, ишти кылайык» - дегенде кайра кайтабыз да култ этип каналарыбызга кирип кетебиз. Күндө ошол кайталанма, жадатма, кагаз менен «Прима» тамекиден баш чыкпаган партиялык турмуш, иши кылса.

Райкомдогу жумуштун убакты сааты деген болчу эмес. Эртең менен сегизде келип, түнкү 9-10го чейин отурмай. Башкача айтканда, Биринчиден кийин гана кетмей, ал киши жылмайынча бизге да кыймылдаганга уруксат жок. Себеби, биринчи секретарь эртең менен жумушка келет да, бир-эки саат отургандан кийин райондогу чарбаларды, мекеме-уюмдарды кыдырып кетет. Ал жактан ошол кечки 9-10го кайтат. Кабинетине келип, бир пияла чай ичип, гезит-журналдар, каттар менен бир сыйра таанышкан соң анан үйдү көздөй жылат. Биз болсо кабинеттин терезесинен шыкаалап карап турабыз, Биринчи машинесине отурары менен артынан биз да зуу коёбуз. Азыр эстесем, сонун убактар болгон экен ошол кез.     

Ошентип иштеп коюп жүрө бермекпизби, 1988-89-жылдардан баштап чыккынчы Горбачев баштаган «кайра куруу, жаңыча ой жүгүртүү» дегендер улам арааны ачылып, күчөп отуруп, көп коммунисттер менен кошуп акыры Барис аке экөөбүздү да жайлап тынаарын кайдан билдик...

Ыраматылык Ельцин бийликке келери менен КПССтин омурткасын сындырып, аны жөн эле катардагы коомдук уюмга айланткан жарлыгын чыгарган экен, ал жарлык биздин Лейлектеги Ак үйгө жеткенче кайсы заман... Айтор, андан бейгабар калган 3-кабаттагы чоңдор Барис аке экөөбүздү райондун ылдыйкы аймагындагы Кулунду сельпосун (айылдык керек-жарак коому) текшерип, бюрого даярдап келгиле деген жооптуу ишке айдабаспы.

Оо, а кезде райкомдун бюросу дегенден кандай жетекчи болбосун, чымын жаны чыркырап, дамбалын булгап турчу; баарынан да курсагы тогуз айлык боюнда бар аялдан бетер салаңдап түшөйүн деп калган раис акелер «жолдош Баланчаев, бюрого даярданың!» - деген кабарды уккан күндөн тарта өзүлөрүнөн өзүлөрү «жөский диетага» отуруп, чандайган карындары ичине тартылып кеткичекти кекиртек-кулкунду унутушар эле; арык-торук жетекчи атмайлар болсо ого бетер кынжыйып шылынып, ийне жутуп алган иттей ого бетер пастап кичирейип, шүмшүйгөн кебетелери тимеле концлагерден жаңы бошонуп чыккан туткундарга окшошуп калар эле. Бюро дегендин сүрү ушундай катуу эле, бети курусун...

Азыркы райондун акими дегендер советтик кезде Биринчи катчы деп аталышар эле. Эми азыркы Аким менен ошондогу Биринчинин айырмасы асман менен жер: бийликтин күчү деп ошону айтат, пай-пай-пай! Мына, бийликтин кудурети, касиети, сакралдуу ыйыктыгы... Азыркы акимди, керек болсо, өлөсөлүү осурак чал да орусчасынан сөгүп туруп, жанагы ойрон үч тамгага айдап жиберсе, ал кездеги Биринчи катчы деген райондун Кудайы болчу. Баарынан да кызыгы, совет доорунда райондогу сот менен прокурор дегендер кадимкидей бирден кой короого уполномочун болуп бекитилип, кезек менен ошол короого барып, сутка бою койчунун жанында дүжүр боло турган. Чабандан бир замычание түшчү болсо, бюро алардын көзүн чукуп ала турган. Булар азыр эми кудайдын мурдунан түшкөндөй болуп калышпадыбы, ар кимден пара жеп, көөп, каалагандай соттоп. Демократия заманы ушу байкуштардын бактысын бир ачып берди дейсиң азыр...     

Ошентип жооптуу тапшырма моюнга жүктөлгөн Барис акем экөөбүз таң заардан бетибизди атыр самын менен алты сыйрадан жышып жууп, батиңкелерибиздин тумшуктарын жылтырата майлап, турмуктай болгон чаар галстугубузду (мен да а кишинин туурап, окшошун сатып алгам) каадалана кыкыйта байланып, зыңгырап кийинген бойдон бирден папкени колтукка кысып, ылдыйкы зонаны көздөй уруп кеттик.

Күн мээ сызгыра кайнап турат, а деген демиң оозуңан алоо болуп чыгып турган маал. Мен го жеңилирек кийинип алгам, Барис акем чыпташкан (фигурама жараша деп атайын ошондоюн алган) кычыраган, баскан сайын күнгө чагылышып, андатырдын терисиндей жылтылдаган, аба кирбес синтетика кастүм шымын кийип, бир жагынан галстугуна муунуп, маңдайынан чыпылдап куюлган терге карабай, сүрдүү да салмактуу, иши кылса, жанында жөн адам даап туралгыс.

Кулундуга жетип, солго бурулуп, чоң каналдын жээги менен жүрүп отуруп сельпонун канторуна да кирип бардык. Киргенин го кирип бардык, бирок… Демейде «райкомдун инструкторлору бюрого даярдап келе жатыптыр» деген кабарды күн мурунтан уккан жетекчи атмайдын кимиси болбосун, абдан күтүнүп, парткомун көчүккө сайгылап, өзү кошо тура чуркап, келгендерди бөтөнчө бир урмат-сый менен тосуп алчу да. Короого кирсек да киши көрүнбөйт, ээн. Сельпонун раисинин кабинетине жигирма метрдей жакындап барып калсак да, жүгүрүп чыккан эч ким жок, кел деген жан жок. Бул неси деп жүрөгүбүз бир жамандыкты туйгандай, шектене да түштүк…

Советтик армияда кызмат өтөп келген эмеспи, Барис аке орусчасынан сөгүнө, тишин кычыратып: «Жаптваймат, киши барбы деги же баары саратандан кырылып калганбы?» – деп ызырына бышылдап жиберди… Кабинетке кирсек, дырылдап айланган желдеткичтин астында раис отуру чалкалап, аччык көк чайдан ууртап коюп. Дегеле мурдун балта кеспейт, бюрого даярдайбыз деген биз кирип келсек да козголуп койгусу жок. Бул неси? Маңдайына жетип туруп калдык эле, эптеп козголду, жоон ийнинен башын чыгарып, ооз учунан келгиле демиш болду. Барис аке экөөбүз мындай тоготпогон салкын мамилеге чыдай албай жарыша: «Бюрого даярдаганы келдик!» деп жибердик эле, тиги болсо кардын бүлкүлдөп күлүп жиберсе болобу! Бул байкуштун мээси ысыктан айнып калган экен деген ой экөөбүзгө тең бирдей келди.

«Эй үкаларим, — деди раис жайдары, табалагандай түр менен,- бу силер жаңылыкты укпай калган окшойсуңар? Жок эми силердин ишенген КПССыңар, жоо-ок, аллах акбар, тамам, пачак! Неужели уга элексиңер? Же тамашалап атасыңарбы? Ага окшобойт. Энди мейли, ошончо жерден ат арытып келипсиңер, силерди жакшылап кушу-курсан кылып узатып коёюн, капа болбогула, арты бахайыр болсун партиянын… Ар нерсенин аягы болот деген ушул да. Кеп ушундай»,- деди да жамбашы майланышкан бирөөнү чакырып кара буларды деди. Анысы жорголоп келип, кана, азиз меймандар, чай иче турган канага мархамат деди эле, уккан кулагына ишенбей туруп калган Барис акем башына бирөө муздак суу куюп жибергенсип (өңү да кара көк тартып өзгөрө түшүптүр, аны көрүп, ичимен бу киши непадам приступ болуп калса Исфанага кантип апкетем деп кабатыр да боло түштүм) шарт бурулду да: «Чайиге искейин, жаптваймат, кеттик!» - деди. Кетсе кеттик деп баягы «Белоё солнце пустыни» деген киносундагы Петрухага окшоп мен да Барис акенин артынан ээрчидим. Партиянын жаны чыгып баратканда кайдагы чай да, кайдагы палоо, тооба… КПСС өлсө, райиске эмне жок дейм да, ага анчалык кубанып...

Экөөбүз каналдын бою менен артка жүрүп отуруп берки кыргыз өйүздөгү Оочудан өтчү чоң жолго жеттик. Жолдуката унчуккан жокпуз, улам тамекиден тартып коюп. Барис аке гана анда-санда үшкүрүп коюп келатты. Исфанага кете турган автобустун аялдамасын көздөй бурула бергенде Барис аке шак токтоду. «Чөнтөгүңдө канча пулуң бар?» - деди. Ичет экенбиз деген ой кылт эте түшкүчөктү болбой Барис аке мойнундагы кыкыйган кызыл чаар галстугун шыпырда да тоголоктоп туруп ошол жердеги мусур челекке ыргытты. «Жылаандай муунткан кызыталак» - деп сөгүнүп алды. Мен да дароо ошенттим. «Кеттик!» - деп алып Тажикстан жакка, каналдын аркы өйүзүн көздөй жөнөп калды. Түз эле морожный сатып отурган тажик келиндин маңдайына жетип токтодук. Барис аке жана экөөбүз собур кылган акчанын баарын уучтап туруп келиндин колуна карматты да: «Бизге канча морожныйың калган болсо баарын табагы менен бер, эки кашык кошуп, анан таштап кетебиз идишиңди», - деди. Мындай оптум морожный ала турган тоолук кыргыздарга чексиз кубанган келин уккан кулагына ишенип ишенбей, экөөбүздү алмак-салмак (Барис акени көбүрөк карады) таңыркай тиктеп, булар наавада оюнан айнып кетпесин дегенчелик кылып шыпылдата чоң табагын болгон морожныйы менен кармата салды. Барис аке: «Ич күйүп баратат кысталак, саябаныраак бир жерге баралы» - деп койду.

Азыр ойлосом, чын эле партиянын ойрон болгонун жүрөгүнө абдан жакын алып, чындап ичи өрттөнгөн окшойт, болбосо бир чара морожныйды бекер жерден алабы? Соо кишинин кылар ишиби ушул? Чыныгы коммунист да, ызасы ашып-ташып, күйүтүн чыгарайын деп атпайбы. Мен да кампания үчүн дегендей, ишенген партиянын минтип кырсык баскансып, ойдо жок жерден күм-жам болгонуна ичим бир ачышса, Барис акени карап туруп эки ачышты. Экөөбүз ары-бери агылган элдин назарынан ээндеп барып бир кылбат, коюу көлөкө жерди таптык да отура кеттик.

Жоготуунун чексиз кайгысын тең бөлүшүп, таттуу морожныйдан колтойгон алүмүн кашык менен апылдата алып жаттык. Морожный түгөндү. Эми муздап калган ичти кызытыш керек болду окшойт, Барис акем чөнтөгүн кайра көпкө чукулап атып, дагы акча таап чыкты да: «Закүскө зор болду, эми мынчалык болду, бир шишенин мойнун сындырып, бири-бирибизге көңүл айтышпасак, ким айтышат, үка?» - деп калды.

Тажикстан тараптын дүкөндөрүн бир сыйра кыдырып таппай, кайра Кыргызстанга өттүк. Чоң универмаг дүкөнгө үмүт менен кирип бардык эле, сухой закүн деп дүкөнчү алаканын жайды. Бирок жумшагырак берки шербет вийнодон бар дегенинен Барис акем «коммунисттер өлсө да барматуха ичпейт, төлкө арак керек», - деп көңүлдөнбөй койду.

Эми ошондогу арактын каатчылыгын айтпа. СССР боюнча сухой закон кирип күчөп турган кез эмес беле. Жана эле сельпонун чайканасынан салып албай деп өкүнүп калдык. Ошентип арга таппай, оптум жеген балмуздак ичибизди курулдатып, күчүбүздү кайра «Прима» чылымдан чыгардык, үстүккө-босток соруп, түтүн буркурата Кулундунун абасы нык, дымкыл асманын ыштап турсак, алдыбыздан зуу өтүп барып бир «Уазик» токтоп калды. Начальник милийсанын машинеси. Номурунан тааныдым. Жетип эшигин ачсак, чын эле апасы жаанда төрөгөн болушу керек, качан караба, уйкусурап ныксырап жүрчү, азан чакырып койгон аты да Жаанбек аке отурган экен алдыңкы отургучта үргүдүлөп.

Лып чыгып отуруп алдык. «Бу кайдан жүрөсүңөр, райкомчулар?» - деп күңк эте сурап койду начальник. Болгон иштин жайын айттык. «Ахыбалыңар чүрүк экен, болор иш болуптур, партия ошону акыры көрмөк эле, көрүптүр, эми кайгыргандан пайда жок, андан көрө настраенияңарди көтөрүп алгыла, жол узак», - деп отургучтун астынан чети оюлган бир шише аракты сууруп чыкса болобу. Ага кошо закүскөсүн да узатты эпилдеген элпек шоопуру. Чоң устуканга караганда тажик тараптын тойдон келаткан окшойт. Каадаланган тос-мосу жок эле Барис акем экөөбүз кырдуу ыстыканга баса куюп туруп жартысын көңтөрүп таштадык. Уктап кеткенсидик. Бир маалда карасам, Барис акемдин жанатан бери бүркөлүп келаткан кабагы чайыттай ачылып, аны-муну кеп уруп, карс-карс күлүп, баягысындай бакылдап баштаптыр. Каныкей Эралиева ырдап келаткан машиненин магнитофонунда. «Бу киши дем алып турсун үка, музыканын шогураагынан бардыр?

«Бони-Мден» коюңчу, мага жүда жагат да негир болсо да кысталактар», - деп калды. «Гари, игариго-ооо -о, гари, игариго -о-о!» деген жерлерин кошо ырдашып, Барис акемдин көөнү көктөмдөгү гүлдөй ачылды. Мен да кошулуп, тимеле КПСС кайра тирилип келгендей болуп кеттик. Жаанбек Эдилович уйкусунан чочуп ойгондубу, же ылдый каттай берип ошол тушту жытынан билип калганбы, айтор Булак-Башынын жаңы чайканасына жеткенде машинесин бурдуруп, экөөбүздү ошол жакка таклип кылды. Ал жактан шак дедирте дагы шише таптырып буздуруп жиберди, өзү аз гана алды да, калганын дагы экөөбүз жайлап таштадык.

Аяктан чыгып, кайра музыкага магдырап, бапылдашып бирдемелерди айтышып отуруп уктап кетиптирбиз, ойгонсок эчак Исфанага жетип токтоп туруптурбуз. Түшүп эми үйгө кетебиз го деп турсам Барис акем «Баш пачак үка, жаптвайматтыкы, жүрчү «Ай-Көлдөн» жүздөн согуп анан кетебиз, өлүп да кетсин баарысы» - деп түтөп жиберди эле, мен да мекиренип кыялбай, экөөбүз парк аралап майдалап басып кафеге бет алдык. Жетип астанасын аттаар аттабас: «Увай Барис аке, парткомжан, сижди көрө турган да бактылуу күн болот экен аа, кудайыма шүгүр!» - деп булдурактаган оозунда насвайы бар, башындагы ак калпагы жуулбай жүрө берип кара калпакка айланган бирөө туруп келип Барис акенин мойнуна асылып, бети башынан чолпулдата өпкүлөп жиберди. Булар «Өзгөрүш» совхозунун Катыраңда жашаган койчу, жылкычылары экен. Районго кайсы бир иш-чарага келишкен окшойт, ал бүткөн соң минтип кафеге келип, дуулдап атышкан чагы окшобойбу.

Сапкоздун баштапкы партиялык уюмунун эски, кадырдан мүчөлөрүн көргөндө Барис акенин да көзү жашылдана, муун-жүүнү бошошуп кетти шекилди, «иш пачак!» деп туруп тиги калпагы кыйшайган неме менен чын дилден айкалашып кучакташып, экөө коммунистерчесинен өпкүлөшө кетишти. Бейиши болгур Брежнев атабыз ушинтип өбүшчү эмес беле. Түркүн даам жайнаган чоң үстөлгө барып отурдук.  «Жылкычынын бир жегенин хан да жебейт» деген макал кеп эске түштү. Чын эле.  

- Оомийн, партком келди, балее келбесин! – деп бетине бата тарткан бирөө ошол замат демите суроо салды:

- Бу, шеп, партияны күм-жам кылып таштапсыз го? Эми биздин эртеңки күнүбүз эмне болот?

Баары тымтырс боло жооп күтүп, Барис акенин оозун тиктеп калышты. Ансыз да кызуусу дагы эле тарай элек, сиркеси суу көтөрбөй турган Барис акем:

- Эртеңкинин камын жегенче эн... же дегенди уктуң беле? Адегенде куйчу замзам суудан, анан жай отуруп сүйлөшөлү. Баса, партвзносту бул айга төлөдүңөр беле? – деди олуттуу карап. Мастар башын тегиз ийкеңдетип калышты. Анан:

- Партияны эч ким күм-жам кыла албайт! Муну ким айтты силерге? Партияны тынчыта турган адамдардын өзү тынчыйт! ГКЧП деген уюм түзүлдү, ошол эми жанагы күспүрүш Ельциндин энесин үч коргондон көрсөтөт! Көбеле паника кыла бербегиле вайма көтөрүп. Асман жерге кулап түшкөн жок. Ишти  кылгыла, планды толтургула, взнос төккүлө. Малды семирткиле. Силердин вазийпа ошол. Партия менен ишиңер болбосун, анын тагдырын бизсиз эле чечип алышат. Куйбайсыңарбы, жакшынакай отурушту чогулушка айлантпай?

Ошенткенде тигилер така-тука түшүп жапырт жанданып калышты, дасторкон жаңыланып, коюу ачуу көк чай келди, артынан жыты каңылжаарды жарып, булоолонгон, атайын сары сабиз тууралып, арча отунга бышырылып, табына демделген ширин, чачырама палоо келди гүлдүү, жазы леген толо, анын артынан тийген тилди чоктой күйгүзүп, көздөн жаш чыгарган, жеген сайын адамдын ыштаасын ачкан таанымал палоо татымал шакараптар берилди, кашыктар такылдап, ыстыкан пиялалар шаңгырап, отурушка шаң кирди, көп өтпөй ортодо душман көзүнө деп кортойгон жашыл бөтөлкөлөрдүн арагы куюлган гүлдүү чайнектен эки-үчөө пайда болду. Бул да болсо ыйманы ысык түштүктүктөрдүн түрү суук аракты бөтөлкөсү менен сүйрөп келип, ниети ак куттуу дасторконго тарс дедире коюп, шалдырата куйбай, чоңдордон, айрыкча аксакалдардан кадимкидей ыйбаа кылып, секин аста чайнекке куюп келип, үнүн чыгарбай, пиялага кыттай-кыттай куйган кылдаттыгы.

Восток тонкий деп так ушуну айтат. Атаңгөрү, азыр ошол адат калды бекен биз тарапта... Кайдан... Эми угушума караганда, эркектер биякта эле калып, тастаңдаган катындар кафелерде бөтөлкөлөрдү тизип алышып, ыстыкан кагышып, кадимкидей шаракташып калыптыр дешет. Демократия бизге да жеткен экен...      

Барис аке экөөбүз малчылар менен канча отурдук эсте жок, иши кылса улам-улам ичилип атып, зыяпаттын куту качып, кишини киши укпаган алагүү бажылдакка айланган маалда бир тыңшасам, жанагы жылкычы коммунисттердин бири ооматы ойрон болгон КПССтын тагдырына абдан кейип-кепчип, үнү каргылдана тост айтып аткан экен. «Биздин Лейлек районундагы элибизди окутуп-чокутуп, киши катарына кошкон, азыркыдай даражага жеткирген ушу партия эле...» - деген жерине келгенде, бери жакта магдырап, ынтыгып отурушкан Барис аке, мен баш болгон коммунисттер жапырт эсибизге келе калдык, мындай күчтүү айтылган сөздүн таасиринен эреркеп, көзүбүздөн тыркырап жашыбыз куюлуп кетти. Барис акем башын чайкап, чукуланып атып, жанынан чоңдугу кудум сүлгүдөй дасоромолун сууруп чыгып бетин баса, кейиштүү отуруп калды. Аны көргөн берки коммунистер да токтоно албай чөнтөктөрүнөн шакмар бет аарчыларын жапырт сууруп чыгышып, көздөрүнө кармашты.

Андан аркысы эсимде калбаптыр. Ойгонсом, үйдө жатыптырмын.

Ошентип КПСС менен коштошкон элек... Бул баянды непадам окуп калса Барис акем мага капа болбостур. Айтайын дегеним, коммунист атмайдын баары ушу Барис акемдей болгондо КПССтын да өмүрү узак болмок, улуу державанын койнунда тынч, татуу жашай бермекпиз. Өлбөй кал КПСС, өлбөй кал...

А деп оозун ачса ары жагынан жүрөгү көрүнгөн ак көңүл, райондун Ак үйү болгон райкомдо иштесе да карапайым коммунисттерге дайыма боор тартып турчу камкор, керсейген дымагы жок карапайым мүнөз Барис акемди чынында көп эстейм. Жакшы кишини эстейсиң да, жаман кишини ит эстейби. Туурабы?

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз