Индей эл жомогу: Кирпи кантип тикенектүү болгону

  • 07.12.2020
  • 0

Бир жолу кирпи (ал кезде бул жаныбардын денеси жылаңач болуптур) бийик даракка чыга качып, аюунун азуусунан араң кутулат. Эртеси күнү кирпи токой аралап баратып терскендин тикенине денесин катуу сайдырат. “Ох”,- деп көзүнөн от чагыла түшкөн кирпи капталына сайылган тикенди сууруп алганында башына мындай ой келет: “Эх менин да ушул сыяктуу коргонуучу куралым болсо, эч кимден коркпогон кыйын жаныбар болот элем, анда кыйындыгымды бирөөлөргө зордук көрсөтүүгө эмес, коргонуу үчүн гана колдонмокмун”.

Ушундай кыялга берилген ал куураган терскендин тикенинен бир нечесин абайлай сындырып жонуна тагып көрөт. Ушул учурда бадалдын арасынан чыга калган аюу:

- Мен сени азыр жейм! – деп качырып сала берет. Чыга качууга жакын арада дарак жок болгондуктан кирпи өлөрүнө көзү жетип, бүрүшүп жата калат. Аюу адатынча кызыл эт немени чеңгелге салып жемекчи болгондо, терскендин тикени алаканына сайылып, катуу оорутканда бир чаңырып алып, кирпини таштай салып качып жөнөйт.

 Мунун баарын көрүп турган асман рухунун уулу Нанабоза кирпинин амалына абдан таң калып күлүп, “кыйын куралым болсо аны зордук үчүн эмес, коргонууга гана колдонмокмун”, - деген анын жанагы ниетин жактырып, жанына түшүп келет:

- Тикендер менен коргонгонду сага ким үйрөттү?

- Жашоо, - деп кирпи күрсүнөт.

- Андай болсо дал ушундай жаша! - деп Нанабоза дүркүрөй өскөн терскенди кучактай көтөрүп кирпинин үстүнө таштайт. Бүт тикендер жылаңач денесине жабышканы менен эч кандай ооруну сезбеген кирпи ошондон кийин азыркыдай сайгылак жаныбарга айланат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Комментарий калтырыңыз