АҢГЕМЕ
Айымкандын быйыл элүүгө чыгарын кичүү келини жыл жаңырар менен эле абысындарынын кулагына куюп, күздө тойчук өткөрүп коёлу дешкен. Эжебизге күтүүсүз белек болсун, айтпай эле үйүнө союшубузду жетелеп, белек-бечкегибизди, сарпай-сурпайыбызды алып, бала-чакабыз менен кирип барабыз деп күйөөлөрүнө масилет курса, эркектер үчөө тең уурдап бараткан жумурткасын койнуна салып, анан байкоостон сындырып алган баладай шүмүрөйүп тим болгон. Кыз эмеспи, бир туугандардын үчүнчүсү – Гүлүмкан бул ишке жетине албай сүйүнүп, үйү алыс болсо да эркек бир туугандарыныкына аптасына бир келип, эжесинин тоюна өзү эмне даярдап атканын, тигилер эмне кылышы керектигин божурап отуруп, бир кабар алып кетмей адат таап алды.
Мыйзам айы келип, арыктагы суу кол малдырбай, бариктердин алды шактарын таштап, арты саргарып, Айымкандын туулган күнү, жөн эле туулган күнү эмес – элүү жылдыгы деп өзүнөн кийинки уялашы Кабылжан аялы Сапиясы менен үч баласы болуп таң атпай эптеп кылдыратып жүргөн эски «Москвичине» кара коюн салып жетип келди.
- Он сегиз жашыңыз кут болсун! – Сапия кайнежесинин башына он эки чаралык аппак гүлдүү оромолун салып, моюнун бууп, эки бетинен чопулдатып кайра-кайра өөп, - Эл келгенче башыңыз агарып турсун эже, - деп той шаанисин баштап ийди.
- Кайдагы той? Эмне той? – Келип эле жүргөн коноктор бүгүн башкача шаң менен келгенде үйдүн ичи да, тышы да чачылып жатканга Айымкан уялып кетти.
- Туулган күнүңүз менен!
- Жарым кылымыңыз менен!
- Куттуктайбыз! – Кабылжандын үч баласы үч жагынан тамаркаларынан жаңы эле үзүп келген гүлдөрүн чоң эне деп алышкан Айымканга сунуп, адаттагыдай эле өбүшүп-жытташып бапырап болбойт.
- Айланайындар! Садагаң болоюндар! – Айымкан өзүн жоготуп койгон кишидей дел боло туруп калды да, бир аздан кийин эсине келгендей: - Үйгө киргиле! Киргиле үйгө! Мен эмне турам! – деп балдардын кичүүсүн бооруна кыса көтөрүп астанасын аттады.
* * *
Убакыттын өткөнүн карагыла. Андан бери кыйла жылдар көздөн кайым болуптур. Аталары Айти да, апалары Күмүш да колхоздун малы менен саан уйлардын түйшүгүндө. Эркеги уй кайтарып, торпокторду энесинин эмчегине жакындатпай кармап берип, эптеп ийдирип, аялы жыйырмадай саан менен убара. Айти саалган сүттөрдү чаначтарга жүктөп, аркы бир эт бышымчалык жерге – боорунда «Молоковоз» деген жазуусу бар машина келе турган үч эмек айрылышка жеткирип берет. Кудайдын күнү ар кандай да: кээде жаанда калат, шамалда калат, мөндүрдө калат – өлсө да сүттү убагында алып барып, сүт ферма башчысына өткөрүү керек.
Бир жолу ошондой кетип атышта алдынан карагандан арасынан кекиликтер учуп чыгып, аты үркүп, өзү торусунун башынан ашып ыргып, эки чаначы өзүнөн ары ыргып, кыя жолдон өөнгө карай сойлоду. Айти да караган-черге, борчук таштарга карабай атылган октой эле чаначтарынын артынан тырмалаңдап жөнөдү. Түзгө жеткенде эки чаначын кучактап отуруп калды. Биринин оозу чечилип, биринин түбү тешилип – экөөнүн тең сүтү агып бүтүптүр.
Бош чаначтарды көрүп эле жайын-кышын майланышкан шляпасын кыйшайта кийген сүт товар фермасынын башчысы, баш кийимин башынан жулуп алган тейде өкүрүп кирди:
- Алдагы эмне, кемпирдин эмчегиндей ылбыраган?
- Сүтүмдү агызып алдым? – Айтинин оозу эптеп кыймылдагандай болду.
Ферма башчы долу катындай бирин-эки сүт тапшыргандар, «Молоковоздун» шоопуру уксун деп кыйкырып коё берди:
- Мен айттым беле сага!? Дедим беле сага!? Бул сүт эмес – алтын дедим беле! Биз Балтик деңиздин моряктарын сүт менен камсыз кылабыз дедим беле?! Алар сага окшоп жайлоодо эмес – сууда жүрөт. Родинаны коргоп жүрөт. Күндө сүт ичиши керек?! Эми эмнени ичет?! Атаңдын башын ичеби?! Чаначтагы сүттөрдү агызганча атың экөөң ичи бокко толо мээңерди агызбайт белеңер!? Сволуч!
Анын адатын билген Айти да, шоопур да, сүт тапшырып аткандар да оозуна таш тиштегендей кычыратканы менен эч кимиси үн чыгарып унчукпады.
- Үйүнө кабар айтып кой! Мен муну парторгдун алдына – колхоз канторуна алып кетем! – Ушинтип тургандардын бирине кайрылды да, Айтини «Молоковоздун» үстүнө чыгарып, жанына бош чаначтарын ыргытып таштап, жайлоодон жакага түшүп кетишти...
...Ошондо балдары Айымкан сегизде, Кабылжан алтыда, Гүлүмкан төрттө, Ныяз экиде эле. Баары чөжүрөгөн жөжөлөрдөй. Күмүштүн дагы күмөнү бар.
Эртеси эле Айымкан апасы экөө атынын ээрине жыйырма беш литрлик эки алюмин фляг артып коюп, ага чакалап саалган сүттөрдү толтуруп, атасынын ордуна «Молоковозго» сүт ташып калды. Ошол жерде шоопур Айтини районго алып кеткенин, он беш суткага камалышы мүмкүн экенин кызына сүйүнчүлөй салды.
* * *
Бир күнү Күмүштү туугандары келип, жакага алып кетти. Эми сүт сааш да, балдарга каралашыш да, малды жайгарыш да, отун терип келип, от жагып, тамак кылыш да, саалган сүттү ташыш да – бүт баары Айымканга калды.
Апасын эки аял, бир киши бир аптадан кийин алып келгенде аттан түшөрү менен балдарын бир-бирден кучактап:
- Ыйлагыла! Ыйлагыла! Атасыз калдыңар! Эми окшошуп калдык! – деген бойдон боздоп ыйлай берген. Чачтары жайылып, көз жаштары төгүлүп өкүрүгү тоо жаңырткан. Балдардын кичүүлөрү эч нерсени түшүнө албай, Айымкан менен Гүлүмкан апасына кошулуп ыйлашкан, Кабылжан эркектик кылып дулдуюп тура берген.
* * *
Кийин-кийин айылдаштары Айтини он беш суткеге камап, милийсалар тепкилеп уруп, эки бөйрөгүн түшүрүп салып, ооруканага жетип-жетпей көз жумуптур деп жүрүштү.
* * *
Кийинки жазда буларга саан уй бербей койду колхоз. Эптей албайт дешиптир. Колхоздун изолятор койлорун баксын деген экен, Күмүш ынабады. Кетменди алды да тамекиге чыгып кетти. Күндөр өтө берет тура. Балдар чоңоё берди. Ильяз төрөлдү. Тамекинин бүт түйшөгүн ушул бели ката элек балдар көтөрөт: жазда жөөктөргө суу коюп, суусу тоорсуганча араларын бир сөөмдөн коюп көчөт эгип чыгат, анан дагы сугарат, анан кара чабыгы, үч жолу чабат, чабыктардын арасын узартып ийсең от басып, андан да өтүп кетсе, чымдап кетет, кийин биринчи үзүм, тизим, рамкеге илүү, сааркы үзүм, түнкү тизим, араларында сугаттар – деги койчу бут тартарга убакыт жок, кышта да тамекилерди сорттоп, таңгактап чыгасың.
Ошентип он жыл тамекинин арасында өтүп кетти, ишке тогузга чыккан Ильяз да кадимкидей аралашты.
Бир күнү эле аңызда тамеки салынган оор түйүнүн телешкага көтөрүп балдарынын алдында келе жаткан Күмүш алышты аттай берерде жыгылып, түйүнү өзүн басып калып, арттагы балдары төбөсүндөгү тамекилерин ыргытып ийип апасына жардам бергенче ооздору кара-көк болуп, шилекейлери куюлуп жатып калды. Ильяз аңызды жара кыйкырды. Анын кыйкырыгынан тамеки үзүп аткан келин-кыздар, телешкадагы жүк ташуучулар жете келди.
Балдарынын көзүнчө Күмүш бир «Ох» деп алгандай болду да, башын оң жагына шылкыйтты. Аялдар балдарды бир-бирден ары жетелеп кетти. Айымкан гана апасынын кудай берген аманат жанын кайра кудай алып кеткенин карап көгөрүп тура берди аялдардын жетелегенине көнбөй.
Күмүш ошол бойдон турбады...
* * *
Атасынын күйүтүнөн соң апасы ооруп жүргөнүн балдарына канчалык билдиргиси келбесе да Айымкан туюп эле жүрчү. Тамеки талаасында болсун, тамеки сарайында болсун титиреп-калтырып жатып калчу. Мындайда аялдар жабалактап келип колу-бутунан укалап, бетине суу бүркүп зорго өзүнө келтирчү. Шакыйы кармаптыр деп бири шакайын үзүп, талмасы тутту деп бири дубасын окуп, кыйлада жакшы болуп кетчү. Жакшы болуп кетчү да, балдарын бир-бирден аянычтуу имере карап эстен тангандай жата берчү. Бир түн өткөрүп, сааркы багымдатта кайра эч нерсе болбогондой туруп эшик-элигин шыпырып-сыйрып коюп, тамекисине кетет. Анан бирде умач аш, бирде атала, бирде дак суу, бирде кордо ичип, бирде бүт баденине койдун куйрук майын сыйпап өзү менен өзү убара.
Бир апта мурда эле беш бала беш жөөккө түшүп, Күмүш бир жөөккө түшүп, алтоо таңкы үзүмдө жүргөн. Бригад келип калыптыр. Жөөк ичинде дестеленген тамекилерди чачып эле кыйкырып кирди:
- Быша элек жалбырактарды неге үзөсүңөр?! Булар төртүнчү сорт болуп калат! Колго тийгенди эле алып кете бересиңерби?! Асты жагынан кичине саргарган бир-эки барикти эле алсаңар өлөсүңөрбү?! Бу деген Ноокаттын тамекиси! Бул уйдун эмчеги эмес! – Бригадир ушинтип ачуулана баштады. – Ноокаттын тамекисин билсеңер Черчиль чеккен. – Англиянын өкмөт башчысынын мүштөгүнө тамеки ушалап салып бергенсип сыймыктана сүйлөдү ал. – Давай, чыккыла! Эки күндөн кийин келип үзгүлө!
Күмүш айтышып отурмак беле. Чыгып кетти. Сарайга келип мурда үзгөн тамекилерин тизип, балдарын эргештирип үчүнчү күнү түштөн кийинки үзүүгө келсе, бир палдагы тамекилерин бүт бирөөлөр шыпкап үзүп кетиптир. Эки-үч галошчондун изинен башка же бир дайын болсочу. Ошондо эне балдардан тескери карап ок арыкты бөлгөн чымдын үстүнө отуруп алып ыйлаган. Ыйлап атканда Айымкан жанына барса, аны кучактап алып, «Үйдүн улуусу сенсиң, кызым, кичүүлөргө баш-көз бол» деп көзүнүн жашын аарчып туруп кеткен.
* * *
- Саламатсызбы, эже!
- Юбилей кут болсун!
- Тоюңуз тойго улансын!
Айымкандын дарбазасын черткилебей жаркылдаган сиңдиси Гүлүмкан башын жерден албаган күйөө баласы Турсунаалы менен, инилери Нияз жубайы Зеби менен, көкүрөк күчүгү Ильязы Бактыканы менен балдарын бир короо кылып кирип келишти да ата жайын бир паста базарга айлантып ийди.
Бакка үстөл даярдалып, самоорлор кайнап, дасторкон үстү жайнап, бир туугандардын сагынышкан балдарынын улуураактары бири-бирине мактанып, кичүүлөрү бак ичинде ойноп, тоокторго, койлорго алаксып жалгыз аялдын үйү бир башкача болуп кетти.
* * *
- Мен тамада болом! – Гүлүмкан күзгү салкынга карабай атайын эжесинин элүү жылдыгына деп тиктирген аппак көйнөгүн кийип чыкты. Бала-чаканын, келин-кесектин баарын үстөлгө тизип отургузуп коюп. – Салют атылсын! Эжебизди кол чабуулар менен тосуп алалы! – деди буйруктуу.
Петардалар атылып, бенгал оттору күйүп, үйүнөн жаңы турмушка чыга тургандай сиңдиси азыр эле белекке берген ак капрон көйнөгүн кийип Айымкан келе жатты. Кол чабуулардан, ошону гана тиктеген көздөрдөн, жалтырак-жултурактардан сүрдөгөн ал албырган бетин улам-улам кармалап, өз көйнөгүнө өзү чалыштап, Ильяз тартуу кылып, бул президенттер отура турган күрсү деген төргө коюп берген креслого кол чабуулардын коштоосунда араң жетип отурду. Баары дагы бир сыйра кол чабышты. Шампандын бөкү көктү тешип кетти.
* * *
Ушул балдар! Ушул бир туугандар! Апасынын кыркылыгы күнү эл тарар менен балдарды тизип алып, эки тагасы, жалгыз абасы, бир таежеси дасторконду жыйнап коюп масилет сөзгө өттү.
- Алланын жазганы экен! Жээндерибиз минтип жет... жалгыз калды. Булар эми оокатын өткөрүшү кыйын. Бир-бирден алып кетели! – Кепти биринчи улуу тагасы баштады. – Мен Айымкан менен Кабылжанды алайын!
- Мен Гүлүмканды алып кетейин! – Кичүү тагасы тултуюп турган Гүлүмканга тигилди.
- Бир туугандарымдан бөлүнбөймүн! – Гүлүмкан корс этти.
- Бөлүнбөгөндө эмне кылмак элең?! Бул кудайдын кылганы! Кийин табышып аласыңар! Катташып аласыңар! – Күмүшкө куюп койгондой окшош эжеси ушинтип акырын айта баштаганда эле Ильяз ордунан ыргып туруп, анын моюнунан кучактап ыйлап ийди. – Мени сиз алып кетиңизчи?!
- Эч ким эч жакка кетпейт! – Айымкан ордунан ыргып турду, ачуусун мурдунун учуна алып келип. – Ушул үйдө жашайбыз! Апам мага бир туугандарыңды сен кара, үйдүн улуусусуң деп тапшырып кеткен! Тага, таеже, аба, силер кете бергиле! Өз балаңарды бага бергиле! Үйдүн улуусу катары кичүүлөрдү адам катарына кошуу, үйлөндүрүү, жайландыруу менин моюнумда! Бар эми, кеткиле!
Туугандар бир-бирден чыга берди...
* * *
- Анда биринчи сөз Кабылжан бейкебиз менен Сапия жеңебизде! Экөө эжебиздин тоюна деп таң атпай келип, жөн эле келбей койлорун союп келип, ичеги-карынын жууп, быжы кылып, этин бышырып коюшту. Анда сөз силерде, ака-жеңе, эжеме айтар жакшы каалоолорду бүгүн айтпаганда качан айтат элеңер... – Гүлүмкан тамада бажырая өз ишин кылып сөз берүүгө өттү.
Ушул Кабылжан менен Сапия Айымкан үчүн өзгөчө жандар. Үчөө тең эле өстү. Онунчунун бүтүп-бүтпөй жетилүү аттестаты менен кошо эле Айымкандын эки жаш кичүү иниси Кабылжан ушул Сапияны ээрчитип кирип келди.
- Эже, келиниң келди, жоолук сал! - деген Кабылжандын сөзүн адегенде тамаша го деп ойлоду. Антейин десе, жанында жүзү албырып, мурдагыдай эмес, иймене карап Сапия турат.
- Чынбы, Сапиш?
- Чын эже! Мени аркы айылдагы бир бала алып качам деген экен, Кабышка айтсам, андан мурда мен алып качам деп келе бердик.
- Силер жинди болдуңарбы? Үйдүн абалы бул. Кыздын үйүнө жетелеп барууга чычкак улак болсочу, же калыңга бир тыйын болсочу?
- Эже, кечиресиз, сизди күйөөгө бербей мен үйлөнүп атканга! – Кабылжан ушундай дегенде Айымкандын ичи элжирей түштү.
- Мени күйөөгө сен бермек белең?! Силер мындай отура тургулачы. – Айымкан экөөнү отургузуп коюп бир көчө арыдагы Сапиянын үйүнө барды.
- Кел, Айымкан, кел!? Келбейт элең эмне болду? – Бурма эже алдын торой чыкты.
- Менин жинди иним Сапияны алып качып барыптыр!
- Качан, ботом! Азыр. Экөө үйдө отурат.
- Жоолук салдыңарбы?
- Жок эже!
- Мен азыр... – Бурма эже төркү үйгө күйөөсүнүн жанынан кирип кетти да көпкө кужурашып, анан кайра чыкты. – Үйдүн босогосун аттатпай туруп кармап калсак болмок. Болор иш болуптур. Кабылың жаман бала эмес. Бир эле «бирогу» бар да.
- Эмне «бирогу»?.. Ооба... ооба, эже, биздин колубузда малыбыз да, пулубуз да жок! Атабыз да, энебиз да жок!
- Айымкан! – деди аркы үйдөн шыпылдай чыккан кыздын атасы Самат. – Сенин бир тыйының да, бир малың да керек эмес! Кара сууга нике кыйып койгула! Балдар бактылуу болсун!
Айымкан үйүнө көп бала төрөп өстүргөн кошуна кемпирди ээрчите келип, дүкөндөн карызга бир оромол сурай келип, Сапияны отургузуп алды. Жаман чыкпады. Кабылжандын бир туугандары менен кошо иштешип, Айымкан экөө ылай кечип, гувалак тоголоктоп айыл башына куркулдайдын уясындай үй салып алды. Үкаңыз ичип атат, эптеп машина алып берсеңиз, таксиде иштейт эле дегенинен Айымкан карыз-коола кылып ушул азыр минип жүргөн эски машинасын сатып берген. Кийин турмуштары оңолуп кетти.
* * *
- Эже, биз сизди жакшы көрөбүз. Сиз бизге апа дагы, ата дагы болдуңуз. Сизди күтпөй аял алып кеткенге уяла берем. Мына бул балдарым бүт сиздин балдарыңыз! - Кабылжан көп сүйлөбөйт, ушинтип бүтүрдү тостун. Анын сөзүнө Сапия да кошулуп койду.
* * *
- Анда экинчи сөз бизде, ошондойбу шеф? - деп Гүлүмкан күйөөсү Турсунаалыны качыра карады.
* * *
Эки кыз эле болгонгобу, же кыздар ушундай болобу, Айымкан менен Гүлүмкан ынак өстү берки эркектаналарга караганда. Апасынын көзү өткөндөн кийин өз-өзүнчө ыйлап-сыктап алышчу да, бири-бирине сыр алдырчу эмес.
Бир жолу башка айылдагы апасына окшош таежеси айттырып ийиптир Айымканга, сөйкө салганы жакшы кишилер барат, кыңк-мыңк этпей жакшы тосуп алсын деп. Күмүш каза болгон соң Ильяз апасын сагына бергенде Айымкан ошол таежесиникине көп алып барчу, Ильяз апасындай көрүп, кээде жатып да калчу. Ошондо Айымканды көрүшкөнбү, айтор, келин кылып алайын деген бирөөлөр бар экен.
Айымкан өзүн ырастап, чачы-башын тарап, эшик-эликти шыпырып-сыйрып турду.
Келди. Келгенде да сары тиш үч аял, жоолугу башына жарашкан жаркылдаган жаш келин – төртөө кирип келди. Айымкан да таежеси айткандай кабагым-кашым дебей дасторконун жайнатып тосуп алды. Гүлүмкан аш басып кирди. Аялдар улам-улам шыбырашып отуруп, тамакка бата кылган соң кулагын саздап турган Айымканга сөйкө салбай эле, эпилдеп буту-бутуна тийбей эжесинин айтканын эки кылбай жүргөн Гүлүмкандын кулагына алтын сөйкөлөрүн салып, өздөрүнө өздөрү дуба кылып кете берди.
Тагдырдын буйругуна там берип бирин-экин себиме деп саздап жүргөндөрүн сандыгы менен кошо Гүлүмканга кармата берип отуруп калды эми Айымкан.
* * *
- Кайнеже, - деди бирөө жер жактан аны «мени карап сүйлө» деп урушуп аткансыган Турсунаалы. – Ушинтип убакыт өтө берет экен. Сиз да эл ортонуна келипсиз. Дагы ушунча жыл жашаңыз! – Турсунаалы ушуну араң айтты.
Олда анын аз сүйлөгөнүнүн эсесин Гүлүмкан чыгарды. Эжеси экөөнүн балалыктагы кантип ойногонун, сиңдисине болушуп кимдер менен урушканын, күйөөгө кетип жатканда эжесинин өксүп-өксүп ыйлаганын, биринчи балалуу болушканда «ушул балаңарды мага бергилечи» деп ыйлап жибергенин, ошондо кайненеси Айымканды катуу кагып, эжеси болсо, ошол бойдон алардыкына барбай койгонун, Турсунаалы кайнежесин көрсө эле уялып жер карай берерин бир-бирден майда-чүйдөсүнө чейин айтып чыкты. Анан:
- Эже, сизге мынабул норка шуба! – деп үстүнө аппак кымбат тонун жапты.
Баятан бери Гүлүмкан сүйлөп атканда жеңил кийинип отурган Айымкан калтырай баштаган, шубаны алууну, кийүүнү каалабаса да, үстүнө коомай жамынды.
* * *
- Куттуктоо сөзүнүн кезеги Нияз менен Зебиде! – Гүлүмкан отургандардын кол чабуулары менен бир туугандарына кубана тигилди.
- Эжекемдин элүү жылдыгы мен үчүн өзгөчө майрам! – илгерки колхоздун бордокусундай топтоголок семирген Нияз шыргыйдай арык, тартайган аялын эми көргөнсүп кучактап туруп толкундануу менен, көтөрүңкү үнү менен сөзүн баштады. – Союз кыйраганда баарыбыздын эсибиз ооп калды. Колхоз тарап, тамеки эгилбей, жегенге нан, ичерге чай таппай айла кетти. «Жол кире таап бериңиз, мен бир жагына кетем» дедим бир күнү туруп-туруп эле эжеме. Эжемдин ошондогу бүт айылды кыдырып чыгып, акча таппай келгени али күнгө чейин эсимде. Райондун борборуна күн сайын барып-келип эки-үч жерде пол жууп, идиш-аяк жууп, кир жууп иштеп жүрдү. Түндү түн дебей, күндү күн дебей эки айдан кийин мага жолкирелик акча таап берип, Казакстанга жиберди. Ишим ал жактан да оңолбоду. Карызга батып алты айдан кийин кайтып келсем, эжем кабагым-кашым дебей тосуп алды. Анан дагы жолкире таап берип бир балдарга кошуп Москвага жөнөттү. Ал жактан ишим оңдуу болду, аял алдым, батир алдым, беш жылдан кийин эжеме келсем, «баягы сени жибергенде алган карыздарды доолап атат» деп атпайбы. Мен аны унутуп да калыпмын. Ошондо эжемдин чачтары агарып, түшүп атканын көрүп, Москвага алып кетейин десем, «Москваң өзүңө эле буйрусун» деп туруп алды. Аргасыз кете бердим. Бир ууч акча карматсам, албай качып кыйнады, таштап койдум эле анын баарын банк аркылуу кайра өзүмө салып ийиптир. Эже, ошол акчаларыңызды көбөйтүп-көбөйтүп туудуруп отуруп мына сиздин элүү жылдык мааракеңизге жол тандабас алып келдик! – Нияз Зеби экөө эжесин кучактап колуна «Лексустун» ачкычын карматты эле Айымкандын колдору титиреппи, каалабайбы – ачкычка колу жетпей койду. Нияз ачкычты үстөл үстүнө тарактатып таштап, бокалдарын көтөрүп бир туугандары менен кагыштырып кирди.
* * *
Булардын эркетайы, эң кенжеси Ильяз апасы өлгөн соң Айымканды «апа» деп алды. Кежир, кекчил, айтканынан кайтпаган бала болду. Эки күндүн биринде көчөдөгү балдар менен мушташып келет. Ар айда милицияга түшөт да, Айымкан кызыл шапкелерге да, жабыркагандарга да «акелеп-жакелеп» эптеп кутулуп отуруп калат. Ильяз эжесин көпкө отургузбайт, дагы бир балекеттин үстүнөн чыгат. Бир жолу ата-энелер чогулушунан Ильяздын кылыктарын угуп ушунчалык ачууланып келсе, иниси «Сиз менин апам белеңиз, чогулушка эмнеге бардыңыз» дейт алдын ала не сөз болгонун билгендей. Айымкан ушунчалык ачууланды, туталанды, жаакка чапканы баратканда «үйдүн улуусу сенсиң, кызым, кичүүлөргө баш-көз бол» деген апасынын элеси көз алдына келе калды да, оң колун сол колу менен кармап араң-араң калды.
Азыр ошол Ильязга сөз тийди:
- Эжебиз өзү үчүн эмес – биз үчүн жашады. Эжебиз өзү үчүн эмес – биз үчүн туулган экен. Азыр ошол күндөр кайра келсе, мен башкача иш кылмакмын. Эң биринчи «Эже, сиз турмушка чыгыңыз, анын мен үйлөнөм» демекмин. Ырас, үйлөнүүгө уруксат сурар алдынан «Эже, турмушка чыкпайсызбы» десем, «Менин поездим өтүп кеткен, мен бир туугандарым үчүн туулгам, силердин балдарыңар – менин балдарым, силердин бактыңар – менин бактым» деп койгон. Бул эжемдин бүтүндөй тагдыры. Келиңиз, эже, сизге бриллиант сөйкө, бриллиант шакек! – Бактыкан кайнежесинин кулагына сөйкөсүн тагып, колуна шакегин салып атканда берки бир туугандар бокалдарынын курсактарын катуу кагыштырып, ичүүгө даярданды.
Анан ырлар башталды. Бийлешти. Бара-бара балдардын алды уктап, бөтөлкөлөр бошоп, кызып алган коноктор да тарады.
Конокторду кетирип коюп Айымкан эски халатын кийип, белдемчисин тагынып, же сүйүнөрүн, же күйүнөрүн биле албай отурушта жук болгон идиш-аяктарды жууганга кирди...
2020-жыл, 13-14-сентябрь