Башкаларды ээрчигендердин изи калбайт.
С.Л.Браундон
* * *
Саясий жана аскердик жеңиштерге жеткениңиз менен экономикалык жеңишке жете албасаңыз, жеткен жеңиштериңиз кыска убакытта жок болот.
Ататүрк
* * *
Менин эки көйнөгүм бар. Бирөөсүн майрамга, бирөөсүн ишке кием.
Тургут Өзал
* * *
Каргыштан, балким мыкаачылыктан өлкө жок болуп кетиши мүмкүн.
Низамүлмүлк
* * *
Адамдар алданганын ишендирүүгө караганда, аларды алдоо оңой.
Эдуард Вильде
* * *
Саясат – саясатчыларга ишенүүгө болбой турган олуттуу маселе.
Чарльз Даугелле
* * *
Саясатчы шайлоону, жөнөкөй жаран келечекти ойлонот.
Жеймс Кларк
* * *
Ката кетирүү – сыноо, катасын башкаларга жүктөө – саясат.
Вилли Ваучер
* * *
Саясатта эч бир маселе кокусунан болбойт, баары пландаштырылат.
Франклин Рузвельт
* * *
Кечээги кийимиңизди бүгүнкү күн кургатпайт.
Сулейман Демирел
* * *
Саясатчылардын бою, жүзү ар башка, бирок сөздөрү, ойлору бирдей.
Теодор Рузвельт
* * *
Саясатчынын сүйлөгөнүнөн эле кандай үй бүлөдө тарбияланганын билүүгө болот.
Бернард Шоу
* * *
Саясатчылар бардыгы бирдей. Реформа кылууга убада беришет. Шайланган соң убадаларын реформалашат.
Леонид Сухоруков
* * *
Саясатчылардын бир орунда узак мөөнөткө калуусундагы эң маанилүү фактору – шайлоочунун эс тутумунун начардыгы.
Вилл Рогерс
* * *
Саясат чындыкты жашырып жалган сүйлөө эмес, чындыкты өзү каалагандай бурмалоо.
Уюнистон Черчилль
* * *
Дүйнө жүзүндөгү саясатчылардын баары дарыя жок жерге көпүрө салабыз деп убада беришет.
Никита Хрущев
* * *
Кээ бир адамдар партияларын принциптери үчүн алмаштырса, кээси партия үчүн принциптерин өзгөртөт.
Уинстон Черчилль
* * *
Принципсиз саясат, абийирсиз көңүл ачуу, жеңил жеткен байлык, билимдүү, бирок ээрчиме адамдар, адеп-ахлаксыз ишкер, адамзаттын сүйүүсүн эң төмөнкү деңгээлге түрткөн илим, чектелген дин жөнүндө түшүнүктөр бизди артка тартат.
Маххатма Ганди
* * *
Эгер калпты үзгүлтүксүз дайыма айта берсеңиз эл ишенет. Элди жалганга ишендирүүнүн сыры – калпты дайыма кайталап туруу.
Адольф Гитлер
Кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН