Элмирбек Иманалиевдин ырларындагы аруулук

  • 06.10.2024
  • 8686

Айлана-чөйрөбүздөгү жандуу жана жансыз нерселердин эң бир асыл касиет, сапаттарга ээ болуусун аруулук катары сыпаттасак жарашчудай.  Демек аруулук бар жерде адамзаттын жашоосу бир гана жакшы нукта уланаары анык.

Ааламды аруулук сактайт. Аруулук – бул жан дүйнөнүн тазалыгы, акыл-ойдун тунуктугу, айкөлдүктүн туу чокусу. Тазалык жана аруу жашоо дагы ыймандын бир бөлүгү. [3] Аруу – таза сөзүнүн синоними. Көп учурда жан-дүйнөнүн тазалыгын билгизүү үчүн колдонулат. Ал эми аруулук деген сөздүн өзү «ары» этишинен келип чыккан. Ал байыркы кезде «тазала» маанисинде болгон. Андан арыл, арыт деген сөздөр жаралган. Ал эми ары этишине сын атооч жасоочу -г мүчөсү жалганып, арыг «таза» сөзү жасалган Анын аяккы г тыбышы үндүүгө айлануудан аруу деген түргө келген. [1]

“Аруу” деген сөздүн эки бөлөк мааниси бар. Аруу – таза дегенди билдирет. Аруулап жуугула  – таза жуугула дегени. “Келген жериңден кеткен жериң таза болсун” дейт. "Аруу кыз" - таза кыз эле дегени. "Аруу буюм" – кымбат буюм, аялуу буюм дегенди билдирет. Аруунун экинчи мааниси – талма дегенди же ылдам кармай калып кайра тарап кете турган оорунун атын да билдирет. [5]

Аруулук өзү айтып турганындай эле ары таза, ары кол жеткис, ары улуу бир түшүнүктү өзүнө камтып тургандай. Үлбүрөк, назик, апакай ошол эле учурда суктанаарлык улуу жана бийик нерселердин бардыгын аруу деп билип келебиз. Аруулукту көзүбүз көрүп, кулагыбыз угуп, сезимибиз туйган аяр нерсенин бардыгына колдонуп, ал аркылуу сыпаттап келерибиз да анык. Аруулук жандуу, жансыз заттар менен бирге сезимдерде да кездешип, адам аттуудан тарта жан-жаныбарга дейре таандык керемет сыпат.

Кыргыздардын сөз баккан калк экенин ушундан билиңиз, ар бир нерсенин өзгөчөлүк касиетине карап сыпаттап же баалап келишкен. Ар бир сөзгө терең маани берип ошого жараша сөз ойлоп табышкан. Башта айтып өткөндөй ары таза, ары улуу сыпатка эгедер нерсенин бардыгына аруу сөзүн ыйгарышкан. Мисалы, аруу таза сезим, аруу кыял, аруу жан, аруу кыз, аруу тилек ж.б. Муну менен катар өтө суктанып жибергенде аруусу кирип кеткен жокпу деп да коюшкан. Мындан сырткары аруу сөзүн колдонуп кыз балдарга ысым коюшкан: Аруузат, Аруужан, Арууке, Арууназ, Айаруу ж.б. Айтор, сөз кадырлаган кыргыз эли кол жеткис улук, бийик нерсенин бардыгын аруу көрүшкөн.

Адамзатын аруулук сактайт деп бекеринен айтылбаган чыгар. Болбосо биздин дал ушул жашап турган дүйнөбүздө карасы агы аралаш, жакшыга жаманы жанаш болгон оомалы-төкмөлүү дүйнөдө күн кечирип жатканыбыз чындык. А бирок ошол карасы-агы аралаш болгон дүйнөдө ары таза, ары апакай керемет нерселердин бар экени талашсыз. Андай кереметтердин бири «аруулук». Аруулук аты айтып тургандай эң эле бир таза, эң эле бир өзгөчө касиетти ташып жүрөт. Сөзүбүздүн башында айткандай, аруулукту бүтүндөй нерсенин туу чокусу да десек болот. Ал эми сөздүн гүлүн терип, ой тизмектерин сөз аркылуу шөкөттөп, ырга салып берген акындар сөзсүз түрдө мындай керемет маанини же түшүнүктү берген «аруу» сөзүн колдонбой коюшкан эмес. Мен акын дегендин ырларынан аруу сөзү колдонулбаганы аз санда болсо керек. Көпчүлүк акындар дал ушул сөздү колдонуу менен керемет саптарды, керемет ырларды жаратышкан десек жаңылышпастырбыз.

Азыркы замандын Токтогулу аттыкан Элмирбек Иманалиев да дал ушул биз кеп кылып жаткан аруу, аруулук сөзүн арбын колдонгон акындардын сап башында турат. Башкача айтканда, анын дээрлик көпчүлүк ырынан аруу сөзүн кездештирүүгө болот. Тагыраагы, Элмирбек акын аруу сөзүн жан дилиндей жакшы көрүп, аны сүйүп, ал аркылуу ичиндеги оргуштаган ой-толгоосун, сезимдерин, туюмдарын билдирген. Ал өзүнүн кол жеткис нерселеринин бардыгына аруулукту ыраа көргөн. Анын аруулук сөзүн көп колдонушунун бирден бир себеби, акын өзү аруу таза дүйнөгө эгедер экендигинен кабар берет. Анын жан дүйнөсү өзү көргөн аруулуктун чагылуусу. Башкача айтканда, анын сезимдеринин күзгүсү. Ал айланасындагы нерсенин көбүн баладай баёо, аруу сезими менен кабылдап, аларга дал ошондой мамиле жазап, анан аруу жүрөгү менен кагазга ырларын түшүргөн.

Адам өзү кандай болсо айланасындагыларды да ошондой көрөт эмеспи, анын сыңары Элмирбек Иманалиев да жүзүнөн нуру чачыраган, аруу таза сезимдерге бай, баёо мүнөз, бала кыял аруу жан эмес беле. Аруу таза жүрөктөн, аруу таза тилектен анан кантип аруулукка толгон, аруу саптуу керемет чыгармалар чыкпасын. Эгерде анын жүрөгү мынчалык деңгээлде аруулукка сугарылбаса, анда кайдан аруу ырлар жаралсын. Аруулукту билбеген жүрөк кандайча аруулук тууралуу сезип-туя алат. Кептин маңызы мына ушунда болуп жатпайбы. Аны көрүп, билген замандаштары, калемдештери жүзүнөн нуру төгүлгөн адам  экенин саймедиреп эле жүрүшөт, ал тургай мен өзүм, андан маек алган инсан катары анын ушунчалык аруу жан дүйнөгө эгедер исан экенин баса белгилеп айткым келет.

Макаланын максаты акындын «аруулук» катышкан ырларын талдоо жүргүзүү болгондуктан дал ошол ырларга басым жасалып мисалдар менен берилди. Ал эми ырлар акындын 2020-жылы чыккан «Аманат» аттуу китебинен алынды. Тагыраагы, китептеги дал ушул сөздөр катышкан ыр тизмектерине талдоо жүргүзүлдү. Сөзүбүз куру болбос үчүн алгач Элмирбектин «Замандашым» аттуу ырына саресеп салсак;

Адамдыкты – ааламдык кир саясат,
Ажыдаардай арбап, соруп баратат.
Аруулук иш болот эле, замандаш,
Алкымына тыгылууга жарасак. [2, 41-42-б]

Баарыбызга белгилүү болгондой Элмирбек башка акындардан салыштыруу образы менен өзгөчөлөнүп турган. Ар бир ырында сөздүн гүлүн терип жазган. Жогорудагы «Замандашым» ырында жакшы, мыкты иш дегендин ордуна жалпылап аруулук иш деп берген. Чындыгында автор аруулук, аруу сөздөрүн кол жеткис, улуу, таза нерселерге колдонгон. Төмөндөгү «Ак куулар»  ыры да буга айкын мисал болуп берет;

Анткен менен ак-куулар аруу жандар!
Түспөлүндөй апакай арыңар бар.
Бизде кордойт жалгызды, силердечи?..
Бирөөн таштап кетпейсиң калганыңар. [2, 46-б]

Автор ак-кууларды ичинде кенедей да кири жок, таза жандарга салыштырып, аруу жандар экендигин баса белгилеп көрсөтүүдө. Ал «Жүрөгүмө» аталышындагы ырында да жүрөгүндөгү тилектин аруу экендигин, жүрөгүндө, оюнда эч кандай жаман ой жок болгонун баса белгилеп өтөт.

Бүгүн дагы дүкүлдөп байкуш жүрөк,
Издеп сени өзүнөн... Таппай күйөт.
Басып жүргөн мен болсо – болдум сүрөт,
Байкуш жүрөк, бечара баарын билет.
Бар эле да, оо анда аруу тилек... [2, 46-47-б]

Элмирбек Иманалиев айланасындагы курчап турган дүйнөнү көп учурда аруу, таза деп билген. Айрыкча махабат темасына келгенде акындагы аруулук күч алып, сезимдердин сересинде серпилерин жашырган эмес. Дал ошол сезимдер аркылуу арууланып, жашоосу шаңга бөлөнүп көркүнө келерин көп ирет кайталаган. Өзү жашоого эрте аралашып, турмуштун ысык-суугуна эрте күйүп тоңгондуктан жашоо деген эмне экенин эч билбеген жаштарга, селкилерге суктануу менен карап аларды да аруу жандар, аруу заттар деп атаган.  Анын төмөндөгү ыр саптары буга далил.

Сага арнап бир ыр жаздым,
Өзүм окуп жүрүүгө.
Ошол ырдан жан дүйнөмө
бир жылуулук кирүүдө.
Жүрөгүмө катып алып,
ошол аруу дүйнөнү
Сезимимде бир жаш кайың бүрдөдү.
Сен жакшы түш көрдүң бекен?
Мен ыр жазган түндөрү. [2, 70-б],- деген  ыр саптарында акындын ыр аркылуу кандайдыр бир жылуулук алып, ал жылуулуктун негизинде дүйнөсүнүнүн аруулангандыгын билдирүүдө. Акын жаштарды, айрыкча студент кыздарды көбүн эсе аруу деп билген. Аларды жашоо-турмушту көрө элек, али эч нерсени билбеген, баёо, аруу заттар деп эсептегенине төмөндөгү ыр саптары далил:

Али жашсың,
Аруузатсың,
студент кыз татына.
Экзаменден башка түйшүк
түшө электир башыңа.
Менде болсо,
турмуш катуу бороондоп,
Туш тарапка чачууда.
Тагдыр урчук таштар менен атууда.
Сенин гана мээримиңдин кубаты –
Жетет эле мунун баарын басууга. [2, 70-71-б]

Акын аруу, аруулук сөздөрүн айрыкча арзуу ырларында көп колдонгон. Ал махабат аркылуу арууланып, тазарарын баса белгилеген. Анын сүйүү тууралуу ыр саптарына кайрылганыбызда «аруу» сөзүн бир нече ирет кездештирүүгө болот. Элмирбек Иманалиев сүйүүнү, сүйүүгө таандык сезимдерин, ал сезимдерге байланган жан дүйнөсүн, ошол сезимдерге себепкер кылган жанды, сүйүүгө сугарылып, махабат менен курчалган ошол бүтүндөй дүйнөнү, айтор ошол дүйнөдөгү ар бир нерсени аруу деп билип, ага аяр мамиле жасап, кол жеткис улуу нерсе экендигин баса белгилөө менен аларга аруулукту ыйгаргандыгы  анын төмөндөгү бир катар ыр саптарында так, даана көрүнүп турат.

Сен гүлдөйсүң, ачкан жаңыдан,
Мен – күкүкмүн, тили талыган.
Сен – перисиң, түшкөн жылдыздан,
Мен – пендемин күйгөн турмуштан.
Сен – аруусуң, эстен тандырган,
Мен – адашкан жанмын тагдырдан. [2, 71-б]

Жарыгым, жаным, жапжашсың,
Мөлтүрсүң, тунук, тазасың.
Апакай, аруу максаттын
Артынан ээрчип барасың... [2, 86-б],- деп жазат акын.

Сүйүктүүсүнө бир гана аруу нерселерди ылайык көрөт, бардык нерседен оолак тутуп, аярлайт. Арзышкан адамына чаң жолотпойт, анын тазалыгын, тунуктугун, мөлтүрлүгүн даңазалап, анын максатын да аруу деп билип, бүтүндөй ал адамды аруусуң деп айтып жатат. Ошону менен бирге акын мындай сезимге тушукканга чейин дүйнөнүн аруу сүйүүгө сараң болгонун, ал жашоосунда пайда болгон күндөн тарта жашоосунда ак жарыктардын пайда болгонун белгилөөдө:

Сага чейин сараң эле дүнүйө...
Сараң эле аруу, назик сүйүүгө.
Сени тапкан күндөн баштап элесиң –
сезимдерге шоола болуп тийүүдө. [2, 102-б]

Ооба, мага дал ушундай сезилет,
Мындай сезим мага гана кезигет.
Эч кимде жок бул аруулук мендеги –
Сенде болсо, менде дагы көбүрөк! [2, 103-б],- деп акын өз сезиминин аруу экендигин дагы бир ирет баса белгилеп, жада калса арзышкан адамынын сезиминен да алда канча аруу болгонун айтып өтөт. Мындан сырткары ал арзуу сезимдерин аруулук деп атаган. Ошону менен бирге ар качан сезимди аруу деп билген:

Аруу сезим, боюм жибит! Дүркүрө!
Жаным менин...
Жаркы!
Мөлтүрө!
Мен жашаган ушул шаар жүдөңкү,
Сени эстесем чыга түшөт көркүнө. [2, 108-б]

Башта айтып өткөндөй, Элмирбек Иманалиев жүрөгүнө ээлик кылган адамды, аруу сезимдеринин ээсин ар убак аруусуң деп айткандан тажаган эмес. Тескерисинче, улам-улам кайталап баса бегилеген. Аны төмөндөгү бир катар ыр саптары далилдейт:          

Ичи-сырты бирдей сулуу, аруусуң,
Секетимсиң, сен жанымдын – жанысың.
Башаттайсың, башталган да жериң жок,
Анан дагы ар ирмемде жаңысың. [2, 124-б]

Тагдыр менин уккан өңдүү зарымды,
Таалайыма сендей аруу табылды.
Эңсеп, күтүп, издеп, чаңкап жашадым,
Сезген окшойм бул дүйнөдө барыңды.

Айым, Күнүм, аруу, таза татынам!
Жалбаргандан башка неге батынам?
Бир керемет өмүр менде башталды,
Күнү айга, айы жылга татыган. [2, 129-30-б]

Билбейм, арман, буга кандай демекпиз?!
Бирге дагы, бөлөк дагы эмеспиз.
Анткен менен аруу, назик, аялуу
сезимдерди сакташ үчүн керекпиз. [2,131-б]

Элмирбектин эл оозунан түшпөй ырдалып келген «Аруузатым» чыгармасын дал ушул макаланын негизи катары аруулуктун символу десек да жарашат. Анткени анын ар бир сабында аруулуктун учкуну чачырап тургандай сезилет. Акын аруу таза сезимди «Аруузатым»  аркылуу ачып берип жаткан өңдүү:

Аруузатым, ай чырайым, аппагым!
Сени көрүп аруулана баштадым.
Карегиңде жүргөн экен катылып,
Качанкы бир мен жоготкон асманым. [2, 69-б]

Бир куплеттин төрт сабына сыйдырылган «аруулукту» биринчи сабынан эле байкоого болот: «Аруузатым, ай чырайым, аппагым!», көрүнүп тургандай эле акын ырдын алгачкы сабынан эле тазалыкты, аруулукту эки-үч сөз менен эле чагылдырып койгон. Ал эми ырдын «Сени көрүп аруулана баштадым» деген жери акындын тазалыкка, аруулукка болгон ажайып оюн айтып турат. Чындыгында «Качанкы бир мен жоготкон асманым» деген сапта терең философиялык ой жатат. Асман өзү кол жеткис, учу кыйыры билинбеген кең аалам, бийиктик. Чайыттай ачылган асманды көргөндүрсүз, албетте. Аруулуктун дал өзү мына ушул чайыттай ачык асманда. Акындын жоготкон асманы так ушул асман.

Элмирбектин ар бири ыры өзүнчө бир философиялык касиетке ээ. Ал өзүндөгү сезим аркылуу, сезимден жаралган бул ыры аркылуу бир гана өзүн агартып, тазартпастан, окурман жүрөгүн кошо тазартып, дарылагандай сезим калтырат. Колубуздагы макаланын маңызын дагы дал ушул чыгармасынын ар бир сабындагы аруулук түзөрүн баса белгилөөгө болот. Акындын аруу-таза сезимин чагылдырган бул ыр авторго болуп көрбөгөндөй популярдуулукту алып келген ырларынын катарын толуктады. Бул ыр бир эле авторго гана жемишин бербестен, аны аткарган аткаруучу Аскат Мусабековго да атак-даңк алып келген мыкты ырлардын бири болуп калды. Демек Элмирбектин «Аруузаты» өз максатына жетти, эл тарабынан мыкты баага татыды. Бул ыр авторду арууланткан өңдүү эми мындан ары да жалпы жумурай журтту аруулантып, элдин жүрөгүнөн ар дайым түнөк тапкан аруу ыр болуп кала берет. Элмирбек өлсө да анын «Аруузаты» түбөлүккө жашай берет.

Кубанычбекова Нурзада Кубанычбековна, Улуттук илимдер академиясынын аспиранты

_______________________________________________________________

1. Сейдакматов К. Кыргыз тилинин кыскача этимологиялык сөздүгү. Ф., 1988. 330-б

2. Иманалиев Э. К.  Аманат: Ырлар, поэмалар, терме. 2-басылыш. – Б., 2020. – 220 б.

3. https://kok-asaba.journalist.kg/

4. https://ky.wikipedia.org

5. https://www.azattyk.org

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз