Жузеппе Верди. Улуу композитордун жашоосу тууралуу кызыктуу фактылар

  • 27.01.2021
  • 3968

Италиялык композитор элге эң биринчи өзүнүн мыкты опералары менен белгилүү. Жузеппе Вердинин чыгармачылыгы италия операсынын өнүгүшүнүн туу чокусу, ал Италиянын улуттук сыймыгына айланган инсан.

Анын жетишкен ийгилигине жана сиңирген эмгегине баа жетпейт, анын чыгармалары автордун өлгөнүнө жүз жылдан өтсө да, эмдигиче популярдуулугун жоготпой, бардык жерлерде, белгилүү адис музыканттар гана эмес, катардагы музыка сүйүүчүлөр тарабынан да аткарылып келе жатат.

Жаш кезинде аны консерваторияга кабыл албай коюшкан, а кийин Италия музыкасынын символуна айланган. Анын жашоосунда көп кызыктуу окуялар болгон, бул анын укмуштуудай музыкалык талантынан гана эмес, анын тамашаны мыкты түшүнгөн көңүлдүү адам экендигинен кабар берет.

Анда эмесе улуу композитордун өмүрүндөгү кызыктуу учурлардан кеп салалы.

19 жашар Жузеппе Вердини Миландагы консерватория “фортепианада ойноо деңгээли төмөн” деген баа менен кабыл албай коюшат. Ага дирижёр мындай деген экен: “Консерватория тууралуу ойлонбой эле кой, а эгерде ошончолук эле музыка ойногуңуз келсе, шаардагы жекече сабак берген мугалимди изде...” Бир нече он жылдыктардан кийин Милан консерваториясы “талантсыз” музыканттын атын алып жүрүүнү сыймык катары санаган.

Верди ар кандай үндөрдөн, ал тургай көчөдөгү үндөрдөн да музыка жарата алган даремети чоң таланттуу адам болгон. Ал дайыма жанына нота жазган дептерин ала жүрүп, өткөн күндөн алган таасирлерин түшүрүп турган. Балдардын ыйлаганы, кайыкчынын же бал муздак саткан сатуучунун кыйкырыктары, куруучулардын сөгүнгөнү – ушулардын баары музыкалык темаларга айланган. Бир жолу сенатта олтуруп, мыйзам чыгаруучулардын чыгып сүйлөгөндөрүнөн чакан чыгарма жазган экен!

Бир жолу ага жаңыдан музыкага кызыгып жүргөн жаш жигит анын талантын баалап берүүсүн суранат. Ал жигит бойлуу, булчуңдары буканыкындай буржуюп, кебетеси да кишини баса калып сабап жиберчүдөй сүрдүү неме экен. Анын музыкалык аспапта ойногону аябай начар эле, жигит эч нерсени жашырбай ачыгын айтып, туура баа беришти өтүнөт. Верди андай бааны бере албайм деп жооп берет. Жигит эмне үчүн айта албаганынын себебин сураганда ал: “Аны айткандан корком!” деп жооп берген экен.

Композитор “Трубадур” операсын жазып бүткөндө, өзүн жаман көргөн музыкалык сынчыга кайрылып, жаңы чыгармасына пикир билгизишин суранат. Операнын фрагменттеринен угуп көргөн сынчы мындай дейт: “Ачыгын айтканда, бул чыгармаң мага жаккан жок, анча чыкпай калыптыр”. Вердинин мындай жоопту укканда сүйүнүп кетет: “О Кудай, мен сиздин берген бааңызга аябай ыраазымын, мен кандай бактылуумун! Мен эми “Трубадурду” ийгилик күтүп турганына эч бир шегим жок, сизге жакпаган чыгарма, сөзсүз элге жагат!”.

“Аида” операсынын бет ачары аябагандай ийгиликтүү болуп, көрүүчүлөрдөн анын талантына суктанган көптөгөн каттар келет. Ошону менен катар бир адамдан опера жакпай калганын, аны барып көрүүгө кеткен чыгымдарды, атап айтканда белеттин акчасын, жолго кеткен чыгымды, театрдын ашканасынан жеген тамак-аштын акчасын төлөп беришин талап кылган кат алат. Верди жеген тамагынан башка чыгымдарын төлөп берип,  “мындан ары да жаңы чыгымдарга” кириптер болбосун үчүн, ал адамдан мындан кийин Вердинин операларына келбейм деген тил катка кол коюп беришин талап кылган экен.

Бир жолу жайында Монтекатинидеги вилласында жүргөн композиторго жолдошторунун бири конокко келет. Ал Вердинин эки кабаттуу үйдүн бир бөлмөсүн гана ээлеп, калган бөлмөлөрдө шарманкалар жыкжыйма болуп жыйылып турганын көрүп таң калат. Верди бул өзгөчө коллекциянын пайда болушун минтип түшүндүрүптүр: “Билесиңби, мен бул жерге тынч, ызы-чуудан алыс болуп, жаңы операмды жазайын деп келгем. Бирок мына бу сен көрүп турган инструменттердин ээлери эмнегедир мен алардын аткаруусундагы өз чыгармаларымды укканы келди деп ойлошкон окшойт. Таң аткандан кечке чейин алар “Травиатадан”, “Риголеттадан”, “Трубадурдан” алынган арияларды эптеп окшоштуруп ойноп, кулагымдын кужурун алышты. Анысы аз келгенсип мен аларга төлөп беришим да керек. Тажап бүткөндө мен алардын шарманкаларынын бардыгын сатып алдым. Бул мен үчүн чоң чыгым болду, бирок мен эми тынч олтуруп ишимди улантып жатам...”

Өмүрүнүн акыркы жылдарында ал өз каражатына Виллановдо оорукана, Милан шаарында карып калган музыканттар үчүн үй салдырып берген, курулушту ал жеке көзөмөлүнө алган экен. Вердиден өз чыгармаларынын ичинен эң көрүнүктүүсү жана өзүңүз үчүн кымбаты кайсы деген суроого “Миландагы карылар үчүн салдырган үй” деп жооп бериптир.

Бир жолу бүт дүйнөгө таанымал, чачы куудай аппак композитор жаңыдан музыка жазып жүргөн жаш жигит менен сүйлөшүп олтурду. Жаш жигит жетишкен ийгиликтерин кайра-кайра айтып мактана берди. Ошондо Верди мындай деген экен: «18 жашымда мен да өзүмдү улуу композитормун дечүмүн жана “Мен” деп айтар элем. 25 жашымда “Мен жана Моцарт” деп калдым. 40ка чыкканда “Моцарт анан Мен” дей турган болдум. Азыр жөн гана “Моцарт” деп айтам.

Булак: Культурология.рф

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз