Эрнест Хемингуэй: Баш кесерлер

  • 28.01.2021
  • 3778

АҢГЕМЕ

Генри тамактануучу жайынын эшиги ачылып, эки чоочун киши кирип келди да, текчеге жакын олтура кетишти.

- Келгиле, жигиттер, - Жорж аларды утурлай чыкты, - Эмне жейсиңер?

- Билбейм, эмне жесек, - деди алардын бирөө, - Эмне жейсиң, Ел?

- Билбейм, - деди Ел, - Эмне жесем экен.

Сыртта күүгүм кирип бараткан. Терезеден сырттан келген жарык тамып турду. Эки адам тамактардын тизмегине үңүлүп калышты. Текченин аркы башында Ник Адамс аларга карап турат. Алар кирип келген маалда ал Жорж менен бирдемелерди сүйлөшүп жаткан.

- Мага алма соусу кошулган куурулган чочко эти, анан эзилген картошка, - деди келгиндердин бирөө.

- Ал тамак даяр боло элек.

- Бокту жебе, тизмекте жазылып турбайбы.

- Ал кечки тамактыкы, - деп ырастады Жорж, - Саат алтыда даяр болот.

Жорж текченин артындагы саатка карады.

- Саат азыр беш болду.

- Бештен жыйырма өттү десеңчи.

- Бул саат жыйырма мүнөт алдыда.

- Саат жерге кирсин, - деди биринчи сөз баштаган келгин, - Барбы жегенге бирдеме?

- Сендвичтин бардык түрү даяр, - деди Жорж, - сүрсүтүлгөн чочко эти жумуртка менен, туздалган чочко эти жумуртка менен. Туздалган чочко этине боор кошулганы бар кааласаңар.

- Анда мага тоок этине маш буурчак, токочко жуурулган каймак кошулган тамак менен эзилген картошка бер.

- Ал да кечки тамакка даяр болот.

- Баары эле кечки тамакка даяр болобу? Кокуй экенсиңер го.

- Мен силерге азыр сүрсүтүлгөн чочко эти жумуртка менен, туздалган чочко эти жумуртка менен, анан боор…

- Мага анда сүрсүтүлгөн чочко эти жумуртка менен бер, - деди Ел аттуу келгин. Башына кийгени шляпа, үстүндө топчуланма кара пальто. Кол кап кийип, моюн орогучка чүмкөнгөн ээктен өйдө ыраңы купкуу, илебин бек кымтыган шуштугуй бет көрүндү.

- Мага туздалган чочко эти жумуртка менен бер, - деди экинчиси. Жүзүнөн гана айырмасы болбосо, дене-бою бирдей, жапалдаш келип, эгиздердей окшош кийинген, экөөндө тең кийгендери чапташкан кара пальто. Текчеге чыканагын таяп, алдыга эңкейе олтурушат.

- Ичкенге бирдеме барбы?

- Сок, компот, газдалган суу бар, – деди Жорж.

- Жок, ичкенге беркиден барбы дейм?

- Жок, ушулар эле.

- Сонун шаарча экен, - деди бирөөсү, - Кандай аталат бул шаарча?

- Саммит.

- Мурда уккан эмес белең? – Ел досунан сурады.

- Жок.

- Кечкисин эмне жумуш кыласыңар бул жерде? – Ел сурады.

- Кечки тамак берилет, - деди шериги. – Баары бул жерге кечки тамакка келишет, туура айтамбы?

- Туура, - деди Жорж.

- Туура дейсиңби? – Ел Жоржго суроо узатты.

- Албетте.

- Аябай акылдуу жигит көрүнөсүң го, ээ?

- Албетте, - деди Жорж.

- Жанын жейт, - деди бою тепкедей болгону. – Жанын жеп жатат бул, Ел.

- Бул бир келесоо да, - деди Ел. Андан соң Никке кайрылды. – Атың ким сенин?

- Адамс.

- Дагы бир акылдуу, - деди Ел. – Бул да өзүнчө акылдуу го дейм, Макс?

- Бул шаарчада жалаң акылдуулар жашайт демек, - деди Макс.

Жорж текчеге эки табакты койду: биринде сүрсүтүлгөн чочко эти жумуртка менен, экинчисинде туздалган чочко эти жумуртка менен. Андан сырткары эки табак татымал кошулган куурулган картошканы койду да, ашканага кирген эшикти жапты.

- Кайсынысы сага? – Макс Елден сурады.

- Эсимде жок.

- Сүрсүтүлгөн чочко эти жумуртка менен.

- Акылдуу жигит десе, - деди Макс. Анан эңкейе берип тамагын колуна алды. Экөө тең кол каптарын чечпестен тамактанууга киришти. Жорж аларды карап туруп калды.

- Эмне карайсың? – Макс Жоржго акшыйып карады.

- Жөн эле.

- Жөн эле эмнеге карайсың?

- Бул тамаша деп ойлоп жатат ко, Макс? – деди Ел. Жорж күлүп жиберди.

- Эмне ырсаңдайсың? – деп зирк этти Макс, - Ыржаңдабай жөн тур, макулбу?

- Жарайт, - деди Жорж.

-Жарайт имиш, - Макс Елге кайрылды, - Мунун оюнда жарайт имиш. Мунуң жакшы.

- Ии, өтө ойчул адам көрүнөт, - деди Ел. Алар тамактанууга киришти.

- Берки акылдуусунун аты ким эле? – Ел  шеригинен сурады.

- Эй, акылдуу, - Макс дегени Никке кайрылды, - Тиги досуң экөөң текчени айланып бул жакка келгилечи, кана.

- Эмне болуп кетти? – Ник андан сурады.

- Эчтеке.

- Эй, акылдуу. Мен сени жакшылыкча бул жакка кел дедим, - деди Ел. Ник аларга чыгып келди.

- Эмне болуп кетти? – Жорж сурады.

- Сенин ишиң болбосун, - ороң этти Ел. – Ким тиги ашканада сербеңдеп жүргөн?

- Негр.

- Негр дейсиңби?

- Ооба. Ашпозчу негр.

- Чакыр аны да бул жакка.

- Эмнеге?

- Чакыр дедим мен сени.

- Силер кайда турганыңарды билесиңерби?

- Билем, энеңдурайын, - деди Макс дегени. – Билбегидей биз эмне  жинди белек?

- Сен да бир келесоодой сүйлөйсүң да, - деди Ел ага. – Бул балакайдан бок жегени сурайсыңбы? Бери кара, - Жоржко кайрылды, - Чакыр негрди бул жакка.

- Аны эмне кыласыңар?

- Эчтеке. Башыңды иштет, акылдуум. Негрди эмне кылышыбыз керек эле?

Жорж тамак берилчү терезенин эшигин ашкана жакты көздөй ачып жиберип, ашкана жакка үн катты. – Сэм, бул жакка бир мүнөткө келип койчу.

Ашкананын эшиги кыйч ачылып, ичкериден ашпозчу негр чыгып келди. – Эмне болуп жатат?

Тиги эки адам ага карап калды.

- Кана, кара негр, турчу тигиндей былк этпей, - деди Ел.

Үстүнө фартук тагынган Сэм тиги эки кишиге карап туруп калды да, - Келгиле, жигиттер, - деп аларга кайрылды. Ел ордунан туруп келди.

- Мен азыр мына капкара менен тиги акылдууну алып ашканага кирейинчи, - деди да ашкана жакка бурулду. – Ии, капкара, тиги акылдуу экөөң бул жакка киргилечи, кана. Эй, торпок, мен сага айтып жатам!

Жапалдаш бойлуу киши Ник менен ашпозчу Сэмди алдына салып, ашканага кирип кетти. Ашкананын эшиги тарс жабылды. Тиги Макс дегени текчеде Жоржго каршы карап олтурду. Жоржго назар салбастан текче артындагы күзгүгө карап жаткан. Мурда бул жай кумаркана катары колдонулуп, кийин тамактануучу жайга айланган.

- Ии, акылдуу, - деди Макс күзгүнү караган калыбында, - Эмне унчукпайсың?

- Деги эмне болду өзү?

- Эй, Ел, - Макс шеригине үн катты, - Мына акылдуу эмне болуп жатат дейт?

- Эмне болуп жатканын айтпадыңбы? – ашкана жактан Елдин үнү угулду.

- Эмне болуп жатат өзү?

- Мен кайдан билейин.

- Эмне болуп кетти?

Макс сүйлөп жатып, күзгүдөн көзүн такыр алган жок.

- Түшүнсөм өлөйүн.

- Эй, Ел, бул акылдуу түшүнсөм өлөйүн дейт?!

- Кыйкыра бербечи, энеңдурайын. Дүлөй адам жок бул жакта, - Ел ашкана жактан үн катты. Тамак берилчү тешикти кетчуптун бөтөлкөсү менен түртүп ачты да, сүрөткө тартып жаткан фотограф сымал тиги экөөнө тешиктен кайрылды: - Эй, акылдуу, текчеден бир аз ары турчу. Макс, сен бир аз солго жыл.

- Кана, айтчы акылдуум, - деди Макс. – Бул жерде эмне болуп жатат өзү?

Жорж үн-сөзү жок мелтиреди.

- Анда мен айтайын, - деп кеп баштады Макс. – Биз баягы желмогуз шведди өлтүргөнү келдик. Баягы дөөдөй болгон швед Оле Андерсонду таанысаң керек?

- Ооба.

- Ал күндө ушул жерге кечки тамакка келет имиш, туурабы?

- Кээ-кээде келип калат.

- Алтыда келет имиш, туурабы?

- Ооба.

- Мунун баары бизге маалым, акылдуум, - деди Макс. – Сүйлө дагы, киного барып турасыңбы?

- Кээде эле.

- Сен киного көп барсаң керек. Сага окшогон акылдуулар кинону көп көрчү эле.

- Аны эмнеге өлтүргөнү жатасыңар? Же силерге бир нерсе кылды беле?

- Ал бокбасардын колунан эчтеке келбейт. Ал бизди көргөн да эмес.

- Ал бизди көргөн эмес. Бизди болгону бир гана жолу көрөт. Көргөндө да сонун көрөт, - Ел ашкана жактан үн катты.

- Анда аны эмнеге өлтүргөнү жатасыздар? - деп сурады Жорж. Жанатан бери өзү теңдүү бул экөөнө «сен» деп кайрылып жаткан. Эми иштин чоо-жайын аңдаган соң, аларга «сиз» деп кайрылганга өттү.

- Ал касамды досу үчүн өлтүргөнү жатабыз. Досуна касам ичкен бул желмогуз. Түшүндүңбү, акылдуум?

- Эй, эшек, жап жаагыңды, - ашкана жактан Ел ызырынды. – Ага ар кайсыны айтып, тантыбай тур.

- Жарайт. Мен акылдуу менен кажылдашып жатам болгону. Туура айтамбы, акылдуум?

- Сен ар кайсыны тантып жатасың, - деди Ел. – Кара негр менен акылдуу бул жакта өздөрүнчө жыргап жатышат. Мен аларды чиркөөдөгү ынак курбу кыздардай бири-бирине таңып койдум.

- Сен чиркөөдө да болгонсуң деп ойлойм.

- Сен билбейсиң муну.

- Укмуш чиркөөдө болгонсуң го.

Жорж саатка карады.

- Эгер бирөө-жарым кирип келсе, тамак түгөндү де, ага да болбосо мен азыр бир жакка барып келип, анан силерге тамак даярдап берем де. Уктуңбу, акылдуум?

- Жарайт, - деди Жорж. – Андан кийин бизге тийбейсиздерби?

- Муну көрөбүз, - деди Макс. – Муну ошондо көрөсүң.

Жорж саатка карады. Алтыдан он беш мүнөт. Кире бериш эшик ачылып, трамвайдын машинисти кирип келди.

- Кандайсың, Жорж, - деди ал. – Жегенге бирдеме барбы?

- Сэм кетип калды, - деди Жорж. – Жарым сааттан кийин келет.

- Мен көчөгө чыгып келейин анда, - деди машинист. Жорж саатка дагы карады. Алтыдан жыйырма мүнөт.

- Жарайсың, акылдуум, - деди Макс. – Мунуң эркекче болду.

- Болбогондочу. Башын жулуп салмакмын, - Ел ашкана жактан үн катты.

- Жок, - деди Макс. – Андай эмес. Акылдуу накта эркек экен. Азаматсың, акылдуум.

- Ал келбейт эми, - деди Жорж саатка карап. Саат алтыдан элүү  беш мүнөт өттү.

Эшиктен дагы эки адам кирип келди. Жорж алар айткан сүрсүтүлгөн этке жумуртка кошулган сендвичти даярдап бермекке ашканага жөнөп калганда, алардын бири тамакты алып кетебиз деп калды. Ашканага киргенде, шляпасын желкеге кыйшайтып коюп, эшиктин жанында табуреткада олтурган Елди көрдү. Дубалдын кырында анын тапанчасы жатат. Ник менен ашпозчу бурчта бири-бирине таңылып, ооздоруна чүпүрөк тыгылган. Жорж сендвичти даярдап, аны жупкага орой салды да, пакетке салып, кардарга алпарып берди. Кардар акчасын төлөдү да, тамагын алып, чыгып кетти.

- Ммм, акылдуу. Колумдан бардыгы келет де, - Макс үн катты. – Тамак бышыргандан, башканын акесин таанытам дечи. Сага тийген кыз кандай бактылуу, акылдуум.

- Иэ? – деди Жорж. – Сиздердин досуңар эми келбейт ко.

- Дагы он мүнөт күтөлү.

Макс күзгүгө, анан саатка карады. Саат жети болду, андан соң жетиден беш мүнөт өттү.

- Ел, чык бул жакка, - деди Макс. – Кетели бул жерден. Касам келбейт окшойт.

- Жаның чыкпай тура тур. Дагы беш мүнөт күтөлү, - ашканадан Ел жооп берди.

Бул беш мүнөт аралыгында эшиктен дагы бир киши кирди. Жорж ага ашпозчу ооруп калганын түшүндүрдү.

- Башка ашпозчу алдыра койсоңор болбойт беле? – кирип келген адамдын кабагы тырчый түштү. – Бул жер иштейби өзү? – деди да колун шилтей сала чыгып кетти.

- Ел, чык бул жакка, - деди Макс.

- Мына эки акылдуу менен кара негрди эмне кылалы?

- Баары жакшы, Ел.

- Ошондой деп ойлойсуңбу?

- Албетте. Жөн эле койчу.

- Кандайча жөн коёт? – деди Ел. – Кийин чекеге чыккан чыйкан болот булар. Сен жигит дагы келжиреп жатасың.

- Ох, энеңдурайын эшек, - деди Макс. - Биз жөн эле тамашалап койдук буларды же жалганбы?

- Бир айтканыңды жүз жолу айтып, жаман күйгүздүң да кишини, – ашкана жактан сүйлөнүп Ел чыгып келди. Денесине чапташкан пальтодон белине кыстарган тапанча оркоюп көрүнүп турду. Кол капчан колдору менен пальтосун түздөндү.

- Жакшы кал анда, акылдуум, - деди андан соң Жоржго карап. – Бактыңар тоодой экен, ичер сууңар түгөнбөптүр.

- Эң туура, - анын сөзүн коштой кетти Макс, - Той берип, муну жуусаңар жарашат.

Экөө сыртка ээрчишип чыгып кетишти. Жорж алар көчөгө илинген чырактын жанынан өтүп, тээ бурчтан бурулуп кеткенге дейре терезеден көзү менен узатып кала берди. Баштарына капкара шляпа, чапташкан кара пальто, кара колкап кийген тигилердин кебетелери тим эле театрдын актёрлоруна окшошот. Ашканада калган экөөнү эстей салып, ал жакка энтеңдей жетип барды да, байлоодо жаткан экөөнү чечип алды.

- Ушул эле жетишпей жатты эле, - деп сүйлөнүп баштады ашпозчу Сэм. – Энеңдурайын, ушулар эле жетпей жатты эле. Колоктоп кайдан кире калышты булар?

Ник ордунан турду. Бечара дегеле мынтип бир күн оозуна чүпүрөк тыгылат деп ойлобоптур.

- Айткылачы, - деди Ник эчтекеге түшүнбөгөн адамдай түр көрсөтүп. – Бул эшектерге эмне керек экен өзү?

- Оле Андерсонду өлтүргөнү келишиптир, - деди Жорж. – Ал бул жерге тамактанганы келгенде атмакчы болушкан.

- Оле Андерсон?

- Ии.

Ашпозчу баш бармагы менен оозунун чекесин сыйпалады.

- Кетиштиби булар?

- Ии, - деди Жорж. – Азыр чыгып кетишти.

- Кереги жок мага мындайдын, - деди ашпозчу. – Жакпайт мага мындай нерсе.

- Ник, - Жорж Никке карады. – Оле Андерсондон кабар алып келсеңчи?

- Жарайт.

- Бул ишке башыңарды тыкпай эле койбодуңар, - деди ашпозчу Сэм. – Өлө албай жатып өлөң айтат болуп. Тынч эле тиричилик кылсаңарчы.

- Аягың тартпай жатса, барбай эле кой, - деди Жорж.

- Өз ажалыңарды өзүңөр издебей, шүк олтурсаңарчы, - деди Сэм өзүнчө кейип-кепчип. – Жөн жүрө албайт экенсиңер да.

- Кой, мен ага барып келейин, - деди Ник Жоржко карап. – Кайда жашайт ал?

- Эми силер жаштар, чычымдар өзүңөр билип, өзүңөр чечип калыпсыңар да, - ашпозчу дагы сүйлөнүп тескери бурулду.

- Ал тиги Хирштин батирге берген үйүндө турат, - деди Жорж.

- Кеттим анда.

Сыртта көчөгө илинген чырак дарактын жылаңач бутактарын жарытып турат. Ник травмайдын рельсасын бойлой басып, чырак илинген кийинки бурулушка дейре басып барды да, караңгы тар көчөгө кирип кетти. Көчө менен үч үй жогору өтүп, Хирштин батирге берилчү үйүн тапты. Эки тепкич өйдө көтөрүлүп, коңгуроону басты. Сырткы дарбазага бир аял чыгып келди.

- Оле Андерсон бар болду бекен?

- Сиз ага келдиңизби?

- Ии.

Ник аялды ээрчип тепкич менен жогору чыгып, корридордун аягына чейин басып келди. Аял эшикти тыкылдатты.

- Ким?

- Андерсон мырза, сизге бирөө келиптир, - деди аял.

- Бул мен – Ник Адамс.

- Балакет болсоң да кир бери.

Ник эшикти ачып, бөлмөгө кирип барды. Оле Андерсон керебетте кийимчен жатыптыр. Оор салмактагы мушкер чакан керебетке батпай калыптыр. Башына эки жаздыкты жазданып, дубалды карап жаткан мушкер Ник кирип келгенде, аны бурулуп тиктеген да жок.

- Эмне болду? – деп күңк этти.

- Кыскасы, иш чатак, байке, - деди Ник энтигип. – Сен барып тамактанган жерге эки чоочун киши кирип келди да, бизди жипке таңып, сени өлтүрмөк болушту.

Бул ага аябай кызыктай угулду. Оле Андерсон үндөгөн жок.

- Бизди ашканага алып кирип тыгып салышты, - Ник энтиге кебин улады. – Сени кечки тамакка келгенде атмак болушуп, акмалап турушту анан.

Оле Андерсон дубалды тиктеген калыбында үндөгөн жок.

- Жорж анан  Андерсон курганга бул кабарды тез жеткир деди.

- Мунун эми эч кандай айласы жок, иним, - деди Оле Андерсон.

- Кебете-кешпирин айтып берейинби алардын?

- Кебете-кешпири жерге кирсин, айтпай эле кой, - деди Оле Андерсон дубалды тиктеген калыбында. – Кабарлап койгонуңа ыракмат, иним.

- Эчтеке эмес.

Ник керебетте жаткан дөөдөй адамга карады.

- Полиция чакырайын болбосо?

- Ой, жок, иним, - деди Андерсон. – Мындан эч пайда жок.

- Бир нерсе болсо кызматтабыз, байке.

- Жок. Ыракмат, иним.

- Бул жөн гана тамаша эмеспи?

- Тамаша айткыдай сен мага теңтуш белең.

Оле Андерсон дубал жакка оодарылып жата кетти.

- Бир гана нерсе, - деди ал дубалды караган калыбында, - Эшикке бир чыгып келсем жакшы эле. Эртеден бери камалып жатам.

- Бул шаарчадан чыгып кетсеңчи батыраак?

- Жок, - деди ал дубалдан көзүн албай. – Качкында жүрүп тажап бүттүм. Эми эч айласы жок мунун.

- Мунун эптеп бир айласын тапса болор?

- Жок. Катуу жаңылган экем көрсө, - деди ал өкүнгөн түрдө. – Эми эчтеке кыла албайсың. Качан эрким жеткенде сыртка чыгам.

- Мен  барып Жорждон кабар алайын, - деди Ник кетүүгө камынып.

- Жакшы бар, иним, - деди Оле Андерсон. Кетип бараткан Никти бурулуп караган да жок. – Ыракмат келгениңе.

Ник кыңырыла чыгып жөнөдү. Эшик тушка жеткенде, артка бурулуп Оле Андерсонго кайрылды:

- Эй, байке, болбосо жөн жатпай бир жакка качып кетсеңчи?

- Бар, бар, иничек… Жөнө, – деди дөөдөй мушкер керебетте кийимчен, дубалды караган бойдон жаткан калыбынан жазбай. Ник бөлмөдөн чыгып кетти.

- Эртеден бери үйдө камалып жатат, - деди кожойке аял Ник сыртка чыкканда. – Бир аз сыркоолоп жатат ко байкуш. Мен ага айттым: күздүн күнү жакшынакай тийип турат. Жок дегенге сыртка бир чыгып, басып келсеңчи. Бул айтканыма көнбөдү.

- Анын сыртка чыккысы жок.

- Сыркоолоп жаткандай байкуш, – деди кожойке аял. – Аябай жакшы адам бечара. Билесиңби, бул убагында рингде мушташып жүргөн.

- Билем.

- Мындай адам экенин көзмө-көз сүйлөшпөсөң билмек эмессиң, - деди аял. Алар сырткы дарбазанын түбүндө сүйлөшүп турушту. – Адамгерчиликтүү, эркекче жүргөн жигит.

- Макул анда. Жакшы калыңыз, Хирш айым.

- Мен ал эмесмин, - деди аял. – Бул анын жери. Мен болгону бул жерди карап жашайм. Менин атым – Белл.

- Ой, кечиресиз анда. Жакшы калыңыз, Белл айым.

- Жакшы барыңыз.

Ник караңгы тар көчө менен чырак илинген жерге чейин басып келди, андан соң рельсаны бойлой жүрүп иштеген жерине кайтып келди. Жорж ичкериде текченин артында туруптур.

- Жолуктуңбу ага? – Ник кирип келер замат Жорж ага суроо узатты.

- Ооба, - деди Ник. – Бөлмөсүндө экен. Эч жакка чыккысы жок.

Ашпозчу Никтин үнүн угуп тамак берилчү терезени ачып жиберип, аларга карады да:

- Кыскасы, мен эчтекени уккан жокмун, - деди да эшикти тарс жаап алды.

- Айттыңбы ага иштин чоо-жайын? – Жорж сурады.

- Албетте. Бирок ал бул тууралуу кабардар экен.

- Айтсаң эмне дейт?

- Эчтеке.

- Сени өлтүргөнү келишиптир дебейт белең?

- Об-боо, айттым. Кантип айтпай коймокмун.

- Чикагодо жөн жүрбөй бир балээге илээшкен бул.

- Ошондой го.

- Тиричилигиң көтүңдө калгыр.

- Түбүң түшкүрдүкү, - Ник улутунду.

Экөө бир саамга дейре үн-сөзсүз олтурушту. Анан Жорж сүлгүнү алып, текчени сүртүп кирди.

- Мынчалык эмне иш кылды экен бул? – деди Ник таң калганы дале басылбай.

- Бирөөгө касам ичкен да. Булардын мыйзамы боюнча эгерде сөзүнө турбаса анда башы кесилет.

- Эртең кетип жоголом бул шаарчадан, - деди Ник бир маалда.

- Ырас кыласың, - деди Жорж бир аз какшык менен. - Кетсең кет, эрке.

- Анын бөлмөдө камалып, өз ажалын күтүп, байкуштай болуп жаткан элеси такыр көз алдымдан кетпей жатат. Кудай сакта, кандай коркунучтуу, кандай аянычтуу.

- Түзүк, - деди Жорж. – Муну эстебей койсоң эле, көзүңө эчтеке элестебейт.

1927-жыл.

Англис тилинен которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз