Токтосун Самудинов: «Чаң баспасын сѳздѳрдү» X

  • 09.02.2021
  • 4102

МАДЫГАН

Айтылса да илгертен,
Бир сѳз билдим жаңыдан.
Жомоктордо кездешчү
Жалгыз кѳз дѳѳ – МАДЫГАН.

Сыңар кѳзү түндѳсү
Кадимки эле – шам чырак.
Чет элдердин тилинде
Циклоп деп айтылат.

ШЫРАЛГА

Салбырындан алыскы
Алар кайтып келишчү.
Олжосунан элине
ШЫРАЛГА деп бѳлүшчү.

Кыштын сары түнүндѳ
Үйү толот мергендин.
Баяндалат бир баштан
Аңчылыкта кѳргѳн күн.

ЖЕРМАЙ

Кѳп учурда унутуп,
Колдонбойбуз эскини.
Кен издеген агайым
Кемчиликти сездиби?
Жазып жүрѳт ЖЕРМАЙ деп,
Жалпысынан нефтини.

Биз жашаган бул дүйнѳ
Туш тарабы шай экен.
Жети катар жер алды –
Түркүн кенге бай экен.
Нефти деген, чынында
Жерден чыккан май экен.

ДАНКАНА

Бышыкчылык келгенде
Бѳксѳрбѳсѳ ДАНКАНА.
Анда, Баба-дыйкандан
Алыс кетер сарсанаа.

ѲТѲГѲН

Кѳчүп жүргѳн зоопарктан
Аюу кѳрүп кечээ мен,
Ошо замат эстедим
Экинчи атын – ѲТѲГѲН.

Жалкы маани, эки сѳз
Дагы бир ой салды эске:
Ѳтѳгѳндүн баласы…
Мамалак да, албетте.

НАНУШТА

Колот чѳбүн сагынып,
Короолордон – мал чыгат.
Сенин дагы эртелеп,
Мектебиңе барчу убак.
Ошондо иччү тамагың –
НАНУШТА деп айтылат.

КАЛКАГАР

Бекер эмес бул тоонун
Аталганы – КАЛКАГАР.
Бийик жарлуу четинен
Үркүп ѳсѳт арчалар.
Мал туягы тайыса,
Этегинен жай табар.

ДАРГАТ

Жер кеберсип баратат,
Ачкылачы ДАРГАТТЫ! –
Деп, ѳтүнүп мураб чал,
Колго ачкычын карматты.
Кетти аралап мѳлтүр суу
Аштык эгин, чарбакты.

КҮПҮР

Жамандаса жанын жеп
Кѳзү жокто бирѳѳнү,
КҮПҮР сѳздүү болорун
Таанып, билип жүрѳлү.

КУНУК

Буюм кѳрүп, билалбай
Бирок, жакшы-жаманын
Жанымдагы агама
Жагабы деп карадым.
- Кѳркѳм эмес, КУНУК деп, -
Чытып койду кабагын.

Базарга же дүкѳнгѳ
Пулдаймын деп барарда
Эрежеге айланган
Бир ой турсун санааңда:
Калдаңдасаң, шашылсаң,
Кабыласың жаманга.
Кеңеш сура андыктан
Кымбат буюм аларда.

ТАТЫМАЛ

Кайнап бышкан тамактын
Кайра даамын ашырар
Калемпирлүү, мурчтуу
Кандай сонун ТАТЫМАЛ!

Жашылчадан артындык
Жашыл тѳргѳ баратып.
Борщ, мастава жасасак,
Баары ичишти талашып.

ШАП

Таятамдын кебинен
Тарых менен кезиктим:
Ал бир жолу бычакты –
ШАП дегенин эшиттим.

Шаптын кандай экени
Чыкпай койду оюман.
Кѳрдүм аны бир күнү
Касапчынын колунан.

КЫЛОО

Шаптын мизи тууралуу
Берип калсам суроо кеп
Түшүндүрдү: Мокогун
Айтып жүргүн КЫЛОО, - деп.

ДАСМИЯ

Жүрүштү ойлоп алыска,
Делебебиз козголду.
Башта жалкоо балдар да,
Эмгек менен дос болду.
Арбын тартып акчабыз,
ДАСМИЯБЫЗ топтолду.

АРТУУ, АШУУ, БЕЛ, БЕЛЕС

Кѳк-Арт, Кыз-Арт дегенди
Чалган чыгар кулагың.
Балким, аны кээ бириң
Чоң атаңан сурадың.

АРТУУ деген, АРТ деген,
АШУУ деген, БЕЛ деген…
Жалкы маани түшүнүк
БЕЛЕС-БЕЛЕС жер деген.
Далай эл бар дегеле
Даван ашып кѳрбѳгѳн.

Байланыптыр тоолорго
Биздин жашоо-шартыбыз.
Кѳчпѳй, конбой жүрбѳптүр
Ак калпактуу калкыбыз.

Ала-Белден, Долондон,
Тѳѳ-Ашуудан, Ѳтмѳктѳн…
Алай-дүлѳй бороонго
Миң сан ирет кездешкен.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз