АҢГЕМЕ
«Мөндүрбай карыя Касен кошунасын ичинде канчалык жектесе да анын мотурайган балдарын абдан жакшы көрө турган. Буга Касен өзү да аң-таң калучу.
- Мени го «бакан ооз» деп жактырбайсың,— деп абышканын бетине да айтчу ал. — А балдарымды үзүлүп-түшүп жакшы көрөсүң. Мени согумдун этине кээде чакырсаң, кээде чакырбайсың, а балдарымды эркелеткенден, момо берип сыйлагандан айныбайсың, талбайсың. Мунун сыры эмнеде?
- Анын сырыбы?!—деп кекете жооп берчү Мөндүрбай ырсалактаган Касенге. — Сен азыркынын куулук-шумдугу менен ууланып калган немесиң. Сага сый жарашпайт — жаза жарашат. Эл атынан адилет жаза... А бала деген бала. Анын дүйнөсү азыр таза, наристе, Куулук-шумдук менен иши жок. Бала ошонусу менен кымбат.
Касен сөзгө жыгылып атса деле ажыкыстана берет.
- Кызык, менден балдарымдын эмне айырмасы бар? Атасы мен. Демек, алардын эти да, сөөгү да мен. Бизди канчалык бөлсөң да, балдар баары бир атасын тартпай койбойт.
- Жок, жаңылышасың!— деп тарс жарылат абышка. — Эти, сөөгү сеники болсо ле сени тарта бермек беле? Болбогон сөз... Эти сөөгү сеники болсо болсун, бирок ниети сеники болбосун!
Касен сөз жүйөөсүн ошондо гана түшүнөт да томсоро калат.
- Кары кишилер кыйды болот деген чын белем, а?—дейт сөз таба албай.
- Сен кыйдылыкты карылардан издебе, өз башыңдан, ал аз келсе өзүң этегин көтөрүп жүргөн «байкелериңдин» арасынан изде.
- Ошондойбу?!
- Ошондой.
- Сөзүң өтө ле ачуу экен, кошуна.
- Сөз ачуу эмес, чындык ачуу.
Касен сөз таба албай кайпактай түшөт да кара күчкө күлүп калат. Күлкүсү жасалма. Карыя соңку сөзүндө муну да эскерте кетет...
Ошону менен бир чети чындай, бир чети тамашадай көрүнгөн бу сөз да токтойт.
Касен кылтыйып үйүнө кетет.
Мөндүрбай карыя эшигинин алдында же короосунда кала берет. Бу маекке кошунасы таарындыбы же жокпу, таназар албайт. Оюнда, ага кошунасынын таарынганы жакшы. Себеби, ал жаш, оңолот, кемчилигин жоёт.
Жер өз огунда тынымсыз айланган сыңары эки кошуна да мурдагыдай эле кудайдын куттуу күнү жолугат, жогорудагыдай эле маек дагы болот, өз кемчилигине Касен дагы чычалайт, бирок бышы кулак болуп бүткөн неме карыянын сынынан эч маани чыгарбайт, ошо таризде турмуш да андан ары улана берет, өтө берет...».
Мөндүрбай ушуларды эстеп, кошунасына ичинен капа болул, саңсаң жакалуу күпүйгөн ичигин кымтыланып, төбөсү кара баркыт түлкү тебетейин көзүнө баса кийип, короонун ортосуна ташталган бир боо бедени тыталап жебаткан жоон топ эчкини ойлуу карап турду.
Сур теке он бир кар басып калганына карабастан дале айбаттуу. Какчаңдап, башка эчкилерди жанына жолотпой, бүрү калың чоң тутам бедени өзү жалгыз ээлеп алган. Башка эчкилер жерден баш көтөрбөй кепшеп атса, Сур теке калың бүрдөн чоң бурдап алат да, мүйүздөрү кылычтай аркайган башын кержейтип өөдө көтөрүп, «тегерегимдегилер кантип атат болду экен?» дегендей айланасын кыдырата карап, «бу жерде жалгыз гана менмин!» деген кыязда, шыйрактарын талтайта эркине коюп, калжайып турат. Жумшак бедени кырт-кырт кепшеген сайын узун сакалы бир калыпта сербеңдейт. Нары жакта да бир бүрү калың чоң тутам бедени өзү жалгыз ээлеп алган, төртүнчү карга шыйрагы жаңы тийген кара Кашка текеден көз албайт.
Сур текенин көз кычыктары шоролонуп, жылдагыдан быйыл жүдөңкү. Ат-Башынын таш каарыган суугун мурда чымын чаккандай да көрбөгөн Сур теке быйыл үшүкчөөл. Канчалык барандуу болсо да үстү-башы жукарып калган бозгундан бетер күңүрт тийген күн нурунан жылуулук издейт. Кичине ле сыркаар боло калса аркалары, сандары чымырап, суукка алдыра баштайт. Ошондон улам ал нары жаш, нары күч-кубатына толо баштаган, жүнү жылтыр Кашка текени жектегендей, ич тарлык менен карайт. «Балтыр эти тололек» кезинде сүздүрүп койгон тиги да Сур текеге анча жолой бербейт. Өзүнчө. Бирок ал да Сур текенин алдан тайып баратканын, өзүнүн кемелине келе баштаганын сезген сайын күндөн-күнгө батыл тартып, короо ичинде элкин басат.
Өткөн эле күздө Сур теке бир короо эчкинин эркеси эле. Күүсү келген кезинде үйүрдөгү суу табарсык эчкилерден тартып сугалак чебичтерге чейин куучу. Алар ай айланбай эле Сур теке жыттанып чыга келе турган. Ошентсе да анын күүсү те кеч күздө барып араң жанчу.
А быйыл күз такыр башкача болду. Сур теке үч жүз элүүдөй эчкини зорго бир айланганга араң жарады. Ошо бир айлануу менен элдир-селдир араң эле жаны калгансып ыргала басып, демейдеги чапчаң денеси тегирмендин ташындай оор тартып, жаңы чебичтерге апсиси канчалык агытылып турса да анысы курулай жандалбаска айланып чыга келди. Сокур сезим кыйнаган эчкилер Сур текенин тегерегинен акырындап сээлдей баштады.
Сур теке кайрадан кубат да ала албады, ошондой эле Кашка текени да эч бир эчкиге жолотподу. Аркайган сүрдүү мүйүзүн өйдө- төмөн чулгуп коюп, кайтарганы ошо болду. Карылык деген карылык. Чилденин түшүшү менен Сур текенин шаабайы ого бетер оой баштагандай болду. Канчалык жем-чөп жесе да жумуруна жук болбой, опкок тартып, андан да шыйрактары сыздап оорума адат жабышты. Бирок Сур теке жети жылдан бери башына конуп келген үйүр башылык улуктугунан тайбады. Короодогу бүт эчкилерди чарк айландырып, ийирип, Кашка текени аркайган мүйүзү менен каршы алып, кагыша кеткен жерден тигинин мээсин кеңгирете сүзүп, жеке бийлигин уланта берди.
Ошо күндөрү маңдайында бармак басым кашкасы бар, биринчи карга буту эми гана тийген, тыпыйган күрөң чебичти тооруп жүрдү. Адегенде чебич Сур текеден чоң үмүт кылып, жакшы ле айланчыктады. Бирок картаң теке канчалык өңгөч тартпасын, татына чебичти канчалык жандабасын, жаш денеден канчалык жыт албасын, эч тыянак чыккан жок. Картаң теке өзүн аябай кыйнап, а күрөң чебич андан бетер убара болуп, биротоло түңүлүп болгон кезинде, бир нерседен шек алган сугалак чебич ач көздүк кылып Кашка текеге кача баштады. Сур теке менен Кашка текенин чыныгы беттешуусу ошондо болду. Сур теке күрөң чебич жанына барып калган Кашка текени туурадан качырып сала берди. Кылычтай кайкайган кабелтең мүйүздөрү аба тилип, мүйүз учунан шуулдаган шоош чыгып, мүйүзүн тосуп комдонуп калган Кашка текеге эки кадамдай калганда асманга так түйүлө берип, күү менен карс сүздү. Кашка теке тоголонуп-жумаланып кетти. Жок. Жаткан жеринде сулап калбады.
Тура калып, мүйүзүн төмөн ыгып, коргонуп, кетенчиктей берди. Сур теке да кетенчиктей, аралык күүлөнүп барып сүзгүдөй болгон кезде, кайрадан качырып сала берди. Эми мүйүздөрдүн кагышканы алигиден да катуу карс этти. Бирде качырып келип, бирде экөө тең арткы шыйрагы менен кош аяктап тура калып, карс-карс сүзүштү. Мурда мындай кагылыштын далайын өткөргөн Сур теке жетинчи сүзүштө гана Кашка текенин эсин эңгирете какты. Кашка теке эстен тана, алдыңкы шыйрактары бүгүлө түшүп, аркайган мүйүздүү башы оң жагына бурулса, оң жагына кыйралаңдап, сол жагына бурулса сол жагына кыйралаңдап, чегинип баратты...
Сур текенин бул жеңиши айыгышкан кийинки салгылаштардын башталышы гана эле.
Эртеси экинчи беттешүү болду. Мында да Сур теке жеңиш тойлоп, эчкилерди чарк айланып жүрдү. Өзү карылыкка баш койсо да жаш бойдон калган көкүрөгү «мобу сары чебичти жанда!» жо «алиги эле кашка чебич оң, ошону...» деп, жар салып турду. Сур теке кубатка толгон жаш кездегисиндей өзүн бар сезип, көзүнө алыстан чалдыккан чебичтерди беттеди. Бирок сөөктүү, күлтүлдөгөн зор Сур теке бир эсе сугалак, бир эсе ач көз чебичтерге канчалык өңгөч тартпасын, ал аракети курулай эле убара болуу менен аяктап жатты. Ал чыныгы мылтык эмес, оюнчук мылтык көтөрүп жүргөн мергенчиге окшоду...
- Ата, башкарма чакырып атат,— деген үн чыкты короонун оозунан.
Сур текени карап туруп, терең ойго чөмүлүп кеткен Мөндүрбай чакырыкка эч суроо салбастан эле бери басты. Сураганда эмне? Белгилүү да. Бир жакка жумшаган атса керек.
Мөндүрбай келгенде башкарманын кабагы бүркөө болучу.
- Э-аксакал, иш учурунда кайда жүрөсүз, жарыктык?! — Башкарма «аксакал» деген сөздү кошуп сүйлөсө да үнү опузалуу чыкты. — Ары-бери карап эле, керек учурда таппай калабыз. Иш деген иш...
Мөндүрбай: «короодогу малга чөп чачып коёюн дедим эле» деп жооп кайырган болду.
- Тээ жогорку сарайларга чап. «Бүгүн кечинде жыйналыш болот» деп кабар айтыңыз! — Башкарманын «айтыңыз» деген кичи пейил сөзү да кыйла орой чыкты.
Мөндүрбай абышка тору атын моюнга бир чаап, кыңк этпей жолго түштү. Алиги жеме буйрукту да «иш тартиби» деген жооткотууга жазгырып, өзүн-өзү сооротуп тим болду.
Бу жердин тоолуу шартында башкарманын өз чабарманы болот. Колхоздун бөлүмдөрү тоо арасында, бири-биринен алыс болгондуктан, машина каттоого жол али салынбагандыктан жана ал бөлүмдөрдү чарба борбору менен байланыштырган телефон зымы али тартылбагандыктан чоңдордун буйругун бөлүмдөргө чабарман жеткирет. Чабармандын өзүнө тиешелүү эмгек күнү — айлыгы болот.
Мөндүрбайдын бүт өмүрү өзүнүн туулуп өскөн айлынын кайгы- кубанычына жуурулушуп кеткен. Өзгөрүштүн жылында он бир жашар өспүрүм болучу. Кеңеш өкмөтү орногондон кийин айылдын комсомол ачейкесинде, биргелешүү башталганда артелде уюштуруу иштерин башкарган. Согуш башталганда биринчи болуп ыйык майданга аттанган. Сталинграддын ирегесинде катуу жараланып, Ата мекен айкашынын экинчи даражадагы жарым жаны катары кайтып келген жана беш жылдай өз айлында башкарма болуп турган. Кийин бир аз жыл айылдык советте иштеген. Чабарман болгуча топозчу болуп келген... Карачы, «иш» деп, кара жанын карч уруп жүрүп, кантип карып калганын да байкабай калган. Ал кечөө ле жаш болгондой. Азыр деле өзүн жаш сезгендей. Карылык деген сөз ага бир топ эле жат угулгандай...
Ошентсе да, чындап эле жашы өтүп кеткенин мойнуна алат. «Тообо, кантип карып калды? Кечээ ле колхоз уюштуруп жүргөн боз улан эмес беле? Кечээ ле автомат асынып, эл четинде, жоо бетинде жүргөн жигит эмес беле? Кана алар? Ал курагы кайда калды?». Бүгүн абайласа, өткөн өмүрү деле текке кетпегендей, береги өркөнү өскөн чарбанын дал ушундай чарба болушуна Мөндүрбай да өз үлүшүн кошкондой. Антип айтууга бир себеп: колхоз адеп уюшулган күндөн тартып Мөндүрбайдын ак мээнет кылып келгенин көргөн-билген айылдаштары турат, алар күбө. Ак эмгеги үчүн алган урмат-сыйы турат, алар күбө... Мындай караса Мөндүрбайдын өмүрү деле элдикине окшош, ал да эл катары ле туруп аткандай. Бирок ойлой-ойлой келип, адамдардан айырмачылыктарды табат. Ошо айырмачылыкка нааразы. Ал нааразылыгын ортого деле салбайт, бирок ошонун тегерегинде баш катыра берет, кейий берет...
Оноу башкарма мансабына катуу манчыркаган неме болуп чыкты. Тегерегиндегилерди теңсинбей, опурулуп-жапырылып, иши түшкөк немени ого бетер көз каранды, күнкор кылып, тоң моюн. Эки сөзүнүн бири: «Өзүм билем!». Ага жараматтана сүйлөгөн, бирөөлөрдүн үстүнөн сөз ташыган, бир колуна ыстаканын, бир колуна ысылыгын кармаган кошоматчылар гана жагат. Демекчи, береги ле Касен кошунаны алалы. Ал ушу кезге чейин бир иштин башын кармап, чеке жылытарлык эмгек кыла элек. Жалкоолугу башынан ашат. Ошого карабай, эс-дарты — чоңдорго жакшы көрүнүш. Сүйлөсө ле мурдагы башкармаларды жамандап, эмки башкарманы жерге-сууга тийгизбей мактап кирет. Жыйналыштарда сөз тийсе ле чарбада жаралган ийгиликтердин баарын башкармага ыйгарып, ушундай ийгиликтерге жетүүгө чоң өбөлгө түзгөн, аталык кам көргөн башкарманын «өзүнө» чоң ыраазылыгын билдире кетет.
Жеке ал эмес, бу жердегилердин бир даары ушундай. Айрымдары башкарманын көзүнчө бирди сүйлөп, көзү жокто башканы сүйлөйт. А кокус, бу башкарма эртең түшүп кала турган болсо, уялбай-этпей эле аны күлгө-сүлгө чапкылап, көөлөп, каралап, тегиз жамандап, жаңы башкарманын сөзүн сүйлөп, анын туусун бийик көтөрүп чыга келишет. Ошентип, бу окуя жетекчи жакшырып, айылдагы айрым бир адамдардын ниети, пейили оңолмоюн кайталана берет...
Ар дайым ак нерсени, адал нерсени жакшы көргөн, демейде чындыктан тайбаган Мөндүрбай ичинде башкарманы да, кошоматчыларды да жек көрүүчү. Бирок анысын ачык айта алчу эмес. Бетке чыкса, өзүнө оң болбой каларын жетик түшүнчү. Эптеп эрмелеп турган ишинен бошоп калгандан чочулачу. Бошоп калса, жарым жаны кара жумушка жарабасын да жакшы билүүчү. Кээде, жаны ачып кеткенде бардык былыктын бетин ачып, башы оогон жакка баса бергиси келчү. Бирок сайып алган багын, салып алган тамын» өскөн эл-жерин кыйбайт. Деги, баса бергенде кайда барат? Бу жарым жандын кимге кереги бар?.. Ушуларды ойлойт да, Мөндүрбай маңдайына жазылган тагдырына кол көтөрүп — багынып, таза абийири көр оокатка, учурдагы кырдаалга тебеленип кала берет.
Кийинки күндөрү согуштун тагы — эски жарааттын айынан табы жок жүргөнү да ырас. «Эски дарт карыганда козголот» деген төгүн эмес белем, бир кезде ок көзөп өткөн сол жамбашы кез-кези сайгылашып, уюп, бутун тарттырбай, эки-үч күн төшөккө жатып калат. Муну, албетте, чоңу: «Э, какбаш чал, иштен жалакайланып» арамза ооруп атасың го?» деген мааниде түшүнөт да, абышка кайра ишке чыккан эле күнү жаш балача кагып-силкип, кабыл алат... Бирок башкарманын бүгүнкү түрү такыр башкача. Ал мурдагы Мөндүрбай төшөккө жатып оңолуп келгендеги же көр тириликтин азабынан иштен алаксый калып, башкарма издетип калгандагы ачууга эч окшобойт. Анын муздак карегинде кандайдыр бир кектүү заар жатат. «Бул эмнеси?—деп ойлоду Мөндүрбай. —Кимдир бирөө үстүмөн жамандап койгондой кейпи бар...».
Чабарман төштөгү сарайларды кыдырып, дубай саламды ар бирине жеткирип кайтты.
Камчынын сабындай кыштын кыска күнү көкала аяздан көзүн ачалбай турган көк жээкке билинбей батып баратты.
Жолдо өзүнүн өткөндөгүсүн кайра эске салды.
Адам өмүрү кызык. Абышканын баамында жаш курак ар дайым орто курак, кары курактан бийик турат. Демекчи, адам өмүрүнүн жакшы учурлары ушу куракта өтөт. Ошондо адамдын бакыт-таалайы да мол кези. Күч-кубатка толгон өткүр адамдын тагдыры ар күнү жеңиш менен аяктайт. Ана, өзүн эле алалы. Жигит курагында улуу өзгөрүштүн шарапаты менен жаңы турмушту жеңип алды. Андан кийин сабаты жоюлду. Учурунда бу да чоң жеңиш эле. Турмуштан өз сүйгөн адамын тапты. А бу жеңиш — эч бир кун жеткис жеңиш болучу. Биргелешүү башталганда ага каршы чыккандар канча? Бирок ал мында да жеңишке жетти. Ал жеңиштин күбөсү — артелге бириккен көпчүлүктүн алгачкы күздө өстүрүп алган бай түшүмү менен белгиленди...
Ошо кездерде Мөндүрбай өз тагдырын өзү тутуп жүргөндөй көрүнчү. Бир артелди башкаргандай эле өз тагдырын да бийлеп жүргөндөй туюлчу.
Адам орто курагында да жеңиштен өксүбөйт. Ошентсе да, ал жаш кездегидей арбын болбойт. Ага деле өзүнүн өмүрү күбө.
Мына эми, ар дайым кандайдыр бир утуш менен келген өмүр карылыкка баш койгондо андан кур жалак кала баштагандай болду. Муну абышка өзүнүн жалгыздыгын сезгендей эле даана сезе баштады.
Баса, ал эмне деген жалгыздык? Ушунча көп адамдын арасында туруп, алар менен күндө аралашып жүрүп, кайдагы жалгыздык? Ат тизгинин тартып кеткен балдары, көшөгөсү көгөрүп турган кыздары, жанында жан курбу байбичеси турат, ушу да жалгыздыкпы? Ээн коктуда калган жалгыз түтүн үй эмес, кудайга шүгүр, эл ичинде турат, кайдагы жалгыздык? Кара, баары ле жайында тургансыйт, анан эмне үчүн эле жалгызсырайт? Деги бу не деген жалгыздык? Аны Мөндүрбай өмүр бою сезип келатабы же бүгүн элеби? Жок, Мөндүрбай өз пикирин тартынбай айткан жаш кезинде, эл баштап жүргөн курч убагында аны сезген эмес. Эр ортонуна келгенде да ал болгон эмес. А эмне үчүн эле ал бүгүн кашкайып сезилет?.. Же карылык деген жалгыздыкпы? Же мококтук — жалгыздыкпы?..
Жаштайынан мал менен чоңойгон, аны асырай алган, күтө алган, малдын азап-тозогун беш колундай жакшы билген, керек болсо анын тилин түшүнгөн кыргыз баласы го. Короосундагы картаң текенин кайгысына да орток болбой коё албады.
Келатып Сур теке жөнүндө кайрадан ойлоду. «Кайран гана Сур теке. Кезегинде бүт чарба эчкилерин алдыңа салып айдап, эл жогору баалаган тыбыттуу асыл тукум бердиң. Азыр сенин тукумуңан таралып алынган мол тыбыт те алыскы шаарларга чейин жетти. Ал тыбыттар азыр кайсы бир сулуу бийкечтердин алтын башында. «Тулпар тушунда» дегендей, кезегинде чарбага орошон пайда бердиң. Эми минтип, саа да карылык келди».
Быйыл Ат-Башыга кар калың түштү. Декабрь ортолобой атып сууктун ырайы да катуу боло баштады. Мындан чочулаган жетекчилер чарбанын эчкилерин кырктан, элүүдөн бөлүп, кенен короосу бар кишилерге «кыш өткүчө» деп, жем-чөбү менен бекитип берген.
Сур текенин милдетин алып, бага турган киши чыкпай койгондо Мондүрбөй алган.
- Э-алжыган кудай урган,— деген Касен ошондо абышканы жемелеп. — Бу карылыкка баш койгон текени алып саа жин тийиппи? Мунуң быйылкы суукту көтөрө алса экен? Өлүп калса шоруң. Асыл тукум мал, анын үстүнө өндүргүч мал өтө кымбат турчу эле.
- Мейли,— деген Мөндүрбай моюн толгоп. — Өлүп калса аны да көрө жатаарбыз. Теке эмеспи, бир кышты көтөрө албай жин тийиппи?! Коёндун териси да бир күн чарыкка чыдаптыр дейт...
- Э, алжыган...
Сур текени Мөндүрбай алгандан бир жумадан кийин башка короодо багылып жаткан Кашка текени да башкарманын буйругу боюнча Мөндүрбайга жеткирип беришкен. Чоңунун мындай «өзүм билемдигине» абышка катуу кейиген: «Эки кочкордун башы бир казанда кайначу эмес эле»... Бирок чоңдун буйругу эки болбогондуктан айласы жок, тим болгон.
* * *
Үчтүн айы ортологондо суук мурдагыдан да аяздуу тартты. Күндүн жаагы карышкан сайын Сур текенин да эти качып, барандуу сөөгү колжоюп, арка сөөгү билинип, басышы, чөп жеши мурдагысына анча коошпой калды. Ага карабай, картаң теке эчкилердин тобунда, чебичтерди жандай басат, чебичтердин арасына жатат, чебичтерди Кашка текеден демейдегидей эле коруйт.
Кашка теке менен Сур теке мурдагыдан да өч тартып кетти. Экөө кези келсе, келбесе деле айыгышкан салгылашка өтөт. Эми Сур теке да, Кашка теке да, экөө бирдей оозунуп кол салат.
Түш ооп калган. Аштоого салынган жара тартма желип бүткөн.
Кашка теке эчкилердин четинде, оң шыйрагы менен тапталган кар чапчып, салгылашка даярдана баштаганын туйгузду. Сур теке эчкилердин башка четинде эле. А да көп кечикпеди. Желе басып Кашка текенин бет маңдайына чыкты. Экөө он кадамдай жерден аркайган мүйүздөрүн чулгуп, бири-бирине сес көрсөтүп, кектүү тиктешип турган соң, качырып сала беришти. «Карс!». Экөө тең бир ирмемге эстен тана калды. Экөөнүн тең алдыңкы шыйрактары бүгүлө түшүп оңолду. Кетенчиктешип, жана сүзүштү. Дагы сүзүштү» Сүзүшкөн сайын өчөгүш, эрегиш күчөдү. Өжөрлүк күчөгөн сайын экөө тең алдан тайды.
Күүлөнүп келип кагышканга чамалары чак болуп калганда турган жерлеринде кош аяктап, мүйүздөрү асманга илине калгансып оңко туруп, анан күү менен төмөн жүткүнүп, мүйүздөр карс-карс кагышты. Акыры экөө тең жеңише албады. Экөөнүн тең башы кеңгиреди. Экөөнүн тең мээси айланкөчөк түштү. Экөөнүн тең көздөрү караңгылады. Акыры экөө тең эрөөлдөн жалтайлады.
— Балам,— деди Мөндүрбай абышка башкармага келип. — Иш чатак. Өгүнү «эки текени чогуу багууга болбойт» дедим эле го?
- Ий, эмне болуп кетти?
- Бири майып болуп калса кантем?..
- Сүзүштүрбөй койбойсуңбу?
- Кантип?
- Кайтарып.
- Ким кайтарат? Же үйдө бала-бакыра болбосо. Жалгыз кары кемпир... Ал теке кайтармак түгүл чай кайнатканга араң жарап калды. Малды тейлөө — жем-чөп салуу, сугаруу — өз мойнумда. А мен аларды кайтарып отура албайм, негизги ишимди өтөйм...
- Өтөй бер. Ошого жараша акы аласың. Короодогу малды да унутпа... Сизди ак жүрөк, адал ниет деп, малды ишенип тапшырдык. Көрүнгөн эле немеге мындай асыл тукум малды ишенип тапшыра бербейт. Кенен корооңуз, жакшы бастырмаңыз бар. Эмне, мал асыраш жаман, а маянасы жакшы бекен? Кайдагы жок нерсени сүйлөйсүз да, жарыктык.
- Баш аягы төрт жүзгө жетпеген эчки экен. Чарбага тыбытынан жылыга пайда келтирет. Күч, каражат аябай эле, эчкилер үчүн атайы бир кашар куруп койсо эмне болмок? Жылыга ушинтип, көрүнгөн короого таратып жүргөндөн көрө ошол оң эмеспи.
- Аны биз да ойлоп атабыз. Кашар курулчу күн да алыс эмес... Э-абышка-айе, оюңа койсо өтө эле тереңдеп кетесиң да-а... — Башкарманын кабагы дал өгүнкүдөй чытыла түштү. Ал бетке айтылган сөздү демейдегидей эле жактыра бербеди. «Ушуну эмне кылып ийсем?!» дегендей арамза карады. — Агер, текелерди көзөмөлдөп тура турган кишиң жок болсо байлап кой.
- Байлап? Мындай жаланган суукта байлап коюу — аларга дарт тилөө менен барабар эмеспи. Экөө тең тукум берчү теке болсо.
- Байлап койсо ле дарт тийсе ал эмне деген теке?!
- Күн жылуу болсо байлап коёр элем. Бирок азыр аяз. Бастырма аларга анча ыктоо деле болбойт. Окус, суук арка сөөгүнөн өтө берсе анын күүсү кийин ойдогудай болбой калышы этимал. Ошондуктан, алар бош, кыймылда болуш керек. Денесике кан жүгүрүш керек.
- Анда бош кой.
- Бош койгондо сүзүшүп атпайбы.
- Эми эмне кыл дейсиң?
- Бир текени башкага бериңиз.
- А-а, ошондой деңиз, баккандан тажап атам деңиз...
Башкарма башын тырмап, ойлонуп калды. Кийин:
- Ойлонуштуруп көрөлү,— деп мыңк этти.
Күндөр өтө берди.
Мөндүрбай абышка башкармага андан кийин да эки-үч курдай текелер жөнүндө эскертти.
- Э-жарыктык, алжып калган окшойсуз! — деп ачуулана кетти ал акыркысында. — Ана, жазга бир эле кадам калды. Кар таяры менен эчкичиге малын өткөрүп бересиңер. Ага чейин, эмне өлүп баратасыңарбы?!
Мөндүрбай мындай сокку сөзгө баш көтөрө албады. Оюнда эчендеген доомат сөздөр бугуп жатса да анысын ачыкка чыгара албады. Өз мүдөөсүн чоңуна билдирүүдөгү мококтугу бу жолу да өз билгенин кылды.
Башкарманын түрүнөн ал өгүнкүдөй эле суук көз карашты туйду.
«Мурда мынчалык ачууланчу эмес эле. Буга эмне болгон?» Мөндүрбайдын жүрөгү муздап баратты.
Жаз жакындаган сайын чабармандын да бүткөн бою шалкы тартып, бир кездеги жараат өзүн кайра эске салып, атка минсе да, минбесе да жамбашы зыркырап, табынан тая баштады. Мурда ле арык, токчойгон неме өңдөн азып кетти. Бирок иштен калбады.
Ошо күндөрү ал башкарманын оозунан «кары кишилер кыйды болчу эле» деген куйту сөздү да эшите калып жүрдү. Адегенде, аны мурда кимден укканын эстей албады...
* * *
Бирдин айы аяктады. Бирок аяздын мизи кайтпады.
Мезгил жазга тарткан сайын Сур теке ыкшоо тартып, денеси салмактанып, басса да, баспаса да көкүрөгү ачышып, арый берди. Эми ал эчкилерден өзүнөн-өзү бөлүнө баштады. Эчкилерди мурдагыдай корубай да калды. Бу жарыкчылыктан көңүлү калган немедей кара көңүл тартты.
Жазга тарткан ушу кезде Кашка теке да кыйла арыктап кетти. Бирок жаш дене суукка моюн бербеди. Суук аны такшалтып, чыңап аткансыды.
Эки текенин ортосундагы эрөөл али бүткөн жок. Эми Кашка теке озунуп кол салат.
Кийинки күндөрү картаң теке жаш текеге алдыра баштагандай болду. Тизе бүгүп, даана жеңилбеген менен ошого жакындап келатты.
Ана, Мөндүрбай бүгүн да карсылдашып сүзүшө кеткен текелерди камчыга алып, ажыратып жүрдү. Экөөнү эки жакка кубалап, короонун ортосуна эки боо беде таштаганча Кашка теке Сур текени жана качырып сала берди. Мөндүрбай камчысын сүйрөп, кайра ортого түштү.
Короонун карама-каршы бурчтарына ташталган эки боонун аралыгы да алыс, эки боого бөлүнгөн эчкилердин да аралыгы алыс. Эки теке эки жакта. Экөө тең бедеден бурдап алып, бирин-бири элтең карап, эки топ эчкинин арасында.
— Ата, башкарма чакырып атат!
Мөндүрбай, карбаластап, шашып калды. «Дагы издетип калган тура, кара баскырдыкы. Деги, жемелебесе экен».
Чабарман тору атын шелп-шелп желдирип, кеңсеге жакындай бергенде ары жактан башкарма чыкты. Анын кара сур тартып ачууланган түрүн көргөндө, абышканын жүрөгү болк эте түштү.
Башкарма ачуулангандан да бир нерсеге аябай шашылган түрү бар. Калдастап, чабарманды көрө сала: «Чап!» деп бир айкырды.
Тигинин ачуу үнү чыкканда Мөндүрбайдын жүрөгү адаттагыдай эле бир зырп этип алды да, шашкалактап, аттын башын кайра тартып, айылды как жарып өткөн жолго түшүп, атына удаа-удаа камчы басты. Эртели-кеч жем жечү тору эти ачынганда үстүндөгү ээсин камгактай да көрбөй, ала качып жөнөдү. Айыл көз ачып жумгуча артта калды. Эми камчы уусуна өчүккөн ат айыл сыртындагы чыйырга түшүп, сызып жөнөдү.
Мөндүрбай айылдан эки-үч чакырымдай узап кеткенде гана бир нерсени сезе койду. «Кайда чаап баратам? Кимге чаап баратам?».
Мөндүрбай абышка үйүнөн мындай бастыра берээри менен эле короодо көндүм жаңжал кайра башталган. Кашка теке чөп жеп, эчкилердин ортосунда турган Сур текени күтүлбөгөн жерден качырып сала берген. Айкаш кайра тутанган.
Сур теке да Кашка текеге ачуулангандай, күржүйгөн мойнуна бүт күчүн жыйган. Ал да бу жолу негедир ийкем тартып, жаш кезиндеги күч-кубатына кайра ээ болгонсуп, Кашка текеге өчүгүп, аркайган мүйүзү менен каршы алган. Бирок анын бу жолку салгылашы чебичтерди коругандан эмес, ырайымсыз кара күчтөн өз кара башын коргоодон, арачалоодон улам келип чыгып жатса, Кашка текенин салгылашы Сур текенин үйүр башылык бийлигин кулатуу, ошонун аркасында бүт эчки аттууну толугу менен ээлеп алуу үчүн жүрүп жатты.
Экөө эчкилердин арасында карсылдаша кеткенден кийин ачык жерге тирешип чыкты. Үч-төрт курдай бир ордунда даң-даң! Сүзүшкөндөн кийин экөө тең чегинип, аралык он кадамдай болгон кезде, бири-бирине жебедей атырылды. Карс! Экөө тең бир ирмемге эс жоготуп, кайра оңолду. Кайра кетенчиктешти. Эми он беш кадамдай жерден качырышты. Ка-арс! Экөө тең үч-төрт ирмемге эс жоготуп, кайра оңолду. Анткен сайын экөөнүн тең кеги кайнап, өчүгүү терилерине сыйбай, эми экөө короонун эки бурчуна — жыйырма кадамдай аралыкка чегинип барып, бетме-бет атырылды. Ка-а-арс!!!
Сур теке сүзүшкөн жерге бүк түштү. Кашка текенин да алдыңкы шыйрактары бүгүлүп, биротоло жыгылып калчудай баштанып, тумшугу тапталган карга тийип-тийбей, тийип-тийбей оңолду. Калтылдап, төрт аяктап, бышкырып, башын чулгуп-чулгуп эсине келген соң көздөрү тунарып, эсин жыйып-жыйбай, очорулган жеринен турууга далалат кылып аткан Сур текени көрдү. Көрө сала артка кетенчиктей берди.
Сур теке эптеп төрт аягына калтаңдап турган кезде анын такыр колтугунун тушу ченге күч менен оор, катуу, ырайымсыз сокку келип тийди. Картаң теке оңко-чоңкосунан түштү. Бирок, бул жолу ал эс-учун жоготкон жок. Төрт аяктап туруп атып, соңку жолу качы- рып келаткан Кашка текени көрдү. Бурулуп, мүйүз созгуча болбой, жаш текенин таштай катуу мүйүзү жамбаш ченге кадалды. Сур теке дагы томолонду. Анан тура калмакчы болду, бирок арткы шыйрагы өзүнө баш ийбей, эпке келбей кайра жыгылып кетти. Турууга кайра далалат кылды. Ошо тапта такыр колтугунун үстү сайгылашып, чыдатпай, катуу ооруп чыкканын сезди. Оозуна ушу кезге чейин татыбаган кермек даам келди. Тумшугунун алдындагы тапталган ак кар кызылала боло баштаганын көрдү...
Мөндүрбай кайрылып канторго келгенде, башкарма өз бөлмөсүндө кимдир бирөө менен телефон аркылуу, «... ич» деген уланды сөздү үстөкө-босток бечара үн менен кайталап, кичи пейли, андан да «ырайым кыл» деген немедей жалбарып атыптыр. Аздан кийин трубканы коюп, кабагы чытылып, шалдайып отуруп калды.
- Балам, мени кайда «чап!» дедиң?
Башкарма кире бериште, жарым жартылай жабылган каалганын жанында камчысын сүйрөп, сабылып турган чабарманын карады. Ачуусу келе түштү.
- Эй алжыган... — деп жиберди ал үстөлдү бир муштап. — Райондон эсеп-кысапты текшерүүчүлөр чыгыптыр. Береги башкы бухалтерди чакырып кел дебедимби!
- Жо, анткен жоксуң, «чап!» дедиң. Мен да, шашып калган жаным, чаап кетипмин...
- Кантип?!—деди башкарма туталанып.— Ой, башкы бухалтерге чап дебедимби?!
Башкарма менен чабарман тиктеше калды. «Чоң» жалтанбай тиктеген көздү көрдү. Анан, өзүнөн кеткенин сезе кыйдыланып, күлө кетти.
- Карылык-ай, карылык,— деди ал кыйладан кийин баш чайкап, кыйды күлкүсүн тыйып. Үстөлүндөгү топчуну басты. Сырттан катчы кирди.
- Башкы бухалтерди чакыртып ийчи,— деди ага башкарма.
Турган жеринде томсоруп туруп калган абышкага кичи пейил кайрылды.
- Мындай келиңиз. Олтуруңуз.
«Жанда жок кичи пейил боло калган неси?». Мөндүрбай башкарманын узун, жазы үстөлүнө «т» тамгасында карама-каршы коюлган үстөлгө кыркалакей коюлган орундуктардын эң четкисине учкай көчүк басты. Жүрөгү бир жамандыкты сезгендей опкоолжуп турду.
Бөлмө ичи сырдуу тунжурай калды.
- Аксакал, биз бала эмеспиз. Ыркырашып-чыркырашпайлы. Ишти башка бирөөгө — жашыраак, тың кишиге өткөрөлү.
«А-а, кабак чытыштын маңызы ушул экен го?» Чабарман шылкыйып, унчукпай калды.
- Ооба, ошентели,— деди башкарма бу абышка айтканына көнүп, сураганын берип аткан немеден бетер, өз сөзүн өзү ырастап. — Антпесек болчудай эмес. Карып калганыңызда сизге да кыйын болгудай. Ооба, макул, ошентели...
Мөндүрбай ойлонуп калды. «Бөрү карысын жектейт деген ушулбу?» Ал башкарманын буйругун орундатпай калган учурун эч эстей албады. «Ишин да аткарып, ачуу тилин да угуп жүргөн жазыгымбы? Бу жерде карылыктын не тиешеси бар?» Мөндүрбайдын иштен бошошун гана күтүп отурган башкармага каршы чыккысы келди. Бирок андан майнап чыкпасын жакшы түшүндү. Үшкүрүп тим болду. Мококтугу жеңип кетти.
- Атаңгөрү-ай, бенсиеге чыгаарыма эки ле ай калды эле,— деди каңырыгы түтөп. Анан өзүнүн мококтугуна ардыга, териге кетти.
Башкарма менен чабармандын жанары дагы урунуша түштү. Бу жолу «чоң» биротоло кемсинген, бирок тайманбай тиктеп турган адамды көрдү. Көрдү да жалтайлай түштү...
Башкармага азга ойлоно калгандан кийин жумшаргандай мамиле чыгарды.
- Эки эле ай... Ну, эчтекеме эмес. Мейли эки айлык эмгек күнүң саа толук жазылсын. Ылайым пенсияга чыгып ал. Бирок бүгүндөн тартып сиздин ордуңузга жашыраак бирөө иштейт. А айлык сизге жазылат. Эки айлыкты ага кайтарып бериш керек. Жарайбы?
Мөндүрбай ак да, көк да деген жок. Жылдызы түшүп, бул адамдан сел көчкөндөй көңүлү калып, ордунан турду.
- Макулдаштыкпы? — деди башкарма адаттан тыш жайдаңдап.
- Макулдаштык! — Абышканын үнү титиреп, ызалуу чыкты.
- Сиз мени туура түшүнүңүз. Бул — сизге боор ооругандан, көп жылдык эмгегиңизди эске алып, сизге жан тарткандан, сизди пенсияга чыгып алсын деп жакшылык кылгандан эки айлыкты сизге жаздырып атабыз. Сизди бул жакшылыктын баркын билет го деп ойлойбуз! Эс алууга татыктуусуз! — Башкарма бөлмөдөн чыгып бараткан Мөндүрбайды далыга таптады...
Мөндүрбайды эч качан узатып чыкпаган башкарма чабармандыктан бошогон абышканы чыга беришке чейин коштоп коюп, башка бөлмөгө култ этип кирип кетти.
«Чу!» деди Мөндүрбай торуну минип. Ат баштанып турган жагына бет алды. Абышка кайда баратканын дале аңдабады. Аны чексиз ызалык бийлеп алган болучу. Ичи күйүп-бышып, кимгедир ачууланып, кимдендир кемсинип, баарынан аша кечип бараткан эле...
Ушу кезге чейин эч кимден жеңилбеген Сур теке аркайган мүйүздүү башы оңго бурулса оңго, солго бурулса солго кыйшалаңдап, ыргайдай ыргалып, эки-үч курдай жер сүзүп жыгылып, кайра туруп, өпкө кагып, мурдунан уюган кан түшүп, калтаңдап, көздөрү тумандап, эси оой берди. Сокмо дубал түбүнө жеткенден кийин, дубалга сүйөндү. Анан ошо бойдон шыйрактары титиреп туруп калды.
Бу маалда Кашка теке короодогу эчкилерди ийиктей ийирип, чарк айланып, өңгөчүнөн күлдүрөгөн текелик дүбүрт чыгып, желип жүрдү.
Сур теке мындан бир аз эле мурун өзү жандап, бирок адал калтырган татына күрөң кашка чебич жаш текени улам барып жыттап, жеке ал эмес, бүт эле эчкилер Кашка текенин бийлигине өткөнүн, баары ле ага көз ээрчитип калганын көрдү. Бирок Сур теке ага эч таңданбады. Себеби, Кашка теке Сур текенин басып өткөн жолун эми араң гана баштап аткан эле...
Тумшугунан кан тыпылдап, кышылдап, шыйрактары калтылдап, көздөрү сүзүлүп зорго турган Сур текени көргөндө Мөндүрбайдын күл төккөнү чыккан кемпири чочуп кетти.
- Айланайы-ын, айланайы-ын! Жеген экен, ээ?! — деди санын чаап.
Короодон бөкчөңдөп чыгып баратып, кошуна Касен кайдадыр шашып баратканын көрдү.
- Э-тапан! Бери биздин короого кире кетчи.
- Ий, эмне болуп кетти? — деди ал бир нерседен шектене, көздөрү кыбыңдап.
- Сур теке...
Касен экөө короого ээрчише киргенде Сур текенин башы алдыңкы эки шыйрагынын ортосуна кире салаңдап, шыйрактары калчылдап, жыгылганы араң турган экен.
Текенин алдындагы кардын кызылаласын көргөндө гана Касен кштин жөн-жайын сезе койду.
- Ушундай болорун мурдатан эле билгем. Зили жүрүп жаш теке жеңмек,— деди Сур текени мыскылдай. — Карыганда калжаңдап, жаштардан жол талашкандан кетесиңби? Жаш теке менен тең ата болгондон кетесиңби? Сен ичээр сууңду ичип, жээриңди жеп, маңдайыңа жазылган тамашаңды көрүп бүткөнсүң. Эмки кезекти жаш текеге бер...
Касен чөнтөктөрүн аңтарып, жалаңдаган курч макисин таап чыкты.
- Эне, бу мал болуудан калыптыр. Адалдап коёлу.
Касен сол колу менен Сур текени кыбыланы баштандыра кармап, оң колу менен «оомийин!» деп бата кылды.
Кемпир чылапчынын Сур текенин мойнуна оңтойлоп кармай берди.
Сур текенин суудай шыркыраган каны агып бүткөндө Касен кан чачыраган колун, макисин карга шашкалактап аачыды да, кетүүгө камынды. «Сур текени үйгө киргизишип коюп кет» деп өтүнгөн байбичеге ал: «Абышкаң келип калар...» деп сөз эмизди. Соңунан, «башкарма чакырткан экен!» — деп компойду. Каадалуу кишидей бу сөздү мактанч эте, баса айтты.
Көп өтпөй Касендин карааны бу короодон өчүп, дубал түбүндө мууздалган Сур теке мекен өчөйгөн кемпир гана калды...
Мөндүрбай айылдан итабар узап кеткенде гана эсине келди. Те этекти көздөй кеткен дейди чыйыр менен эч максатсыз эле бараткакын көрдү. Тизгинди тартып, токтоло калды. Айрылыш жолго келип калыптыр. Анын сол жаккы салаасы кайра айланып айылга алып келет да, экинчиси тоо ташты аралап, бу чарбанын чегинен чыгып, белгисиз жактарга кетет...
Абышка көздөрү кылгырып, тегерегин карады. Кимдир бирөөдөн жылуу сөз уккусу келди...
Бет алдында калкагар тоо жатат, ага кеткен бөксөдө жалгыз аяк жол жатат, артына кылчайса аппак үйлөрү жуушап жаткан митис койдой чачырап айыл жатат, андан ары кең өзөн, дарыя, анын аркы өйүзүндө кайра айыл, бөксө, аскар тоо жатат. Жан курбу жерди көргөндө ичи бук болуп турган абышка өз кайгысын унутуп, шерденип кеткендей болду. «Кагылайын, Ата Журт! Мен Сени менен биргемин!» Бүктөй кармаган камчысын өөдө көтөрө бергенде ле тизгини бош турган ат чабендестин эрки менен бет алдындагы сол жаккы чыйырга түшүп, сызып жөнөдү. Күлүктүн жал-куйругу желге таралып, сапырылып, абада элкин-элкин калкып, ак карлуу ээн талаада көзгө илешпей, жебедей сызып баратты. Ал өзүн ушу маез талаада өтө ле жай бараткандай сезди. Бирок билинбей өткөн өмүр өңдүү бу не деген тездик, не деген ылдамдык эле!?!