Парсы эл жомогу: Бүргө күйүп өлдү, кумурска күйүттө!

  • 11.02.2021
  • 3838

Бүргө менен кумурска дос болуп, чогуу жашай башташты. Бир күнү экөө нан бышырмай болуп, тандыр жагышат. Кумурска камыр жууруп, ачытат, бүргө аны тандырга жабам деп жатып күйүп өлөт. Буга кумурска катуу кайгырып, күйүтүнөн кийимин айрып, мурутун жулат. Муну көргөн бакта отурган көгүчкөн сурайт:

- Кумурска, кумурска, эмнеге кайгырдың?

- Бүргө досум күйүп өлсө кантип күйүттөнбөйм!

Муну укканда көгүчкөн жүндөрүн жулат. Андан дарак сурайт:

- Сага эмне болду?

- Бүргө досу күйүп өлүп, кумурска күйүттө!

Бул жагымсыз жаңылык катуу тийгендиктен бак башында жалбырак аттуу калбайт.

Дарыя үстүнө барик күбүлгөндө дарактан сурайт:

- Дарак, сага эмне болду?

- Бүргө досу күйүп өлүп, кумурска күйүттө! Көгүчкөндө канат-куйрук калбады. Анан кантип кайдыгер калам!

Муну укканда дарыянын суусу ылайланды. Ал агып барган эгин талаасы суроо узатты:

- Дарыям, сага эмне болду?

- Бүргө досу күйүп өлүп, кумурска күйүттө!

Муну уккан көгүчкөндө жүн, даракта барик калбады.

Бул маалымат эгинди кыяртты.

Аны сугарганы келген дыйкан сумсая карап сурады:

- Аштыгым, сага эмне болгон? Эмнеге эрте саргайдың?

- Бүргө досу күйүп өлүп, кумурска күйүттө! Муну уккан көгүчкөндө жүн, даракта барик калбады, дарыя суусу ылайланды. Анан мен кыярбай кантип калайын!

Дыйкандын дароо маанайы түштү, жумушка көңүлү чаппай үйүнө кайтты.

Атасы эгинин сугарбай кайра келе бергенин көргөн кызы сурады:

- Эмне үчүн сиз иштебестен эрте келдиңиз?

- Бүргө досу күйүп өлүп, кумурска күйүттө! Муну уккан көгүчкөндө жүн, даракта барик калбады, дарыя суусу ылайланды, эгиним дароо саргайды. Анан мен кайгырбай кантип калайын, беймарал кантип суу сугарайын! – дегенде кыз бетин тытып ыйлап, короого жүгүрдү.

Кызынын ыйлап чыкканын көргөн энеси сурады:

- Эмне болду сага?

- Бүргө досу күйүп өлүп, кумурска күйүттө! Муну уккан көгүчкөндө жүн, даракта барик калбады, дарыя суусу ылайланып, эгин саргайды. Буга атам катуу кайгырып келди!

Бул жамандыкка катуу чочуган эне нан бышырып жаткан тандырына колун күйгүздү. Сабактан келген уулу муну көрүп сурады:

- Эмне болду, апа?

- Бүргө досу күйүп өлүп, кумурска күйүттө! Муну уккан көгүчкөндө жүн, даракта барик калбады, дарыя суусу ылайланып, эгин саргайды. Атаңа бул катуу тийип, кайгырып келип, эжеңди ыйлатты, мен анан кантип жөн калайын!

Жамандык балага катуу тийди. Ал мектепке кайтып, жолдо ката калем менен өзүн-өзү көзгө сайды. Көзү канжалаган баладан мугалим сурады:

- Эмне болду?

- Бүргө досу күйүп өлүп, кумурска күйүттө! Муну уккан көгүчкөндө жүн, даракта барик калбады, дарыя суусу ылайланып, эгин саргайды. Аларды атам көрүп катуу кайгырып келип, эжемди ыйлатты, апам кайгысы менен колун күйгүздү, мен анан кантип жөн калайын!

Бул жамандыкка мугалимдин да жан дүйнөсү катуу жабыркап, кайгысынан сакал-мурутун калтырбай жулмалап, көчөгө атып чыкты. Аны эшек көрүп суроо узатты:

- Эмне болду дамбылда?

- Бүргө досу күйүп өлүп, кумурска күйүттө! Муну укканда көгүчкөндө жүн, даракта барик калбады, дарыя суусу ылайланып, эгин саргайды. Буга атасы катуу кайгырып келип, кызын ыйлатып бетин тыттырды, андан апасы угуп колун күйгүзсө, окуучум угуп калем менен көзүн чукуду, мен анан кантип жөн калайын! – деп мугалим эшектин кайдыгер калбасына үмүттөдү.

Ойлогондой эле эшек жөн калбады: бийик үнү менен каткырыкты катуу салып, элдин баарын каратып, бир жакшы иш болгонунан адамдарды үмүттөндүрдү.

Демек Асан кайгычылдык менен обу жок боорукерликти койолу. Көрүп турганыңардай; эшек эшек болсо да кайгынын кара көлөкөсүн жайылтпай, күмүш күлкүнү чыгарды. 

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз