АҢГЕМЕ
Сыртта быйылкы кыштын алгачкы кары лепилдеп жаап жатты... Таптаза, тыбыттай жеңил кар. Кыйла кечигип жаап жаткан карды адамдар сагынып калганбы, демейде күрүгүү түшкөн шаардын ыргагы басаңдап, ары-бери ызгып өткөн машинелердин да аягы үзүлгөнсүп, суюлуп калган.
Борбордук аянтта бирин-экин каршы-терши өткөн машине гана көрүнбөсө, карды сагынган адамдардын баары Жаңы жылга карата орнотулган шаардык арчанын тегерегинде улуу-кичүүсү дебей жүрүшөт... Аяз ата менен Аяз кыздын кийимин кийген адамдарга мындай мезгилде талап күч, улам-улам аларды колтуктан алып сүрөткө түшөм деген адамдар да көп. Кеч күздөн бери кар эмес, жамгыр да асмандан сыгылып түшпөдү. Шаардыктарды кара суук, аркы-терки суудай агылган машинелердин түтүнү, кургак, бирок ичтен бурай кармаган жиниккен ачуу шамал шаштысын алып койду...
Кеңсенин терезесинен сыртка абай салып турган Марат Алиев дагы бир жыйырма мүнөттөн кийин өкмөткө, жыйынга жөнөйт. Кээде гана карпа-шарпа мезгилдин бир көз ирмемин кармап, сыртты бир карап албаса, баягы бүтпөгөн жумуш өзүнүн тегирменине салып коюп, буудайды жанчыгандай жанчый берет. Иш чачтан көп, кайсынысы бүтүп, кайсынысы бүтпөйт, чындыгын айтса өзү да түшүнбөй келет... Бирөөсүн бүтсөң экинчиси чыгат, анан үчүнчүсү... Атка минердин бешенеси ушундай. Жан сабап иштесе да, кыл чайнап иштесе да, жактырганынан да жактырбаганы көп. Жаңы жыл өтсө эс алуу алып, Европаны көздөй сызсамбы деп турат. Дагы бир- эки күндөн кийин Жаңы жыл... Ушул ойлордун кыялына батып кеткенби, телефондун шыңгыраганын сезбей да калыптыр. Телефонду алса катчы кызы экен.
– Марат Алиевич, сизге бир кыз кирсем болобу деп жатат, – деди катчы кыз.
– Кыз? – суроолуу үн катты.
– Ага... Зарыл ишим бар эле дейт... – деди катчы кыз ыңгайсыздана.
– Мен азыр... жыйынга барам да... – Үстөлдүн үстүндө турган кагаздарын сумкеге салып жатып: –...жыйынга барат дебейсиңби...
– Айттым, агай. Зарыл эле дейт...
– Зарыл болгондо кандай? Жумуш боюнчабы же жекеби?..
–...жеке маселе...
–...жеке маселе болсо, бейшемби күнү түштөн кийин келсин... – Ал трубканы коё берейин дегенде, катчы кызы кыска сөз айтканга үлгүрүп калды.
–...эртең Ошко учат элем... – дейт... Сиздин айылыңыздан болот экен... – деди катчы кыз. Катчы кыздын шарт эле кескин жооп берип, кызды жолго салганга ушул эле сөзү себеп болгондой сезилди ага.
– Менин айлыман?..
– Кара-Суудан...
Ал дубалдагы саатты карады. Дагы он жети мүнөт бар экен. Аз болсо да бир аз убактысы бар экен. Кыска кабыл алып, андан ары жыйынга жөнөмөк болду.
– Кирсин... убактысы өтө аз деп кой, – деди ал.
– Ага... – катчы кыз трубканы койду.
Ал эшикти акмалап карап турду. Кыз эшикти акырын ачып, кабинетке кирип баратып:
– Саламатсызбы, агай... – деди.
– Саламатчылык... кириңиз... менин убактым өтө тар... Жыйынга барышым керек, – деп ал отургучту көрсөттү.
Кыз келип акырын отурду. Мындай кабинетте биринчи жолу отурганына бир аз тартынып, аны уурдана карап алды. Кыздын колунда сумкеси бар эле, ал аны алып чыкты да, ыңгайсыздана сөз баштады.
– Кечиресиз, агай... мени жаман көрбөңүз... убактыңыздын тардыгын билем... – деди кыз. Кыз өтө ажарлуу, акжуумал, көздөрү жүзүмдүн бир үзүмүндөй капкара. – Кап этпесеңиз... ток этерин эле айтайын...
– Айт, кызым... – кызды кайрадан эле ыңгайсыз абалга калтырбай, ал жыйынга шашканын билдирген жок.
Токтоо үн катты.
– Мен Алчанын кызымын... – деди кыз.
– Алчанын? – Ал ким дегендей кызды суроолуу карады.
– Сиздин классташыңыз... Алчанын кызымын... – деди кыз тартынып.
Ал бу сөздү угары менен качанкы мезгил түрмөгүнүн тереңине түшүп кеткендей болду. Арадан канча жыл өттү. Ага классташ деген сөз да, тээ атам замандын сөзүндөй унутта калып бараткан. Мектепти бүткөнүнө эле кырк жылдай чамалаш болуп калды.
– Мм... – деди ал үн-сөзсүз. Дубалга илинген саатты карап.
– Агай... апамдын аманаты бар эле... – деди кыз. Кыздын «апамдын» деген сөзүн укканда, ал кайрадан тээ өтүп кеткен балалыгынын түпсүз сазында жүргөндөй сезди. Көз алдынан баары көчкүдөй кулап өттү. Эми эстеди... Алчаны... Классташы Алчаны... Кызы кудум эле Алчага куюп койгондой окшош экен. Бу жаш кыздын жүзү ага Алчанын элесин кайра кайтарып бергендей болду. Алча да ушу татына кыздай акжуумалынан келген, көздөрү кудум эле кара алчанын тогологундай, балбыл кара көз эмес беле. Ал өзүнүн унутуп калган балалыгына эми өзү ыңгайсызданып турду. Мезгилди кара, кечээ эле болгондой, бирок ушунун баары эстен чыгып баратканын... Ал ичтен сызып ийди. Кыз сумкесинен кагаз папкени алып чыкты.
– Муну... сизге берип кой деди эле... Эбак берип койсом болмок... бир-эки жолу келсем мени киргизбей коюшту... Апамдын бергенине эки ай болду... кечигип бергениме кап этпеңиз... окуудан колум бошобой... – деди кыз ойлуу.
– Ракмат... кызым... Апаңа аябай окшош экенсиң. Апаң да жаш кезинде кудум эле сендей... сулуу... – деди ал. – Айтмакчы, кандай Алчалар?.. – Ал негедир көптүк түрдө сурады. – Атаңдар... тууган-туушкандар, баары жакшыбы? – деди ал.
– Жакшы... – деди кыз. Бу сөздө кыздын «жакшы» дегени жан жоктой сезилди. Ал кызды менден сүрдөп турат ко деп болжоп койду.
– Кызым, – ал шаша дубалдагы саатты карады. Он эки мүнөттөй убакыт калыптыр, жыйындан кечиксе да болбойт. Анын үстүнө, экинчи маселе боюнча ал өзү сүйлөмөк. – Мен шашып турдум эле... Апаңдын аманатына ракмат... Менден салам айтып кой... Агай Алча деп атыңызды укканда сүйүнүп кетти де... Макулбу?.. – деди да ордунан турду. – Айтмакчы, телефонуңду менин катчы кызыма, Шааркүлгө таштап кой, ээ... – деди.
Кыз да ордунан турду.
– Атың кандай кызым сенин? – деди ал. Эшикти ачып кызга жол берип.
Кыз чыгып баратып, назик унчукту:
– Айчолпон... – деди кыз.
– Атың аябай сонун... өзүңө жарашкан ат экен... – деди да, кызга бир жалт карап алды. Ал кудум эле баягы, жаш кездеги классташы Алчанын жүзүн көрдү кыздан. Жаш кезиндегидей бир аз сүрдүгүп да кетти. Ичинен: «Ушундай да окшош болобу?» – деп койду... – Мен сага телефон чалам... – деди да кыздын колун кыса коштошту...
Ал сыртка чыкканда, быйылкы кыштын алгачкы кары дале лепилдеп, жумшак жаап жатты... Айлана ак тон кийип, ажайып...
* * *
Жыйын кеч бүттү... Төрт саатка созулду. Ал эс-учун билбей чарчады. Жыйындан кийин да шаар көчөсү машинеге батпай тыгын. Баары мындай улуу кардын жашын күткөн эмес эле. Шаардын чекесиндеги үйүнө эки саатка чукул убакытта жетти... Үйгө жетсе эле, башын диванга урмак болду. Өтө чарчады. Бүгүн күндөгүдөн да катуу чарчады. Бу үйдө аялы экөө эле. Балдарынын баары очор-бачар болуп, өз жашоосу, өз үйү менен... Үч кызы үч жакка күйөөгө чыккан. Өздөрү да, неберелери да алыста. Ал аялы даярдап койгон тамакка да жарытарлык көңүлү чаппады. Өз бөлмөсүнө кирип, кыйшая кетти, көзү илине түшкөндө телефону чырылдады. Телефонго жини келип кетти. Так эле ушундай кезде чырылдап калат. Көзү умачтай ачылып, мындай учурда анын жаман адаты бар. Эми таптакыр уктай албайт. Телефонду алып кулагына апкелгенде узун-узун гудоктун гана үнү калды... Ким чалганын да билбейт. Бейтааныш номер. Ал бу телефондун чырылдашын чекеси жактырбай турса да, кайрадан жазылып калган номерге өзү чалды. Телефонду алып: «Алло» – деп үн катайын дегенде эле, ары жактан:
– Братан, я по ошибке... косяк менден, кечирип кой деген копол үн чыкты.
Бу беймаал адашып чалган көпкөлөң жигиттин үнү ансайын жинин козутту. Телефонду таптакыр өчүрүп салды. Дагы кыйшайып көрдү, көзү ирмелбеди. Уктамыш этип көпкө жатты. Аялы жүргөн жактан үн чыкпай калды. Ал жаткан болуу керек. Эртең таңга жуук университетке, сабакка шашат... Ал көпкө түнкү чыракты жандырып алып, бешенесин укалап отурду да, өзүн алаксытмакка Кутзеенин[1] «Осень в Петербурге» деген китебин барактап көрдү. Көзүнө тамгалар илешпей койдубу, же өзүн кыйнап китеп окута албадыбы, барактап-барактап кайра ордуна койду. Түн ортолоп баратты. Кашайып таптакыр андан уйку качты... Түнкү терезенин жанына келди... Кар дале лепилдеп жаап жатты... Бу кар эртең менен келген кызды эсине салды. Ал бирдемкени унутуп, анан таап алгандай сүйүнүп кетти. Ал кыз таптакыр эле жадынан чыгып, көңүлүнөн көтөрүлүп кетиптир. Ага телефон чалам деп да койбоду беле?! Бу кыз чындап эле, апасы Алчага чаптап койгондой окшош экен. Экөөнүн жаштыгы эки мезгилге туура келсе да, экөөнө айрып алгыс окшоштук бар эле. А балким, ушу кыздай Алчаны ошол кезде, тээ балалыгы алыста калган жылдарда кудум эле ушундай кылып куурчактай жасап, боёп койсо ал деле кызындай ажарлуу болор беле?..
Ар бир мезгилдин өз боёгу бар. Алча табият тан бүткөн сулуу кыз эле... Ал кагаз папкеге оролгон «аманатты» ачып, түнкү чырактын алдына алып келгенде эле көзүнө, тээ баягы окуучулук кездеги чакмак дептер, анын бетине жазган өзүнүн кушкат жазылган жазмасы урунду. Ал өзүнүн колун дароо эле тааный койду. Кушкаттагы ийри-буйру жазылган бу сөздөрдү ал жазган эле. Дептер бети бир аз саргара түшкөнү болбосо, кудум азыр жазгандай көрүндү көзүнө... Ал дептер бетине «шариковый» ручке менен жазган ырды окуду. Анда, «шариковой» ручкелер жаңы чыгып, окуучулар баары ушуга өткөн. Ага чейин сыя менен жазышар эле. Сыянын тамчысындай болгон балалыгын бу эски барак эсине салды... Бул ырды Марат жазган, чындыгын айтса, ал ыр ага тие шелүү эмес, Шота Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» деген поэмасынан, ал Алчанын көңүлүн өзүнө бурмакка гана ырдын саптарын көчүрүп, «Нестан» деген жерин, «Алча» деп өзгөрткөн. Бул ырды окуп алып Алчанын тамшанганын айтпа. Ал күнү бүгүнкүдөй эсине түштү... Папкеде «Советский экран», «Корея» деген журнал... ыр жазылган чакмак дептер... жарымдап калган «Кармэн» деген ун упа... «С Новым годом!» деген открытка... анда да анын иретсиз, кунарсыз кол жазмасы... кештеленген...
Бу папкенин ичиндегилер анын жүрөгүн опкоол-жутту... Арадан канча жыл өттү. Бу кагаздар эмес, ошо Алчанын өзүн да ал унутуп бараткан эле... Алчаны карабайсыңбы, кудум эле ал бүгүн бергендей сактап келиптир... баягы баягысындай... Анын көз алдына да балалык кези баягы баягысындай келип жармашты... кайран Алчанын аманаты... ушу кезге чейин сактап келгенин карабайсыңбы?.. Анын көз алдынан балалыктын, тээ 70-жылдардын арасында бир бүктөм кагаздай бүктөлүп калган күндөрү кайкып учту...
...Сыртта дале кар лепилдеп жаап жатты... Ага удаа анын көкүрөгүндө качанкы эскерүүнүн элестери лепилдеп жаап турду...
* * *
Булардын айылы тепкедей айыл. Айылдын эң четинде алардын үйү. Жетимишинчи жыл болсо керек эле, он бир, он экиде беле, айтор, булардын балалыгы ушул мезгилде өттү. Айылдын ортосунда он жылдык мектеп, бу мектепке таңзаардап баары жөнөй баштайт. Беш айылга бир мектеп. Айрыкча, кышында мектепке барыш буларга өлүмгө тете оор, карды шилеп барганың аз келгенсип, жолдон чыккан кабанаак иттердин көрсөткөн азабын айтпа. Көкөйүнө көк таштай тийди. Ит деген ит да. Эч кимге бир үн катпайт да, муну көрсө эле абалап артынан түшөт. Сөлпөйүп арык, башында коён тумак. Пальтосу да узун. Жол катар кар чийип келет. Иттин түрү курусун, тумшугунан шилекей агызып, анын жиптей арык буттарынан тиштеп алсам деп турабы... Маратты көрсө эле иттердин кучунашы кармайт. Деген менен ал да ит жылында төрөлгөн, ит итти көргөндө ушинтип ыркырашып калабы... айтор, бу иттер аны жүдөтмөк болду. Кээде ушу иттерден коркуп сабакка да барбай койгонду адат кылып алган. Кечээ аз жерден тиштеп да коё жаздаган.
Бир жолу ал төрт көз, кыска куйрук итке нанга кошуп ийне да берип көргөн. Ал ойлогон «Бүттү, бу ит өлдү» деген, эртеси бейкапар мектепке баратса, баягы төрт көз өлбөй-житпей эле артынан мурдагыдан да катуу ачуусун жанып, ээрчип алды аны... Аргасыз сумкесине бурдап салып алган нанын итке кармата берип араң дегенде ары жөнөгөн...
Алча да ушул жол менен мектепке барат. Ал ага караганда кыйла чыйрак, эрте туруп, эрте жөнөйт сабакка. Булардын классында Шоно дегени бар, баарынан мурда турат да, мектепке бараткан жалгыз аяк жолдун четине сийдиги менен дайыма «А+М=луйбоф»[2] деп жазып салат. Буну көргөн Алча буту менен карды тээп, жини шакардай кайнайт. Ал эми Мараттын таңкы ширин уйкудан ойгонгусу жок. Анын кудайдын куттуу күнүндө окууга кечигип келгени келген... суутуп койгонсуп эң ширин түштөр буга таңга маал келет. Энеси ойготпосо ширин, түстүү түштөн айрыла албай жата бермеги да бар...
Ошо жылы да кар оор түштү... Кар оор түшкөн жылы ал Алчаны «сүйүп калган». Алча сабакты орто окуйт, тартиптүү, эң башкысы элге окшоп сабакка кечигип келбейт... Алардын үйү булардыкына караганда кыйла ылдый... Алчаны «сүйө» баштагандан бери ал сабактан кечикпей калды, эрте туруп, жолдун айрылышында аны күтүп турат... Андан ары экөө кар шилеп мектепке жөнөшөт. Баягы төрт көз, келте куйрук иттин ырылдагынан да ал чымын чаккандай көрбөй калды. Ал ит андан тажадыбы кийинки кездери ага карап үрбөй да калды...
...Экөөнүн «сүйүүсү» илгери-илгери, кудум эле жомоктогудай илгери башталган. Кайсы класста эле, азыр аны так билбейт. Кычыраган кыш... Лепилдеп кар жаап жаткан. Экөө мектептен келатканда кепти Марат баштады...
– Алча, мен бир кеп айтсам, ага көнөсүңбү? – деди ал.
– Айтсаң биринчи, – деди Алча, анын көздөрүн теше тиктеп. Алчанын балалык кездеги көздөрүн айтпа дүйнөнүн бүт сулуулугу ушул көзгө уюп калгандай сезиле берчү ага. – Айт да... – Алча кеп төркүнүн түшүнө бербей, ал эмне кеп экенин билгиси келди.
– Үч күндөн кийин 23-февраль... Эркектердин майрамы... – Ал оозун кере айтып, өзүн кычыраган эркектердин катарына кошо салгандай, кебин көтөрүңкү айтты. – Биздин майрам...
– Билем сенсиз деле... – кыска айтты Алча.
– Сен мага белек бересиңби? – деди ал.
– Эмнеге берет экем?.. – деди Алча көздөрүн умачтай ачып.
– Мен сага 8-мартта берем... – деди ал. – Аялдардын майрамында... – Ал бу майрамды «Аялдардын майрамы» деп уга берип, кучу кулак болуп калганбы, кандай укса ошондой айтты.
– Алдап койсоңчу, анан... – Алча демите сүйлөдү.
– Алдасам... өлүп кетейин... Честне пионерский... – деди ал шак эле колун чыкыйга такап.
– Честнеби?.. Пионерскийби?.. – Алча күдүктөнө сура-ды.
– Честне!.. – Ал колун чыкыйына кайра такап, шыр жооп берди.
– Мейли анда... – Алча бу сунушка көнө түштү.
Булардын классында окуучулар бири-бирин жылдын эки майрамында куттукташып, белек берише турган. Айрымдар «мен сага, сен мага» деп алдын ала эле ушундай макулдашып алуучу. Бу экөө да ошондой кылмак болду. Былтыр Марат Сапаргүлгө берген. Ага аргасыз берген, Сапаргүл класста эң мыкты окуган окуучу. Оңою менен диктантты башка окуучуларга көчүртчү эмес, бирок Маратка көчүргөнгө уруксат берчү. Ошондон улам Сапаргүлгө белегин берген... Экөө карды кычырата басып келатты...
– Алча, дагы бир нерсе айтсам... ага... ынайсыңбы?– деди ал демите. Алчанын алдына чыга калып.
– Ий-ий... Айта бер... – деди Алча сөзгө куштары артып.
– Чоңойгондо... мени менен сүйлөшөсүңбү? – деди ал. Буларда «сүйлөшөсүңбү», «жүрөсүңбү» деген сөз эки адамдын алакасын түшүндүрөр эле.
– О, куйту десе!.. – деди Алча бут алдындагы карды ныгыра басып. – Алдаганы турасың го... Сүйлөшөм десем... тамашага салсаң ээ... Тапкан экенсиң! – Башын чайкады Алча. – Белек да бербейм... белегиңин да кереги жок... Сапаргүлүң берсин сага!.. – деди Алча жини келип. Алчага бу дүйнөдө күлгөндөн башка эчтеке жарашчу эмес, күлкү ага бетинен чогулуп келип, жүзүндөгү эки чуңкурчага уюп калгандай сезилер эле... Эми момунтип жини келген түрү, кудум эле бирөөнүн чаарын анын жүзүнө чаптап койгондой көрүндү. Бирок жини келсе да, ачылган гүл кандай көрүнсө... ошондой көрүнүп тура берер эле.
– Мен сени жакшы көрөм, жакшы көрбөсөм өлүп кетейин! – Актана айтты ал. – Честне пионерский! – Ал кайрадан колун чыкыйына такады.
– Честне дебей эле кой! Сенин «жакшы көрөм» дегениң уят сөз! Уят сөзгө «честне пионерский» дегениң таптакыр жарашпайт! – деди Алча чекеси тырышып.
– Өлүп кетейин!.. – Ал дагы өзүнүн өмүрүн кыя салчудай, өмүрү менен карганып ийди.
– Өлмөктөн... мага десе... өлүп кет! – деди Алча.
Бу сөздөр Алчанын сөздөрү эмес эле, ал анын апасынын сөзү эле. Алча ошону кайталады.
– Мен сени алам! – деди айласы кеткен ал.
– Алам?.. Сапаргүлдү алып жүрбө? – деди Алча. Көрсө аны жылан чакпай, жылкы теппей жинин козутуп жаткан себеби да Сапаргүл тура.
– Мен Сапаргүлдү атам десе да албайм... Анын бетинде сепкили бар!.. – деп жиберди ал. Тим эле жаны чыгып бараткандай. – Быштак сары...
– Нан урсун де! – Жоошуй калган Алча тараза табагы өз жагына оогондай аны каргантып көрөйүн деди.
– Нан урсун! – Ал шыр эле карганып ийди.
– Өгүнү жаныма отур десем, эмне үчүн макул болбой койдуң?! Сапаргүл быштактын жанынан чыкпай... – Алча бул сөздү Мараттын көзүн теше тиктеп, жолун торой айтты.
– Качан? – деп аңкоолонду ал.
– Өгүнүчү?.. – Оозун чормойтту Алча. – Завуч эже көз жарган күнү...
– Аа... андабы?.. Жөн эле олтургам... Диктант көчүргөмүн... Сен да мага окшоп начар билесиң да...
– Ой, шүмшүк! Билесиң, ээ!.. Диктантта Сапаргүл менен, диктант эместе мени менен...
– Анан эмне?.. Экөөбүз тең окшошуп «эки» алалыбы?.. Сага да көчүргөнгө бердим го? – деди ал актана.
– Экинчи сааттачы? – сөзүнө басым койду Алча. – Анда да отурбай койдуң го...
– Сапаргүлдүн өрүк кагы бар экен... Атасы Оштон алып келиптир...
– Билдим сенин оюңду... Сапаргүл өрүк берсе...аны алып аласың мени алдап... – тырчыя түштү Алча.
– Койчу ошо сарыны... жаман көрөм... урушчаак кыз!.. – Териси жактырбады.
– Сен мени алганда эмне кылам, а?..
– Балалуу болосуң, завуч эжедей балалуу болосуң...
– Кантип?
– Ошентип эле...
– Кандайча?..
– Казанга жапкан нандайча!
– Эгиздиби?..
– Жо-жок! Сегизди!..
– Ай-иий! Ошончо көппү?!
– Атын ким коёбуз?
– Атынбы? Кыз төрөсөм Айчолпон, уул төрөсөм Чолпонбек...
Экөө тунук каткырып күлүштү.
– Сен мага жапон жоолук алып бересиңби?.. Анда? – деди Алча.
Булардын түшүнүгүндө жапон жоолук өтө баалуу эле а кезде. Апасы да: «Алча чоңойсоң мага жапон жоолук алып бересиңби?» – деп эле сурай бере турган. Ошону эстедиби, Алча да бул суроону ага берген.
– Алып берем. Бир башыңа экини! Болобу?..
– Болот!.. – Экөө жарыша күлүп жиберишти.
Ушу саам булардан өткөн бактылуу эч ким жоктой сезилди.
– Пушкиндин ырын жаттадыңбы? – деди Алча.
– А сенчи?
– Жаттадым...
– Мен да... – деди ал.
– Ке, бир сабын мен, бир сабын сен айт, – деди Алча. Экөө Пушкиндин «Кышкы кеч» деген ырын бир саптан айта башташты. Биринчи болуп Алча айтты.
– Буря мглою небо кроет, – деди Алча.
– Вихри снежные крутя, – деди ал.
– То, как зверь, она завоет, – деди Алча.
– То заплачет, как дитя, – деди ал.
– Ура! Жаттаппыз! – деп Алча сумкесин обого ыргытты.
Экөөнүн үйгө жетерге дагы канча бар.
– Ке, – деп сунуш берип калды Алча. – Сен кач, а мен сени кар менен урам. Эгер сага тийсе, мен качам... сен кар менен урасың... Макулбу? – деди Алча. Марат алдыга түшүп балбактап жөнөдү. Агасынан калган узун пальтонун этеги дагы кар чийип жөнөдү...
Артында Алча. Алчанын урган кары Маратка таптакыр тийген жок. Алча суй жыгылды.
– Эми, сен ур, мен качайын, – деди Алча. – Бирок бир аз эс алып алайын... Өпкөм көөп чыкты, – деди Алча. Алча бир аз эс алды да, шаңкылдаган тунук күлкүсү менен улам-улам артка бурулуп чуркап жөнөдү. Алча кыйлага чуркап барды. Бир маалда ал Маратты жалт этип бурулуп караганда, кар келип так эле көзүнө тийди. Көзүнөн от жана түштү. Мараттын коркконунан жүрөгү болк этти. Алчанын көзүнүн тегереги кызарып чыкты. Көзүн колу менен баскан Алча ооруганына чыдабай, үзүк-үзүк ыйлап жиберди. Марат эмне кыларын билбей дендароо болуп туруп калды. Алчаны сооротоюн десе, копол тарс түртүп койду. Улам-улам айткан сөзү:
– Кечирип кой, Алча!
– Акмак десе... – Алча колун көзүнөн албай ыйлап жатты. Марат Алчаны бекем өзүнө карай кысып, катуу кучактады. Алчанын ага алы жетпеди. Марат Алчанын кып кызыл болуп алоолонуп күйүп турган көзүнөн кантип өөп алганын байкабай калды. Ал өмүрүндө биринчи жолу кыз өптү. Алчанын ыйы тык токтоду. Ал Алча менен канча жолу сүйлөшүп, бирге окуп, бирге жүрсө да, ушу кезге дейре анын жытын сезген эмес экен. Ал катуу кучактап Алчаны көзүнөн өпкөндө, анын саамайынан өзгөчө жытты сезди. Бул бир башка жыт эле. Ал жытка анын каңылжаары жарылган. Бул жыт күн, кыш жыттанган... кыздын жыты эле... Ошол кыштын күнү экөө үй-үйүнө унчукпай тараган...
* * *
...Кийин экөө сүйлөшкөндөй кылды... Биринчи болуп белекти Алча берди. Белеги жылтырак кагазга опсуз оролуп, кенеп жип менен төрт жагынан чие байланган. Ичинде эки тыйындык үч чакмак дептер, бир учту кара калем. «Индонезия жомоктору» деген бирин-экин барактары жыртылган китеп, анан «Марат, сени 23-февраль – Советтик Армиянын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сага окууңа ийгилик каалаймын! – деп Алча» деген открыткасы бар (Открытканын сыртында «С Новым годом!» деген жазуусу, Аяз атанын, Аяз кыздын сүрөтү.) Алча бу белегин класстагыларды баарына көрсөтүп, көзүнө сайгандай кылып, шардана тапшырды. Классташ кыздары балдарга белек берди. Бир гана Сапаргүл Мараттын жанынан өтүп, жон куйруктан мыкчый чымчыды да, быштак жүзү түнөрүп: «Сениби, шашпа!» – деп койду. Муну экөөнөн башка эч ким байкабады. Алча да... Көп өтпөй жаз келип, 8-Март да жакындап калды. Аялдардын эл аралык майрамы...
Кезек эми Маратка келди... Бирок Мараттын белеги Алчага кечирээк тийиди. Ошо күнү (7-мартта) ал сабакка келбей калды. «Ий, шүмшүк алдаган экен», – деди Алча, бушайман тартып. Аны: «Сабакка келсе экен» – деп Алча көпкө күттү. Класстын баары бири-бирине белектерин берип бүттү. Бир гана Марат жок. Андан дарек да жок. «Эми мындан кийин Маратка ишенбейм!» – деп Алча карганды. Ошо күнү класстагы кыздардан жалгыз гана Алча белексиз кайтты. Мындайда Сапаргүлгө табылбай эле калат. Ал өзүн жандаган кыздарга (андан диктант көчүргөнгө маш кыздар) «быш-быш» деп бирдемке айтымыш этип, байма-бай Алча тарапка каш кагымыш болгон... Алча түн о бир убакта терезенин тарсылдаганын угуп калды...
Терезени ачса Марат турат. Эмнегедир энтигип алыптыр. Ал озунуп:
– Ме, – деди гезитке оролгон нерсени Алчага кармата берип: – Кутулдумбу? Мен кеттим... – деди ал.
– Кутулдуң. Эртерээк бербейсиңби, – Алча териге сүйлөдү. – Бергениңи кыздар да көрбөй калды...
– Кечирип койчу... Уюбуз тууган эле. Көз салар эч ким жок, үйдө калгамын, – деди да, ал келген жагына чуу койду.
Мараттын белеги да Алчаныкынан өтө бербептир. «Советский экран» деген журнал. Мукабасында Юрий Никулиндин сүрөтү. «Корея» журналы. Бу журналда автоматты көкүрөгүнө бекем кысып, ууртунда жылмаюу турган корей кызынын сүрөтү бар эле. (Мараттын атасы ушу айылдын почточусу, бу журналдарды да ал атасынын куржунунан уурдап алган. Мындай журналды булардын тепкедей айылында кайсы мударис окуйт, аны да билбейт эле.) Тургеневдин сырты көгүш «Муму» деген китеби. Китептин сырткы бетинде «Мумуну» сууга чөктүргөнү алып бараткан дудук Герасимдин сүрөтү. Ал эми ички бетинде, ийрең-буйруң колу менен жазган майрамдык каалоосу. Ал мындай эле: «Урматтуу Алча! Сага кучак жайып келе жаткан 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайм! Сага индиялык таза сүйүү, сибирдик чың ден соолук, кавказдык узак өмүр каалаймын! – деп Марат» (Ал муну агасынын бир кызга жазган куттуктоосунан көчүргөн.) Бу белектин ичинде жарымдай калган «Кармэн» упасы (эжесиники болсо керек. Жыты тим эле эки кадам ары турсаң да мурунду жарып жиберген, өзгөчө жыты бар эле...
Мараттын ырычы? Атайын Алчага «арнап жазган ыры» да чакмак дептердин барагында жазылып турганын көргөндө, көзүнөн жаш чекиттей агып кетчүдөй болду. Бул ырды ал Шота Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» деген поэмасынан көчүрүп, Алчага «өз ырым» деп калпты ышкыртып койгонун эми эстеди да, «бырс» этип күлүп алды.
«Сүйүүдө берендердин сырларына,
Жете албай кулдук кылат генийлер да,
Сөз эмес, миң кубула күү ыргалткан
Муңканып жабыр түшөт ырларга да!
Мен жаздым азап тартып кор болгонду
Сүйүүнүн тунук акыл муңдарында» – деп жазып, аягына: «Марат» – деп кол койгон эле.
Бул ырды окуду да, минтип кыдырекей көчүрүп, Алчага арнаганына таң калып отурду. Экөө тең ошондо бу ыр саптарда эмне деп жазылганын түшүнө алды бекен? Азыр да ага мээси жетпей турду... Ушу анын дасмиясы...
...Маратка бу качанкы балалыгынын элестери менен эскерүүлөрүн кайтарып, көз алдынан баарын шуруга тизгендей тартып берген бу бир үзүм жүрөк жылытты. Алча булардын баарын күнү бүгүнкүдөй сактап келгенин айтпайсыңбы. Бул алардын эстутуму. Ушул эстутумда алардын балалыгы жашады... Марат бешенесин улам укалап коюп, алыскы тепкедей айылына азыр куштай учуп баргысы келди. Эми гана ал ошо мезгилдин куш сыяктуу жүрөгүнөн сызып өткөнүн туйду. Канча жыл бою буларды аздек тутуп, ошо бойдон гана сактабастан, Маратка болгон алыскы сезимдин отун өчүрбөй келгенин, ал гана эмес, ошол алыскы кышта айткан балалык сөзү, кыздуу болсок Айчолпон коёбуз дегенин да, бүгүн эртең менен кабинетине келген кыздан да сезгенин эми эстеп олтурду...
«Аялдын жүрөгү өзгөчөбү?» деп да ой боолголоп кетти. Канча мезгил өтсө да, ага болгон балалык сезимди таберик сактап келгенин айтсаң... Муну ойлойт да, өзүнүн ичи канбайрам кайнайт. Кайнаганы ошол... мектепти бүткөндөн кийин экөөнүн жолу эки ачакей кеткенден бери, ал Алчаны эстеп койбогонуна, анын жеке турмушуна кызыгып койбогонуна, андай адам анын өмүрүндө унутулгус барактай жазылып калганын эми гана туюп, эми гана сезип тургандай абалда калды... Өрт менен жалын болуп күйүп турду... Ал эми мектепти бүтүп, акыркы коңгуроодон кийинки... эсинде калган элести көзүнөн чууруду...
* * *
Марат менен Алча акыркы коңгуроодон кийинки кечеден кеч кайтты... Бу күнү түнкү асман бетин бербей жылдыздар жайнады... Жаздын илеби айлананы бийлеп алган. Тилсиз түн. Керең тынчтык турду... Жаңы эле көз жарган ай, тырнактай асманда нурун төгөт... Экөө тилсиз түндөй келатты... Экөөнүн гана көкүрөгү сүйлөп тургандай... («Марат: Эч ким жокто өөп алсамбы? О, мурда, кичинекей чагыбызда өбүшүп эле жүрчү элек ко. Анда...эми жаш элек. Азыр колун кармагандан тартынасың... даай албайсың... Эгер өөп алсам, эртең бетин кантип карайм. Уят ко... Же тобокелге салсамбы?..») («Алча: Эмне сүйлөбөйт, оозуна талкан салгансып... Экөөбүз ушуга чейин өбүшпөппүз. Өбүшкөн кандай болот экен? Бир жолу өбүшсөк болду эле. Экинчи түк өбүшпөйт элем. Өпсө экен!») Экөө үн-сөзсүз ойлуу келатышты...
Мараттын оттуу көздөрү Алчага жалындап кадалды... Эмне деп айтарын, эмне деп коёрун билбей ою миң санаа... Акыры сөз таптыбы, ага сүйүнүп кетти...
– Окууну бүткөндөн кийин каякка барасың? Фрунзегеби, Ошкобу?.. – деди ал. Ушу сөздү ай талаадан тапкансып, жайдарылана кетти. Суроону бергенин берди да, ичи от жалын болуп күйүп чыкты. Бу суроону буга дейре канча жолу бербеди. Миң курдай сураган. Буга чекеси тырыша түшкөн Алчанын жүзүнөн чаары учкандай болду... Ал орой жооп берди...
– Эрге тием!
– Эрге?.. – Алчадан мындай жоопту күтпөдүбү, лам дей албай туруп калды.
– Ий-ээ... ошондой, – деди Алча. – Кимге? – деди ал чочугандай түр менен.
– Кимге эле... – Алча жоошуй түшкөнсүдү. Марат анын оозунан «бу тамаша» деген сөздү уккусу келди. Алчанын сөзүндө тамаша айткан кырат жоктой сезилди ага. – Бирөөгө да... Бешенеме жазганга...
– Кимди жазыптыр бешенеңе? – деди ал. Дале бул сөздүн тамаша-чынын биле албай. – Окусаң билесиң?
– Окуюнбу? – деди ал.
– Окучу... – Алча маңдайын тосуп берди.
Мараттын мурдуна анын жыты келди. Алча бешенесин Маратка тосту... Экөө каптала түштү. Алчанын көкүрөгүн тээп бараткан төшү, ай жарыгына уурдана көрүндү. Маратты бутунан тартып, мээсине дейре өрттөп кирген сезим, ага белгисиз күчтү жибергендей болду. Ал Алчаны өзүнө бекем сыга кучактап, бетинен, эриндеринен олдоксон өөп жибергенин да билбей калды. Буга дейре өпкөндү билбегениненби, копол өптү. Шилекейи Алчанын бетинде калганбы, ал жең учу менен акырын сүрттү... Экөөнүн ортосунда жел өтпөй дымып калды. Көкүрөктөрүн дүкүлдөткөн сезим гана билинер-билинбес согуп жаткандай сезилди. Ысык илеп... Алча боюн ала качып, шаңк эте аруу күлдү.
– Эмне күлөсүң? – деди ал музоонун бутунан бетер калтыраган тизесинин ушу турушун билдирбеске.
– Мурундарыбыз тийишип калат десем...
– Мен да ошентип ойлогом... – деди Алча.
– Кинодогудай өппөйсүңбү?.. – Алча жалт кучагынан чыкты да, балбылдаган кара көздөрү менен аны теше тиктеди. Кирпиги менен сайып алчудай жылуу илеп менен карады да, адатынча ууртундагы эки чуңкурчасын көрсөтө жылмайып, шарт бурулуп үйүн карай жөнөдү...
Артынан эки өрүм чачы силкилдеп, анын жаш жүрөгүнүн балалык сезимдерин ошо чачтарына өрүп алгандай караңгыга сиңип кетти...
* * *
...Ал ойлуу терезеге келди. Сыртта уюган кыштын түнү. Терезе жарыгынан күн бою тынбай жаап жаткан кардын бүртүкчөлөрү биринин артынан бири жерге түшүп жатты... Ал бүгүн гана өзүнө кайрылып келген балалыгын көпкө көз алдынан чуурутуп, таңга жуук уйкуга кеткенин сезбей калды...
* * *
Ал кабинетине кирип, катчы кызын чакырчу кнопканы басты. Катчы кыз кабинетке кирди.
– Шааркүл, кечеки кыздын дареги сенде барбы?.. Телефонун калтырды беле? – деди ал.
– Калтырган, Марат Алиевич, – деди да, кагазга жазылган номерди алып келди.
Ал кыздын номерин терип, трубканы кулагына жакындатканда, узун-узун коңгуроо кетти.
– Алло... – деди кыздын үнү. Арткы жактан аэропорттогу жарыялар Мараттын кулагына угулуп жатты.
– Бул мен... апаңдын классташы... Марат... – деди ал шаша.
– Угуп жатам... – деди кыздын маанайы суз. Кыз салам да айткан жок.
– Сен каердесиң?.. – деди Марат.
– Аэропортто... – деди кыз.
– Бир жакка учканы атасыңбы? – деди ал.
– Ии... – деди кыз узун дем алып. – Ошко...
– А анда жакшы болгон турбайбы!.. Апаң Алчага менден сөзсүз салам айт! Классташыңыз сизди дайыма эстеп жүрөт экен де... Кечеги бергендерине чоң ракмат... ал... балалыгыбызды эске салды... – деди ал. – Ден соолукта болсун!.. Апаңа жаш кезекте жапон жоолук алып берем дегемин... Ка-ап, сенин айылга барарыңды мурдараак билгенимде, апаңа жапон жоолук берип жиберет элем... – деди ал чын дилден качанкы берген убадасын азыр эстеп. – Алло... Айчолпон угуп жатасыңбы?.. Кыз жооп ордуна улутунуп:
– Апам эми сиздин жоолугуңузду салына албайт... Апамдан айрылып калдым... – деди да өпкө кага үзүк-үзүк ыйлап жиберди. «Чоң кыз телефонуңузду өчүрүңүз... Азыр самолёт учат...» деген үн Айчолпондун трубкасынан ага даана угулду. – Алло... алло... Айчолпон!.. – деп эмне айтарын билбей дендароо болуп калды...
Телефон тык өчтү. Кайра чалды... жооп болгон жок... Ушу саам анын көз алдынан күлсө эки бетинен чуңкурчасы көрүнгөн, жоодур көз Алчасы, ошол жылдарда жааган улуу кар, куйругу келте, төрт көз ит, айлуу түн, экөөнүн белектери, атып урган кары тийип оттой кызарып чыккан Алчанын көзү, биринчи жолу өбүшкөнү... эки өрүм узун чачы... баары-баары үзүлгөн тасмадай сызып өттү... ар бир элести көз алдында үлөштүрүп... ошол артта калган алыскы балалыктан өзүн издейт... ал аны эбак жоготуп ийгенин азыр сезди... ошол жоготуп жиберген элестердин барагында өчпөй калган жазуудай Алчанын элеси тартылды... Мараттын көкүрөгүнө көп жылдардан бери сыгылып чыгалбай келген эскерүү такалды. Ал өнө боюн ачуу сызгырып келип, жүрөккө уюлгуду... Сыртта кычыраган кара суук уруп турат... Кечээ жааган жумшак, тыбыттай кар, эми үстү муздай тоңуп турду...
Анын көкүрөгүндөгү тоңуп калган ошо муздак сезимди муштумдай жүрөгүнө түйүп алып Алча алыскы... алыскы... кайтпас жакка алып кетти...
...Мезгилдин бир мезгилинде жан дүйнөсүнө эч кандай чаң жуга элек балалыктын аруу, кыялкеч күндөрү, алгачкы сүйүүсү анын көкүрөгүнө келерин сезди беле?.. Адам жан тамыры балалык тура, ал ошо мезгилди көз карегиндей көкүрөктө сактап келген экен, бирок ал артта калган ошо кезге кайра баштан кире албай жүргөн, бу бир саамга токтогон өмүр ирмеми, аны ошол дүйнөгө аралаштырып жиберди... Ирмемди бир гана эскерүү токтото алат окшобойбу. Анын баамына ирмем токтоду. Ошо бала кезде, жашоо чындыгына акылы жетпесе да, баамы жеткенби?.. Качанкы окуя кайрадан артта калган балалык элесине чөмүлтүп жиберди... Бүткүл өмүрү көз жаштын бир тамчысындай кулап өткөнүн ал... азыр гана сезди... ошо көз жашта Алчасы да бар эле...
* * *
...кайрадан лепилдеп кар токтобостон жаай баштады.