Сагын АКМАТБЕКОВА: Жаз, Өрүк, Аял

  • 12.04.2021
  • 3768

АҢГЕМЕ

Жаздын келгени Аял өрүктүн гүлдөгөнүнөн билет. Кош түп өрүк. Алар биринчи болуп гүлдөйт. Туруп-туруп эле гүлдөп кирет. Кабат-кабат кар, катар-катар туман кетери менен гүлдөйт. Дароо гүлдөйт. Аарылар да дароо пайда болот. Гүлдөн гүлгө конот. Керээлден кечке гүлдөр менен болушат.

Ар жылы тумандап, тунжурап гүлдөйт. Алар гүлдөгөн учурда Аял да гүлдөп кеткенсийт. Көңүлү көккө учуп... өзү да жер менен баспай учуп жүргөнсүйт.

Өрүктөр гүлдөп атканда башка бак-дарак жаңыдан ойгонуп, жаңыдан бүрдөп аткан болот. Жерге эми-эми гана көк чыга баштайт.

Кай бир жылдары өрүктөр гүлдөп аткан маалда капысынан кар жаап салат. Аялдын ичи ачышат. Өзү өчүп, өзү муздагансыйт.

Өрүктөрдүн мөмөсүнөн Аял бир да жолу ооз тие элек. Өрүктөрдүн мөмөсүн көк кезинде эле короодогу балдар калтырбай жеп алышат. Жыл сайын. Аялдын бир арманы ошол.

Дагы жаз келди. Өрүктөр дагы гүлдөдү. Аял дагы баягысындай көчөдө жер менен баспай, жеп-жеңил учуп бараткан. Бир кезде кыжы-кыйма элдин арасынан эки колуна эки чоң сумке көтөрүп, картайып, чарчап-чаалыгып, түйшүгү башынан ашып... келаткан өзүнө курдаш дагы бир аялды көрө койду. Алдынан чыкты. Ай-буйга келбей, учурашпай эле:

- Жүр, учалы! - деди.

- Каякка?

- Асманга...

Курдашы белин майыштыра, каруусун кайыштыра көтөрүп келаткан сумкелерин жерге коё сала, башын көтөрүп, көпкөк, туптунук, жапжарык болуп мелтиреген асманга тиктеди. Көпкө тиктеди. Көзү жайнай түштү: “Учалы!”- деди. Дароо учуп кетишти. Ал эми ал көтөрүп келаткан эки оор сумке оозу бекем буулган бойдон, жол боюнда, кан көчөнүн таманында кала берди...

1997

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз