Акындар поэзиясындагы салттуу ырлар

  • 11.05.2021
  • 4357

Кадыр эсе жөнөкөй учурда байкалбаган нерселер же турмушта анча элес алынбаган айрым учурлар керээз, угузуу, жоктоо өңдүү адам өлүмүнө байланышкан салттуу чыгармаларды укканда жашоо мыйзамы реалдуу түрдө көз алдыга тартылат.

Чындыгында эле бул түрдөгү ырлардан адам өзүнүн көз жаздымында көрбөй, баамдап билбей келген турмуштук деталдарды, ар кыл багыттагы сапатты, ааламдагы мыйзам ченемдүүлүктү, айрым коомдук мамилелерге, кырдаалдарга ой жүгүртүп билүү менен анын маанисине тереңдеп түшүнөт, таалим тарбия алат. Эл арасында “Акылмандын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт” деген макал бар. Ойдун таамайлыгы, идеянын тереңдиги жагынан акындардын салттык ырлары да жогорудагыдай бааны ала турган касиетке ээ. Салттык чыгармалар (каада салт ырлары) баары адамдар үчүн, айрыкча жаштар үчүн акыл үйрөтүүчү нуска. Алардын жаштарды тарбиялап, аларды коомдун аң-сезимдүү кишиси кылууда эбегейсиз мааниси зор (Тилекке каршы, заман талабына шылтап, маалыматтык тез, куш тилиндей кабарларга гана ишенип, салттык көптөгөн мазмундуу чыгармаларга көңүл бөлбөй келебиз). Чындыгында адам өлүмүнө байланышкан ырлардын тарбиялык мааниси, коомдогу социалдык нрава-этикалык сыяктуу орчундуу маселелерди өз учурунда көтөргөндүгү менен жогору бааланат.

Булар ушул күндө да өзүнүн тарбиялык маанисин жоготпостон кайра жаңыланып, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп жаткандыгы, ал ырлардын актуалдуу маанидеги мазмундуу маселелерди камтыгандыгына байланыштуу. Акындардын салттуу мүнөздө ырдалган чыгармаларына кайрылганда коомдогу, турмуштагы маанилүү нерсени элге айтып түшүндүргөнүн байкоо кыйын эмес. Ага керээз ырлары ачык мисал.

Адамдын башына каран түн түшүп, ажалдын туткуну кучагына алып торогондо, кыскасы ичээр суусу, көрөр күнү бүтүп, жарык дүйнө менен коштошоор алдындагы сөзү – керээз. Керээз эки формада жашайт. Биринчиси кара сөз түрүндө. Экинчиси ыр түрүндө. Акындар чыгармачылыгында поэтикалык формага түшүрүлгөн адам өлүмүнө байланышкан салттуу ыр-керээз.

“Керээз салттык ырлардын байыркы түрүнө кирет. Бизге келип жеткен чыгармалардын мазмунуна, көркөм каражаттарына көз жүгүртүүдө анын көркөм форма катарында калыптанып, узак өсүү жолун басып өткөндүгү ачык көрүнөт.”[1] – деп жазат фольклорист Б. Кебекова (Батма Кебекова эже акындар чыгармачылыгы боюнча эң мыкты адис, бул жааттагы акыркы могикан эле). Окумуштуунун айтуусу боюнча айрым учурда кара сөз түрүндө айтылган журт адамдарынын керээзи кийин акындар тарабынан поэтикалык формага түшүрүлүп, эл арасына тараса да, өзүнүн түп нускасын, идея-мазмунун, автордуулугун сактагандыгын баса белгилейт. Буга Боромбай бийдин керээзин Солтобай акындын төмөнкүчө поэтикалык формага түшүрүп эл арасына таратышы ачык мисал:

Кер ат куйрук таштады,
Бугулардын Боромбай,
Керээз кебин баштады:
Журтум, ат чаптырба ашыма,
Коргон урба башыма,
Кожо молдо кеп айтат,
Күнөө болот деп айтат.
Журтум, Ысыккөлгө ыктаңар,
Кең Текес көздөй чыкпаңар.
Жерге салгын эгинди,
Тегиз уккун кебимди.
Эгин айдап, бак тигип,
Көнүңөр журтум дыйканга.
Баш көтөрбөй моюн сун,
Шарият менен мыйзамга.
Эл жайлоого чыкканда,
Серүүндүн жонун жайлаңар
Ага ини сыйлашып,
Ынтымак болсун баарыңар[2]. – деп журт башчысы өлөр алдында элин чогултуп, алардын эртеңки келечеги тууралуу, калктын биримдиги, ынтымагы жөнүндө өзүнүн акыркы нуска сөзүн айтат. Айрым маалыматтарга караганда Боромбайдын да ыр жарата коюу жөндөмү бар экен. Бирок бул керээздин Солтобай тарабынан поэтикалык формага түшүрүлгөндүгү ырдын стили жана кабарчылардын айткандары менен бекемделет. Ал эми ырды талдай келгенде Солтобай акын күнүмдүк колдонуп жүргөн сүйлөө речиндеги кадыресе сөздөрдү орду менен пайдаланган. Ал сөздөр тыбыштык үндөштүккө карай колдонулуп, элдик поэзияга мүнөздүү уйкаштыкты түзүп ырдын уккулуктуу чыгышы менен шартталган. Мисалы, дыйканга, мыйзамга, ыктаңар, чыкпаңар, таштады, баштады ж.б. ушул өңдүү сөздөрдү ыгы жана ирети менен акындык чеберчиликке салып колдонгон.

Натыйжада ырдын түп нускасын ой чабытын поэтикалык тил менен ачык, так бере алган. Мындай чеберчилик менен түзүлгөн ыр “Боромбайдын керээзи” аталып ошол күндөн ушул күнгө чейин жашоосун улантып жашап келе жатат. Окумуштуу А.Обозканов “акындар чыгармачылыгында керээз ырлары ошол акындын бир өмүрдөгү бардык көргөн билгендери, турмуш-туундуларынан чыгарган талаптары нускаланат”[3] деп жазат. Андан соң эмнелерге жетип, эмнелерге жетпей калган болсо ошол улуу максаттын өтөөсүнө кийинки муундардын чыгуусу керектиги, керээз кимге айтылса, ошол айтылганды аткаруусу парз экендиги, ыйык көргөн эли-жери, эң жакын адамдары менен коштошуусу, байсалдуу өмүр сапары аяктап калгандыгын баяндайт, бул жагынан алганда керээз арманга жакын турат. Буга Арстанбектин, Жеңижоктун керээздери арман формасында айтылган чыгармалар. Мисалы, Арстанбек акын өз жашоосун төмөнкүчө:

Айта турган ырым бар,
Ача турган сырым бар.
Сүйлөп өттүм башында,
Доор сүрдүм жашымда.
Адамдын баары сыйлады,
Аманат жаным жыргады.
Күлүк элем басындым,
Күкүк элем ташындым.
Аргымак элем арыдым,
Азамат элем карыдым.
Эми сүлдөрүм бар өзүм жок,
Мурункудай сөзүм жок,
Булбул өңдүү доошум жок,
Мындан кийин сөзүм жок,[4] – деп байсалдуу басып өткөн өмүр жолун мүнөздөп келип азыркы таптагы абалына “күлүк элем басындым, күкүк элем ташындым, аргымак элем арыдым” деп өзүнө элестүү да, реалдуу да баа берет. Натыйжада аткарылбай калган иши жөнүндө арман кылып, өз өнөрүн улантууну шакирттерине тапшырып, акыл насаат, тарбиялык нуска сөзүндө сабырдуулукка, кайрымдуулукка, чыдамдуулукка, боорукерликке бир сөз менен айтканда баардык адамдарга жаш-карыга, балдарга кайрылып алардын жан дүйнөсүн ойготор сөздөрдү айтып, адамдарды сүйүүгө, көңүлүн калтырбоого чакырык салып төмөнкүчө баяндайт:

Аз күнчөлүк өмүрдө,
Аркы-терки теминип,
Аргымак атың жоорутпа.
Алабарман сөз сүйлөп,
Азамат көөнүн оорутпа.
Жетимге камчы көтөрбө,
Жесирдин отун өчүрбө.
Карынын сөзүн капка сал,
Калк оозунда нуска бар.
Жалгызга камчы көтөрбө,
Жардынын отун өчүрбө.
Тиш ырыскы, тил дөөлөт,
Тирүүлүгүң бир дөөлөт.[5]

Чечен сөзмөр адамдар өз кебине макал-лакапты аралаштырып сүйлөө менен угуучуга жеткиликтүү терең таасир калтырат. “Чыгыш фольклору, анын классикалык мурасы, – деп белгилейт Г. Ломидзе,– кыска ырлар, афоризмдер, эки сап ырлар жана төрт сап ырлар (рубаилер) таамай айтылган санаттар, үлгү насыят аңгемелер менен элдик акыл-эсти, даанышмандыкты, көрөгөчтүктү түшүнүүнүн курчтугун чагылдырууга бай”[6]- дейт.

Белгилүү окумуштуунун айтканы кыргыз элинин фольклоруна, анын классикалык мурасына жана ошондой эле акындык поэзияга анын ичинде Арстанбектин чыгармачылыгына да мүнөздүү. Алсак, жогорку ыр түрмөгүндөгү “Карынын сөзүн капка сал”, “Тиш ырыскы, тил дөөлөт, тирүүлүгүң бир дөөлөт” өңдүү элдин акылмандуулугун чагылдырган афоризмдик, учкул сөздөр акындын башка үлгү ырларынан да көп кездешет. Кыскасы, адам баласы бул дүйнөдөн өтүп кетсе, сөзүм жерге калбасын деген максатта керээзин айтат. Бул көбүнесе акын адамдарга таандык. Арстанбек да шакирти Солтобайга төмөнкүчө керээз сөзүн калтырат:

Байкадыңбы Солтобай,
Каруум кетти ой тобо ай.
Көзүм өтсө Солтобай,
Нуска сөзүм таштаба.
Жеткире айткың маанисин,
Кайран булбул сөзү деп,
Артымда элим таанысын.
Айтылып калса артымда,
Арстанбек неге карысын.[7]

Бул ыр саптары жогорудагы айтылган ойду тастыктап турат. Ырдын түпкү маанисинде, акын өзүнүн мал болбосуна көзү жетип, нуска кебинин жерде калбашын, шакиртине тапшырып, эгер эл арасына тарап калса, бул дүйнөгө ыраазы экенинин билгизип жатат. Ал эми Жеңижок акындын керээзи бир аз башкачараак багытта “Акын, – деп жазат окумуштуу Б. Кебекова – өлөр алдында эли-журту, агайын-туугандары, өз өнөрүн урматтаган адамдар менен коштошуп айткан керээзи өзүнүн маани-мазмуну камтыган аймагы, көркөмдүүлүгү, көлөмү жагынан эпикалык поэмага тете. Ал нукура элдик ойлорду, нуска сөздөрдү жыйынтыктап келип өмүр-өлүм, жашоо мыйзамы жөнүндө философиялык деңгээлде ой жүгүртөт. Нуска санат сөздөрүн көркүнө келтире көркөмдөп төгөт,”[8]– дейт.

Чындыгында да акындын керээзи өзүнүн түп нускасынын оригиналдуулугу, андагы айтылган ойлордун тактыгы, өмүр менен өлүм мыйзамын айрый билгендиги, дүйнөгө, жашоого реалдуу ой жүгүрткөндүгү, түшүнүгүнүн тереңдиги менен айырмаланып турат. Акындар тарабынан колдонулган көркөм сөз каражаттары ошол жүрүп жаткан окуянын ажарын ачат. Сүрөттөлүүчү образдын кыймыл аракетин, сапатын берүүдө анын заттуулугун түзөт. Акындар ар дайым конкреттүү нерсени берүү менен анын спецификалык өзгөчөлүгүн табат, конкреттүү нерсени сүрөттөөдө көркөм сүрөттөө каражаттарына кайрылып, ошол окуянын жүрүшүн жандандырып, ага кыймыл берип, канат бүтүрүп, өзүнө ылайык эпитет, салыштыруу, метафораларды колдонот жана сүйлөө манерасына ылайыктуу лексикалык өзгөчөлүктөрдү даана берет. Буга Жеңижоктун өлөр алдындагы, аты эле айтып тургандай “Ким айтат менин ырымды”, “Ак куржун толо ыр калды” ырлары өзгөчө баса белгилеп сөз кылууга арзыйт.

Акын өзүнүн басып-өткөн өмүр жолу талант жигери жөнүндө кенен ой жүгүртөт. Эли-жери менен коштошуп жана өзүнүн чыгармачылык өрүшү жөнүндө сөз козгоп келип, эгер жалган дүйнөдөн кетип калса, “ак куржун толгон ырымды” ким ырдайт деп санаркайт. Ниязаалы, Карамырза баш болгон жоон топ өнөрлөштөрүн санап, ошолордун ичинен “Бир билсе Токтогул билет сырымды, \ Током сен айтып кой ырымды” деп Токтогул акынга тапшырат. Бул ырындагы дагы бир өзгөчөлүк – акындын жеке турмушуна байланышкан күйүт-кайгысынын чагылдырышы. Жеңижоктун жашоодо орду толбой кеткен арманы анын баласыздыгы ага төмөнкү ырлары ачык мисал:

Алтын кылыч белде жок,
Азаптуу оору айынан
Азыр акының Өтө элде жок.
Күмүш кылыч белде жок,
Күйүттүү оору дартынан
Күкүгүң Өтө элде жок.
Ордунда турчу санаа жок,
Ойлонбостон коюуга,
Менин ордумду басчу бала жок.[9] – деп акын зат аркылуу түшүндүрүү менен ырдагы сөзгө кубат киргизип, чыгарманын уккулуктуулугун күчөткөн. Колдонулган көркөм сөз каражаттары ошол сүрөттөлүп жаткан учурдун, нерсенин кыймылын толук ача алган. Чыгармада көрүнүп тургандай акындын бул дүйнөдөн туяксыз өтүп баратканына “Алтын кылыч белде жок”, “Күмүш кылыч белде жок” деп ордун басчу баласы жок экенине катуу кейийт. Бул тууралуу окумуштуу М. Мукасов “Акындын өмүрү өткөнчө жүрөгү тилинген, кабыргасын кайыштырган ушул баласыздыкка байланыштуу арманы болгон. Бул арман акындын көөдөнүнө батпай, оозунан көк түтүн аралаша ыр болуп төгүлгөн”[10] деп белгилейт. Ошентсе да, өзүнүн акындык өнөрдөн баар тапкандыгына:

Кара манат майлыгың,
Казакка кеткен дайыным.
Кызыл манат майлыгың,
Кыргызга кеткен дайыным.
Алты Аркар чыккан жылдыздан,
Акын болуп аттанып,
Атактуу чыктым кыргыздан.
Жети аркар чыккан жылдыздан,
Жеңижок ырчы атыгып,
Жез таңдай чыктым кыргыздан... (Жеңижок., 163-бет) – деп армансыз өмүр сүргөнүн, жеке эле кыргыз элине эмес казакка чейин аты угулуп, жез таңдай акын чыкканына канагаттанып баяндап өтөт. Мына ушул чыгармага үндөш, өнөрдү туу тутуп, элге жаккан, чыгармачылыктын нускалуу кебин айтып даңазалаган, эл алдында кадыр-баркка ээ болууну, ыр аркылуу элге, журтка кызмат кылууну, өнөрдүн улуулугун аныктоочу касиеттерден экенин эсептеп Коргоол акын өзүнүн “Алтымышка” деген ырында төмөнкүчө баяндайт:

Кашымда турган Алтымыш,
Өнөрүң мендей болсун деп,
Көбүрөк көлдөй толсун деп,
Дубандан чыгып байге алган,
Айтылуу күлүк болсун деп,
Ноктолуу башта бир өлүм,
Аттансам жарык дүйнөдөн,
Алтын кеңеш эл турса,
Айтымга кошуп койсун деп,
Аракет кылып көрөйүн,
Балам ыр атасы аракет,
Аракет кылсаң жетээрсиң,
Жамандыкка жанашпай,
Түз багыттан адашпай. (Коргоол. Ырлар жана айтыштар. Ф.,1981. 52–б ) - деген тарбиялык мааниси күчтүү, нускалуу сөзүн шакиртине аманат калтырып, өнөрдү баалай билген адам болушун каалап, чыгармачыл инсан байгеден чыгып келген күлүк экенин баса белгилеп, акындык өнөрдү аркалап жүрүшүн айтып, ал муратка аракет аркылуу жетээрин, эгер бул дүйнөдөн көзүм өтүп кетсе “Алтын санаа кеңеш эл” деп калайык-калкты тутка кылып, жамандыкка жанашпа, түз багыттан адашпа деген маанайдагы акылмандуулук менен айтылган осуят сөздөрүн калтырат.

Чыгармачыл өнөр адамы, өз жашоо тиричилигинде дүйнөгө көз карашын уламдан-улам тереңдете берери, анын турмуштук тажрыйбасынан улам, замандын, доордун, убакыттын муктаждыгын кылдат байкай билген мезгилди таануусунан жана ал аркылуу турмуш дарыясынан ылгап алган өзүнүн керт башына тиешелүү өнөрүн чагылдыра билип, өз изин калтыруусу шарт. Мына ушул шарттын, мезгилдин, айлана-чөйрөнүн мамилесине сөзүнүн кубаттуулугу менен акындар чыгармачылыгындагы традицияны улантуу менен салттык мүнөзгө ээ керээз ырларынын көркөмдүк өзгөчөлүгүн өздөштүргөн дагы бир чыгарма Эшмамбет акындын ооруп жаткандагы ыры буга мисал:

Кара сакал ак болду,
Көңүлүмө так болду.
Кадимкидей боло албай,
Кайран жүрөк сак болду.
Карылыктын келгени
Карыз эмес нак болду.
Калдайган калың журтуман
Кайта турган чак болду.
Канча бир жакка каралап,
Калкымды жүрдүм аралап.
Акындыкты бирөөдөн
Алганым жок паралап,
Комузумду сайратып,
Ойнотуп келдим чоң колду.
Ошонун баары тең болду,
Ойлонсом көөнүм нес болду.
Калың топтон бөлүнүп,
Кете турган кез болду. (Эшмамбет. Чыгармалар жыйнагы.Ф.,1988.214-б) – деп чыгарма белгилеп тургандай ыр өз доорунун күүсүн түзө алгандай болду. Мында акындын ой-сезимин ырдагы ар бир сап, маани-маңыз жагынан кайгыруу сезими курчаган спецификалык өзгөчөлүк түзө алды.

Чыгарма – акындар поэзиясына таандык салттуулук мүнөздөгү керээз ыры. Мындагы традициялык ык, чыгарманын саптарындагы “кара сакалдын ак болушу”, кадыресе карылыктын кирип келиши менен калың топту аралап, комузчулук, акындык өнөрдү аркалап жүргөн чыгармачыл инсандын оор ал-акыбалы жана акындык өнөрдү эл арасынан тапканы жана ал өнөр өзү бул дүйнөдөн көзү өтүп кетсе да өчпөй жашай берери мүнөздөлөт. Эшмамбеттин бул чыгармасында жөнөкөй гана салттуулукту эмес, акындык өнөргө тиешелүү өзгөчөлүктү ачып берүүгө да жетишкен десек жаңылбайбыз.  

Жээренче ИСМАИЛОВ

[1] Кебекова Б. Кыргыз элинин каада-салттары. – Б.: 2001, 43-б.

[2] Кыргыз эл ырчылары. Түзгөн Б.Кебекова.  Б., 1994., 146-147-б.б.

[3] А.Обозканов. Төкмөлүктүн башаты, калыптануу этаптары жана түп табияттары.–Б.: 2006., 216-б.

[4] Арстанбек. (Түзүүчү, Б. Кебекова.) – Б.: 1994., 9-б.

[5] Арстанбек. (Түзүүчү, Б. Кебекова.) – Б.: 1994., 10-б.

[6] Ломидзе Г. Приемственность и помни нового. // “Правда” 1970., 6-октябрь.(к-те К.Кырбашев. А.Осмоновдун поэзиясынын тили. Ф., 1967 )

[7] Арстанбек. Түзүүчү Б. Кебекова. – Б.: 1994., 22-б.

[8] Кыргыз эл ырчылары. Түзгөн Б Кебекова – Б., 1994., 48-б.

[9] Жеңижок. Б.,2004 . 154-бет

[10] М. Мукасов Жеңижок. китепте Кыргыз адабиятынын тарыхы.Б.,2002. 303–б.

Комментарий калтырыңыз