Бектур Иляс: Үмүталынын теги

  • 14.05.2021
  • 4193

АҢГЕМЕ

Асмандын кабагы салактап, киргин суудай түрмөктөлгөн кара-кочкул булуттар бирин-бири бурдай жутуп, бери сүрүп келатты. Бирок жигиттер аны деле таназарына илген жок. Жоого чапчудай даярданышты. Ат жакшысын тандап минип, куйруктарын шарт түйүштү. Такымдарында бирден чокмор кысышты.

- Чогулуп бүттүкпү?! - дешти.

- Чогулуп бүттүк! - дешти.

- Анда кеттик! - дешти.

Түшкүнүнө кыт куюлган жылан боор камчылар ат соорусун эшти. Тарсылдаган ачуу үндөр жер кулагына сайылды. Чарадай сом туяктар жердин топурагын көккө чачты. Көк болсо көнөктөгөн жамгырын жерге төктү.

Чаң көтөрүлбөй калды. Балчылдап баткак чачырай баштады. Жигиттер биринин изин бири таптабай катарлашып чабышты. Жамгыр алардын демине-дем кошту. Күйүп бараткан көкүрөктөрүн сергитти.

Чай кайнамга жетпей көнөктөп төккөн жамгырды көзөп өтүштү. Күн төбөдөн кылайды. Жер соорусу ат соорусундай жылтылдады. Ат дүбүртүнө кайчы өткөн чагылгандын жаркылдагы алыстап калып баратты.

Тоо этектеген кең жайыкта тигил айылдан бул айылга жеткиче эт бышым убакыт болду. Ортодо эки жолу тизгин жыйып кичине ат демин басыктырышканы болбосо артык ооз сөз айтышкан жок. Агарып айыл чети көрүнгөндө гана жылаандай жыйрылыша калып кыска сүйлөштү:

- Эмне кылышты баарыңар билесиңер да-е?!

- Билебиз!

- Билебиз!

Билектерин казыктай сермеп, муштумдарын таштай түйүштү.

Кайрадан камчы салышты.

Каз-канат тизилген калың боз үйгө жетер-жетпесте күтүлбөгөн иш болду! Болжомдуу жерге жетпестен буйдала түшүштү. Жыйрмага чукул жигиттин алдынан элүүгө чукул чал-кемпир чыкты. Жигиттер тизгинин жыя бир-биринен акыл сурагандай бөгөлө түштү. Эңкейген карынын алдынан эчкимиси кесип өтүп кете албады. Аңгыча бир аттын чылбырын эки-үчтөн аксакал кармай берди:

- Келгиле айланайындар! Кулдугубуз бар! Алдыңарга бара албадык, айып этпегиле жигиттер!

Сүйлөгөнгө үлгүрткөн жок. Үчтөн жигитти бирден үйгө жетелеп кетишти.

- Алды менен аттан түшкүлө, даам сызгыла. Анан сүйлөшөлү. Чокморуңарды таштагыла айланайындар. Силер не десеңер биз ошого макул!

Бир үйдө азамат көпкө булкунду. «Мени коё бергиле, мен мөлтүргө жолугушум керек. Ал меники, меники-и-и!!!» деп кыйкырып атты. Кыйкырганына болгон жок. Булкунганына болгон жок. Чал-кемпирлер кошо жобурап: «Балекетиң алайын, садага болоюн, тегеренейин, айланайын...» деп жалынып-жалбарып атып соолуктурушту.

- Айтпай-нетпей ала качкан айып биздин балдарда. Сени менен сүйлөшүп жүргөнүн алар кайдан билиптир? Бирок баары буйруктан артык болбойт, балам. Ошол эки жаштын тагдыры чыр этип жарык дүйнөгө көз ачканда ушинтип бирге байланган да. Ага бизде эмне арга? «Таш түшкөн жерине оор» дейт. Келген жеринде тынч калсын. Чын жакшы көрсөң бактысын тилеп тынч калсаң экен. Айланайын уулум. Сенин маңдайыңа да бир беш көкүл жазылып турганына ишене бер. Жолуң болгур... сакалыбызды сыйла...

Көп сөздөр айтылды. Көнбөскө аргасы, жоошубаска чарасы калбады азаматтын. Аны антип көндүргөндө жанындагылар көнбөй калсынбы. Мындан көрө чокмор кармап жаштары чыкса жеңил болмок. Жеңсе-жеңилсе да көңүл көксөөлөрү кангыча салышып, өлбөгөн жерден калышып урушмак. Баш айрылып, көз чыкканга да кайыл эле. Өбөктөгөн чал менен өмгөктөгөн кемпирлерге эмне дейт. Аларга чокмор көтөрмөк турмак тизгинге жармашкан колдорун кагып жибергенге батылдары барбай калышты. Муну кай митаам ойлоп чыга калганына тиштенди жигиттер. Тиштенип-тиштенип тынчышты. Дастаркондор жайылып ак даам коюлду. Ырыскыны таштап кете албай даам сызышты. Бирок алдыга туура тартылган тайга бата берүүдөн кечишти. Аттанып кайра чыгышты.

Дүүлүккөн демдери басылып, тумшуктары ташка тийгендей тунжурап жай кайтып келатышты. Азаматты эмне деп соороторун билбей достору тил жутуп алгандай дым. Аттардын бышкырганы, суурдун ышкырганы угулат. Дүбүрттөрү жанагыдай эмес, жерден кулакка араң жетет. Ааламды аңтар-теңтер кылчудай айылдан катуу чыгып, эми минтип шылпыйып кайткандарын ойлогондо эл караган беттери жер карап, өз үйлөрүнөн өздөрү ыраактагысы келип алакөңүл.

Арт жактан дүбүрт угулду.

- Куугун! - деди арадан бирөө. Чаңы көккө көтөрүлүп, калың топтун карааны жакындап кирип келди. Өз айылдарынан такымдарына кыса чыккан чокморлору коңшу айылда түшкөн жеринде калып, эми карсылдашып кармашабыз дегенди оюнан чыгарып жиберген жигиттер торго түшкөндөй шалдая түшүштү. Аттарын теминип качып жөнөгөнгө намыстары жол бербеди. Не болсо да башка түшкөнүн көрүүгө бекип, аттарынын башын артка буруп, камчыларын бүктөй кармап, муштумдарын таш кылып түйүшүп, дүбүртү жер жарган топко тике карашты. Көздөрүнөн жалын күйүп, улам кандары кайнап, дене бойлору дүүлүгүп келатты. Дүбүрт жакындаган сайын мылтыктын тепкисин басууга даярданган мергендей согончоктору теминүүгө даяр турду. Аз эле кечиккенде алар ач бөрүдөй атылмак. Бирок тигилер тык токтоп, алдыңкы эки-үчөө аттан түшүп камчыларын моюнга салып басышты.

Кызды ала качкан жигит менен анын достору болуп чыгышты. Айыптарын мойнуна алып кечирим сурап келишкендегилери экен. Калың топтун ичинде айрымдары тааныш болуп чыгышты. Кол алышып көрүшүп түшүнүшкөн болушту. Көк шибердин бетине дасдаркон жайып койдун чегедектин отуна таптап бышырган муздак эти коюлуп, кол чаначта чайкалган бал кымыз куюлду. Өткөн иш өткөн-кеткенин, эми эл болуп жакшы өтүшүүнү суранышты. Бакылдап сүйүнүшпөсө да баш ийкеп аргасыз макул болуп аттанышты жигиттер.

*     *     *

Арадан эки жума өткөндө эки куда эпке келишип бүттү. Кыздын барган жери бардар экен. Күтүрөтүп калың мал айдап, төөгө теңдеп кымбат баалуу кездемелерди жүктөп келишти. Аялдар оозунда албан түрдүү чүпүрөк-чапырактар менен алка-мончок, шурулар кеп болсо эркектер жамааты башаты катары көкүлүнө ак байлап келген кара кулак атты жалынан бир сылап алганга куштар болду. Атагы таш жарган айтылуу кара кулак атына заты жарашкан, бул чөлкөмдө алдына жылкы салбаган күлүк эле. Эки кулагы түбүнөн учуна чейин кап-кара, тип-тик, башка денеси бүт болотнай ак, а туяктары чарадай. Мамыңда мындай тулпардын тегеренип, ооздурук кемирип турганынын өзү эле бир чоң сыймык, үй ээсине эбегейсиз атак-даңк экени бышык.

Кулдук уруп куда-кудагыйлар, алардын тууган-туушкандары, жакын санаалаш дос-жаран кошуна-колоңдорунан болуп элүү-алтымыш киши бир келип түштү. Алар учурашып-көрүшүп бүткөн соң артынан кайын жеңелери коштоп кызы келди. Оо, бир чакырым жерден эле көз жашына ээ боло албай өксүп ыйлап келди. Салт ушундай. Боз үй толо кыдыракей тизилип отурган ата-энеси баш болгон тууган-туушкандарына бирден учурашып чыкмай. Кыз бала баары бир жатка жазганын билип турушса да өз эшигинен күтүүсүз кеткен кызынын көз жашын көргөндө ата-энесинин муундары зыркырап, көз жаштарын тыя албай калышты.

- Ыйлаба, кызым. Ыйлаба. Барган жериңен бак айтсын. Кошогуң менен кошо агар! - дешкени менен өздүрү да кошулуп ыйлап алышты. Кыз өзгөчө ошол атасы менен энесине келгенде моюндарына бекем асылып «Мени кечиргиле! Үмүтүңөрдү актай албадым» деп заркыраганын укканда биякта тургандардын баарынын сай-сөөгү зыркырады. Бирок жакшылыктын аты качан да жакшылык! Той деген той. Бир сыйра көрүшүп, ыйлап-сыкташып алган соң баары өз калыбына түштү. Той каадасы башталды. Баш уруп күйөө жигит келди жолдош-жоролору менен. Улууларга саламын айтып урматын билдирген соң атайын ак өргөөгө башталды...

Кудалар эми жоо эмес. Кызың алардын бүлөсү. Сый көрсөтүп, илтийпат билдирмек баба наркы. Чаралап эт тартылып, кош аяктап кымыз сунулду. Кечкисин жаштардын ыр-күүсү менен күлкүсү айлуу түндү шаңга бөлөдү. Узундан бери ушундай бир кечти күткөн кыз-жигиттер обочолоно калып арзууларын айтып шыбырашты.

Ай төбөдөн оогондо «Кыз жоголуптур» деген күбүң-шыбың сөздөр тарай баштады. Дуулдаган топ заматта суу сепкендей тып басылды. Басылды да бат эле кайра «Издегиле, тапкыла!» деген ызы-чуу кыйкырыктарга толду. Ат дүбүртү тияктан-биякка, бияктан-тиякка аба жарып өтүп жатты. «Ак бата, кызыл канды бузган акмактарды ким кармап келсе сыйлыгына үйүрлүү жылкы» деп жар салып жиберди бай куда.

Айылдын күн батышы тигил учуна ат чаптырса жетпеген узунунан кеткен чытырман токой. Алкынган атчандар ар жеринен бир сайылып издеп жүрүштү. Түн бою дүпүрөп, таң аткыча тапырап чыгышты. Эртеси, анын эртеси да издешти. Эч шыбыш билинбеди. «Ушул эле токойдо экен. Бир жерде жашынып жатышыптыр. Досторунун бири түн катып тамак-аш жеткирип берет экен» деген каңшаар кеп бир аптадан кийин тарады. Анан азаматтын досторун аңдый башташты эле андан да майнап чыкпады. «Көрдүм» деген көз болбоду. «Таптым» деген сөз болбоду. Түрүнүп издеген жигиттердин баары түңүлүп келишти. Жер жутуп, жылаан сыйпагандай жок болушту азамат менен анын сүйгөн мөлтүрү.

Куданын кабагы түксүйүп каны ичине тарткан бойдон камчысын бүктөп атына минди. Алып келген калыңын жигиттеринин алдына салып беришти. Аялдар алка-мончок, шуруларды ойлоп, а эрлер каракулак аттын дүбүртүнө кулак төшөй ээрчип, кыйбастык менен узатышты.

Азамат менен мөлтүр ошол бойдон тоо аралап кетти. Элден окчунураак туруп калышса да экөө бактылуу өмүр кечиришти. Бир уул, эки кыздуу болгондон кийин гана эл арасына кайтып келишти. Уулу эр жетти, кыздары бой жетти. Келин алып, кыз узатып небере сүйүштү. Анда-санда артынан айтыла калып жүрчү ушак-айың сөздөр да акырын-акырын унут болуп, алар көз жумган соң биротоло тыйылган.

*     *     *

Арадан бир кылым өткөндөн кийин баягы сөз кайра башталды. Балким башталмак деле эмес. Баары күтпөгөн жерден чыкты. Азаматтын баласынын балдары капилет тың чыгып эл көзүнө, журт сөзүнө илине баштады. Жаңы замандын жарыгында телчип, тууган жер үчүн тер төгөр чагы болуп калды. Ошондо бир жолку шайламда айыл башчысы катары Үмүталынын да талапкерлиги көрсөтүлдү. Эскиден калган адаты боюнча уруу аксакалдары чогула калып, жалпы элди ушул Үмүталынын пайдасына добуш берүүнү үгүт кылмай болуп жатышты. Ошондо эле Үмүталыга каршы талапкердин бир балакети ойлобогон жерден олуттуу суроо койду.

- Ой, айланайындар. Бат эле өткөндү унутуп каласыңарбы. Бу Үмүталыңардын түбү таза эмес да. Ал тиги жат уруудан бойдо келген качкын катындын урпагы да. Ушунча элден киши куруп калгансып карайлап барып эми ошону шайлатайын дейсиңерби. Ал башкарган эл кайдан оңмок эле?!

Үмүталынын келечегинен үмүт күтүп жаткан уруучул улуулар ооздоруна талкан салып алгандай унчуга албай калышты. Бака-шака түшүп жаткандар кулак кескендей тынчышты. Чогулган элдин ою эми заматта Үмүталыдан ала көөдөк асманбекке ооп баратты.

2021-жылдын жыл башы

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз