* * *
Ош кыргыз драма театрынын спектаклдерин бирин калтырбай көргөнүбүздү өткөндө айткан элем. Эки күн бою кенен-кесири талкуу өткөрүп, чыгармачылыкта изденүүсү кызык, көркөм табылгаларга бай таланттуу жаш коллектив менен таанышканыбызга көңүлүбүз көтөрүлүп кубанган элек. Мүчүлүштөрүн да айтканбыз. Өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болсун деген ниетте Фрунзеге эки жылда бир гастролго келип турушун сунуш кылсам, маданият министрлигинин коллегиясы колдоп, чечим чыгарганы да айтылган. Чечим кийин бир топ жолу чоң ийгиликтер менен ишке ашты. Бирок ага чейин үч уктасак түшүбүзгө кирбеген ойдо жок бир жакшы окуя болду.
Ал мындай. СССР Маданият министрлигинин планында Кыргыз академиялык драма театрыбыз 1978-жылы күзүндө Москвага гастролго бармак экен. Театрдын даярдыгын, чыгармачылык ал-абалын текшергени дейбизби, таанышканы дейбизби, айтор, СССР Маданият министрлигинин Искусство иштери боюнча башкы башкармалыгынын сөзү да, өзү да тың, отуз беш-кырктар чамасындагы начальниги Чаусов деген Академдрамтеатрдан көргөн спектаклдерди жактырбай министрибиз Кондучалованын кабинетинде жыйналыш өткөрдү.
Биздин театрдын ордуна башка республиканын театрын алпарууга мажбурмун деди Чаусов. Кезекте даяр театрлар турганын айтты. Күлүйпа Кондучалованын кабагы карыш салынып, унчукпай тунжурап турду да:
– Айла канча, барбаса барбай калат экенбиз да... – деп Чаусовдун «өкүмүнө» моюн сунчудай түрлөндү.
– Ой, эже! Орунду бербеңиз! Бара турган театр бар! Ош театры жарайт! – деп тызылдап жибердим.
Эже мени тиктеп калды, кабагы ачыла түшкөндөй болду.
– Ал да жарабай калсачы? – деди ишенер-ишенбесине көзү жете бербегендей.
Аңгыча Шеримбек Шаршеев да мени колдоп калды. Ал маданият министрлигинде Искусство иштери боюнча башкармалыктын начальниги болчу. Шеримбек Ош театрынын актёрлору окуган окууну чогуу окуп, Москвадагы Луначарский атындагы театр институтун чогуу аяктап, эмгек жолун Ош кыргыз драмтеатрында курсташтары менен чогуу баштаган. Ошондуктан бул театрдын сырын ийне-жибине чейин болбосо да бизден артык билчү. Эмнеге күйпөлөктөп калганыбызды түшүнбөй Чаусов ар кимибиздин оозубузду тиктеп элеңдей түштү эле, Күлүйпа Кондучаловна ага кайрылып:
– Академиялык театрды Ош кыргыз драма театры менен алмаштыруу сунушу айтылды. Бул туура сунуш. Мен колдойм. Луначарский институтунда тарбияланган таланттуу жаш коллективди Москвага алпарсаңыз жаңылбайсыз, – деди салабаттуу.
Чаусов буйдала түшүп:
– Каршылыгым жок, бирок... Ош театрын көрө кетейин, – деди.
Ош театры экиби, үчпү бригадага бөлүнүп, республика боюнча айыл-айылды кыдырмай гастролго чыгып кеткен болчу. Чаусов ишенген жок окшойт:
– Ырас элеби? – деди оозу бош.
– Ишенбесеңиз жаныңызга киши кошуп берейин, кыдырып келиңиз, – деди министр.
– Жо-жо! – Чаусов шашып калды. – Мен сизге ишенем, Күлүйпа Кондучаловна, кантип ишенбейин! Биздин министрликте сизди баарыбыз сыйлайбыз, аны өзүңүз деле билсеңиз керек... Мейли, Ош театрын күтөлү. Сентябрь айынын акыркы он күнү, «Малый театр» кыргыздардын карамагына өтөт, – деп тамашалаган болду.
Чаусовду узатып ийип, өзүбүз калганда Күлүйпа Кондучаловна башкармалыктын жетекчиси Шеримбек Шаршеевге тапшырма берди:
– Шеримбек, – деди эже, – Ош театры гастролунан жыйырманчы июлда келсин. Жыйырма бешинде спектаклдерин барып көрөбүз. Эч кими отпускага чыкпасын.
Жыйырма бешинчи июлда министр, Шаршеев Шеримбек үчөөбүз Ошко учуп бардык. Ош облусунун маданият башчысы Мадымаров аксакалды кошуп алып, кечинде театрдан Горькийдин «Түпкүрдө» («На днесин») көрдүк. Ашым Жакыпбековго жаңыдан котортконбуз. Котормодо эч айып жок, сонун которулган. «На дненин» мааниси «Азган-тоскондор» дегенди билгизет. Искендер бул спектаклди мыкты койгон, артистер да мыкты ойногон болчу. Азыр көргөнүбүз айлада жок начар бирдеме болуп калыптыр. Шеримбекти билбейм, мен жети өмүрүм жерге кирип, спектакль бүткөнчө араң чыдадым. Күлүйпа Кондучаловна көшөгө жабылганча үн катпай отурду. Каары боюна жыйылып аткандыр деп менде жан жок.
– Ушубу мактаган театрыңар?! – деди эже какшык, каары аралаш. Мен мукактанып барып оңолдум:
– Эже, гастролдо спектаклдердин бурамалары шалдырап калат да. «На днени» мен кабыл алдым эле, сонун спектакль. Бурамаларын бекитсе эле оңолот...
– Дагы эмнеңер бар? – эже Шеримбек экөөбүздөн көңүлү калгандай бизди караган да жок.
Шылкыйып турган театрдын деректири менен Искендер Рыскуловдон сурады. Театрдын башкы режиссёру Дыйканбаев а кезде Академдрамтеатрга которулуп кетсе керек эле. Театрдын деректири Сапаров Асан:
– «Ак кеме», дагы... – деп токтоп калды эле, министр:
– Эртең ошону көрсөткүлө, – деди. Эртеси эже спектаклди чыдап көрдү да: – Мунун да бурамасы бошоп кеткенби? – деп какшыктады.
– Ооба, эже. Гастроль эле эмес, артистердин отпускасы да бошотот, – дедим.
Бул жөн эле шылтоо эмес. Чынында ушундай. Бир ай-бир жарым ай ойнолбой калган спектакль солгундап кетет, спектаклдин көркүн чыгарган көркөм боёктордун өңү өчүп, сахнадагы окуя таасирин жоготуп, көрүүчүнүн көңүлүн, ой-санаасын жибите албай калат. Дагы төрт күндө төрт спектакль көрдүк. Бири да купулга толбоду. Эженин сүрдүү кабагы оңолбоду. Сөз да сүйлөбөдү.
– Кайсы бетибиз менен Чаусовго телефон чалып, отказ кылабыз?! Кайсы бетибиз менен ушу спектаклдерди Москвага алпарабыз?! – Эже кабарып сүйлөгөндөй туюлду мага.
– Репетиция жасалса эле оңолот, – дедим. Эже мени жаңы көргөндөй тиктеп турду да:
– Анда Шеримбек экөөң калып, бурамаларын бекиткиле. Бир айдын ичинде оңдобосоңор иштен кете бергиле, – деп Шеримбек экөөбүздү Ошко калтырып, учуп кеткен.
Искендер үчөөбүз сахнада да, экинчи кабаттын фойесинде да репетиция жүргүзө баштадык. Артистерден баштап, музыка, жарык берген адистер, кийим тандап, декорация койгон жумушчуларга чейин күндөп-түндөп, кыйналган-кысталганын сезбей эргип иштеген ошондогу ынтымактуу жакшы күндөр эсимен кетпейт. Москвага барчу алты спектаклдин бурамаларын чыңап, калыбына келгенде, Шеримбек экөөбүз санаабыз тынып, Фрунзеге кайттык. Күлүйпа Кондучаловнага «баары жайын да болгонун» айтсак, эже тынчсызданганын жашыра албай:
– Опозориться этпесек эле болду деген.
* * *
1978-жылдын 20-сентябринде Ош кыргыз драма театрынын гастролу Москванын атактуу «Малый театрында» Чыңгыз Айтматовдун «Ак кемеси» менен ачылды. Быяктан үч күн мурда барганбыз.
«Москва», «Россия» мейманканаларына орноштук. «Малыйдын» ичи-тышы дегендей, аржак-бержагы менен үйүр алышып, сахнага «Ак кеменин» декорациясын коюп, жарыгын тууралап, репетиция өткөрүп, гастролдун ачыларына бир-эки саат калганда келсек, театрдын ичин эшигинен төрүнө чейин ит менен шимшилетип, баарыбызды текшерип чыкты. Көрсө, спектаклге Советтер Союзунун Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин секретары, саясы бюросунун мүчөлүгүнө кандидат В. И. Долгих келет деп сактык көрүп атышкандагысы экен.
Гастроль маалында ачылып, спектакль башталды. Повесттеги Айтматовдун философиясы, наристе баланын үзүлбөгөн үмүтү, ишеними, адамкерчилик менен наадандыктын жанаша орун сүрүшү, боорукерликтин алсыздыгы Искендер Рыскуловдун режиссурасында, актёрлордун аткаруусунда укмуштуудай таасирлүү да, жеткиликтүү да көрсөтүлгөн. Оюн аяктаганда эл кетпей дүркүрөгөн кол чабуулар узакка созулду. Көшөгө кайра-кайра жабылып, кайра-кайра ачылып турду. Москвалыктардын мыкты спектаклди урматтагандагы салты ушундай. Спектакль Долгихке да абдан жагыптыр. Анын куттуктаганын Күлүйпа Кондучаловна жадырап-жайнап айтып келгени көз алдымда. Артистер, Искендер, баарыбыз эжени тегеректеп алып, кубанып уккан элек.
Экинчи күнкү спектаклибиз М. Горькийдин «Түпкүрдө» («На дне») драмасы. Бул чыгарма, орусчалап айтканда, «Малый театрдын» илгертен берки «визитная карточкасы». А деп коюлгандан баштап репертуарынан түшө элек. «На днеде» роль аткарган актёрлордун атак албагандары болгон эмес. «На днени» «Малыйдан» артык түшүнгөн, андан ашыра койгон театр болушу мүмкүн эмес дегендей көз караш тарап кеткенби, же мүмкүн, «Малыйдын» дөө-шааларынын «кол тийбес» атагы да сүрдөткөндүр, орустун башка театрлары «Малый» менен атаандашкансып, бул драманы койгондон сүрдөчү имиш. Эми болсо Кыргызстандагы облустук аты-заты белгисиз бир театр кадимки «Малыйдын» сахнасында «На днени» ойногону келгени «эрдикпи», же «эселектикпи» деп кызыккандар болду окшойт, «Малыйдын» атактууларынын келатканын көргөндө аябай сестенгенбиз. Искендердин ошондо: «Ой, байке, булар келбейле койсо эмне!..» деп жүрөкзаада, чый-пыйы чыкканын кантип унутайын?!
«Малыйдын» кыйындары спектаклибизди кантип көрөр экен деп көшөгөнүн артынан аңдыганыбыз да эсимде. Туруп кетишпесе экен деп коркконбуз. Бири да кеткен жок. Карысы да, жашы да ордунан козголбой отургандарында сыр бардай ойдо турганбыз, тамтыгыбызды чыгара сындабагайле деп чочулаганбыз. Спектакль аяктаганда дүркүрөгөн кол чабуу, «браволоп» кыйкырган үндөр басылбай узакка созулганда да көзүбүз «Малыйдын» артистеринде болду. Көшөгө мурунку күнү «Ак кемеде» кандай жабылып, кайра-кайра кандай ачылып турса, бу саам да ачылып-жабылганы кем болбоду. Эл тараганда «Малыйдын» беш-алты көрүнүктүү артистери сахнанын артына келип, министрибизди, актёрлорубузду, спектаклдин режиссёру ким экенин сурап таанышып, жакшынакай куттуктап: «На днени» «Малыйдан» башкача да маанилүү койсо болот тура. Көптөн бери силердикиндей таланттуу спектаклди көрө элек болчубуз» дегенде, Искендер эреркегенинен үн чыгарбай ыйлап жибергенин көрүп, анын баладай тазалыгына ичим жылыган.
Гастролубуз он бир күнгө созулду. «Ак кеме», «Түпкүрдө» спектаклдеринен башка да М. Гапаровдун «Күнөстүү аралы», менин «Эртең – Жаңы жылым», М. Байжиевдин «Байыркы жомогу», грузин жазуучусу Н.Думбадзенин «Кам санаба, апасы» эки жолудан («Ак кеме» үч ирет) коюлуп, 30-сентябрде «Түпкүрдө» менен аяктаганбыз. Биримдигибиздин жоктугубу, кенебестигибизби, же кур намыстан кутулууга кудуретибиз жетпеген шорубузбу, улуттук ар-намысыбызга түздөн-түз тиешеси бар окуя көңүлүмү өйүп келатат. Гастролдогу алты спектаклдин бири грузин жазуучусунун чыгармасы боюнча коюлганын, эки ирет көрсөткөнүбүздү айттым. Экөөндө тең Москвадагы эле грузиндер эмес, Грузиядагылары бүт көчүп келгенсип, жерге батпай жайнап, белетке жетпегендери «Большой театр» менен «Малый театрдын» ортосунан автобус, троллейбустарды өткөрбөй көчө толуп, милийса, ГАИлердин айласы түгөнгөн. А биздин Москвада иштеген, жашаган, командировкадагы кыргыздарыбыз чакыруу албай калса өзүнчө келгенден намыстанып, артистерибиздин ал-жайын сурап койгонго жараган эмес. Азыр деле ошондой кокуйгүнбүз.
Он экинчи күнүбүз талкууга арналды. Ага Москванын аттуу-баштуу театр ишмерлери, ак-караны адилет баалаган профессионал сынчылар, театр өнөрүн изилдеген илимпоздор алты спектаклди талдоого алып, кыргыз драматургиясын, актёрлорубуздун таланттуулугун, айрыкча, Москвада көрсөтүлгөн спектаклдердин баарын койгон Искендер Рыскуловдун режиссёрлук ой-жоруу маданиятын жогору баалашты. Сөздү узартпаганда, талкуунун ток этер мааниси ушундай. Гезит-журналдардагы калыс макалалар да көңүлүбүздү көтөргөн.
* * *
Искендер Рыскулов тууралуу бир-эки ооз сөз айта өткөнүм туура болуп турат. Анын режиссёрлук иштөө ыкмасы (методу) бир дагы режиссёрдун ыкмасына окшобосо керек. Искендер өзгөчө жаралган талант эле. Анын мүнөзү да өзгөчө болчу. Адатта режиссёрлор спектакль даярдаганда «акыл-насаатты» аябай айтып, а түгүл бакырып-өкүрүп, көз карашын актёрлорго таңуулап, өз билгенин кылса, Искендердин «өзүм билемин» көргөн эмесмин. Автор менен болобу, роль аткарган актёрлор менен болобу, анын унчукпай «сүйлөшкөнүнө» таң калып жүрдүм.
«Унчукпай сүйлөшкөнү» дегеним – көз карашын, билгенин актёрго таңуулабаган ыкмасын айтканым. Маселен, репетиция учурунда актёрлорго «ары бас, бери бас», «ант, минт», «акырын сүйлө, катуу сүйлө» деген шекилдүү буйрук берүү Искендердин режиссёрлук ыкмасында болгон эмес. Актёр ролун «таппай» маңызын ача албай атса, Искендер ага «маанисин ойлочу», «башкараак сүйлөп көрчү» деп артисти эркине койчу. Актёр өзү тапса, табылгасы өзүнө да, көрүүчүгө да кымбат, ыракаттуу таасир этет. Актёр айдатма психологияга көнбөй тапкыч болсо, режиссёр менен актёрдун ортосунда түшүнүшүү пайда болот. Ал эми түшүнүшүү бар жерде ийгилик, ынтымак болот.
Ош театрында ийгиликтердин биринин артынан бири жаралганы, актёрлордун талантынын кенен ачылганы ошондон. Москва гастролунан кийин театрдын эки жылда бир гастролу Фрунзеде өтүп турду. Ийгилик артынан келген ийгилик баарына эле бирдей жага бербейт окшобойбу. Театрдагы ынтымак баягыдай болбой калганын Күмүшалиева Сабира эже байкаганбы, бир күнү мага: «Искенди Фрунзеге которсоңор болот эле» деп калды. «Эже, Искен кетсе Ош театры таркап кетет» десем, эже: «Таркабайт. Театр таркап эмне...» деди. «Туура, театр калат. Бирок театрдын атагын чыгарган артистер калбайт» дедим. «Атасынын театрына келип иштесе болот эле» деди Сабира эже. «Эже, – дедим мен, – атасынын театры башка, Оштогу Рыскуловдун театры башка. Эки театрдын үйрөнгөн адаты, көнгөн салты эки башка. Искенди батырбайсыңар. Жеп саласыңар. Анын кыял-жоругу, жүрүм-туруму силерге чоочун. Түшүнүшпөйсүңөр. Энеси сиз да түшүнбөйсүз аны. Ал да силерди түшүнбөйт. Искенди өз театрынан козгогондо болбойт. Быякка келсе жалгыз болуп калат» десем, Сабира эже айтканымы жактырбай калгансыды.
Искендер Рыскулов Фрунзедеги академиялык кыргыз драмтеатрга которулуп келди. Кандайча келген жол-жобосу мага белгисиз. Жаңы коллектив менен ал коошо алган жок. Жалгыздап, чоочундай жүрдү. Бирок койгон спектаклдери жогорку деңгээлден ылдыйлабады.
* * *
Баягы жылы Москвага барбай калган Академиялык кыргыз драма театры кийин 1986-жылдын июнунда «Малый театрга» гастролго барып, Искендер Рыскулов жүзү жарык кайтып келген. Ошондо да Искендер койгон «Ричард III», «Саадак какты» спектаклдери катуу макталган. Ал мактоолор Искенди ого бетер коллективден алыстатты. Айрым артистердин, драматургдардын ич тарлыгы аны ушул абалга жеткирди. Искендер өзүнө тийишкендер менен айтышып убара болчу эмес. Өзүн алагдылаш үчүн Шаршен атындагы Чүй театрында «Король Лирди» даярдоого киришти. Лирдин ролун белгилүү Болот Бейшеналиевге бергенин уктук. Театрдан өтө эле оолактап кетип, өмүр бою киного тартылып жүрүп, театр сахнасына эби-сыны жарашпаган олдоксон Бейшеналиев канткен күндө да образы татаал Король Лирди чыгара албайт дегендей күбүр-шыбырын Искендер уккан-укпаганын билбейм, Бейшеналиевдин «олдоксондугунан» кенедей да белги жок, трагедиясы ченебегендей оор, жалгыздыктын, түшүнүшпөстүктүн кайгысын тартып, өз канынан жаралган кыздарынын мансапкорлугунан кордук көргөн королдун адам чыдагыс тагдырын укмуштуудай ийкемдүү ачып, Болоттун орду сахнада да чоочун эместигин таасын жеткирген мыкты спектакль көргөн элек.
Жазуу-буйрук дейбизби, мүмкүн, көрө албастыктын кесепетинен улам күчүнө чыккан жалгыздыктын уусу түбүнө жеткендир, же СССР урагандан кийинки чыгармачылык иштен кол жуудуруп, «эшек такалатып» салган кокуйгүн доорду бүтпөс доор деп түңүлдүбү, Искендер Рыскулов Кудай Таала берген өмүрдү толугу менен сүрбөстөн эрте өтүп кетти.
Бексултан Жакиевдин “Өмүр өтөт билинбей” китебинен үзүндү