Абдинаби Даабеков: Бөлтүрүк

  • 19.05.2021
  • 3763

АҢГЕМЕ

Акмөңгүлүү тоолорду беталганэки атчан Геревшин дарыясын жээктеп жүрүп отуруп,  кең жайыкка чыгышты да,  унаа тыныктырууга токтоду. Нарыда калдыр-кулдур таш агызган киргилт сууча мына шаркырап,  жээкке келген жанды майсоочудай.  Бийик өскөн шуң даракка ат-көлүктөрүн аса байлап,  жээктеги гүлү буруксуган атыр гүлдүн астына чапан-тонду төшөп,  жамбаштай кетишти.  Саамга үргүлөп барып,  агала муруттуусу:

– Чайга от жагалы,  – деген болду,  куугандыларга колсуна.  Беркиси таш калап,  кемеге жасады да,  дайрадан суу сүзүп,  тунутту.  

Сууга мелт-калт болгон чөөгүн кемеге ичинен орун алып,  кызыл жалын кучагында ызылдап-тызылдап,  анан шарактап ташып берди.  

Коюу демделген көк чайдан шоркурата уурттап,  кичүүрөгү:

– Аба,  бул ойпутту неге “Бөлтүрүк Ой” дешет?

– Бөлтүрүктүн экөө,  наркы жээктеги үңкүрдү көрдүңбү,  ошонун оозунан табылыптыр...

 – Кандайча?

Кыңайып бараткан күндүн көзүн бир карап алып,  ичинен “бүгүн ушул жерде түнөйт окшойбуз” деп ойлогон топозчу сөзүн улады.

–  Ээ үкөм,  бул узак сөз,  мейли,  сүйлөп берейин,  сен аттарды суу жээгине тушап кел.

Басмайылы бошоп,  сергий түшкөн эки ат суу жээктеп тушалды,  эски чөптү күртүлдөтө.  Ээктешкен эки жолоочу –  топозчу узак сөздүн ширесинде көз байланганча козголбоду,  качан күүгүм ороп келатканда төшөк каптарын жая отко ыктап,  дале кобур-собур...

– Анда жашыраак кезим деген Эшага.  Кара-Төрдүн оозунда Тагач деген жайлоо бар,  коюу арчалуу,  бөрү карагат,  шилби,  суу жээги буралган аккайың,  эчки тал,  каратал,  корум четинде жыш гүлдөгөн атыргүл – ажайып жер.  Жайылган топозго көз салып,  Миң-Текенин күңгөйлөрүн дүрбүлөйм.  

Жайылган кийик,  эчки-теке күн чыга отко чыгат да,  Тамингендин кырдуу зоолоруна сиңип кетишет,  адам сейрек каттаган жайлоонун кайберендери бейкамыраак келишет. Дүрбүгө алаксып,  күн табы капталды эзе талыкшып кетипмин,  топоздордун дүрбөгөнүнөн улам баш көтөрсөм,  Миң-Текенин дарыясында кунаажын топоз мөңкүп агып баратса,  бир жээкте бөрү топоз мамалагын жонуна артып турат... Туулганына бир жумадай болгон мамалак мөөрөп,  тирүү экен,  алсыз тыбырайт,  дайрадан чыккан кунаажын көкбөрүгө тап берет да,  мамалакты ажыратуу ташпишинде,  бирок кайдан-жайдан пайда болгон экинчиси кунаажынды толорсуктап,  көкбөрү шагыл аралай олжосун өңөрө журтту. Колумдагы чып этме менен эки-үч ирет ок узаттым,  корумга корголой Таминген тарапка ооп кетишти.

Музоосунан айрылган кунаажын суу жээктеп өйдө чуркайт,  мөөрөп-коркулдап төмөн чабат,  айласы кете. Көзүм илингенине өкүнө козголуп,  корум аралаган бөрүлөрдүн изин куудум. Корум таштын арасынан из табуу кыйын,  карт бөрүлөр өлсө кумду баспайт,  же жалпак таш менен,  же көк чөп менен кетишет из жазгырып.

Бир жума бою акмаладым,  Узун-Кырдын күнгөй-тескейин,  Эгин-Жайдын караган-черин,  Бел-Көлдүн тескейин,  Тамингендин Ак-Таш,  Түбөгүн,  бир жума Кара-Төрдүн муздуктарын...

Ың-жыңсыз,  эртели-кеч дүрбүлөйм,  учкан сагызган,  жорткон жорулардын,  зоокадагы кажырлардын тобун аңдыйм,  бөрүдөн калган тарп-арамга түшөр деп.

Бир күнү Эгин-Жайдагы картөшкө отургузгандар келди,  өкүнүп, сөгүнүп.

–  Жаңы кулундаган бээни жарып,  кулунду алып кетиптир...

Демек,  булар –  бөлтүрүктүү бөрүлөр! Торпок,  музоо,  козу-улак,  тай-кулун алганына караганда! Бөлтүрүктүү бөрүлөр күндүз уктап,  түнү жортот,  жакын жерден мүлк-жем албайт,  алыстан,  чет жерден жем издейт...

Буларды Тамингендин күнгөйүнөн,  же Катар-Сайдын арчалуу колотторунан издөө керек!

Өнөктөшүмө топозду калтырып,  түн жамына Тамингендин тескейине келдим да,  коюу арчанын арасынан күнгөйдү тинте дүрбүлөдүм.  Жок,  көрүнбөдү,  эки түнөп кайттым,  козголбодум,  от жакпадым,  карыш баспадым...

Кийинки жума Узун-Кырдын төбөсүн кесип өтүп,  Катар-Сайга жеттим да,  урчуктуу зооканын тектиринен дүрбү салдым,  Катар-Сай,  Тодонун күнгөйү,  Кара-Дабан алаканга салгандай ачык. Кыбыр эткендин баары дүрбүдө,  бир гана жуп бөрү илинбеди.

–  Угуп жатасыңбы же уктадыңбы?

– Жок,  аба,  айта бериң кызык экен...

Кечке жуук Катар-Сайдан кайтып,  Узун-Кырдын башынан Тагачка ооп келатсам,  бир капталдан кемирилген жаңы баш сөөк табылды,  козубу,  улакпы,  билбедим,  бирок жаңы...

Ушул чөлкөмдү аңдаштырууну ойлодумда,  конушка келдим. Дагы бир мамалак уурдалыптыр!

Эки күн бою Ак-Тумшуктан,  Тагач менен Узун-Кырдын туташкан арча-токоюн дүрбүлөп,  кечке жуук топ арчадан эрчише чыккан эки караанды таптым, ушулар!

Жайлоолош чабандарды чогултуп,  бир күн кечке тинттик да,  топ арчанын четиндеги жалпак таштын астындагы ийинди таптык,  эч ким ал жерди бөрү бөлтүрүктөйт деп ойлобойт,  коюу арча,  төшөлгөн жайлоо,  туш  тарап ээн,  жайнаган гүл,  учкан-конгон көпөлөк,  бир гана ийин оозу ызылдаган көк чымын... Түш оой чаалыгып,  аянттагы жалпак ташка көчүк баса үргүлөп отургам,  кайдан-жайдан уюлгуган көк чымын ороп,  мазамди алды,  оюма лак келе түштү,  бөрү уялаган жер чымындуу болору.  Таштын астын эңиле карап...

Бирөө күзөтүп,  үчөөбүз ийиндин оозун кеңейттик,  улам нарылаган сайын сасык жыт,  малдын башы,  тарп,  сөөк-саак...

Кол чырак жарыгында төрт бөлтүрүк үлүрөй карайт,  таңыркай,  коркуу билбей,  бала бөрүлөр баёо карайт,  көзүн жылтырата.

Төрт бөлтүрүк колго тийип,  ийинден чыктык да,  тегерек-четке көз салдык,  ээн.

Бөлтүрүктөр көзүн ачып-жума борсоюп,  ары-бери эмчек издейт,  түрткүлөп.

– Эшага,  эми эмне кылабыз,  буларды?

–  Ойлонолу...

– Алып кетсек,  бул бөрүлөр жайлоону куурат,  жалгыз-жарым адамга кол салуудан да тартпайт,  бала алеми жаман...

Чабандардынбири:

– Илгери карт мергендер күчүктөрдүн көзүн чегип,  ийинге калтырган экен,  ошентсекчи?!

–  Ким чегет,  кимдин колу барат,  баладай баёо жайнаган көз каректи?

Дагы бири бөлтүрүктөрдү байлаштырып коюп,  канчык-дөбөттү аңдууну сунуштады.

– Ээ үкөлөрүм,  бул бөрүлөр эртеден бери бизди бир паанадан аңдып отурат,  келе албай,  оңой менен келишпейт.

Бир мезгилде укканым бар,  ошентели,  эски геревшиндик мергендердин илеси,  ошолоң...

Ээр кашында илинген ашкалтаны алдым да,  ичиндегилерди жалпак ташка төгүп салдым.

Дайым кошо жүрүүчү сейпара (чоң ийне) жиби менен экен,  бычак,  шибеге,  мом-чакыч жана башка талаада бут кийим сөгүлөт,  тон жыртылат дегендей. Бөлтүрүктөрдү чалкасынан жаткыра колу-бутун чабандарга кармата,  өзүм кендир жип өткөрүлгөн сейпара менен заңдоочу тешикти каптын оозун тиккендей тиге баштадым.

Учтуу сейпара жумшак этти оңой эле тепчип жатты,  кендир жип оңой өтсүн үчүн момдон койгом.

– Атаң көрү,  бөрү баласы кыңк этип койбойт,  ийне сайылганда гана бир аз эти жыйрылбаса,  башка учурда кыңк этпей мелтиреп жатышат...

– Э аба,  убал го?

 – Бөрүлөр убалды билбеди го...

–  Жөн эле койбойлубу,  күнөөсүз күчүктөрдү.

–  Күчүк бөрү болот,  бөрү пейилин улантат!

Төрт күчүктүн арткы тешиги тигилип бүтүп,  чөпкө коё бердик эч нерсе болбогондой,  тимшилеп ары-бери ойношот.

Бөлтүрүктөрдү ийиндин ичине киргиздик да,  оозун таш менен калкалап,  жолго түштүк,  Тагачка карай.

– Эми эмнеболот,  Эшага?

 –  Бөрүлөр алыс-алыска кетет,  биздин малга да кол салбайт...

–  Кандайча?!

Жупташкан бөрүлөр Миң-Текенин коюу арчасынан чыкпай,  бөлтүрүктөр калган ийинди эки күн,  эки түн аңдып,  үчүнчү түнү кезектешип жойлоп,  Катар-Сайдын коктусуна түшүштү.

Оор түн тоокойнун ороп,  шыбыргак жаан аралаш ийинге келишти.  Дөбөтү сыртта калып,  канчыгы адам жытына заарканса да,  коркунуч жүрөгүн мыжыганга кайыл боло ийинге сойлоду.

Эне бөрүнүн деми бөлтүрүктөрдү ызы-чууга салып,  эки күн-түнгө созулган ачкалык,  жылуу сүт даамы кумар козутуп,  баладай улуп-уңшуп чый-пый...

Эне бөрү да көзүнүн оту чачырап,  жүрөгүнүн дүкүлдөгү куду ийинди жарып бараткандай.

Күчүктөр аман,  соп-соо,  көздөрүнөн шам жанып,  канчыктын коюн-колтугуна тыгылышты. Сүт тээп-ташкан жумшак эмчек таңдайга бал болуп агып жатты,  ага берди. Эне бөрүнүн көкүрөгү балкып,  бүт турпаты эрип,  өзүн жогото магдырайт...

– Эй адамзат,  сага ыраазымын,  тийбепсиң наристелериме,  кетем,  алыс кетем,  мен да тийбейм,  сенин каралдарыңа...

Төрт бөлтүрүктүн бою мамак соруп,  канчыктын жылуу чатына ырахаттана суйсалып уктап кетишти. Канчык да козголбоду,  өзүн чексиз ырыстуу сезди.

Таңга жуук дөбөт бөрү ийинге тыгылды да,  бөлтүрүктөрдүн амандыгына шүгүр кыла,  сулк жатты. Ата болуу азабы кандай оор? Качан бөлтүрүктөр баш көтөргөндө эки-үч кулгуп-окшуп сулп эт кусту да,  карап жатты.

– Амандыгыңарга шүгүр,  батыраак жем таап калгыңар бардыр...

Күн төбөгө келип,  кадимкидей көк чымындар ийин оозун дүрбөтөт да дөбөттүн колтук-чатын дуулдата кан сорушат,  чолок куйругу менен коргонгон болду,  болбоду. Ийин оозунан кыр ашып бараткан күндү карады,  күр-күр эте канчык да сыртка обдулду.  Ойгонгон бөлтүрүктөр ийин ичинде чуу түшө заңдай албай убара,  эне сүтү,  кулгуган эт ичегини сыгып  баратты,  байкуштар очойо отурат,  бирок  бирок...

Эне бөрү улуп-уңшуган күчүктөрүн колу менен ургулап,  ары-бери тоголотот,  добушту басуу аракети менен.

Бир аз тыныгып,  анан кайра кыңкыс-кыңкыш баладай ыйынгансыйт.

Жуптун аң-таңы эми коркунучка айланды,  анткени бөлтүрүктөрдүн улуп-уңшуганы адам пендесине угулса эмне болот?

Муну туйган эки бөрүнүн денеси дүр-р...

Эми дөбөтү да бөлтүрүктөрдү биринен сала бирин тумшугу менен түрткүлөп,  ургулап-тыйып көрдү. Кайдан,  заңдай албаган бөлтүрүктөр бир пастан соң дагы эле ый-ын чыгууда. Түн бышканда экиден бөлтүрүк сүйрөгөн бөрүлөр Катар-Сайдын оозундагы эски ийинге келишти,  эне бөрү бөлтүрүктөргө ыкылас менен эмчек салат,  бөлтүрүктөр бир аз соргон болуп,  кайра эле өчөйө-чөчөйө заңдоого барышат да,  тумшугун созо озоңдойт.

Бирди-жарым адам караса угат деген туюмда бөлтүрүк тиштеген бөрүлөр тээ көчкү конуштун астындагы зоока көңүлүнө келишти, адам карасынан жазганып,  сактанып. Кыңкыс-кыңкыш басылмак тургай эми бөлтүрүктөр ачык эле чаялап үрө баштады. Эки бөрүнүн эси кетип,  бири эмчек салса,  бири чөпкө тоголото опузалайт.

Чаялаган заар добуш бүтүндөй Тодо-Кыр жайлоосуна угулгандай. Демейде,  күндүз жол баспаган бөрүлөргө күн-түн бирдей азап болду,  алмак-салмак күчүк ташып,  жер которуу,  тыйылбаган чаялоо эсин эки,  жүрөгүн төрт бөлдү го...

– Ай адамзат,  эмне шойком кылдың эле? Эки-үч күн бою наарлоо да эстен чыкты,  эси-көөнү бөлтүрүктөрдүн чаясын басуу,  адам баласына көрүнбөө,  алыска,  ээнге кетүү...

Тодо-Кырдын табияты катаал,  күн бүркөлүп жамгыр,  кар аралаш бурганак да башталат,  кайра чакчая күн тийет.  Ушундай кыйгас түндө бөлтүрүк ташыган эки бөрү Коңур Кырдын тескейи менен уруп согуп,  шамалдуу жондогу коңулга бир токтоп,  эне бөрү узак улуду,  анткени бөлтүрүктөрдүн бири эчак эле сулк түшкөн,  курсагы чандайып.

Эми дагы бир азаптуу күн тууду тагдырга,  өлгөн бөлтүрүктү же алып кете албай же таштап кете албай,  экөө эки жерде жер чапчыйт,  шагыл кажып.

Ак-Теректин жоносу менен түн бою өйдө-төмөн бөлтүрүк ташып,  суй жыгылган ата-эне бөрүлөрдүн бели кынжыйып,  башы кеңгирейт,  заар,  ыза,  азаптуу бала өлүмүнөн.

Кыйгас гүлдөгөн кызыл четиндер токоюндагы шагылдуу ийинге келишкенде дагы бир бөлтүрүгү жан таслим болду,  дуңкуюп-чендейип. Ызасына ууккан канчык дөбөтүн капталын бурай каап-каап алды.

Бир каңк эткен дөбөт,  өлгөн бөлтүрүгүн тиштей кыр ашты да,  Куру-Сайга салды,  улуп-улуп. Эми чаялоого алы келбеген эки бөлтүрүгүн алмак-салмак ташыган канчык бөрү Ак-Дөбөдөгү алтыгааналуу колоттон таңкы үрүл-бүрүлдө жыгач көпүрөгө көз сады.

Таң атканча жортуп өтө,  Беш-Кепедеги эски ийинге жетмекчи.

Үйлөнгөн чаначтай шишиген бөлтүрүктөрдүн тумшугу небак үшүп,  кынкысы жоголгон. Жыгач көпүрөдөн чуркап өтө суу жээктеп өскөн камыштарга бой уруп,  карт дарактын түбүнө бир бөлтүрүгүн калтырып,  экинчисин кумдуу жардын боорундагы кемерчеге жеткенде өйүздөн ат дүбүртү угулду.

Таңкы үрүл-бүрүлдө көк атчан тапырата бастырып жайыктан көрүндү. Дарак түбүндө калган өлүк бөлтүрүгүнө жетип,  чала-була бурдай чуркаганда тарс эткен заар үн угулуп,  капталы ысып түштү,  токтобой чаап,  кумдуу ийин оозуна жетти да бөлтүрүктөрдүн ортосуна жата калып,  ок жаңган капталын эки-үч жалады да сулк жатып калды. Көзүнөн шоргологон жашты көк аттуу көргөн жок. Көк аттуу өз көйү-ызасы менен ферма башчысына бараткан,  жайы-кышы топоз бар эле,  аны баккан топозчунун акыбалын ойлобогон мерезге.

Өлүккө айланган бөлтүрүктөрдүн ортосунда онтоп,  ок үзгөн жүлүнү жанын суурган бөрү канчык көк таштай мелтейе үзүлүп баратты,  аалам аңтарылып,  ага кошо бирде дөбөтү,  бирде бөлтүрүктөр алыстан жакындап тегеренип,  улуп-уңшуп.

Эки-үч күндөн соң оозу-мурдуна,  көз кычыктарына итчымын,  көкчымын конуп,  майда агыш ак сиркенек курттар быжырай-кыжылдап.

Аңгыча сасык жыт бул ойдуңду ээлеп,  удургуган шамал геревшиндиктерге дайын кылды,  бөрү бөлтүрүктөр өлүмүн...

Ак-Татыр айылы

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз