
Казак менен кыргызды кулдук аң-сезимден, колониалдык жана советтик терс таасирлерден тазалоо үчүн эмне кылуу керек?
(2031-жылга чейин РКда эмне кылуу керек, башкача айтканда Казакстандын Көзкарандысыздыгынын 40 жылдыгына карата түйшөлүүдөн улам чыккан казак окумуштуусунун сунушу.)
Орус колониалдык эзүүсүнүн залакасы же советтик адилетсиздиктин терс таасирлери (көбүнчө орус шовинизми дегенде) жөнүндө сөз болгондо көптөр дароо эле улуттук кур намыстын жетегинде күйгүлтүккө түшүп, бүткүл орус дүйнөсүнө шек келтирген жаман сөздөрдү айтып, жер сабаган каар менен ак-каралуу ал кезди, буга жол берген бүткүл системаны каралап жатып калышат. Тар чөйрөдөгү бул сыяктуу күңкүл кептүү, тар түшүнүктүү терс жоруктарды, албетте, сереси бийик жерлерге чыгарганга, бийик үндө айтканга болбой (мындай көрүнүштөргө бизде жол берилиши да мүмкүн эмес) турганы сокурга да айдан ачык көрүнүп турат.
Анткен менен ушундай көрүнүшкө теңтайлаш маанидеги көптөгөн казактардын аң-сезимине орногон, ал тургай улуттун акыл-эси деген интеллигенция өкүлдөрүнүн, кээ бир искусство адамдарынын, көрүнүктүү саясатчылардын мээсиндеги эски боткодой бүксүгөн өткөндү эңсөөнү, колониалдык саясат менен советтик тарбия мээге кадаган “старший братка” болгон кулчулук аң-сезимди, “оруска кошулсак коммунизм кайра келет эле” деген кемчонтойдукундай байоо ойду кайда катабыз. Мында кандайдыр бир идеяга таянбаган, бийик ынанымга туура келбеген, бардыгынан жогору турган ой-түшүнүктөргө сыйбаган, улуттук баалуулуктарга каршы келген, адамдын аргасыздан күлкүсүн келтирген тар түшүнүккө биз эч качан кайдыгер карабашыбыз керек...
Мындай маңкурттукка тете түшүнүктү ак падышалык доор менен совет мезгил берген (казак элинин 300 жылдык колониалдык көзкарандылыкта жашашы) тарых сабактарынын үстүнөн чала-чарпыт ойлонгондук, материалдык байлыктын кулу болгондугунан улам өткөндүн кээ бир артыкчылыктарына азгырылгандык жана билимге сугарылып турса да, улуттук ар-намыстын “А” арибин тааныбаган сабатсыздык жаратууда.
Ал кездеги руханий кемчонтойлуктан, ак-караны айырмалай албастыктан, ички ынанымдагы башаламандыктан, чындыктан алыс бүдөмүк элестерди ээрчүүдөн улам коммунизм сыяктуу кулакка жат болуп бүткөн кооз кыялдар акыл-эске тамга болуп басылган, жан дүйнөдө жаңырып тургандай кылып советтик акыл-насаатты, орус элинин баатырдыгын даңазалаган тарых жаттатылган, элди эл кылар улутубуздун маданий казынасын, рухий сандыгын толтуруп салган.
Мындан улам азыркыга чейин жаш-карысы аралаш көп казактардын (таң калыштуусу, совет доорун көрбөгөн жаштар да ошол кезди эңсейт десең!) жана казакстандыктардын аң-сезиминен советтик тоталитардык режимге болгон эңсөөнү, советтик айдама жашоого болгон кумарды, ошол системанын өзөгүн түзгөн коммунистик идеяга болгон ынанымды куралданбаган көз менен же баамчылдык жөндөмү жок эле айкын байкоого болот.
Бизде баары эле советтик казактардын көптөгөн муундары катаал тыюулар алдында сөз эркиндиги эмне экенин билбей жашап өткөнүн, бул абдан кайгылуу жана коркунучтуу чындык экенин жеткиликтүү деңгээлде түшүнө беришпейт. Дал мына ушундай чектөөлөрдөн улам көптөгөн трагедиялар жана чаташуулар жаралган. Ал эми кино тасмаларда, театрда, ТВда, көркөм чыгармаларда, окуу китептеринде тарыхый чындыктын көз көрүнөө бурмаланып чагылдырылышы, эркин ой жүгүртүүнү тыюулар, чындык чырылдап жатса да унчукпай кутулууну адат кылуулар, алдамчылык жана демагогия сыяктуу пастыктар улуттук аң-сезимди мокоткон, акыл-эсти чаташтырган, элди элдигинен адаштырган, орден-медалга умтулган жарма патриоттордун армиясын өстүргөн. Андыктан Советтик катаал цензуранын бул чырмалышкан желесин жандыруу оңойго турбайт.
Колониалдык саясат басмырлаган аң-сезимден арылыш үчүн (деколонизация) Элбашы – улуттук лидер Нурсултан Назарбаев аркылуу “коомдук аң-сезимди” жаңылоо деген стратегиялык тапшырма такталып, тиешелүү органдарга тапшырылды. Бул аракет улуттук аң-сезимди уруучулук, жердешчилик сыяктуу зыяндуу эскичиликтерден, совет мезгилин эңсөөдөн, коммунистик жаңылыш көз караштардан, диний экстремизмден жана башка адамдын башын айландыруучу коркунучтардан Казакстан Республикасын сактоо, маданий-маалыматтык көз карандысыздыкты жана улуттук коопсуздукту бекемдөө болуп саналат.
Казактар мамлекет түзүүчү этнос катары идеялык биримдик үчүн жана өлкө элинин рухий жактан өсүүсү үчүн жооптуу, андыктан колониалдык аң-сезимден жана совет доорунун терс таасиринен коомду арылтуу ага аба-суудай зарыл. Негизи этностун аң-сезиминин тазалыгы жеке адамдын акыл-эси ордунда болушу сыяктуу эле эң маанилүү маселе, ковидден кийин адамдын калыбына келишиндей зарылдык. Өзүлөрүнө көзкаранды элдерди ченеп-бычкан калыптарына салган, буйрукчул нускоосуна көндүргөн эски колонизаторлордон келе жаткан бурмаланган түшүнүктөрдөн жана болумуштардан кутулуу – бул убагында колониалдык кулчулуктан арылган Азия жана Африка элдери жасаган туура аракет. Көп өлкөлөр бул тарыхый улуу жараянды ХХ кылымдын 50–60-жылдарында баштарынан өткөрүшкөн (такыба көз карашка салып караганда бул Кудай колдогон социалдык адилеттүүлүк болуп саналат). Колониалдык аң-сезимден кутулуу – бул элге жамааттык ээрчимеликтен арылууга чакырык таштоо.
Кудайсыз бийлик кырган, бейкүнөө шейит кеткен, шахиддерче жан кыйган биздин улуттун миңдеген каарман мүнөз уулдарынын арбактары рухий жактан кайра күрөшүү мүмкүнчүлүгүн күтүп жатышпасын деген жолбун мүнөз ары сырдуу, ары сүрдүү ой келет... Же болбосо бейкүнөө депрессиялангандардын “айылдарында”, Казак ССРинин “атомдук конуштарында” камыгып жатып өз өмүрлөрүн жөн гана өткөрүп жиберген миллиондогон “советкандар” менен “кеңешкулдардын” тагдырын ошол кездин адилетсизиктерин көрмөксөн болгондорго ачып бериш керектир...
Бул аздык кылса Совет доорунда жашап өткөн адабият, искусство, илим генийлеринин (Мухтар Ауэзов, Мукагали Макатаев, Шакен Айманов, Султан Ходжиков, Ануар Алимжанов сыяктуулардын ж.б.) көкөйдөгүнү сыртка чыгара албай тилин тишине катып жашоого мажбурланганын, жарым гана чындыкты жазып, чыгармачылыгын чектеп, ошол доордун көп сырын көргө өзүлөрү менен кошо ала кеткенин сөөк какшата саймедиреп айтып бериш максатка ылайык келеттир...
Жан дүйнө түпкүрүнө кырмычыктай жабышкан советтик кусалыктан элди кутултуп, улуттук аң-сезимди кайра жаратыш үчүн тарыхый эс тутумду толугу менен калыбына келтирүү талап кылынат. Башкача айтканда, жарандарды ошол доорду туура түшүнүүсүнө, аңдап-билүүсүнө жардам берүү максатка ылайык келет. Бул үчүн тарыхый фактыларды, окуяларды, советтик адилетсиздиктин запкысын тарткан улуу адамдардын жана жөнөкөй кишилердин кейиштүү тагдырын мисал келтирип, совет өлкөсүнүн чыныгы жашоосун сүрөткө тартып берүү керек, “Казактардын тарыхындагы көз карандылык доору” деген сыяктуу бүткүл улуттук долбоордун деңгээлиндеги түшүндүрүү талкууларын уюштуруу, аны күчтүү интеллектуалдардын, элге таасири күч чыгармачыл адамдардын, тиешелүү адистердин катышуусу менен кызыктуу улантып, ынанымдуу түрдө совет адилетсиздигин тастыктоо менен жарандардын аң-сезимине “антисоветизацияны”, маданияттуу “русофобияны”, ар кандай идеяларга телинүүчүлүктү, башкаларды ээрчимеликти, көзкарандылыкты жек көрүүчүлүктү жана башка улуттук кызыкчылыктарга туура келген ой-сезимдерди ойготуу максатка ылайык.
Коркунучтуу муштум түйүүлөр, тиш кычыратуулар, өткөндөрдүн кылыгы үчүн учурдагыларга күч жумшап өч алуулар жабыркаган жан дүйнөлүү, гүлдөп-өсүүгө муктаж казак элинин өзүнө эле чоң зыяндарды алып келет.
Колониалдык аң-сезимден казакча арылуу – бул чыр-чатактын жолу эмес, желмогузча ой жоруу болуп да саналбайт, тескерисинче, ал аң-сезимди руханий жактан тазалоо, жан дүйнөнү аруулантуу, жогорку түшүнүккө ээ болуу, бийиктикке көтөрүлүү, азыркы кезде үстөмдүк кылып турган тайкы түшүнүктүү, пас жоруктуу, ар-намыссыз “менден” арылып, ордуна бийик максат-мүдөөлүү улуттук “Менди” жаратуу. Акыл-эстүү адам совет дооруна болгон кусалыктан чындап арылуу данды чардан бөлүп алган сыяктуу аң-сезимди тазалоо экенин, жалганы көп артка кылчактабастан жаркыраган келечекке умтулуу болорун, “элдердин достугу” “улуу ага”, “улуу орус революциясы элдерге боштондук алып келди, бакыт берди” деген сыяктуу ойдон чыгарылып, жан дүйнөгө мыктай кагылган балит идеологиянын салдары экенин айдан ачык көрүп турат.
Бир гана советтик колониалдык кез жөнүндөгү чындыкты толук ачып берүү менен, коммунистердин кара күчкө сыйынган бийлиги өкүм сүргөн доорго адилет мамиле жасап, тарыхый туура баа берүү аркылуу биз Христианчылык ишениминин чыныгы жарыгын, бүткүл Орусиянын “Ыйык Русь” деген анык улуулугун көрүп, калыс баабызды бере алабыз. Ыйык Руска болгон урматтоонун ордуна көптөгөн “сокур” казактар башка советтик таасирден чыга албаган элдердей эле ушул кезге чейин “оруска кошулсак оңолмокпуз”, “ошондо коммунизмде жашаппыз” деген сыяктуу ойлонулбаган сөздөрүн айтышып, башка шири кийип, кулчулук аң-сезимден улам жаралган оруска болгон “сүйүүсүн” өчүрө албай, анын алдына чөгөлөгөндөн, ыпылас бутун өпкөндөн кайра тартпачудай болуп, эркиндик деген эмне экенин түшүнбөгөн, Кудай берген көзкарандысыздыкты көр турмуштун айынан сезбеген, улуттук сүйүүсү жок топураган көпчүлүктүн жана азыркы орус империясынын шумдуктай кара күчүнө таянып, “Советтер Союзу” деген кудайсыз желмогузду тирилтүүнү көксөп келишет.
Демек, 30 жылдык Эгемендигибизди майрамдагандан кийинки он жылдыкта, тактап айтканда, 2031-жылга чейин казактар, эгер алар чындап эле өзүлөрүн калыптанган улут катары эсептесе, ошол колониалдык доорго чындап изилдөө жүргүзүп, илимий чечмелеп, совет доорунун тарыхына (“Жуучу улусу институту” ж.б. ордуна Казакстандын Советтик тарыхы институн ачуу керек окшойт) туура баа берүү менен аны эңсегендердин көзүн ачып туруубуз керек. Бул иштердин алкагында өткөн кылымдын отузунчу жылдарынан эгемендик алган токсон биринчи жылга чейин жарык көргөн казак улутуна жана Казакстанга тиешелүү китептерди, илимий иштерди, жалпы эле маданий мурастарды иреттеп-талдап (ревизиялап) чыгуу максатка ылайык келет.
Албетте, бул иш боюнча абройлуу адамдардан, казак каада-салтын жана тарыхын жакшы билген адистерден турган, ошондой эле казак эмиграциясынын биринчи толкуну менен тышка кеткендердин тукумдары да катышкан (советтик маңкуртчулук менен оорубаган), казак эли боюнча эксперттик кылган ар түрдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү да курамында бар, этнопсихологдор, культурологдор жана башкалардан куралган Комиссия түзүш керек.
“Көз карандылык” доорундагы "made in USSR" деген белгинин алдында казак маданияты жараткан чыгармачылык өндүрүмдөр жана башка иштер адилеттикке таянып, сынчыл көз карашка салып ирээттелип, туура баа берилиши кажет, мисалы азыркы кезге чейин жергиликтүү ТВ-каналдар тарабынан ободо жүгүртүлүп жаткан белгилүү тарыхый тасмалардагы “кедейлер табынын душмандарына” жана башка улут азаттыгы үчүн күрөшкөндөргө (басмачыларга) терс каарман катары көө шыбамайлар токтотулушу кажет.
Мезгилдин, илимдин, адеп-ахлактын жана Улуу адилеттиктин бийиктигинен караган, эркиндик менен колониалдык көзкарандылыкта жашап, экөөнү таразалап көргөн, андыктан кыйла эс тарткан, глобалдашуунун агымындагы демократиялуу өлкөдө, эркин өнүгүүнүн шарданында дүйнөлүк коомчулуктун тең укуктуу бир мүчөсү катары бара жаткан, өткөнгө туура баа берүүгө жана учур боюнча акыйкат чечим чыгарууга милдеттүүбүз.
Советтик мурастардын ак-карасын талдаган, талаш-тартыш менен кайра чечмелеп чыкканга аракет жасалган мындай улуттук долбоорду кызылдай чындыкка таянып (жарым-жартылай чындыкка тойдук), эч кандай өтүрүктүктү өткөрбөстөн, жалганга жалганбастан, демократия ынанымдарын туу тутуп, сөз эркиндигин жардамга чакырып, эч кандай тоталитардык бийликтин зыяндуу идеологиясына сугарылбаган, ага тиешеси да жок, өзүнө туура баа бере билген башка элдерди жана бөлөк маданияттарды калыстыкка чакыруу менен жүргүзүшүбүз ылаазым.
Ошондой эле советтик доор боюнча бул бүтүм чыгарууга сасык саясат аралашуусуна жана болжолдонгон ой-пикирлер өткөрүлүүсүнө жол берилбеши керек, башка мамлекеттердин тарыхка жасаган туура мамилесин үлгү тутушубуз кажет (мисалы, ХIХ кылымдагы Напалеондун Орусияга кол салышы азыркы орус-француз мамилелерине жана маданий байланыштарына эч кандай таасирин тийгизе албайт). Анан дагы бул Комиссия жана РКнын жаңы Идеологиясы Ата-Мекендин тарыхы жаатында же көркөм чыгармалар боюнча берилген бааларды, Советтик идеологиянын казак элине тийгизген таасири боюнча чыгарылган бүтүмдөрдү КМШ, ЕАЭС жана башка өлкөлөргө таңуулабашы, ушул сыяктуу аракеттерди жасабашы керек (мисалы, моңголдор Чыңгызханга берген өзүлөрүнүн баасын башкаларга эч качан таңуулаган эмес, бул өлкө ал тарых каарманына карата өз көз карашын өзү негиздеп, башкалар берген бааны кабыл албайт. Тарых кандайдыр бир деңгээлде жеке көз караштуу жана улуттук айырмачылыктарга ээ, андыктан аны талашып кереги жок, ал эң негизгиси бузуп-жаруучу күчтөргө кызмат кылбашы керек).
Казак аң-сезимин советтик идеологиянын терс таасирлеринен тазалоого, өлкөбүздүн башкы улутун эскиден арылтып, жаңычылдыкка тарбиялоого эч ким кайдыгер калбашы керек, улутубуздун алдыңкы уулдары баштай турган бул жүрүшкө РК аймагында жашап жаткан башка бир тууган улуттардын сергек ой жүгүрткөн алдыңкы азаматтары да четтебеши абзел. Алар дагы кандайдыр бир деңгээлде советизм оорусун жуктурушкан. Биз менен бир чамгарактын алдында жашап жаткан бөлөк улуттар көп эле жолу угуп жүргөнүбүздөй казак элине абдан ыраазы. Ооба, качандыр бир ата-бабаларын ачкачылык шарттаган өлүмдөн сактап калып, баш калкка берген башка улуттагы мекендештерибиз казак элинин жана Казакстан республикасынын бул руханий кайра жаралуусун бир добуштан колдойт деген ойдомун. Баса, бул кайра жаралуу жараянында Жер жүзүн бардык балээлерден сактап, адамдарды Жараткан менен байланыштырып турат делген диндер жана алардын башчылары чоң роль ойношу керек.
Коммунисттик жана колониалдык жомокторго эмес Улуу Жаратканга ишеним гана (улуттан жана диндерден жогору турган) баарыбызды жана ар бирибизди жамандыктардан сактап келген, сактай берет. Ишеним, Руханият, Адилеттүүлүк, Адеп-ахлак, Бир туугандык, Тынчтык, Ар-намыс, Демократия, Калыстык, Тилектештик, Шайкештик жана башка жакшылыктар биздин дайымкы умтулуубуз болушу керек. Улутчулдук, согуш, зөөкүрлүк, жемкорлук, алдамчылык жана башка балээлер биз кылуудан качкан кылмыш, түп тамыры менен жок кылгыбыз келген жамандык болушу керек.
“Акыйкат келди, жалганчылык жоголду! Чынында, жалган акыры жоголуучу жамандык!”
Назира НУРТАЗИН, тарых илимдеринин доктору
Алматы, Казакстан
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.