АҢГЕМЕ
Сэнгстрем «Дарыкана» деген көрнөгү бар үйгө баш бакты. Мында ырай-жороюна караганда жөнөкөй, кай курактарга келип калганы билинбеген адамдан башка жан жок эле. Ал, ушул үйдүн кожоюну - дарыгер болучу. Үнүн пас чыгара ага кайрылды:
- Менин угушума караганда... - деп келатып, кимдир-бирөөлөр булуң-буйткада турбады бекен деген кыязда айланага көз чаптырып өттү. Экөөнөн башка жан жок экенине көзү жетти. Антсе деле үнүн жанагыдан пас чыгарды: - Сизде адамдын организминде изин калтырбай турган уу бар экен...
Дарыгер «ооба» дегендей башын ийкеди. Тосмодон чыгып, кире беришке «Жабык» деген көрнөктү илди да, мейманды төркү бөлмөнү көздөй ээрчитип жөнөдү.
- Мен эми эле биртке дем алайын деп турдум эле. Бир чыныдан кофе ичип олтуруп сүйлөшөлү, - деди ал. Сэнгстрем каршы болгон жок. Төркү бөлмө текчелерге толтура экен. Аларга башынан аягына чейин медициналык ар түркүн аспаптар жыш тизилиптир. Дарыгер кофе кайнатуучу чайдоосту токко туташтырып, эки жагына эки жумшак орунтук коюлган кууш столго койду.
- Кана эмесе, - деди ал жайланыша олтурушкан соң, - сөз сизде. Эми мен бардыгын кунт коюп угууга даярмын. Сиз кимди жок кылууга ниеттенип жатасыз, анын жөн-жайы кандай?
- Аны билүү ошончолук эле маанилүүбү? - деп сурады Сэнгстрем жооп берүүнүн ордуна. - Мен сизге төлөп жаткандан кийин...
- Албетте, өтө маанилүү, - дарыгер тигинин сөзүн чорт бөлдү, - сиз ошол ууну алышка татыйсызбы, жокпу - менин билишим керек. Болбосо... - Ал эки колун эки жакка жая берип, ийнин куушуруп койду.
- Болуптур анда, - Сэнгстремдин макул болбоско чарасы калбады. - Кеп менин жубайым жөнүндө. А бу кадамга барууга мажбур болуп жаткан жагдайым болсо, мындай...
Ошентип, Сэнгстрем өзүнүн үй-бүлөлүк турмушундагы чубалжыган, баш-аягы билинбеген окуяны баяндап, саймедиреп кирди. Аңгыча чайдоостогу кофе боркулдап кайнап чыкты. Кожоюн эки чыныга мелт-калт куюп, бирин алдына коюп, экинчисин мейманга сунду. Сэнгстрем жыты буркураган даамдуу кофеден ууртап коюп, сүйлөй берди. Кыйлада барып токтоду.
Дарыгер кайрадан башын ийкеп койду:
- Чынында адамдын денесине эч из калтырбай турган уу бар, кээде аны адамдарга берүүгө туура келет. Муну эсиңизге тутуп коюңуз, мен аны сатпастан бекер берем. Ооба, ал үчүн акы албайм. Бул үчүн болгону айтылган окуя көңүл бурууга татыктуу экенине ишенишим гана керек. Бирок сиз ишенип коюңуз, буга чейин далайлардын ажатын ачтым.
- Эң сонун! - Сэнгстрем жандана түштү. - Андай болгон соң мага да бериңиз.
Дарыгер улутунуп койду:
- Мен аны сизге бердим. Бардыгын ичип койдуңуз. Кофе кайнаганча бул ууга сиздин татыктуу экениңизге көзүм жетти. Жана айткандай, сиз аны бекер ичтиңиз. Менде ууну жандырып жиберүүчү дары да бар. Балким, сиз аны да алгыңыз келет чыгар. Бирок ал белгилүү бир баага сатылат.
Сэнгстремдин жүзү заматта кубара түштү. Ал мындай ойго келбеген нерсе болуп кетет деп түк күтпөгөн. Деги эле аны алдоого, же коркутуп-үркүтүүгө кимдир бирөө батына алат деген ой анда болгон эмес. Ошондуктан кыжырланып, калтыраган колу менен чөнтөгүнөн тапанчасын сууруп чыкты.
- Мунуңуз болбогон нерсе, мени атып салууга шааңыз жетпейт, - дарыгер жылмайып койду. - Бул жердеги эсепсиз бөтөлкөлөрдүн, кутучалардын арасынан керектүү дарыны өзүңүз издеп таба алам деп турасызбы? - Ал колдорун текчелерди кыдырата жаңсады. - Сиз мындан да күчтүү, тез мерт кылуучу ууну ичип алышыңыз да ажеп эмес, туурабы? Өзүңүз билиңиз, эгерде мен ууланганым жок, мени жөн гана алдап жатат деп ишенсеңиз ата бериңиз. Чынында үч сааттан кийин уу денеңизге тарап, өз бийлигин жүргүзө баштаганда менин калп айтпаганыма көзүңүз жетет. Бирок анда кеч болуп калат...
- Ал дарыңызга канча акча сурайсыз, - деп күңкүлдөдү Сэнгстрем айласы куруй.
- Мына бул акылдуу адамдын айтаар кеби, - деди дарыгер тигинин туура жол тапканына кубангандай. - Болгону беш миңге сатам. Менин да жашашым керек эмеспи. Анын үстүнө адамдарды киши өлтүрүүдөн баш тарттыруу менин хоббим. Демек, мындай иште каражат табуунун уяттуу эч нерсеси деле жок эмеспи. Туурабы, кандай дейсиз?
Сэнгстрем тиштери кычырагыча тиштенип алды. Сунулган тапанчасын төмөн түшүрдү, бирок чөнтөгүнө салган жок. Мүмкүн ууну таратып жиберүүчү дары колго тийгенде пайдасы тийип калып жүрбөсүн? Бул ой көкүрөгүнө тык этти. Анан салмактуу капчыгын алып чыкты. Беш миң сомду санап, столго таштап койду. Бирок дарыгердин аны ала коёюн деген ниети жок эле.
- Дагы бир арзыбаган нерсе бар, - деди ал Сэнгстремдин көзүнө тике карап. - Бул жубайыңыздын жана менин коопсуздугума кепил болуп бериши керек. Азыр сиз жубайыңызды уулантып өлтүргүңүз келгендиги анык, эми мен буга ишенип турам. Андан баш тарткандыгыңыз тууралуу чечимиңизди кагазга жазып беришиңиз керек. Анан мен аны почтого алып барып, полицияда кызмат өтөгөн жолдошума салып келгенче күтө турасыз. Аны ишенимдүү жерге сактап коёт.
Кокустан сиз жубайыңыздын, же менин көзүмдү тазалоону чечсеңиз ал буюм далили болуп берет. Почтодон келгенден кийин керектүү дарыны берем. Эми болсо жаза баштаңыз, мына калем, мына кагаз. Баса, сизге дагы бир өтүнүчүм бар, муну эми аткарасызбы, жокпу - өзүңүз билиңиз. Мажбурлай албайм. Кааласаңыз адамдын организминде из калтырбаган уунун бар экени жөнүндө тааныштарыңызга айта жүрүңүз. Бул турмушта эч нерсени алдын-ала болжоп болбойт эмеспи, туурабы, Сэнгстрем мырза. Мына ушундай жол менен сакталып калган өмүр дал өзүңүздүкү болуп калышы да ыктымал. Бөтөнчө, душмандарыңыз арбын болсо....