СЕНЕКА: Бакытка көз каранды адамды эч качан бактылуу деп эсептебе

  • 12.07.2021
  • 4021

«Өлүм жөнүндө ой жүгүрт!» дейт бир адам. Демек, анын бизге эркиндик жөнүндө ойлогун дегени. Өлүмдүн маңызын түшүнгөн адам – кул болууну унуткан адам. Ал бардык бийликтен жогору, ошондой эле бардык бийликтен тышкары турат.

♦ ♦ ♦

Биздин өмүрүбүздү ар ким чарт үзүп коюшу мүмкүн, бирок, эч ким бизди өлүмдөн куткара албайт. Бул Кудайдын амири.

♦ ♦ ♦

Жадегенде эртеңки күнгө ээлик кыла албай туруп, бүтүндөй өмүрдү мерчемдеп алуу акылсыздык.

♦ ♦ ♦

Ажалдан коркуп жатып өлүү - акылсыздык.

♦ ♦ ♦

Жан - адамдын денесинен түнөк тапкан Кудай.

♦ ♦ ♦

Алдыда бараткан адамга жармашуу кооптуу, ал эми жашоо, өмүр жөнүндө ар кандай суроолор жаралган учурда адамдар дайыма башкаларга ишенип, өз алдынча ой жүгүртүшпөйт, анткени, ар ким ой жүгүртүп, баш оорутуп отургандан көрө, башкаларга көбүрөк ишенишет.

♦ ♦ ♦

Чыныгы эрдик ажалга тике карагандыкта эмес, а кыйынчылыктарга каршы күрөшө билүүдө.    

♦ ♦ ♦

Ар ким өзүн канчалык даражада бактысызмын деп санаса, ал дал ошончолук даражада бактысыз.

♦ ♦ ♦

Тамсилде айтылгандай, өмүр узундугу менен эмес, чен-салмагы менен бааланат.

♦ ♦ ♦

Адам кайсы багыт менен баратканын билбесе, эч убакта даңгыр жолго түшө албайт.   

♦ ♦ ♦

Көздөгөн максаты жок жашаган адам, дайыма адашат. Демек, ар бир ишибизден, ар бир сөзүбүздөн көрүнүп тургандай, ошого бардык күчүбүздү үрөп жетүүгө умтула тургандай бийик мүдөөлөрдү коюшубуз керек.

♦ ♦ ♦

Биз өзүбүздү өмүргө, жашоого караганда, өлүмгө көбүрөк даярдашыбыз керек. Биз ошо өмүрдү жетиштүү жашаган, жашабаганыбыз өткөргөн жылыбыздын, кечирген күнүбүздүн сандары менен өлчөнбөйт. Мен жетишерлик жашадым. Андыктан өлүмдү өмүргө канагаттанган адамдай күтөм.

♦ ♦ ♦

Биздин жаңылыштыгыбыз өлүмдү биз келечекте боло турган окуя катары караганыбызда. Бирок, биздин көпчүлүк бөлүгүбүздү ажал басып алган, ал эми аны алдыда деп жүргөндөр ажалдын ээлигинде.

♦ ♦ ♦

Зор бакыттын карааны кыйнап жүргөн адам, эч убакта бактылуу боло албайт.

♦ ♦ ♦

Бакытка көз каранды адамды эч качан бактылуу деп эсептебе.

♦ ♦ ♦

Эч ким өз мөөнөтүндө өлбөйт. Сен өз өмүрүңдүн мөөнөтүн жоготпойсуң, анткени, сенден кийинкиси - сеники эмес.

♦ ♦ ♦

Эгерде өзүң үчүн жашагың келсе, башкалар үчүн жашоого тийишсиң.

♦ ♦ ♦

Бизге өмүр берген биринчи эле мүнөт – өмүрдү бир мүнөткө кыскарткан.

♦ ♦ ♦

Өлүмдөн кийин бардыгы токтойт, ал тургай өлүмдүн өзү да.

♦ ♦ ♦

Биздин жашообуздун эң жогорку бийиги бирөө гана болушу керек: эмнени сезсек - ошону айтуу, эмнени айтсак - ошондой жашоо.

♦ ♦ ♦

Мага канча өмүр мөөнөтү берилгенин билбейм. Бирок, ошо өмүрүмдү чыныгы адам катары жашап өтө аламбы же жокпу, бул - мага гана байланыштуу. Аны болбогон, жарабаган нерселерге сарп кылып, жарамсыз күн кечирүүмдү талап кылба. Өмүргө жетелетпей, өмүрдүн тизгини өз колумда болушун талап кыл!

♦ ♦ ♦

Өлүм - бардык оорулардын басылышы, алардын бүтүшү. Биздин азап андан ары өтө албайт. Ал бизди төрөлгөнгө чейинки абалыбызга кайрадан алып барат. 

♦ ♦ ♦

Бардыгынан бактылуу адам эртеңки күнүн кооптонбой күтөт. Анткени, ал өзүмө-өзүм ээмин деп ишенет.

♦ ♦ ♦

Мезгил гана бизге таандык.

♦ ♦ ♦

Өлүү бул - жашоого тиешелүү милдеттердин бири.

♦ ♦ ♦

Бакытка жетүүгө канчалык жан таштап умтулсаң, бакыттан ошончолук алыстайсың.

♦ ♦ ♦

Өлүм деген эмне? Ал бардык нерсенин бүтүшү же башка нерсеге өтүшү. Мен жок болуп кетүүдөн коркпойм, себеби ал - эч качан болбогондой нерсе, мен башка бир нерсеге өтүп кетем деп коркпойм, анткени, мен эч жерде мындагыдай тарчылыкта болбойм.

Которгон Мусакун САТЫБАЛДИЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз