Темирлан Бейшенов: Тыңчы кумурска

  • 12.07.2021
  • 4706

АҢГЕМЕ

Баштыкты апам аябай бекем ороптур, чаң, суу тийбесин дегени го, же бирөө-жарым албасын дегениби, айтор, бир топ кыйналып жатып ачтым. Баштыктын ичин ачып, курут, мөмө-жемиштердин кургатылган кагы, эки жүн байпак, ичинде бир карын сары май, дагы биринде кожогаттан кыям бар экен. Баштыктын түбүнө гезит-журналдарды, мен сураган китептерди салыптыр.

Банкаларды сынбасын деп байпак ичине салган апамдын тапкычтыгына, жылуу жүн байпак менен издеген китептерди жөнөтүп жибергенине ыраазы болуп, аларды улам биринин артынан бирин кармалап, кучактап, апамды сагынып, аяп, көзүмө жаш толо түштү.

Банканы ачып, кыямды жыттадым да, көпкө башкача болуп турдум, ата-мекендин, мен өскөн тоонун жыты бур этти. Дагы-дагы жыттап, сагыныч, көкүрөк эңсөөм канбай, көз жашым тып этип апамдын байпагына тамды. Мен чочугансып эки жагымды карадым да, колум менен көз жашымды аарчып, үйдө бирөө бардай кооптонуп, анан кайра жигиттик кайратыма келдим.

Чай кайнатып, мөмө-жемиштен какты ачып, өрүк кагынан оозума салып, көз алдыма тоо аралап кожогат, карагат терген балалык күндөр элестей калды. Бактылуу балалык элестеримди, сагынычымды чай кайнап шарактаганы бузуп кетти. Чайга кожогат кыямынан кошуп, тамшанып ичип, сары майды ачып, куруттан, алма, өрүк кактарынан жеп, гезиттерди барактап, өзүнчө эле телегейим тегиз, эмеле күздүн суук шамалына тоңуп, иштен чарчаганым унутулуп, мен өзүмдү Кыргызстанда жүргөндөй сездим.

Бөлмө ичи бүт кожогат-карагат кыямына буруксуп, ата-мекен, тоо, айыл, биздин алма бак жыттанып кетти. Аттиң, адам деген барды-жокту билбей жашайт турбайбызбы! Пендечиликтин мааниси өзү ушунда тура! Туулган жердин ыйыгын алыста жүрүп, бөтөн эл, бөтөн жерде сезет экенбиз. Гезиттерди барактап: «Кыргыз жерим, качан сен жөнүндө жакшы сөз угуп, үмүт жылдыздарыбыз жанып, келечегиң тууралуу жакшы кабар окуур экенбиз?» – дедим күрсүнүп.

Өрүк как алайын деп баштыкка кол салып баратып, токтоп калдым. Карасам, баштыктан бир кумурска жөрмөлөп чыгып келатат! Ооба, кадимки кумурска. Көргөн көзүмө ишенбедим, сүйүнүп кеткенимчи. Не болгон сүйүнүч, не болгон кусалыгымды ойготподу кыбыраган бу жандык?.. Киндик каным тамым, кирим жуулган өз жеримдин – туулган жеримдин кумурскасы көзүмө жатындаш бир тууганымдай ысык көрүндү! Ооба, кумурска менин бир тууганым эмей эмине?! Кадимки кыргыз топурагында жайнап жүргөн кызыл-кара кумурскалар кимге тааныш эмес?..

Баштык оозунда токтой калып, буттары менен башын тазалаппы же чайкаппы, же бөтөн жер шарына келип калганынан чоочуркаппы... айтор, бир нерсени сезип, башка жакка келип калганын туйгандай... же аба ылгагандай: ордунан жылбай көпкө турду. Селейип тургансыды чоочуркап. Мен да селейдим аны тиктеп. Ичкен чайымды унутуп, сагыныч сезимдерим алкымыма тыгылды.

«Э-э, боордош, мекендеш, сен кайдан адашып? – сөөмөйүмдү тоссом, тигил буттарын тийгизип учурашкансыды, таңгалычтуусу – качкан жок. – Сен эмне, мени тааныйсыңбы же мага келдиңби? Сен эмне мага окшоп иштегени келдиңби? Кыргыздардын баары эле Орусияга кетип атат, барып көрүп-билип келчи, жакшы болсо биз да аркаңдан барабыз деп, сени чалгынчы кылып жөнөтүштүбү?»

Көптөн бери эч ким менен сүйлөшпөй зериккендиктенби же сүйүнгөндүктөнбү, мен кумурска менен кумарланып сүйлөшүп жаттым. Кумурска жозунун үстүн аралап тегеренип жүрдү. Мен аны таза картыкка акырын салып, бөлмөгө алып келдим. «Мына, өзүң көргөндөй, менин жашоом ушундай. Бул керебетке мен жатам, буга Курал байке жатат… Эмне?.. Ооба, кыргыз, тиги көшөгөнү тартып, Бакыт байке аялы Венера жеңе менен жашайт. Биякта бөлмөнү батирлөө кымбат, ошондуктан ынтымакташып алып бул бир бөлмөлүү батирди төрт адам ээлейбиз. Курал байке мени менен курулушта иштейт. Бакыт байке айдоочу, аялы ашканада иштейт. Мен бүгүн сени тосуп алайын деп жумушка барбадым…»

Кумурска мага кулак төшөгөнсүп, кыймылдабастан гана картыктын ичинде мени карап турду. «Сүйлө, жердеш, айылда эмне жаңылык? Күзгү түшүм кандай болду?..»

Мен чалгынчы досум менен күзгө чейин жашадым. Анан бир күнү Бакыт байкени узатып аэропортко келдим. Бакыт байке менин чалгынчы инимди карап, апамдын колуна бериңиз деген суранычыма минтип жооп берди:

– Ой, иничек, мынча эмнеге кумурскага жан тарттың? Эч кам санаба, мен сенин жан-дүйнөңдү түшүндүм.

– Ырахмат, Бакыт байке, айылга барганда телефон чалып коюңуз, макулбу?

– Ооба, макул, иничек, өзүңдү кара, – Бакыт байке каттоо бөлүмүнө кирип кетти.

Айнек каалгадан Бакыт байкенин колундагы баштыкты карап, мен чалгынчы досумду кыя албай турдум. Кечинде мен апама телефон чалдым:

– Алло, апа, жанагы кумурсканы өз уюгуна кошуңуз… Ооба, ошол алмуруттун түбүндөгү уюкка…

– Алда, балам ай, сен кумурсканы эмне кыласың?.. Ооба, сен айткандай кылам, деги сен качан келесиң? Ден-соолук, иштериң кандай?..

Апам менин сөзүмө көңүл бурбай, менин ал-абалымды сурап жатты. Апама менин акыбалым кызыктуу болсо, мага чалгынчы досум же жөнөкөй кумурска кызыктуу болуп турду. Ошол кичинекей макулуктун, адашкан жандын жашоосу мени чоң түйшүккө салып, ойлондуруп жатты. Мага ошол кибиреген кумурсканын адашкан жашоосу – өз жашоомдой, менин келечегимдей сезилди. Ушул макулукту да бөтөн элге-жерге ыраа көргүм келбеди, анткени мен бозгундук жашоону өз жонтерим менен көрбөдүмбу...

– Апа, өз уюгуна кошуңуз, убал, – деп безилдеп, – ал менин иним болуп калды, сүйлөшсөңүз, ал бияктагы мендеги кабарларды айтып берет, - дедим тамаша чала.

– Мейли, айланайын, дагы эле баягы бала кыял бойдон турбайсыңбы?

Ал эми мен болсо тынбай сайрай бердим:

– Апа, көрдүңүзбү? Чалгынчы эмне кылып атат?.. Апа, телефонду Бакыт байкеге бериңизчи… Алло, Бакыт байке, чалгынчы эмне кылып атат?..

– Кыймылдабай турат, эмнегедир кошула албай атат.

– Эмнеге? Мүмкүн, алар башкадыр?

– Чалгынчы булардан кичине өзгөрүп, бозоруп, агарып калыптыр, баары келип учурашып атат окшойт. Иничек, баары жакшы, иши кылып мушташып-чатакташкан жок…

Нары жактан апам:

– Ой, телепонунун акчасы кетти го… Ушу кумурскага да ушунча күйөбү? – кобуранып кейип жатканы угулду.

Бакыт байке ага болбой күлүп калды:

– Эй, иничек, досуң болсо уюгуна кирип кетти, көп ойлоно бербе…

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз